Роя гезити

Бразилия менен Американын ортосундагы саясий чыңалуунун күчөшү

Бразилия менен Американын ортосундагы саясий чыңалуунун күчөшү

Америкада Трамптын кайрадан бийликке келиши АКШ менен Бразилиянын өз ара мамилелеринин табиятында тарыхый бурулуш болду. Бул абал айкын түрдө Бразилиянын ички саясатында таасирдүү тараптардын ортосундагы тирештерде жана Трамптын АКШ атынан бир тарапка ачык кийлигишүүсүндө көрүнүп турат.

Бразилия менен Американын тарыхый мамилелеринин мүнөзүнө келсек, баарына белгилүү болгондой, Бразилиянын аскердик институту тарыхый жактан АКШ администрациясына көз каранды болуп келген. Бул жагынан алганда ал Латын Америкасынын башка көпчүлүк өлкөлөрүнөн айырмаланбайт.

Бразилиядагы жаңы жагдай: Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө ал Бразилияда саясий чөйрөдө жана аскердик түзүмдө өзүнө тарапташтар тобун түзүп алган. Бул топ кийин жаңы АКШ администрациясынын — Байден жетекчилигинин — тандоосуна каршы, Лула да Силваны бийликке кайтарган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга багытталган төңкөрүш аракетин пландаган. Бирок аскер жетекчилеринин көпчүлүгү АКШнын расмий администрациясынын (Байдендин) көрсөтмөлөрүн аткарууга адаттагыдай моюн сунушкандыктан, төңкөрүш аракети ишке ашпай калган. Натыйжада бул төңкөрүшчүл топ ачыкка чыгып, айыптоолорго кабылган, мунун далилдерин армиянын ичиндеги айрым төбөлдөр өз колу менен берген.

Бул окуя Бразилиянын аскердик институтунун ичинде терең жарака пайда кылып, табигый түрдө эки тараптуу душмандыкты туудурду. Байден администрациясы бийликте турганда, төңкөрүшчүл тарап толук үстөмдүккө жете алган эмес жана абал көзөмөлдө турган. Бирок алар Трамп кайра бийликке келет деп ишенишип, ошол эле учурда азыркы бийликке каршы өч алуу жана жооп кайтаруу убадасын беришкен.

Трамптын кайра келиши менен Бразилиядагы төңкөрүшчүл агым парламентте активдүү аракеттерге өтүп, төңкөрүш аракетине катышкандарга мунапыс берүү жана бул ишке байланыштуу бардык тергөө иштерин жабуу аракетин баштады.

Ошентип, расмий аскердик түзүм эки жолдун алдында калды: АКШнын жаңы администрациясына баш ийип, Трампты колдогон агымдын өч алуусун күтүшү керек же болбосо өзүн коргоп, төңкөрүшчүл агымды толук жок кылуу чарасын көрүшү керек. Мына ушул жагдай мамлекеттин ири тергөөлөрдү баштап, андан соң жогорку даражалуу офицерлерди камакка алуу чечимин кабыл алышын түшүндүрөт. Бул болсо Бразилия үчүн мурда болуп көрбөгөн, тыюу салынган кадам эле. Муну менен катар, алардын айыптуулугун далилдеген материалдар мамлекеттин колунда эки жылдан бери бар болчу (арийне, расмий түрдө тескерисин жарыялаган).

Мына ушул жагдай андан кийинки бардык окуялардын жүрүшүн түшүндүрөт. АКШ Бразилиядан алып келинген товарларга, айрыкча болот менен алюминийге, “америкалык өндүрүштү коргоо” деген шылтоо менен бажы төлөмдөрүн 50%га чейин көтөрдү. Бирок бул чаралар экономикалык максат менен чектелген эмес, саясий басымдын ачык формасы болчу. Бул АКШга экспорттогон өлкөлөргө салыктан эң чоң жогорулоо болуп, Бразилия бийлигине кысым көрсөтүүнүн бир ыкмасы катары колдонулган. Ошондой эле Вашингтон эл аралык уюмдардагы таасирин колдонуп, Бразилияга башка тармактар боюнча да басым жасады. Айрыкча экология жана климаттын өзгөрүшү маселелеринде. Амазон токойлорунун кыйрашына байланыштуу Бразилияга катуу сын айтылып, бул маселе саясий куралга айланды.

Мындан тышкары, АКШнын расмий риторикасы Бразилиянын сот системасы менен президенттик шайлоосуна шек келтирди, жада калса Жогорку соттун төрагасы Александр де Морайс сыяктуу айрым көрүнүктүү сот кызматкерлерине каршы санкциялар киргизди.

Ал эми Бразилия өз кезегинде катуу позициясын көрсөттү: АКШнын сот иштерине кийлигишүүсүн таптакыр четке какты, ички жана аймактык рынокту — айрыкча «Меркосур» аймагы аркылуу — чыңдоого киришти, АКШ рыногуна альтернатива издей баштады жана зыян тарткан жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоону улантты. Бул саясат улуттук эгемендүүлүктү бекемдеп, Лула да Силванын айланасында элдик колдоону күчөттү. Натыйжада, коомчулукта мурдагы президент Жаир Болсонаруну сотко тартуу жана камакка алуу талабы күчөдү. Бул да тарыхта биринчи жолу болуп, «төңкөрүш аракетине катышкан мурдагы президенттин камалышы» катары катталды.

Бул кырдаал АКШны Бразилияга тиешелүү мурдагыдан да татаал абалга кептеди. Анткени АКШ администрациясынын расмий багытына аскерий түзүмдүн ачык каршы чыгышы олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Муну менен катар, АКШ өзүнүн менменсинген саясаты менен Бразилиянын аскердик институтунун ичинде солчул прогрессивдүү агымга дем берип, аларды өз кызыкчылыктары б.а. Трамп менен Болсонарунун өч алуусунан коргонуу аркылуу бириктирип алды.

Мындан тышкары, Бразилиянын Кытай жана Европа Биримдиги сыяктуу АКШдан көз карандысыз жаңы соода өнөктөштөрүн издөө аракетине да АКШ нааразы болду. Бразилия президентинин яхудийлер Газага карата жүргүзүп жаткан геноцидин “жапырт кыргын” деп аташы жана бул билдирүүлөрдү бир нече жолу расмий кайталап айтканы да Вашингтон үчүн кыжырды кайнаткан иш болду. Ошондой эле Бразилиянын АКШга БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өткөн “Демократияны коргоо жана экстремизмге каршы” деген экинчи форумга катышууга тыюу салышы АКШнын текебер жана үстөм саясатына каршы Бразилиянын эркиндикке умтулган позициясынын көрүнүшү болду.

Бразилиянын бекем туруму, анын сот системасы жана Трамптын өч алуусунан чочулаган аскердик түзүм менен биргелешкен позициясы, ошондой эле Трампты жана Болсонаруну колдогон агымдын (болсонаристтердин) эл арасындагы беделинин түшүшү — мунун баары Трампты жаңы саясий ыкмаларга барууга мажбур кылды. Натыйжада, ал узакка созулган салкын мамиледен кийин Лула менен жакындашууга аракет кыла баштады.

БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынында Лула менен болгону жыйырма секунддук жолугушуу учурунда Трамп “орток химия” жана “Луланын инсандык сапатына суктануу” тууралуу жасалма жылмаюу менен сүйлөгөн сөздөрдү айтты. Лула болсо бул демилгеге жылуу жооп кайтарды.

Чындыгында, азыр АКШ менен Бразилиянын ортосундагы кандай гана келишим болбосун, ал Бразилиянын кызыкчылыгына жок дегенде жарым-жартылай кызмат кылмак. Эң башкысы, эгер Бразилия өзүнүн соттук процесстерине байланыштуу АКШ менен соодалашпай, Болсонару–Трамп агымынын саясий таасирин жоюу багытындагы саясатын уланта берсе, анда бул абал анын пайдасына айланмак.

Устаз Ясир Абу Халил Бразилия

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button