
Алтын өндүрүлүүдө, бирок эл жакырчылыкта
Финансы министрлигинин отчётуна ылайык, 2025-жылдын январь-август айларына карата алтын казган компаниялардын кирешелерине салынган салыктан бюджетке 16 млрд 834,8 млн сом түшкөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 81,8%га көп.
Айта кетсек, учурда өлкөдө 255 алтын кени аныкталган жер бар, жер астындагы алтындын запасы 848 тоннадан ашат. Ал эми 14 компания алтын өндүрүү ишин алып барат. 2024-жылы алтын казган компаниялар 26,4 тонна алтын өндүрүшкөн. Өндүрүлгөн алтындын жарымынан көбү «Кумтөр» компаниясына туура келет.
Бүгүнкү күндө жалпысынан кен өндүрүшү экономиканын негизги тармактарынын бири болуп эсептелет. Өлкөдө алтын гана эмес, түстүү металлдар, көмүр, нефть, газ жана башка кендер өндүрүлөт. Бул кен байлыктардын көпчүлүгүн чет элдик компаниялар иштетет. Алардын басымдуу бөлүгү Кытай компанияларына таандык.
Капиталисттик системада ар кандай жеке адам же компания кен байлыктарга ээ болуу укугуна ээ. Ошондуктан, бул системада жашап жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө кен байлыктарга жеке компаниялар ээлик кылат. Мамлекет аларга кен казуу лицензияларын берип, алардан салык түрүндө гана кирише алат. Ошентип, капиталисттер болбогон салыкты төлөп коюшуп, өлкөнүн үлкөн кен байлыгын ташып кетишет, башкача айтканда талап-тоношот. Акыбетте, өлкө кен байлыкка мол болгону менен, жакырчылыкка кептелип, тышкы карызга көз каранды бойдон калат. Бул абал Түштүк Азия, Африка өлкөлөрүндө ачык-айкын көрүнүп турат. Мына ушундайча капиталисттер «инвестор», «инвестиция» деген алдамчылык аркылуу кен байлыктарыбызды талап-тоношууда.
Жогоруда айтылгандай, алтын казган компаниялардан түшкөн салыктар былтыркыга караганда өскөн, демек алардын кен өндүрүп тапкан кирешелери да көбөйгөн. Көпчүлүк учурда кайсы компания канча киреше тапканы же канча кен казып алганы ачык айтылбайт. Кен байлыктар элге ачыкталбастан, көрсөтүлбөстөн ташылып кетүүдө. Ал эми элдин жашоо деңгээли өзгөргөн жок. Дагы эле кара жанын багуу үчүн күрөшүп жаткан эл, дагы эле элди азапка салган кымбатчылык. Андан тышкары акыркы 3 жылда жалпы мамлекеттик карыз дээрлик эки эсеге көбөйүп, 8,4 млрд долларга жетти. Бул көрүнүш мындан ары да өзгөрүүсүз калары шексиз. Себеби капитализм байлыктарыбыздын талап-тонолушуна жол ачып, калың элди жакыр калтырып, бир ууч байлардын гана байлык арттырышына өбөлгө түзөт. Бул капитализм системасынын өзгөргүс мыйзам-эрежеси. Андыктан андан арылуу биздин биринчи милдет болуп эсептелет.
Ал эми, Исламда жер асты жана үстүндөгү ар кандай өлчөмү чектелбеген, түгөнбөс кен байлык жалпы мүлк болуп эсептелет. Кен байлыкка ээлик кылуу укугу бир гана Үммөткө берилген. Эч бир жеке адам, жеке компания же мамлекет да кен байлыкка ээ боло албайт.
Тирмизий Абяз ибн Хаммалдан риваят кылат:
«أَنَّهُ وَفَدَ إِلَى رَسُولِ اللهِ ، فَاسْتَقْطَعَهُ الْمِلْحَ فَقَطَعَ لَهُ، فَلَمَّا أَنْ وَلَّى، قَالَ رَجُلٌ مِنَ الْمَجْلِسِ: أَتَدْرِى مَا قَطَعْتَ لَهُ؟ إِنَّمَا قَطَعْتَ لَهُ الْمَاءَ الْعِدَّ، قَالَ: فَانْتَزَعَهُ مِنْهُ»
«Ал Пайгамбардын (с.а.в.) алдына өкүл болуп барганда, ал кишиден туз (кенин) бөлүп берүүнү суранды. Пайгамбар (с.а.в.) бөлүп берди. Ал кайтып кеткенден кийин, олтургандардын бири: «Эмнени бөлүп бергениңизди билесизби, сиз агын сууну бөлүп бердиңиз», – деди. Ошондо Пайгамбар (с.а.в.) аны кайтарып алды». Тагырак айтканда, Пайгамбар (с.а.в.) туз кени жайгашкан тоонун түгөнбөс кен экендигин билгенден кийин аны кайтарып алгандыгы кен байлык жалпы мүлк экенин, жеке менчик мүлккө берилбестигин түшүндүрөт. Бул кен байлыктар бир гана элдин керегине гана иштетилиши шарт. Ошондо гана элди эзген капитализмден айырмалуу түрдө жалпы элдин бакубат жашоосу кепилденет.
Андыктан, мусулман адам жашоо жолун шарият негизинде белгилейт. Анткени ал ушул шариятка ылайык Кыяматта таразаланат. Шариятка ылайык жашаса – сооп, ага тескери жашаган болсо – күнөө. Кандай гана чоң-кичине маселе болбосун, биз шариятты карманып жашообуз фарз. Себеби, бул эки дүйнө бакытына жеткирип, Аллах Тааланын ыраазылыгына алып барат.
Харун Абдулхак




