Роя гезити

Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылкы саммити.

Шанхай кызматташтык уюмунун 2025-жылкы саммити.

Жыйынтыктар жана натыйжалар

2025-жылдын сентябрь айынын биринчи жумасында Кытайда маанилүү дипломатиялык окуялар катар-катары менен болду. 1-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттери башчыларынын жыйырма бешинчи жыйыны болуп өттү. Мамлекет башчыларынын саммитинен кийин “ШКУ плюс” деген аталыштагы жыйын “Көп тараптуулукту ишке айлантуу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо” урааны астында өткөрүлдү. Эки саммитке тең Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жетекчилик кылды. Ал эми 3-сентябрда Пекин шаарында Япония империясы үстүнөн жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган акыркы алты жылдагы эң чоң аскердик парад өткөрүлдү.

ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча жарыяланган “Тяньцзинь декларациясында (2025)” Америка себеп болгон геосаясий жана геоэкономикалык туруксуздуктар боюнча тынчсыздануу билдирилди. Анда мындай деп айтылган: “Геосаясий каршылыктар күчөп жатат, бул дүйнө жана ШКУ аймагы үчүн коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч жаратууда. Дүйнөлүк экономика, өзгөчө эл аралык соода жана каржы базарлары катуу соккуга учурап жатат.”

АКШ жетектеген блокторго жана Кытай менен анын союздаштарына карата жүргүзүлүп жаткан аскерий тышкы саясатка жооп иретиндегт декларацияда мындай деп баса белгиленди: “Мүчө мамлекеттер эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдү кагылышуучу блоктук ой жүгүртүү аркылуу чечүүгө каршы экенин дагы бир жолу тастыкташат… ШКУ алкагындагы кызматташтык Евразияда тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук түзүмүн куруунун негизин түзөт.”

“ШКУ плюс” саммитинде Кытай төрагасы дүйнөлүк түзүлүш боюнча Кытайдын “коопсуз жана тынч” системасына багытталган көз карашын сунуштады. Ал Америка жүргүзүп жаткан блоктук саясатка жана «муздак согуш» менталитетине альтернатива катары «Глобалдык башкаруу демилгеси» деп аталган жаңы демилгени сунуштады. Бул демилге үч негизги таянычка таянат:

  1. Бириккен Улуттар Уюмунун жана эл аралык укуктун артыкчылыгы;
  2. Глобалдык аракеттерди Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында координациялоо;
  3. Айрым ири державалар жүргүзүп жаткан бир тараптуулуктун ордуна көп тараптуулукту кабыл алуу.

“ШКУ плюс” саммитине уюмдун мүчө мамлекеттеринин лидерлери, байкоочу мамлекет Монголия, ошондой эле диалог боюнча өнөктөштөр — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Мальдив аралдары, Мьянма, Непал, Түркия жана Египет катышты. Мындан тышкары, жыйынга чакырылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү — Түркмөнстан, Индонезия, Лаос, Малайзия жана Вьетнам да катышты. Ошондой эле БУУнун, ШКУнун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ), АСЕАНдын, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Азиядагы өз ара ишеним жана кызматташтык боюнча конференциянын (CICA), Экономикалык кызматташтык уюмунун жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын жетекчилери катышышты.

Пекинде өткөн үчүнчү жана акыркы иш-чара — Япония империясы үстүнөн жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган “Жеңиш парады” болду. Салттуу он жылдык юбилейдик параддардан айырмаланып, бул төрага Си Цзиньпин көзөмөлдөгөн төртүнчү ири парад болуп (2015, 2018 жана 2019-жылдардан кийин), партия тарыхындагы эң чоңу деп эсептелет.

Бул парадда Кытай алыскы аралыктагы өзөктүк ракеталарды кошкондо, ири курал-жарак арсеналын көрсөттү. Ал жөн гана өткөндөгү жетишкендиктерди эскерүү эмес, өлкөнүн аскерий модернизация боюнча келечектеги багыты тууралуу дүйнөгө жөнөтүлгөн саясий билдирүү болду.

Өз тараптан Америка президенти Трамп Кытайдын аскердик парадынын маанисин жана Кытай–Орусия огу алып келүүчү коркунучту кемсинтип көрсөтүүгө шашылды. Ал мындай деди: “Бизде дүйнөдөгү эң күчтүү армия бар, жана анын айырмасы абдан чоң. Алар эч качан бизге каршы аскерий күчүн колдонууга батынбайт, анткени бул алардын жасай ала турган эң чоң катасы болмок.”

Трамп Кытайдын коркунучун жеңил баалады, анткени ал азыркы учурда Кытайдын Америка менен ачык аскерий кагылышууга саясий эрки жетпесин жакшы түшүнөт.

Кытай ШКУ саммити жана аскердик парад аркылуу күчтүү дипломатиялык жана аскерий белгилерди жибергенине карабастан, АКШны дүйнөлүк үстөмдүк кылуучу держава катары сүрүп чыгарууда олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Акыркы жыйырма жылдагы зор экономикалык жана аскердик өсүшүнө карабастан, Кытай Америка жетектеген либералдык дүйнөлүк тартипке каршы чыгууга даяр эмес. Ал өзүнүн экономикалык кубатын АКШнын негизги саясий үстөмдүгүнө шек келтире ала турган деңгээлдеги саясий таасирге айланта алган жок.

Кытай азырынча прагматикалык күч катары калууда. Кытай Коммунисттик партиясынын ичинде үстөмдүк кылган реформатордук жана экономикалык агымдар өлкөнүн саясатын аныктап, Америка менен түшүнүшүүгө артыкчылык берет. Бул жагынан ал Мао Цзэдун багытындагы катуу агымдан айырмаланат. Кытай өзүнүн “катуу күчүн” (hard power) негизинен коргонуу же жооп кайтаруу абалында гана колдонуп келет. Мисалы, Америка анын “кызыл сызыктарын” ачык бузганда, Тайвань маселеси же Түштүк Кытай деңизи боюнча маселе козголгондо ушундай позицияны карманды.

Акыркы жылдары Кытай жетекчилигинин бир катар билдирүүлөрү да АКШ менен “эки тарап үчүн адилеттүү” натыйжаларга жетишүү максатында кызматташууга болгон каалоосун тастыктап келет. Маселен, Кытай Тышкы иштер министрлиги Кытай жана АКШ президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу билдирүүсүндө мындай деп жазган: “Президент Си Кытай–АКШ мамилелеринин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кытай менен АКШ бири-бирин ийгиликке жана гүлдөп-өнүгүүгө жеткирүүгө толук жөндөмдүү, бул эки элдин жана бүт дүйнөнүн пайдасы үчүн. Бул көз карашка жетишүү үчүн тараптар өз ара урматтоо, тынч жана эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтык принциптеринин негизинде бир багытта иштеши керек. Акыркы кеңешүүлөр кытай жана америкалык өкүлдөрдүн ортосундагы тең укуктуулук, урматтоо жана өз ара пайда принциптерин чагылдырды.”

Кытай Шанхай кызматташтык уюмун “Азиялык НАТОго” айландыруудан качты. Уюмдун коопсуздук күн тартиби терроризм жана бөлүнүүчүлүк менен күрөшүүгө гана багытталгандыктан, ал ички мүнөздөгү уюм бойдон калууда. Мындан тышкары, анын көпчүлүк мүчөлөрү АКШнын союздаштары же агенттери болуп, америкалык стратегия менен шайкеш багытта иш алып барышат. Бул жагдай ШКУну Кытай келечекте багытын өзгөртүүгө аракет кылса да, АКШга каршы блокко айлануусуна жол бербейт. Ошентсе да Кытай ШКУ жана БРИКС сыяктуу уюмдарды Батыштын коопсуздук жана экономикалык системасына альтернатива катары жайылта берет, бирок алардын табияты боюнча алар “кагаз жолборсу” бойдон калат.

Ислам өлкөлөрү бул өзгөрүүлөргө кандай жооп бериши керек?

Мусулмандардын азыркы башкаруучулары көрөгөчтүктөн ажыраган. Алардын кээ бири бизди АКШнын же Кытайдын жетегине салып, баш ийдирүүнү кааласа, башкалары бейтарап болууну – лагерсиз турумду тандашат. Бирок бул эки абал тең жеңилген, үмүтсүз ой жүгүртүүнүн жемиши. Мусулмандар түшүнүшү керек: жакшылык да, адилеттик да АКШдан да, Кытайдан да келбейт. Экөөсү тең бир максатты көздөгөн колонизатор күчтөр: мусулмандарды көзөмөлгө алуу жана байлыктарын тоноп алуу.

Ошондуктан үммөт Халифалыкты орнотуу үчүн аракет кылышы керек, бул мамлекет ири державалар менен тең укуктуу жана күчтүү деңгээлде мамиле кылат, жана каапырлар жетектеген бир да блокко (ШКУ, НАТО же БРИКС болобу) кошулбайт. Рошид Халифалык башка элдер менен мамилесин “улуттук кызыкчылык” деп аталган түшүнүктө эмес, “Ислам негизинде” жүргүзөт.

Үммөттүн саясий жана башкаруучу чөйрөсүндөгү ак ниет, чынчыл адамдар биз мурдагы даңктуу доорлордо болгондой, исламий көз карашты кабыл алып, Халифалык мамлекетинин кайра эл аралык сахнага кайтуусуна себеп болушу керек. Бул максатка Ислам дүйнөлүк деңгээлде мамлекет катары көрүнгөндө гана жетишилет. Мындай мамлекет бүгүнкү ири державалардын кылмыштарын ачыкка чыгарып, адамзатты кулчулуктун чынжырларынан бошоткон, адилеттик орноткон Кудай берген альтернатива сунуштайт.

Аллах Таала айтат:

﴿كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ ۗ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْراً لَّهُم مِّنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйманкелтиресиңер. Эгер Китеп берилгендер да ыйман келтиришкенде өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардан момундары да бар жана (бирок) алардын көбү баш ийбес кимселер» (Али Имран: 110).

Устаз Мухаммад Салжук — Пакистан вилаяты

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button