Роя гезити

Үммөт бар болуу менен милдеттин ортосунда.

Үммөт бар болуу менен милдеттин ортосунда.

Себептери жана кайра жандандыруу ыкмалары

Бул суроо үммөт мезгил-мезгили менен башынан өткөрүп жаткан окуялардын жагдайында пайда болот. Өзгөчө азыр, Газада яхудий кылмышкерлеринин колунан курчоодо жана кыргында калган учурда, үммөткө карата айыптоо жана сын өңдүү суроолор улам көбөйүүдө.

Жаңылыштыктан алыс аң-сезим ачык түшүнүктөргө жана так аныкталган концепциялардын негизи үстүнө гана курулат. Анткени «нерсе тууралуу өкүм – аны түшүнүүдөн келип чыгат». Эгерде жалпы түшүнүктөр жоголсо, түшүнүү жоголуп, түшүндүрүү мүмкүн болбой калат. Бул болсо вакыйлыкты туура баалоо жана нерселерге, окуяларга, инсандарга карата туура мамиле кылуу жөндөмүнө терс таасир берет. Ошондуктан түшүнүктөрдү тактоо жана аныктоо – ар кандай аң-сезим же ойгонуу долбоорунун негизги кадамы болуп саналат.

Нерсенин өзүнүн бар болуусу менен анын абалын сүрөттөө ортосун айырмалоо зарыл. Маселен, унаанын материалдык бар болуусу туруктуу, бирок анын бузулушу же токтоп калышы – бул анын абалынын сүрөттөлүшү. Ошол сыяктуу эле, Ислам үммөтүнүн бар болуусу да объективдүү, терең жана туруктуу, анткени ал өзүнүн негизги өзгөчөлүктөрүнө ээ: бириктирүүчү акыйда жана ошол акыйдадан балкып чыккан жашоо низомдору. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا۠ رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾

«(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!» (Анбия: 92).

Ал эми үммөттү алсыз, бөлүнгөн, жок же оорулуу деп мүнөздөө – бул анын учурдагы убактылуу абалын сүрөттөө гана болуп саналат, бар болуусун жокко чыгарбайт. Бул айырма өтө маанилүү, анткени ал бизди «үммөт өзүнүн негизин жоготту» деген түшүнүктөн «үммөт бар, бирок анын ишмердүүлүгү токтоп калган» деген аңдоого жетелейт.

Ушул көз караштан алып караганда, бүгүнкү Ислам үммөтү бар, бирок функционалдык жактан токтоп турат деп айтууга болот. Үммөттүн көбү аклий жана саясий комада, болгону айрым жеке аракеттер жана чачыранды реакциялар гана көрүнүүдө. Исламды аң-сезимдин кыймылдаткычы катары түшүнүүнүн азайышы натыйжасында үммөт аклий алсыздыкка кабылууда. Мунун айынан ал сырттан келген түшүнүктөрдүн жана саясий-идеологиялык адашуулардын олжосу болуп калды. Бул абал өз кезегинде таасирдүү акыл-ой жана саясий кыймылдын жоголушуна алып келди.

Демек, жамааттар жана тайпалардын көбү же таптакыр жок, же учурдагы системаларга сиңишип кеткен. Мына ошондуктан үммөт ири окуялар, мисалы, Газадагы геноцид жана көчүрүү сыяктуу кырдаалдар алдында жапырт реакция көрсөткөн жок. Үммөттүн объективдүү бар болуусу менен анын аң-сезими жана саясий активдүүлүгүнүн ортосунда чоң айырма пайда болду.

Үммөттүн кризиси анын бар же жоктугунда эмес, анын иш-аракетинин жоктугунда. Маселенин өзөгү үч негизги жоготуудан турат:

Кыймылдатуучу түшүнүктөрдүн жоголушу: Ислам акыйдасы ой жүгүртүүнүн жана жүрүм-турумдун негизи болбой калды.

Кыймылдатуучу күчтөрдүн жоголушу: Таасирдүү партиялар менен аклий жана сакофий тайпалар же жоголгон, же чектелген абалда.

Мабдаий саясий жетекчиликтин жоголушу: үммөттү бириктирип, анын энергиясын туура багыттаган жетекчилик жок.

Пайгамбарыбыз мындай деген:

«إِذَا تَبَايَعْتُمْ بِالْعِينَةِ وَأَخَذْتُمْ أَذْنَابَ الْبَقَرِ وَرَضِيتُمْ بِالزَّرْعِ وَتَرَكْتُمُ الْجِهَادَ سَلَّطَ اللَّهُ عَلَيْكُمْ ذُلًّا لَا يَنْزِعُهُ حَتَّى تَرْجِعُوا إِلَى دِينِكُمْ»

«Силер берилүү менен соода кылып, уйдун куйругун кармап (дүйнөгө берилип), дыйканчылыкка ыраазы болуп, жихадды таштасаңар, Аллах силерге кордук жиберет. Ал кордукту силер диниңерге кайтмайынча алып салбайт» (Абу Дауд риваяты).

Бул хадисте айтылган «кордук» үммөттүн жоктугу эмес, анын ролунун жана иш-аракетинин токтоп калышы — Ислам тарикатын таштагандыгынан улам пайда болгон абал.

Дарылоо жолу үммөттүн аң-сезиминде чын исламий түшүнүктөрдү кайра тирилтүү менен башталат. Бул акыйдага негизделген фикрий жана даъват иши аркылуу ишке ашат, анткени ыйман аң-сезимдин негизги кыймылдаткычы болушу керек. Аллах Таала айтты:

﴿قَدْ جَاءكُم مِّنَ اللّهِ نُورٌ وَكِتَابٌ مُّبِينٌ * يَهْدِي بِهِ اللّهُ مَنِ اتَّبَعَ رِضْوَانَهُ سُبُلَ السَّلاَمِ﴾

«Силерге Алла тарабынан Нур-Ачык Китеп келди, Алла ал себептүү Өзүнүн ыраазылыгын ээрчиген заттарды (тозоктон) кутулуу жолдоруна багыттап коет жана Өзүнүн каалоосу менен аларды караңгылыктардан нурга чыгарат жана алардыТуураЖолго багыттайт». (Маида: 15–16).

Бул иш мындан ары үммөттүн ичинде мабдаий саясий өз ара аракетке айланышы керек. Ошондо жалпы элдик сезим Исламга ылайык фикрий-саясий пикирге айланып, окуяларга таасир эте ала турган күчкө ээ болот.

Ошондой эле жалган аң-сезимди кайра жаратуучу маалыматтык жана саясий бурмалоолорду оңдоо зарыл. Үммөттү өз ролунан четтетип турган механизмдерди ачыкка чыгаруу да милдет. Ушул жерде даъват көтөрүп чыккандардын милдети өз ишинде сабыр кылуу, чарчабоо жана тажатпоо болуп саналат. Аллах Таала айтты:

﴿وَاصْبِرْ وَمَا صَبْرُكَ إِلَّا بِاللَّهِ

“(Эй Мухаммад), бул даават жолунда сага жеткен азап – кыйноолорго) сабыр – таакат кылгын. Жалгыз Алланын жардамы менен гана сабыр кылууга кудуретиң жетет». (Нахл: 127).

Үммөттү кайра өз ордуна келтирүүдө чечүүчү мааниге ээ болгон нерсе — аскерий күчтөрдү ойготуу, анткени бул үммөттү кайрадан ишмердүүлүккө, өз ролуна жана жетекчиликке кайтаруучу негизги фактор болуп саналат. Аскерлердин шариаттагы милдети — мыйзамсыз режимдерди эмес, үммөткө жана анын саясий долбоору болгон Халифалыкка коргон болуу. Пайгамбарыбыз мындай деген:

«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Акыйкатта, имам – бул калкан анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Бухари, Муслим).

Демек, Ислам түшүнүгүндө аскерлер — үммөттүн ажырагыс бөлүгү, алардын милдети үммөткө саясий жактан жеңиш алып келүүчү Халифалык долбоорун колдоо.

Ошондуктан Ислам үммөтү жок болуп кеткен эмес жана аяктап да калган жок. Ал өзүнүн акыйдасына, сакофатына жана жашоо негиздерине ээ болгон тирүү калып, бирок иш-аракети токтоп калган абалда турат. Бул токтоп калуу — кыймылдатуучу түшүнүктөрдүн, идеялык күчтөрдүн жана мабдаий жетекчиликтин жоголушунан келип чыккан.

Ошондуктан, даъват көтөрүүчүлөрдүн милдети — Исламдын чыныгы түшүнүктөрүн кайра тирилтүү, аң-сезимди вахийге (хаваи-нафска эмес, Куран жана Сүннөткө) байланыштыруу, акыйдага негизделген саясий ой жүгүртүүгө негизделген коомдук пикирди түзүү, жана үммөттүн ичиндеги жашыруун күчтөрдү, айрыкча аскерлерди ойготуу.

Ушундай жол менен үммөт өзүнүн жандуулугун, тарыхый ролун жана Исламий жашоосун кайра баштайт, тарыхты кайра жаратат жана Аллах каалагандай ордун ээлейт:

﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا﴾

«Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». (Бакара: 143).

Доктор Ашраф Юсуф Абу Атыйя

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button