Нилден тосмого чейин… Бул режимдердерге таандык күрөш эмес, үммөттүн күрөшү

Нилден тосмого чейин… Бул режимдердерге таандык күрөш эмес, үммөттүн күрөшү
Учурда Африкадагы абал кайрадан чыңалып, Египет менен Эфиопиянын бири-бирин айыптоосу күчөдү. Бул чыңалууга себеп болгон нерсе, Судандын кеңири аймактарын жана Египеттин айрым бөлүктөрүн каптаган суу ташкыны. Египет Эфиопияны «Нахда» тосмосунун суусун өз алдынча, эч кандай координациясыз ачып-жабуу аркылуу ушул кырдаалды жаратууда деп ачык айыптады. Ал эми Эфиопия бул айыптоолорду «жалган жалаа» деп атап, негизги себеп Эфиопиянын тоолуу аймактарындагы сезондук катуу жаан-чачын экенин билдирди.
Бул чыңалуу сырткы көрүнүшү боюнча техникалык маселе же суу ресурстарын башкаруу боюнча талаш болуп көрүнгөнү менен, анын түпкү чындыгы андан алда канча терең. Ал Африкадагы эл аралык күчтөрдүн тиреши жана Америка Кошмо Штаттарынын бул маанилүү Ислам аймагындагы үстөмдүгү менен тыгыз байланыштуу. Ошондой эле ал Египет менен Судандын башкаруучулары өз калкы алдындагы жоопкерчилигин таштап, Ислам өкүмдөрүнөн алыстоосу менен да байланышкан.
«Нахда» тосмосу жөн гана электр энергиясын өндүрүү долбоору же чоң суу сактагыч эмес, ал кимдин колунда болсо, ошол үчүн стратегиялык курал болот. Анын көлөмү болжол менен 74 миллиард куб метрди түзүп, Египет менен Судандын жашоо булагы болгон Нил дарыясынын агымын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан адистер «тосмону башкаруу чечими кимдин колунда болсо, ал Египет менен Суданды кааласа суусуз калтырат, кааласа суу ташкынга учуратат» деп белгилешет.
Бул тосмонун курулушу башынан эле АКШнын ачык колдоосу менен жүргүзүлдү. Дал Америка ар кайсы баскычтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Эфиопияга каршы эл аралык милдеттендирүүчү чечим кабыл алынышына жол берген эмес. Ошондой эле ал Эфиопия долбоорунун акыркы этабына чейин саясий жана дипломатиялык калкан болуп берди. Натыйжада, Египет да, Судан да түздөн-түз таасирге ээ болгон өлкөлөр болгонуна карабастан, аны токтото алышкан жок жана өз шарттарын коё алышкан жок.
Ошентип, бул тосмо АКШнын колундагы кысым куралына айланды. Ал аны Египет, Судан жана Эфиопия элдеринин жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө жана дүйнөдөгү эң маанилүү дарыялардын бирин толук көзөмөлгө алуу үчүн пайдаланууда.
Үч өлкөнүн расмий позициясын байкаган адам алардын элдик кызыкчылык үчүн эмес, чоң державалардын, айрыкча Американын көрсөтмөлөрү боюнча иш алып барып жатканын айкын түшүнөт. Эфиопия режими айрым учурларда басымга каршы чыккандай түр көрсөтсө да, акыры Вашингтондун пландары боюнча кыймылдап, анын аймактык максаттарына кызмат кылууда. Бул максаттардын бири Египетти курчап, анын жашоо булагы болгон суу ресурстарын көзөмөлдөө аркылуу стратегиялык жактан алсыратуу.
Египет режими болсо, маалымат каражаттарында нааразычылык билдирип, катуу билдирүүлөрдү чыгарганы менен, иш жүзүндө эч кандай олуттуу кадам жасаган жок: тосмонун курулуш этабында да, толтуруунун ар кайсы фазаларында да, анын толук ишке киришинен кийин да эч реакция көрсөткөн жок. Тескерисинче, ал 2015-жылдын март айында Хартумда кол коюлган «Принциптер декларациясы» аркылуу Эфиопияга күч берген. Бул келишим менен Египет биринчи жолу тосмо курулушунун мыйзамдуулугун тааныган жана Эфиопияга керектүү эл аралык укуктук жана дипломатиялык калканды берген. Ошондон бери ал тосмону коргоп жаткан ошол эле державалардын ортомчулугуна жана «жолсуз сүйлөшүүлөрүнө» таянып келүүдө. Бул абал мүмкүнчүлүктөрдүн жетишсиздигинен эмес, АКШга болгон саясий көзкарандылыктан келип чыккан.
Ал эми Судан режими болсо эл аралык тирешүүнүн талаасына айланып, өз алдынча чечим кабыл алуу укугунан ажырады. Ошондуктан ал кээде Эфиопияны колдогон, кээде ага нааразы болгон позициялардын ортосунда термелип турат, бирок эч кандай мабдаий же өз алдынча саясий эрки жок.
Акыркы жума ичинде Суданда кеңири суу ташкыны болуп, миңдеген үй-бүлөлөрдү көчүрүүгө мажбур кылды, айыл чарба жерлерин жана инфраструктураны бузду. Ошондой эле Египеттин айрым аймактары да Нилдин деңгээлинин капыстан көтөрүлүшүнөн жабыр тартты. Египет бул кырсыктын себеби Эфиопиянын тосмодон сууну координациясыз чыгарышы деп эсептөөдө, ал эми Эфиопия себеп катары сезондук жаан-чачынды көрсөтүүдө.
Техникалык талашты четке каксак, эң кейиштүү чындык, тосмонун эшиктерин ачуу же жабуу чечими азыр Эфиопиянын, ал аркылуу АКШнын колундагы чечимге айланды. Бул чечим каалаган убакта Египет менен Суданга каршы саясий же экономикалык кысым куралы катары колдонулушу мүмкүн. Анткени тосмону координациясыз иштетүү кыйратуучу суу ташкынга алып келиши мүмкүн болсо, сууну кармап туруу кургакчылык учурунда миллиондогон адамдардын суу кризисине учурашынын себеби болушу ыктымал.
Египет аткарууга тийиш болгон нерсе, саясий кайыр сурап, эл аралык ортомчулардын кучагына жыгылуу эмес, элдин иштерине кам көрүү милдетин Ислам жүктөгөн мамлекет катары чыныгы көз карандысыз позицияны кармануу. Бул камкордук алардын тагдырын башка мамлекеттердин же чоң державалардын колуна калтыруу эмес, алардын суу жана азык-түлүк коопсуздугун коргоону, жашоо үчүн маанилүү ресурстарын бардык адилеттүү каражаттар менен сактоону камтыйт.
Египет режими азыр дароо эле абалды оорлотуп жаткан, эч кандай натыйжа бербеген куру сүйлөшүүлөрдү токтотууга тийиш. Ал Египет менен Судандын элине суу аркылуу коркунуч туудура турган ар кандай аракеттин алдын алуу үчүн реалдуу, иш жүзүндөгү кадамдарды жасашы зарыл. Анткени суу сүйлөшүү темасы эмес, бул өмүр жана өлүм маселеси. Ошондой эле Египет режими бул ишке айлакерлик менен кийлигишип жаткан Американын ролун ачык көрсөтүп, аны ортомчу эмес, тескерисинче, өз кызыкчылыгы үчүн бул маселени башкарган жыландын башы катары кароого тийиш.
Ал эми түпкү чечим бул көз каранды жана бөлүнүп-жарылган режимдердин тушунда эч качан ишке ашпайт. Бул үчүн Пайгамбар ﷺдын тарикаты боюнча Халифалыкты тикелөө зарыл. Ал бардык мусулмандардын жерлерин бир жетекчилик алдында бириктирет, алардын байлыктарын жана күчүн топтойт, жана дарыялар менен тосмолорду колонизаторлордун кызыкчылыгына эмес, үммөттүн пайдасына ылайык башкарат.
Халифалык доорунда башка эч бир мамлекетке Ислам жерлери аркылуу агып өткөн дарыяны өз көзөмөлүнө алуу укугу берилбейт. Анткени дарыя – бардык мусулмандардын умумий мүлкү болуп саналат. Эч ким аны тосуп коюуга же шантаж үчүн колдонууга акысы жок. Эгерде кандайдыр бир тышкы күч же агент үммөттүн жашоо булагын коркутууга батына турган болсо, Халифалык мусулмандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн зарыл болсо күч менен да чара көрөт. Анткени үммөттү коргоо соодалашууга жатпаган шаръий фарз.
Пайгамбар ﷺ айтты:
«اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»
«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».
Ошондуктан Нил дарыясы үммөттүн мүлкү. Америка аны көзөмөлдөөгө, Эфиопия аны курал катары колдонууга, ал эми Египет өз үлүшүн «сыйлык» катары сүйлөшүүгө укуктуу эмес.
Чыныгы маселе «Нахда» тосмосунун дубалдарында да, эшиктеринде да эмес. Маселе бүгүн мусулман өлкөлөрүн башкарган режимдерде. Эгер Египетте чынчыл, эркин, Ислам өкүмдөрүн иш жүзүндө колдонгон бийлик болгондо, бул тосмо эч качан курулмак эмес жана ал Американын басым куралына айланмак эмес.
Ошондуктан Египеттин, Судандын жана бүтүндөй Ислам үммөтүнүн, айрыкча алардын армияларынын милдети – Пайгамбар ﷺдын минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты орнотуу. Ал мусулмандардын жерлерин бириктирет, алардын саясий жана экономикалык чечимин боштондукка чыгарат, ресурстарын шариат өкүмдөрүнө ылайык башкарат жана бул байлыктар үммөттү коркутуу үчүн эмес, ага кызмат кылышы үчүн колдонулат.
Устаз Махмуд аль-Лайсий
Роя гезити




