Демократия адамдар үчүн жарактуу түзүм эмес

Демократия адамдар үчүн жарактуу түзүм эмес
Бүгүн демократияны башкаруу жаатында адамзат акылы жеткен эң жогорку чек катары көрсөтүп, кол тийгис ыйык нерсе сымал даңазалашууда. Аны таразага салынуучу эмес, тескерисинче өзү тараза ордуна коюлган нерседей көтөрүп келишет. Бирок бир аз гана ой жүгүрткөн адам демократиянын ички мазмуну карама-каршы, адамдын табиятына туура келбеген, акырында эркиндикке же өркүндөөгө эмес, башаламандык менен ахлакый төмөндөөгө жетелеген система экенин көрөт.
Демократия теорияла «эл өзүн-өзү башкарган түзүм» деп түшүндүрүлөт. Бирок бул реалдуулукка дал келбейт. Себеби миллиондогон адамдар мыйзамдарды чогуу жазып, чогуу чечим чыгара албайт. Ошондуктан «элдин ордуна» мыйзам чыгаруучу «өкүлдөрдү» тандап алуу деген жол ойлоп табылды. Ушундан кийин элдин бийлиги деген нерсе иш жүзүндө азчылыктын бийлигине айланып, «эл өкүлчүлүгү» деген ат менен көпчүлүктүн тагдырын бир ууч саясий, каржылык жана маалыматтык күчкө ээ адамдар башкарып калды. Теорияда эл үстөмдүгү деп айтылган нерсе иш жүзүндө саясий-экономикалык элитанын үстөмдүгүнө айланат. Ушундайча демократия көбүнчө кутудагы добуштун мыйзамдуулугу менен эски диктаторлордун ордуна шайланган жаңы диктаторлорду алып келет. Бул – элдин атынан башкарылган жок, элдин үстүнөн жаңыча башкаруунун кооз сөздөр менен боёлгон түрү.
Демократиянын төмөн кетүүсү муну менен эле чектелбейт. Бул идеянын негизи да бузук. Мыйзам чыгарууга ким укуктуу? Демократия боюнча мыйзамдын булагы – адам. Демек мыйзамдар адамдардын каалоосуна, кызыкчылыгына жана өзгөрмө табиятына жараша өзгөрөт. Тарых да буга күбө. Бир коомдо «укук» деп эсептелген нерсе башка коомдо «кылмыш» болушу мүмкүн. Бүгүн «эркиндик» деп кабыл алынган нерсе эртең «бузукулук» же «жек көрүү» катары айыпталышы мүмкүн. Анткени өлчөөлөр адамдын табияты сыяктуу эле өзгөрүп турат.
Өзү туруксуз, каалоосу менен пикирлери бат алмашкан адам бардык инсаният үчүн туруктуулуктун булагы болуп бере алабы?! Өзүндө түздүк жок адам башкалар үчүн адилеттик өлчөмүн кантип койсун?!
«Эл үстөмдүгү» деген түшүнүк да эл деген нерсенин бир бүтүн бирдик эмес, бири-бирине карама-каршы кызыкчылыктардын жана багыттардын жыйындысы экенин көз жаздымда калтырат. Демек көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган чечим туура дегенди билдирбейт. Болгону ал чечим башкасына караганда көбүрөөк добуш алганын гана билдирет. Ошентип үстөмдүк акылга эмес, сандарга таянган чечимге айланат.
Ошол эле учурда үстөмдүк түшүнүгүндөгү башаламандыкка кошулуп, демократиянын эң жогору баалуулук катары көтөргөн “эркиндик” маселеси да өзүнчө чоң кризиске учурайт. Демократия ишенимде, ой-пикирде, менчикте жана жүрүм-турумда абсолюттук эркиндикти ураан кылып, бул баардык нерседен бийик коюлган кудайга айланган. Бирок эркиндик ахлакый чектөөдөн ажыраганда башаламандыкка айланат. Жоопкерчиликсиз ыйык нерседей көтөрүлгөндө адамды эмес, анын кумарын бошотот.
Демократия “эркиндик” деген ат менен адамдын табиятына кирген каалоолорду чектөөсүз кое берди. Натыйжада адам өз кумарынын кулуна айланды. Жаныбар тамак-ашынын артынан кандай кубаласа, ал да ошол сыяктуу ырахаттын артынан деми чыккыча кубалап, эч кандай улуу максатсыз, эч кандай маңыз издебестен жашай баштады. «Эркиндик» деген желек менен фитратты четке кагуу, үй-бүлөнү бузуу, азгырылган жүрүм-турумдарды “жеке тандоо” катары ыйыктоо адатка айланды. Ошентип демократия адамды чынжырдан бошоткон жок, тескерисинче, анын жаман каалоосун бошотуп, ички жырткычтыгын эркин коюп берди.
Чектөөлөр жоголгондо маани да жоголот. Ар бир адамдык түзүм жакшы-жаман деген бир өлчөмгө, бир багытка муктаж. Бирок демократия адамды өзү-өзүнө өлчөм кылып койгон соң, адамдын жеке кызыкчылыгынан жогору турган бардык чыныгы өлчөмдөрдү жокко чыгарды. Эмне ырахат берсе ошол жакшылык, эмне кыжырдантса ошол жамандык дегенге келип такалды. Натыйжада улуулук да, фитрат да көмүскөдө калды. Жан дүйнөсүндө багытсыз, жогору жактан көрсөтмөсү жок, каалоосунун кучагында жашаган жаңы адам пайда болду. Ой-пикирлеринин карама-каршылыгында адашкан, руханий боштук жана маанисиздик менен капталган, депрессияга чөгүп жашаган адам келип чыкты. Демократия ага эркиндик жана урмат убада кылды, бирок максатсыздык жана тынчсыздануу тартуулады.
Демократиянын негизи дагы бир чоң жаңылышка таянат. Ал адам өзүн жана коомун акылмандык менен, адилеттик менен башкара алат деп эсептейт. Бирок адамзат тарыхы муну таптакыр жокко чыгарат. Анткени адам чектелген, кызыкчылык, коркуу жана кумар анын чечимине таасир этет. Эгер мындай жанга мыйзам чыгаруу укугу берилсе, ал өз абийири жетпеген нерсенин баарын бузат. Демек демократиянын көйгөйү динди четке какканында гана эмес, адам табиятына туура келбегендигинде.
Адам мыйзам коюучу кудай эмес, ошондой эле дүйнөнү муздак рационалдуулук менен башкара турган машинa да эмес. Ал өзүндө жакшылыкка да, жамандыкка да тартылуучу эки күчтү алып жүргөн жан. Ошондуктан ал өзүнө сырттан келчү туруктуу өлчөмгө, тарикатка, жол көрсөтүүгө муктаж.
Бирок демократия болсо, “эркиндик” жана “эл үстөмдүгү” деген ат менен адамдын кулап түшүүсүн токтотчу ар бир тосмону талкалап, аны өзүн-өзү жеңе албай турган абалга калтырды. Натыйжада адам өзүнө каршы хидаятсыз жана өлчөмсүз жалгыз калды.
Демократия адам өзүн өзү башкара алат деген сулуу, бирок куру элестен жаралган. Бирок ал элес акырында ачуу чындыкка айланып, адам өзүн өзү башкарса, өзү эле кыйраарын айгинелеп берди. Демократия адамдын фитратына да, акылынын чегине да, туруктуулук менен мааниге болгон ички муктаждыгына да шайкеш келбеген система. Сыртынан кооз идея болуп көрүнгөнү менен, адамдардын реалдуу турмушунда ишке ашпаган түзүм. Адамды урматы жогору, дөөлөттүү даражага көтөрмөк түгүл, тескерисинче аны жаныбардык деңгээлге түшүрүп, принципсиз, ченемсиз, багытсыз жашоого түрттү. Ошентип, демократия эл үчүн деп ураан чакырганы менен, маңызында инсанга каршы түзүлгөн система.
Анткени адам өз каалоосуна ылайыкташкан эмес, тескерисинче анын каалоосун тарбиялап, кумарын ооздуктап, адамдык даражасын көтөрө турган түзүмгө муктаж. Адамды жалаң гарыйзалардын деңгээлинен көтөрүп, урмат-сыйга ылайык руханий бийиктикке жеткирүүчү толук камтуучу программа керек. Анын жашоосун бардык жагынан: пикиринде, амалында, жеке, коомдук, дүйнөлүк жана акыреттик жашоосунда да туура жолго багыттап турган түзүм керек. Андай түзүм кемчиликсиз, башкага муктаждыгы жок, алсыздыгы жок, жахилдик сыфаты жок Заттан гана чыгат. Ал — адам, аалам жана тирүүлүктү жараткан Аллах.
﴿أَلَا يَعْلَمُ مَنْ خَلَقَ وَهُوَ اللَّطِيفُ الْخَبِيرُ﴾
«(Акыры) Жараткан Зат (Өзү жоктон бар кылган нерселерди) билбейби?! Ал Мээримдүү жана (ар нерседен) кабардар Зат». (Мүлк: 14)
Адам өзүн, жашап жаткан ааламды, алардын ортосундагы байланышты, ошондой эле жашоодон мурун жана жашоодон кийинки чындыкты туура түшүнгөндө гана өз инсаниятын чыныгы жогорку даражага жеткирүүчү биринчи тепкичке кадам таштайт. Өнүгүү экономика менен, өнөр жай менен же байлык менен башталбайт. Ал жашоонун маанисин жана максатын аныктаган пикирден башталат.
Ошондуктан чыныгы ойгонуунун пайдубалы фикрий-саясий акыйда болушу зарыл. Андай акыйда терең ыйманды амалий аклия менен бириктирип, дүйнөнү акырет менен байланыштырган, экөөнү ажыратпаган ишеним болушу керек. Бул — Ислам акыйдасы жана андан балкып чыккан Ислам мабдасы. Ал багыт көрсөткөн акыйда менен жашоону тартиптеген системаны бириктирген, адамды чындап көтөргөн, куру үмүт эмес, чыныгы ойгонуу алып келген мабда.
Доктор Ашраф Абу Атая
Роя гезити




