Макала
Trending

ШКУ жана Борбор Азия: өнүгүүнүн ордуна көзөмөлдү күчөтүү куралы

ШКУ жана Борбор Азия: өнүгүүнүн ордуна көзөмөлдү күчөтүү куралы

2025-жылы 17–18-ноябрда Москва шаарында ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Бул жыйын, ШКУнун түзүлүүсүнөн көздөлгөн негизги максатты ачык көрсөттү. Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктары, уюмга мүчө болгон ири державалар үчүн кызыксыз. Тескерисинче, бул уюм аларды колдонууга гана багытталган. Айрыкча, Кытай менен Россиянын таасири күчөп, Индиянын жандануусу жогорулап жатканы, бул үч мамлекет ШКУнун саясий-идеологиялык багытын аныктап, башкаларга болгон үстөмдүгүн күчөтүп жатат. Расмий билдирүүлөрдө экономикалык интеграция, санариптик өнүгүү жана логистикалык долбоорлор тууралуу сөздөр айтылганы менен, бул багыттар Борбор Азия элине эч кандай пайда алып келбейт. Мындан да маанилүүсү, ушуга окшогон уюмдар негизинен баскынчылардын кызыкчылыгына кызмат кылат жана мусулмандарга мындай уюмдарга катышуу арам!

ШКУнун экономикалык ураандары башынан эле чындыкка дал келген эмес. Анткени уюмга көп жылдар бою мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрү бирдиктүү экономикалык мейкиндикке же тең укуктуу инвестициялык куралдарга ээ боло алган жок. Инфраструктуралык долбоорлордун басымдуу бөлүгү Кытайдын транзиттик коридорлорунун улануусуна каралган жана аймактагы өлкөлөр үчүн алардын көз карандылыгын арттыруудан башка эч кандай пайда алып келген жок. Санариптик багыт да Кытайдын көзөмөл түзүмүнөн жана санариптик тартип орнотуу моделинен көчүрүлүп алынууда. Бул болсо коомду көзөмөлдөөнү күчөтүп, Борбор Азия элдерине табигый болгон диний мейкиндигин чектейт.

ШКУнун саясий өлчөмдөрү, Борбор Азиянын ири державаларга карата көз карандылыгын бекемдеп берүүдө. Бул уюм, аймак өлкөлөрү үчүн өз демилгелерин илгерилетүүчү жана көз карандысыздыктарын чыңдоочу аянтчага айланган жок. Тескерисинче, бул уюм Россия менен Кытайдын аймакка карата коопсуздук моделин мыйзамдаштыруучу курал катары иштетилүүдө. Бул жагдайды, мусулмандарга карата копол мамилеси менен таанылган Индиянын кошулуусу ого бетер оорчундатып жатат. Натыйжада, аймактын табигый ажыралбас өзгөчөлүгү болуп эсептелген Ислам дини, коркунуч туудуручу фактор катары каралууда.

ШКУнун коопсуздук жаатындагы позициялары буга ачык далил болот. Уюмдун документтеринде ар кандай диний активдүүлүк, экстремизм менен күрөшүү зарыл болгон себеп катары аныкталат. Мунун натыйжасында, ислам негизиндеги саясий ишмердүүлүктү алып баруу гана эмес, исламий билим берүү, кайрымдуулук кылуу же коом арасындагы ислам демилгелеринин кеңири бөлүгү чектөө сызыгынын аркасында калат. Атайын кызматтардын координациясын күчөтүү, маалымат алмашуу, РАТСтын ыйгарым укуктарын кеңейтүү аркылуу, Кытай жана Россиянын мусулмандарга кылып келген зомбулук мамилесин Борбор Азия аймагына көчүрүү аракети жүрүүдө. Мунун баары имамдарга күчөгөн басым, ислам таалимин жоюу, мусулмандардын ар кандай активдүүлүгүн чектөө жана аларды кибер-көзөмөлгө алуу аркылуу билинүүдө.

Ал эми Индия, өзүнүн мусулман жарандарына каршы күрөшүүдө чоң тажрыйба топтогон соң, ШКУнун бул багыттагы позицияларын бекемдеп жатат. Ошентип Кытай, Россия жана Индия биргелешип Исламга каршы идеологиялык негизди пайда кылууда. Тактап айтканда, Ислам же жок кылынышы керек, же чектөлүүсү зарыл. Демек, Советтер Союзунан кийин акырындап жанданып келе жаткан ислам дини, Борбор Азия аймагында кайрадан чоң кысымга алынып, жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Жыйынтыктап айтсак, бул аракеттер адамдардын жашоо-турмушундагы диний чөйрөнүн улам басымына алып келет. Учурда интернеттеги мусулман топторуна көзөмөл күчөп, диний билим берүү мекемелерине ар кандай жаңы талаптар коюлууда, бир катар ислам демилгелеринин уюштуруучулары көмүскөгө кетүүгө аргасыз болду. Ошол себептен жабык, бейрасмий, ачыктыктан ажыратылган диний кырдаал пайда болду.  Бул келечекте мамлекет менен коомдун ортосундагы жараканын кеңейишине алып келет. Ислам таалиминин сапатын төмөндөтөт жана чет өлкөлүк аалымдар менен болгон байланыштардын үзүлүүсүнө алып келет. Ал эми расмий диний мекемелер бюрократиялык аппарат катары бааланып, аларга болгон ишеним жок болуп кетет.

Ошентсе да, аймактагы мусулмандар мындай жагдайга көнүүдө. Жакынкы жылдарда көпчүлүк өздөрүнүн ишмердигин басым-кысымга ылайыкташтырып, диний өздүктү сактап калуу үчүн жаңы ыкмаларды ойлоп табууга мажбур болот. Бул үй-бүлөлүк окутуу же чакан жабык билим берүү чөйрөсүн түзүү аркылуу ишке ашырылат.

Жыйынтыктап айтканда, ШКУ азыркы түзүлүшү менен Борбор Азиянын өнүгүүсүнө салым кошпогону аз келгенсип, аймактагы исламдын өнүгүүсүн чектөөдө. Муну менен ШКУ – баскынчылардын пайдасына кызмат кылуу үчүн гана түзүлгөн уюм экени тастыкталып турат. Ал эми анын коопсуздук архитектурасы мусулмандардын өнүгүүсүнө эмес, аларды көзөмөлдөөгө жана чектөөгө багытталган. 2025-жылы Москвада болуп өткөн жыйын муну дагы бир жолу тастыктады.

Худжад Жамия

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button