
Кыргызстанда саясий кырдаал чыңалууда
Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленген. Расмий бийлик өзүнө ылайыксыз деп эсептеген талапкерлерди ар кандай шылтоолор менен шайлоого катышуусуна тосук койду. Буга улай өлкөдөгү энергетикалык кризис, кымбатчылык, кытай жарандарынын массалык түрдө өлкөгө кирип келүүсү коомдук нааразылыкты күчөтүп, бул оппозициялык саясатчылардын баш көтөрүүсүнө түрткү болду. Айрыкча, президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасында актуалдуу маселелер боюнча билдирүүсүнөн кийин кырдаал дагы да күчөдү. Ал өз билдирүүсүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айыптап, төңкөрүшкө жол берилбей турганын билдирген эле.
Ал эми, Атамбаев президенттин кайрылуусуна жооп берип, анын артынан бир катар экс аткаминерлер эки лагерди жактаган билдирүүлөрдү жасашты.
22-ноябрдын таңында болсо күч органдары бир катар оппозициялык маанайдагы саясатчылардын үйлөрүндө тинтүү өткөрүп, камакка алынганы кабарланды. Кийинчерээк, ИИМ он адам “массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Алардын арасында КСДП партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев, депутаттыкка талапкерлигинен ажыратылган Шайлообек Атазов баштаган саясатчылар бар.
Социалдык тармактарда Атамбаевдин жубайын, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаровду, Мадумаровдун уулу менен жубайын жана Султанбековдун карындашын да укук коргоо органдары суракка чакырганы айтылууда.
Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров 2023-жылдын 17-февралында мурдагы президенттерди чогултуп, саясий диалог өткөргөндөн кийин өлкөдөгү кырдаалды колго алгандай болгон. А бирок, Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо учурунда Атамбаевдин “КСДП” партиясы шайлоодон четтетилген. Партия лидери Темирлан Султанбеков менен партиянын эки мүчөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ушул учурдан тарта Атамбаев менен бийликтин ортосунда күрөш көшөгө артында уланып келди. Ал эми, бийликтин коррупцияга жана караларга каршы күрөш шылтоосу менен эски саясий чөйрөнү сындыруу аракети оппозициялык саясатчылардын катары калыңдашын шарттады.
Маалым болгондой, 2005, 2010 жана 2020-жылдагы төңкөрүштөрдө массаны көтөрүп чыгууга Атамбаев жана анын командасы чоң салым кошкон.
Ал эми, расмий Кремль өзүнүн салттуу стратегиясына ылайык, ички саясатта жеңип чыккан тарапты өз саясатына мажбурлап баш ийдирүү позициясын карманып келет. А бирок, учурдагы бийлик акыркы жылдары Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп жиберди. Муну Кытай менен стратегиялык келишимдердин түзүлүшү, өлкөдөгү маанилүү ресурстардын баарын Кытай компанияларына тапшыруусу жана эки өлкө ортосундагы соода алмашуунун арыштап өсүүсү айгинелеп турат.
Ал эми, Россия үчүн кыргыз бийлигин алмаштыруу приоритет болбосо да, оппозициялык күчтөрдүн жандануусуна, бийликке басым кылуучу куралдардын колдонулуусуна каршы эмес. Айрыкча, Атамбаевдин негизги кадрларынын бири, мурдагы өкмөт башчы Кремлдин калкалоосунда жүргөн Сапар Исаковдун саясий окуяларга карата билдирүүсү да буга ишара кылып турат.
Атамбаев президенттик мезгилинде Орусия кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган айрым долбоорлорду ишке ашырып берсе да, аны жана партиясын Орусияга толук байланган деп кароо ката. Анткени, ал негиздеген КСДП партиясы түпкүлүгүндө Европа, айрыкча Германиядан таасирленген абалда түзүлгөн. Ошондуктан, анын бийлиги учурунда Европа кызыкчылыгына ылайык бир катар иштер жасалган. Маселен, Атамбаев бийликке келгенде кабыл алынган конституция батышчыл конституция болуп, жаңы киргизилген парламенттик башкаруу системасы Кремлдин көз карашына тескери келген. О.э өзүнүн мураскору Жээнбековдун учурунда ички саясаттагы тирештен улам Россиянын кызыкчылыгына тескери бир катар иштерди жасаган. Маселен, уран кени казылышына каршы митингдерди уюштуруу менен Россиянын жалпы инвестициялык кызыкчылыктарына сокку урган.
Ал эми, 2014-жылы Кыргызстандан АКШ авиабазасын чыгарышы, 2015-жылы Кыргызстанды Россия таасириндеги Евразиялык Экономикалык Биримдикке (ЕАЭБ) киргизип бериши бийлигин сактап калуу үчүн Россияны ыраазы кылуу алкагында болгон. Анткени, бул учурда Россиянын өлкөдөгү саясий, аскерий, экономикалык таасири үлкөн болгон.
Демек, өлкөдөгү акыркы окуялар ички саясаттагы тирештин күчөшү Россиянын буга жол ачуусу жана бийликтин ашыкча кооптонуусу себептүү чыңалып жатат.
Ал эми кыргыз коомчулугу позиция-оппозиция өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгына карата ишенимдерин жоготкон. Муну шайлоолордун статистикасы да ырастап турат. 1995-жылкы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 76%ы катышкан. 2000-жылы 58%, 2005-жылы 60%, 2007-жылкы шайлоодо катышуу 74% болгон. Ал кез Бакиев доору болуп, анда шайлоону бурмалоолор чокусуна чыккан учур болчу. 2010-жылы 59.19%, 2015-жылы 58.85%, 2020-жылы катышуу 56.5% болгон. Андагы нааразылык президент Жээнбековдун кулашына алып келген. 2021-жылкы катышуу 34.61% болгон. Ушулардан катышуу улам азайып барганы билинет.
Президенттик шайлоолор да ушундай. Мисалы, катышуу 1991-жылы 89%, 1995-жылы 86%, 2000-жылы 78%, 2005-жылы 74%, 2011-жылы 58%, 2017-жылы 56%, 2021-жылы 39% болгон.
Турмуш чындыгында шайлоого катышкандардын саны демократиялык системага карата калктын ишеним көрсөткүчү болуп эсептелет. Тагыраагы, Кыргызстандагы шайлоочулардын негизги бөлүгү шайлоону бойкот кылганын билдирет! Анткени, калк демократиядан да, бири-биринен айрымаланбаган бийликтен да, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган шайлоолордон да чарчады. Мунун себеби, Кыргызстан “эгемендүү” болгондон бери келген бийликтер өлкөнү алсыратуу, калкты жакырлаштыруу үстүндө жарыша иштеди. Шайлоо же төңкөрүш жолу менен келген акимдер бул жолдо бири-биринен айырмаланган жок. Ар бир тармак артка кеткени аз келгенсип, коррупция, адилетсиздик аны менен катар ахлаксыздык кең жайылды. Мунун негизги себеби алар башкарып жаткан демократиялык система экени талашсыз. Көпчүлүк бузукулуктун булагы капитализмде экенин билбейт, ошондуктан, кайра анын улам кезектеги тузагына илинип, “демократиялык” дагы бир азгырыктарына алданып калууда.
Эскерте кетсек, бул күрөштө Ислам жана мусулмандар үчүн эч кандай пайда жок! Бул күрөш куфр системасы ичиндеги жетекчи топтун ортосундагы кызыкчылык талашуу күрөшү. Алар бири-бирине каршы күрөштө Исламда арам болгон бардык куфр куралдарын пайдаланышат. Ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарын бул сыяктуу ыплас жана акыретибиз үчүн зыяндуу болгон күрөштөргө катышуудан сак болууга чакырабыз! Албетте, биз үстүбүздө болуп жаткан мындай жараяндарга кайдыгер карабайбыз! Анткени, алар талашып-тартышып жаткан кызыкчылыктар, түпкүлүгүндө үммөттүн кызыкчылыктары! Ошон үчүн ар бир ишибиз, саясий күрөш жана аракеттерибиз пикирий жетекчиликке негизделиши керек. Куфрдун Исламга тескери келген пландарын жана мусулмандарды чалгытуу максатында алып барып жаткан иштерден үммөттү эскертип туруубуз керек.
Умар разияллаху анху айткан: «Мусулман алдабайт да, алданбайт дагы». Расулуллах ﷺ айтат:
«لَا يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»
«Момун бир тешиктен эки ирээт чактырбайт».




