Макала
Trending

Кытайдын жылма саясаты – Борбор Азия үчүн күрөш куралы

Кытайдын жылма саясаты Борбор Азия үчүн күрөш куралы

  1. Кытай өз кезегин күттү

Акыркы жумалар Борбор Азия кайрадан активдүү дипломатиялык атаандаштык майданына айланганын көрсөттү. Аймак менен АКШ андан соң Россия алектенди, кийин өз кезегин күтүп олтурган Бээжин аймактагы сапарын өткөрдү. Кытай ТИМи Ван Инин Кыргызстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга болгон сапары, бул сырттан жасалган демилгелерге жөн гана жооп кайтаруу эмес, саясий демилгени өз колуна алууга багытталган демонстративдик аракет болду.

Кытай Вашингтон менен Москва негизги саясий билдирүүлөрүн жасап бүткөнчө күтүп, андан соң: «башкалар эмне сунуштаганын көрдүңөрбү? эми бизди уккула» дегендей, жумшак бирок ошол эле учурда кескин мүнөздөгү үстөмдүктү ээлеп алууга багытталган саясатын кылды.

  1. Экономикалык жүйө

Ван Инин аймактагы сүйлөшүүлөрү экономика – «саясаттын өзөгү» жана «ким акча салган болсо — ошол оюн эрежесин белгилейт» деген Кытайдын негизги таасир формуласынын алкагында курулду. Бул принцип Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жөнөкөй жана ынандырарлык болуп эсептелет.

Кытай инвестицияларды күчөтүп, инфраструктураны жайылтып, транспорт, жогорку технология, энергетика тармактарында долбоорлорду жана көз карандылыкты узартууга багытталган “эң сонун” сунуштурды тартуулап жаткан чагында, Россиянын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жана АКШнын куру сөз менен гана коштолгон сунуштары, аймактагы өлкөлөр үчүн кызыксыз болууда. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн көз карашында, Кытайдын өзүнүн саясий кызматташуусунун алкагында сунуштап жаткан долбоорлору, иш жүзүнө ашып жаткан демилгелер жана реалдуу сандар менен бекемделүүдө.

  1. Мактоолор жана кепилдик дипломатиясы

Ван Инин мамлекеттик сапарлары, ар бир өлкө башчысына өзгөчө мамиле көрсөтүү менен коштолду. Си Цзинпиндин түз саламдары, президенттердин жетишкендиктерине басым жасоо, алардын башкаруу ыкмаларына ачык урмат билдирүү – мунун баардыгы Кытайдын димпломатиялык стратегиясынын ажыралгыс элементтери.

Кытай кызматташып жаткан өлкөлөргө ыңгайлуу чөйрөнү түзүп берет. Анда, өлкө лидерлери АКШ тарабынан болгондой ачык сындалбайт, ошондой эле Орусия кээде көрсөткөн үстөмдүккө дуушар болушпайт.

  1. Милдеттенмеден арылган коопсуздук

Бээжин коопсуздук чөйрөсүндө, айрыкча Тажикстанда, Россиянын сунушунан айырмаланган өзүнүн катышуусун күчөтүүдө. Кытай технологияларды, инфраструктураны, аналитикалык системаларды тартуулап, бирок аскердик базаларды  жана саясий лоялдуулукту талап кылбайт.

Американын саясий басымынын жана Россиянын көз карандылыкка үндөөчү жасалма коопсуздугунун фонунда, Кытайдын мындай ыкмасы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн албетте жагымдуу көрүнөт.

  1. Регионалдык алкак

Ван И өткөргөн бардык жолугушууларында Кытай борбордук күч болгон, Россия катышуучу макамга гана ээ болгон жана АКШ катышпаган дипломатиялык механизмдерди тартуулады.

Ошентип, Бээжин өзүнүн аймактык архитектурасын түзүүдө. Тактап айтканда, ШКУдан тарта «Борбор Азия – Кытай» форматына чейинки долбоорлор аркылуу, институттук деңгээлде Бээжин өзүнүн узак мөөнөттүү таасирин бекемдемекчи.

Жыйынтык

Ван Инин сапары, Кытай Борбор Азияны өзүнүн стратегиялык таасир аймагына айлантууну көздөп жатканын ачык көрсөттү. Бээжин бул максат үчүн «акча, инфраструктура, саясий көзөмөл» сыяктуу ыкмаларды колдонуп жатат. Аймак Вашингтон менен Москванын ортосунда тең салмактыкты сактап калууга урунуп жаткан маалда, Кытай эң натыйжалуу бирок ошол эле учурда идеологиялык негизден ажыратылган кызматташууну сунуштоодо.

Демек, «акчаны ким төлөсө, музыканы ошол тандайт» деген капиталисттик принципке ылайык, Борбор Азия барган сайын Кытайдын колониалдык саясаты астына кирип барууда.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button