Макала
Trending

Путиндин келиши Кыргызстандын көз карандылыгын дагы бир жолу ачыктады

Путиндин келиши Кыргызстандын көз карандылыгын дагы бир жолу ачыктады

Путиндин Кыргызстанга расмий сапары, анын аймактагы саясий үстөмдүгүн көрсөттү.

Путин менен анын делегациясынын Бишкекке келишинен максат, расмий түрдө  ЖККУга катышууга гана багытталган эмес, ошол эле учурда ал саясий үстөмдүгүн көрсөтүүгө каратылган. Жоон топ делегация, үлкөн кортеж жана сапардын өзүнүн мүнөзү олуттуу нерселерге ишарат болду. Тактап айтканда, Москва Борбор Азиядагы геосаясий таасирин көрсөтүү үчүн өзүнө эң көз каранды болгон Кыргызстанды пайдаланды.

Путиндин Кыргызстанда «туруктуу бийликке үмүт кылары» жөнүндөгү билдирүүсүн жөн гана дипломатиялык сөз катары баалоо туура эмес. Бул сөз Жапаровдун режими алсыз экендигине түз ишара. Ошол эле учурда, бул сөздү саясий эскертүү катары кароо керек.  Россия мындай күч көрсөтүү менен: “бизге баш ийсенер бизден колдоо көрөсүнөр” деп эскертүүдө. Путиндин иш сапары, тең укуктуу өнөктөштүккө каратылган маектешүү мүнөзүндө болгон жок. Тескерисинче, Путин бул аркылуу кол астындагылардын берилгендигин ырастап, союздаш бийликтин ички туруктуулугун көзөмөлдөөгө урунду.

Жапаровдун өзүн алып жүрүүсү анын саясий берилгендигин ырастоодо

Жапаров дагы бир жолу кызматташууну  жагымдуу өңүттө гана сүрөттөөгө даяр экенин көрсөттү. Ал Кыргызстан жарандарынын миллиондогон кызыкчылыктарына түз тиешеси бар маселелерди талкуулоодон баш тартты. Жапаров өз сөзүндө талаптарынан, дооматтарынан же Россия менен болгон мамилелердеги чыныгы көйгөйлөрдү белгилөө аракетинен качты.

Жапаров өзүн эгемен мамлекеттин башчысы катары эмес, Кремлдин ар кандай жол менен айласын табууга умтулган көз каранды режимдин өкүлү катары көрсөтүп жаткандай таасир калтырды. Мындай позиция анын башкы саясий максаты өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо эмес, тескерисинче, өзүнүн коопсуздугун жана бийлик мөөнөтүн сырткы күчкө таянып узартуу экенин дагы бир жолу даана ачыктады.

Чечилбей калган экономикалык көйгөйлөр

Стратегиялык өнөктөштүк, туруктуулук жана өнүгүү тууралуу катуу билдирүүлөр айтылып жатканы менен, Кыргызстан коомго жана экономикага оор таасир тийгизген системалык кризистерди башынан кечирип жатат. Албетте, бул тууралуу расмий билдирүүлөрдө четин чыгарып, эч ким сөз кылбайт, бирок бул көйгөйлөр коомго жана экономикага олутту сокку кылууда.

Өлкөнүн эң маанилүү экономикалык тармактарынын бири болгон тигүү өнөр жайы олуттуу логистикалык көйгөйлөргө туш болду. Акыркы убакта, заказдардын кайтарылышы, чек аралардагы кечигүүлөр, коңшу мамлекеттер аркылуу өткөн транзиттин туруксуздугу курчуп барууда. Мындай үзгүлтүктөр массалык кызматтан алууларга алып келип, болжол менен 40 миң тигүүчүнү кирешесиз калтырды, ал эми бул тармакка таянган миңдеген үй-бүлөлөр финансылык кризистин босогосунда турат. Бийлик болсо, ЕАЭБдин ичинде сүйлөшүү стратегиясын, анти-кризистик чараларды жана экспорттоочулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталган аракеттерди да сунуштаган жок.

Ошол эле учурда миграциялык кризис да оор абалда. Россия миграциялык мыйзамдарын катаалдаштыргандан кийин, он миңдеген патенттердин жокко чыгарылышына жана Кыргызстандын жүз миңдеген жарандарынын жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын Россияга кирүүлөрүнө тыюу салынышына алып келди.

Жаңы эскертүү тартибинин шарттары, эмгек келишимдерин тез арада берүү зарылдыгы, бюрократиялык кечигүүлөрдүн жоопкерчилигинин күчөйүүсү барган сайын мигранттарды укуктук тузакка түртүүдө. Экономикасы Россиядан которулган акчаларга көз каранды болгон Кыргызстанга мындай чаралар чоң сокку болду. Бул экономикалык зыянды, бийлик дипломатиялык жол менен да компенсациялоого аракеттенген жок.

Күйүүчү май кризиси аз келгенсип, анын үстүнө баалардын өсүшү, Россиядан болгон көз карандылыктын күчөйүүсү жана энергия ресурстарынын альтернативдүү булактарынын жоктугу кошулду. Күйүүчү майдын кымбатташы жүк ташуулардын, айыл чарба продукциясынын, азык-түлүктүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына дароо таасирин тийгизди. Инфляция коомдогу чыңалууну күчөттү, бирок өкмөт бул көз карандылыктан чыгууга каратылган узак мөөнөттүү чечимдерди дагы деле иштеп чыгара элек.

Ошентип, бул көйгөйлөрдүн өсүшү, бийлик же маселени чечүүгө кудуреттүү эмес, же даярдыгы жок деген сезимди жаратууда. Анткени мамлекет, бул маселелерден чыгуу жолун издегенден көрө, кызматташуу ийгиликтерин көрсөтүүгө аракеттенип жатат.

Жапаровдун макулдугунун саясий баасы

Болуп жаткан окуяларга терең назар салсак, Жапаровдун Москвага карата эпке келүүсү өз ара пайдалуу кызматташуунун белгиси эмес экени айкын болот. Бул стратегиялык өнөктөштүк саясаты эмес, тескерисинче, көз карандылыкты арбытууга багытталган бир тараптуу схема. Анда Кыргызстан экономикалык жана социалдык кепилдиктерди барган сайын жоготуп, ал эми Россия көбүрөөк таасир этүү куралдарына ээ болот.

Жапаров өзүнүн саясий аман калуу акысын, эпке келүү, унчукпоо жана өлкө ичиндеги абалды ого бетер кыйындаштырган шарттарга макул болуу менен «төлөп» жатат. Россия болсо, келишимдерди кайра кароону талап кылбаган, мигранттардын маселесин козгобогон, өзүнүн транзиттик кызыкчылыктарын коргобогон жана аймактык саясатта өз кызыкчылыктарына көрө саясат жүргүзбөгөн – туруктуу өнөктөшкө ээ болууда.

Ошентип, «жалган кызматташуу»  модели түзүлүүдө. Мындай моделде, бир тарап башкаруучу элитанын коопсуздугун камсыз кылса, экинчи тарап аймактарга, рынокторго, инфраструктурага жана стратегиялык таасирге жетүү мүмкүнчүлүгүн  сактап калат.

Жыйынтык:

Путиндин сапары, аймактын чыныгы кожоюну ким экенин эстетүүчү жана дипломатиялык мезгилди аяктоочу соңку чекит болду.

Акыркы айларда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери АКШнын президенти, Кытайдын жетекчилиги, ЕБ (Европа Биримдиги), Түркия жана башка мамлекеттер менен активдүү жолугушууларды өткөрүштү. Борбор Азия ири державалардын дипломатиялык атаандаштыгынын аянтына айланууда. Алардын ар бири аймактагы өз таасирин күчөтүүгө умтулууда.

Ошентип, биз күбө болгон дипломатиялык активдүүлүк, Путиндин сапары менен аяктады. Батыштын аймакка ашыкча көңүл буруусуна жана Кытайдын күчөп жаткан активдүүлүгүнө карабастан, Москва өзүн мурункудай эле «аймактын кожоюуну» деп эсептей турганын көрсөттү.

Ошондой эле, Путин, Кремль оюндун эрежелерин дал өзү аныктай турганын Жапаров менен болгон кезигүүсүндө көрсөткөнү аракет кылды.

Жапаровдун кылган иштерин байкай турган болсок, ал Россиянын колдоосун мамлекетти өнүктүрүүгө эмес, өз бийлигин сактап калууга кепилдик катары иштетүүгө аракеттенип жаткандай көрүндү. Ошентип Жапаров, Кремлдин колдоосун анын шарттарына макул болуу менен сатып алды.  Бул келишимдер, же мамлекеттин көз карандысыздыгын арттырууга багытталган жок, же экономиканы бекемдебеди.

Тигүү тармагындагы кризис, мигранттардын кыйынчылыктары, күйүүчү майдын кескин кымбатташы, логистикалык тоскоолдуктар жана инфляция сыяктуу чечилбеген көптөгөн көйгөйлөрдүн фонунда, Путин Кыргызстанга болгон сапары менен эски колониялык көз карандылыкты ырастап кетти.

Эл үчүн чыныгы ички саясатты алып барбоо, элдин кызыкчылыктарын коргоосуз жана эл аралык аренада өз алдынча күчтүү позициясыз, Кыргызстан саясий туруктуулуктун акысын, экономикалык көз карандылык жана социалдык нааразычылык менен төлөп кала берет.  Муну эскертүү катары кабыл алуу зарыл!

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button