Роя гезити

Кредиттер сазы: капитализмдин кыйроосу жана Исламдын чечими

Кредиттер сазы: капитализмдин кыйроосу жана Исламдын чечими

«Аль-Ахрам» порталы 2025-жылдын 2-ноябрында жекшемби күнү билдиргендей, Египет Борбордук банкы мурдагы мөөнөтү ошол эле датада бүткөн казына векселдерин төлөө ниети менен жалпы суммасы 600 миллион евро болгон бир жылдык казына векселдерин сунуштаганын жарыялады. Бул сунуш тышкы карыздарды төлөө үчүн зарыл ликвиддүүлүктү камсыз кылууга каратылган. Бирок чет элдик валюталардын резервин түздөн-түз сарптабастан, кыска мөөнөттүү тышкы карыздарды башкаруу саясатынын алкагында жасалууда. Маалыматта айтылгандай, бул сунуш Финансы министрлиги менен биргеликте, өкмөттүн каржылоо муктаждыктарын жабуу жана кирешелердин, айрыкча доллардык кирешелердин төмөндөшү шартында милдеттенмелерди аткаруу аракеттеринин бир бөлүгү катары ишке ашырылды.

Египет Борбордук банкындагы ашып кеткен карыздарды төлөө үчүн 1 миллиард евродон ашык суммада карыз алуу фактысы жөнөкөй жаңылык эмес. Тескерисинче, бул Египеттеги режимдин башынан өткөрүп жаткан оор экономикалык вакыйлыгынын айкын көрүнүшү. Ошондой эле карыз жана пайызга негизделген капиталисттик түзүмдөрдү каптаган дүйнөлүк кризистин тереңдигин чагылдырган күзгү.

Көп жылдардан бери Египеттин экономикалык системасы карыз алууга толук таянып келүүдө. Натыйжада, Борбордук банктын өзүнүн маалыматтарына ылайык, тышкы карыз 2010-жылы 40 миллиард доллардан аз болсо, 2024-жылдын аягына карата 155 миллиард доллардан да ашып кеткен. Мындан тышкары ички карыз жүз миллиарддаган фунтка жеткендиктен, карыз тейлөөгө (пайыздар жана негизги төлөмдөр) мамлекеттик бюджеттин 60%дан ашыгы сарпталып, мамлекеттин бардык ресурстары мурдагы карыздардын төлөмдөрүнө жумшала баштады.

Борбордук банктын акыркы жолу 600 миллион евро өлчөмүндөгү казына векселдерин сунуштаганы жана массалык маалымат каражаттарында айтылгандай, мөөнөтү келип жеткен карыздарды төлөө үчүн 1 миллиард евродон ашык суммада карыз алуу, бул мурунку карызды жаңылары менен жабуу гана. Башкача айтканда, бул көйгөйдү чечүү эмес, аны айлантуу. Капиталисттик экономикада бул саясат «кайра каржылоо» (Refinancing) деп аталат жана бул кризисти келечекке жылдыруудан, андан тышкары төлөнүүчү акчанын баасын жана пайыздык жүгүн көбөйтүүдөн башка эч нерсени билдирбейт. Мындайча айтканда, мамлекет карыз берүүчүлөрдүн туткунунда дагы ондогон жылдар бою кала берет.

Карыздар – байлык өндүрүү үчүн кирип келе турган каражат эмес, тескерисинче, ресурстарды соруп турган кошулма пайыздык жүктү артынан сүйрөгөн оор түйшүк. Чынында алар мамлекеттин экономикалык жана саясий чечимин карыз берүүчүлөргө сатуу дегенди билдирет. Анткени ар бир карыз Эл аралык валюта фондунун же Батыштын каржылоо институттарынын таңуулоосу менен келүүчү «реформалык чаралар» менен шартталат. Алар дайыма субсидияларды жоюу, умумий мүлктү менчиктештирүү, валютанын курсун эркин коюу, салыктарды көтөрүү жана социалдык чыгымдарды кыскартуу дегенге барып такалат.

Жыйынтык болсо ачык көрүнүп турат:

  • Египет фунту бир нече жыл ичинде 70%дан ашык арзандады.
  • Борбордук статистика агенттигинин маалыматына ылайык, жакырчылык деңгээли 30%дан ашты, жарыялана элек чыныгы көрсөткүч 50%дан да көп.
  • 2025-жылы инфляция 35%дан ашып, элдин эмгеги, айлыгы жана топтогон акчасы кыйратылды.
  • Чыныгы инвестициялар качып, экономика карыздарды тейлөөгө жана пайыз төлөөгө кызмат кылган ренталык экономикага айланды.

Карыздар карыздар менен каржыланган долбоорлордон пайда көргөн азчылыктын колунда байлык топтолгон катуу таптык түзүмдү пайда кылды, ал эми коррупциянын жана башкаруу начардыгынын кесепетин бүтүндөй эл көтөрүп жатат.

Капитализм акчаны элдердин азабы эсебинен пайда табуу үчүн пайдалана турган курал катары көрөт. Ал карыздарды «өнүгүү кредиттери», «облигациялар» деген ат менен пайызды халал кылып, карызды экономиканы жүргүзүүнүн табигый жолу катары эсептейт. Ошентип өнүгүп келе жаткан мамлекеттер Батыш банктары менен алардын каржылык институттарынын сыноо талаасына айланат.

Капиталисттик көз карашта мамлекет элдин иштерин караган камкор эмес, коммерциялык уюм катары башкарылат. Анткени ийгиликтин өлчөмү — жетиштүүлүккө жана адилеттүүлүккө жетишүү эмес, карызды тейлөөгө болгон жөндөм жана кредиттик рейтингди сактоо! Ошондуктан капитализм жакырчылык көйгөйүн чечпейт, аны жөн гана башкарат. Байлыкты бөлүштүрбөйт, тескерисинче, аны монополиялаштырууну бекемдейт. Ошондуктан Борбордук банктын карыз төлөө үчүн карыз алышын, өкмөттүн пайыз төлөө үчүн мамлекеттин активдерин сатышын, элдин болсо кымбатчылык жана салыктын алдында кыйналып калышын көрүү таң калычтуу эмес.

Бул түзүм түбөлүккө пайыздык кулчулукка салуучу каржылык кулчулуктан башка эч нерсе өндүрбөйт. Бул сандар жана отчёттор менен катмарланган колониялык саясат, анын максаты үммөттүн ресурстары жана чечим кабыл алуу булактары үстүнөн толук көзөмөл орнотуу.

Исламда пайыздык карыздар жок, экономикалык түзүм коомдук карызга негизделбейт. Ислам экономикалык системасынын негизи карыздарды айлантуу эмес, байлыкты туура бөлүштүрүү. Элдин иштери боюнча чыныгы камкордук жана аларды көтөрүү акча базарлары менен облигацияларда эмес, акчаны нак өндүрүшкө салуу аркылуу ишке ашат.

Исламда мамлекет пайыздык карыздардан эмес, фай, хирож, анфал, зекет жана умумий мүлк булактарынан каржыланат. Анткени пайыз — Исламда Аллах жана Анын Элчисине каршы жарыяланган согуш, ал коомду кыйратат жана акчаны кулчулук куралына айлантат.

Исламдын астында мамлекет капиталисттердин жана кредит берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого эмес, элдин иштерине камкордук кылууга милдеттүү. Исламий каржы түзүмү умумий мүлктү (мунай, газ, ири кендер сыяктуу) үммөттүн негизги ресурсу кылат. Алар чет элдиктерге сатылбайт жана банктарга күрөөгө коюлбайт.

Египеттеги жана башка бардык мусулман өлкөлөрүндөгү экономикалык кризис ликвиддүүлүк кризиси эмес, түзүм жана башкаруу кризиси. Капитализмге негизделген бардык нерсе жакырчылыкты, карызды жана көз карандылыкты кайра-кайра өндүрө берет. Түпкү чечим бул түзүмдү «жамоо» эмес, же «жакшы шарттагы карыздарды» издөө эмес, аны кулатуу жана анын ордуна Ислам мамлекетин өзүнүн исламий экономикалык системасы менен куруу.

Хизб ут-Тахрир Ислам мамлекетинин (Пайгамбар ﷺ дын минхажы негизиндеги рошид Халифалыгы) долбоорунда:

  • Пайыздык бардык мамилелер толугу менен жок кылынат жана пайыздык коомдук карыздын бардык шаймандары (облигациялар жана векселдер) жоюлат.
  • Байлыктар Исламдын негизинде кайрадан бөлүштүрүлөт жана умумий мүлктөр чет элдик компаниялардан жана башкалардан кайтарылып алынат.
  • Ресурстар шариат өкүмдөрүнө ылайык башкарылып, алар карызды тейлөөгө же тартышты каржылоого эмес, айыл чарбасын, өнөр жайды жана өндүрүүчү сооданы жандандырууга багытталат.
  • Каржы саясаты кайрадан Ислам өкүмдөрүнө баш ийдирилип, анда калкка жумшоону берүүчүлөрдүн «берешендиги» эмес, мамлекет үчүн шаръий милдет кылып коёт.

Ошентип экономика пайыздын тузагынан жана эл аралык мекемелердин үстөмдүгүнөн бошотулуп, үммөттүн акча-кредиттик жана саясий суверенитети кайра калыбына келтирилет. Натыйжада акча адамдарды кул кылуучу куралдан курулушка жана өнүктүрүүгө кызмат кылуучу каражатка айланат, жыйым булагынан камкордук куралына айланат.

Карыздар — чечим эмес, оору. Эски карызды төлөө үчүн жаңы карыз алуу акылдуу башкаруу эмес, кечиктирилген банкроттуктун жарыяланышы. Капитализм Эл аралык валюта фонду, облигациялар жана казына векселдери сыяктуу бардык куралдары менен жакырчылыктан, кымбатчылыктан жана көз карандылыктан башка эч нерсе жараткан жок. Система канчалык көп карыз алса, ошончолук көбүрөөк көз каранды болуп, үммөттүн байлыктары кредит берүүчүлөрдүн колуна туткун болуп калат.

Ал эми Ислам пайызга жана пайдага эмес, адилеттүүлүккө жана жетиштүүлүккө таянган каржы системасын орнотот. Карыздардан, мөөнөттүү пайыздык милдеттенмелерден жана салыктардан алыс турат. Египет да, башка мусулман өлкөлөрү да карыздардын айланма тузагынан капиталисттик түзүмдү толугу менен жулуп таштабай туруп жана Исламдын негизинде жашоону кайра жандандырбай туруп кутулбайт. Ошондо гана пайыз тамыры менен жок кылынып, акча өз табигый ордуна: адамга кызмат кылуучу, ага үстөмдүк кылбоочу курал болуп кайтарылат.

Египеттин куткарылышы карыздарда эмес, алар менен кошо келүүчү Батышты Египетке жана элине үстөм кылуучу чечимдерде да эмес. Карыздар жана милдеттенмелер Египет тарткан оор дарттын жана кризистин бир бөлүгү, алар үстөмдүк кылган капиталисттик түзүмдүн «чечимдери» болуп, ошол түзүм кризистин өзү, оору жана бардык балээнин негизи. Куткарылуунун жолу бул түзүмдүн бардык куралдары, аткаруучулары, саясаты, токтомдору жана байланышы менен кошо тамырынан жулуп таштоо. Египет элинин акыйдасы менен шайкеш келген, Раббисин ыраазы кылган, элге жетиштүү жана алардын иштерин толук кандуу карай ала турган долбоорду көтөрүп жүргөн мухлис инсандарга башкарууну өткөрүп берүү.

Египетке Ислам жана анын альтернатива болгон хазарий долбоору керек. Анда пайыздык карыздар жок, элдин малын жыйноо жок, аны адилетсиз жеп коюу жок, алардын байлыктарын текке кетирүү жок, талап-тоноочуларды коргоо жок. Тескерисинче, элдин укуктарын кайтарып, аларга эң мыкты камкордук көргөн адилеттүүлүк болот. Мындай адилеттүүлүктү эл биринчи күндөн сезет, анын көлөкөсүндө дарактар да, куштар да, таштар да бейпил жашайт. Мунун бардыгы Ислам мамлекети, Пайгамбар ﷺ дын минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинин астында болот.

Устаз Махмуд ал-Лайси

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button