Роя гезити

Кытай менен Япония ортосундагы мамилелер чыңалууда

Кытай менен Япония ортосундагы мамилелер чыңалууда

Мурда жапондор Кытайдын маданиятынан, философиясынан жана дининен таасирленишкен. Географиялык жакындык жана Кытай аларга салыштырмалуу өнүккөндүктөн, эки тараптын мамилеси көбүнчө Кытай менен чектелип келген. Бирок Кытайдын Батышка утулуп, англиялыктар баштаган Опиум согушунда жеңилгенден кийин, жапондор Батышты көздөй бет алышты.

XIX кылымдын ортосунан тартып Батыш менен соода алакаларын бекемдеди, анын илим жана өнөр жай өнүгүүсүнө суктанышып, ошого жетүүнү максат кылышты. Өндүрүштүн жана илимдин сырларын үйрөнүү үчүн студенттерди жиберишти. А түгүл, европалыктар христиандык негизде түзгөн эл аралык үй-бүлөгө да кошулушту.

Ошентип, Япония капиталисттик акыйдага таянып, өнөр жай революциясын ишке ашырды. Натыйжада, ири мамлекетке айланды. 1894–1895-жылдары Кореяга таасир этүү үчүн Кытай менен согушка кирип, анда Кытай жеңилип, Японияга согуштук контрибуция төлөдү. 1931-жылдан тартып Кытайга кол салып, анын аймактарын басып ала баштады. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында АКШ атомдук бомбаларды колдонгондон кийин Япония багынып берди. Муну менен Кытай жапон баскынчылыгынан кутулду.

Андан соң Япония АКШнын орбитасында калып, капиталисттик системаны колдонуп, экономикага басым жасоо менен ири күчкө айланды. Ал эми Кытайда коммунисттик мамлекет орноп, анын өнүгүшүнө түрткү берди. Өзүн коргоо жана өз мабдасын аймактык деңгээлде жайылтуу үчүн аскерий күчүн курууга көңүл бурду. Натыйжада Чыгыш Кытай деңизинде Японияга карата, Түштүк Кытай деңизинде бир катар мамлекеттерге карата коркунуч жарата баштады. Ушунун алкагында Корея, Вьетнам, Лаос жана Камбоджада АКШга жана Батышка каршы согуштарга катышты.

Бирок Мао каза болгондон кийин, 1978-жылдан тартып тышкы саясатта жана экономикада Кытай коммунизмден баш тартты. Кытай экономикага басым жасап, АКШ менен келишимдерди түздү. АКШ аны коммунизмден биротоло баш тартууга түрткү берүү жана Япония сыяктуу өз орбитасына тартуу үмүтү менен соодада артыкчылыктарды берди. Мунун натыйжасында Кытайдын Батыш тутумундагы мамлекеттер, анын ичинде Япония менен болгон мамилелери жакшырды. Өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү жүздөгөн миллиард долларга жетти. Бирок эки өлкөнүн ортосунда Тайвань маселесине, ошондой эле Япония көзөмөлдөп турган Окинава префектурасына караштуу Сенкаку аралдарына байланышкан терең карама-каршылыктар бар. Бул аймакта америкалык аскерлер жайгашкан. Кытай бул аралдарды талап кылып, аларды «Дяоюй» деп атайт. Тайвань да бул аралдарды талап кылат, анткени алар мурда Тайванга караштуу болгон. Ошол эле учурда Япония Тайванга өз аймактык сууларында балык уулоого укук берген. Мындан тышкары, Япониянын Кытайды басып алуу учурунда жасалган кыргындар үчүн кечирим суроо маселеси, ошондой эле Кытайга каршы багытталган жапон-америкалык коопсуздук кызматташтыгы Кытайды тынчсыздандырат.

2022-жылдын аягында Япониянын саясатында түп-тамырынан бери өзгөрүү болду. Япония коргонуу саясатына байланыштуу конституциялык өзгөртүүлөрдү жарыялады. Натыйжада коргонууга гана эмес, чабуулга да жөндөмдүү, заманбап курал-жаракка ээ чыныгы армияны курууну көздөгөн жаңы коргонуу стратегиясын кабыл алды. Бул өзгөрүү Кытайды тынчсыздандырды, анткени аны АКШнын колдоосу менен өзүнө каршы багытталган кадам катары баалады.

Ошондой эле 2025-жылдын 21-октябрында Санай Такаити премьер-министр болуп шайлангандан кийин Япониянын Кытайга карата саясатында өзгөрүү байкалды. Ал 2025-жылдын 7-ноябрында: «Кытайдын Тайванга жасаган кандай гана чабуулу болбосун Японияга коркунуч катары каралышы мүмкүн жана Токио аскерий жооп бериши ыктымал», — деп билдирген. Белгилей кетсек, Япония Биринчи кытай-жапон согушунда Тайванды басып алып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин көзөмөлдөп турган, андан кийин АКШ, Британия жана Советтер Союзунун талабы менен аны Кытайга өткөрүп берген.

Кытай тараптан жооп иретинде, Коргоо министрлигинин өкүлү Цзян 2025-жылдын 14-ноябрында: «Эгер Япония Тайванда күч колдонсо, Кытай ага кыйратуучу аскерий жеңилүү алып келет», — деп билдирген. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин 2025-жылдын 17-ноябрында: «Премьер-министр Ли Цян Түштүк Африкада 2025-жылдын 22-ноябрында өтө турган “Чоң жыйырма” саммитинде жапон кесиптеши менен жолукпайт», — деп айткан. Ал эми 2025-жылдын 20-ноябрында: «Санай Такаитинин Тайванга байланыштуу туура эмес билдирүүлөрү кытай-жапон мамилелеринин саясий негизин түп-тамырынан бузуп, эки тараптуу экономикалык жана соода алакаларына олуттуу зыян келтирди. Эгер жапон тарап бул жаңылыш багытта өжөрлөнө берсе, Кытай зарыл чараларды көрөт жана бардык кесепеттер үчүн Япония жооп берет», — деп жарыялады.

Балким бул чаралардын катарына Кытайдын Японияга сейрек кездешүүчү минералдарды экспорттоону токтотуусу да кириши мүмкүн. Мындай көрүнүш 2010-жылы да болуп, Япония Сенкаку аралдарынын жанында жээк күзөт кемелери менен сүзүшүп кеткен кытайлык балыкчыны кармап алгандан кийин, Кытай жети жума бою бул минералдардын экспортун токтоткон. Ошондой эле 2012-жылдагыдай Кытайдан Японияга баруучу туристтердин санын азайтышы ыктымал. Азыртадан эле кытай жарандарын Японияга барбоого чакырып жатат. Мындан тышкары, 2023-жылы Япония Фукусима атомдук станциясынан чыккан радиациялуу сууларды Тынч океанга агызууну чечкенде, Кытай жапон деңиз азыктарын импорттоону токтоткон. Ушул сыяктуу чаралар Японияга олуттуу экономикалык зыян алып келип, аны өз позициясынан кайтууга мажбурлоо максатын көздөйт.

Көрүнүп тургандай, Япония мындай позицияны АКШнын колдоосу менен кабыл алды. Анткени 2025-жылдын 28-октябрында АКШ президенти Трамп Япониянын премьер-министри менен жолугуп, биргелешкен билдирүүдө «эки өлкө улам бекемделип жаткан альянс үчүн жаңы алтын доорго карай жаңы кадамдарды таштайт» деп жарыялашты. Ошондой эле Кытай сейрек минералдардын экспортун кыскарткандан кийин, бул минералдардын жеткирүүсүн камсыздоо боюнча алкактуу келишимге кол коюшту. Келишимде америкалык суюлтулган газды сатып алуу маселелери да камтылды. Бул аркылуу алар Кытайга басым жасап, Тайванды өзүнө кошуп алуу боюнча кандайдыр бир кадам жасоосуна бөгөт коюуну көздөшүп, АКШ Японияны Кытайга каршы кампаниясында пайдаланууну каалады.

Ошондуктан Кытай менен Япониянын ортосундагы мамилелер мындан ары да чыңала бериши күтүлүүдө. Айрыкча Япониянын премьер-министри Кытайдын коркутууларына карабастан, Тайванды коргоо үчүн аскерий кийлигишүүгө даяр экени тууралуу билдирүүлөрүнөн азырынча баш тарта элек. Мындан тышкары, АКШ Япониянын жанында турарын ачык билдирип, Тайванды куралдандырууну улантууда. Маселен, 2025-жылдын 14-ноябрында АКШ Тайванга болжол менен 330 миллион долларга аскерий жабдууларды жана техникаларды сатуу тууралуу чечимин жарыялады. Буга жооп кылып, Кытай Тышкы иштер министрлигинин атынан бул келишимге катуу каршы чыгып, аны «Бир Кытай» принцибинин олуттуу бузулушу деп атап, Тайвань маселеси Кытайдын негизги кызыкчылыктарынын өзөгүндө турарын жана кытай-америкалык мамилелерде абсолюттук кызыл сызык экенин баса белгиледи.

Демек, бул Япония тарабынан АКШнын демөөрчүлүгү менен Кытайга каршы атайын эсептелген саясат экени байкалат. АКШ Кытайды душмандар менен курчоого алуу саясатын жүргүзүп жатат. Эгер бул кризис чечилбей, Япониянын премьер-министри Кытайга карата коркутууларынан баш тартпаса, анда бул эки өлкөнүн соода алакаларына гана эмес, дүйнөлүк экономикага да олуттуу кесепеттерди алып келет. Анткени бул эки мамлекет дүйнөлүк экономикада экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешет. Ошол эле учурда бул кырдаал Япониянын аскерий активдүүлүгүн күчөтүп, Кытай Япония үчүн олуттуу коркунучтуу душман катары көрсөтүлүп, аскерий чыгымдарды көбөйтүүгө жана армияны жаңылоого шылтоо болот.

Биз мусулмандар үчүн мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жана бири-бирине каршы жүргүзүлүп жаткан айла-амалдарды туура түшүнүү өтө маанилүү. Ошого жараша шариат өкүмдөрүнө ылайык туура позицияны аныктап, муну Исламдын кызыкчылыгы үчүн жана анын дааватын жайылтуу жолунда, Аллахтын уруксаты менен жакында тикелене турган рошид Халифалык мамлекети аркылуу пайдалануу зарыл.

Асъад Мансур

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button