Роя гезити

Шайлоо: чындык менен дооматтын ортосунда

Шайлоо: чындык менен дооматтын ортосунда

Ар бир шайлоо айлампасында Египеттеги «расмий диний мекемелер» деп аталган түзүмдөр шайлоого байланыштуу (улуттук милдет, аманат, күбөлүк жана Алланын алдында жоопкерчилик) деген түшүнүктөрдү жайылтып чыгат. Шайлоо жараянын мыйзамдуу баскыч жана өзгөрүүнүн чыныгы өтмөгү катары көрсөтүшөт. Ар жылы, ар бир шайлоодо ар түрдүү формада кайталанган бул риторика шариятка да, Египет сыяктуу секулярдык конституциялар жана режимдер менен башкарылган саясий реалдуулукка да каршы келет. Бул өлкөлөр Ислам менен башкарбайт жана негизинен Ислам башкаруусун орнотууга да жол бербейт.

Египеттеги шайлоо чыныгы саясий жарыш эмес, тескерисинче коопсуздук, медиа жана бюрократиялык мамлекеттик бардык куралдар менен башкарылган формалдуу көрүнүш. Талапкер алдын ала белгилүү, жыйынтык чечилген, атаандаштык жок. Бүтүндөй жараян ондогон жылдардан бери өзгөрбөгөн саясий абалга ички жана эл аралык «легитимдүүлүк» мөөрүн басуу үчүн колдонулат. Медиадан жана бийлик минбарларынан даңазаланган массалык катышуу да калыстыктын далили эмес, тескерисинче мамлекеттин кысым куралдары, жашоо-тиричилик аркылуу шантаж кылуу жана жасалма диний мекемелерди багыттоо аркылуу элди жыйноо аракетинин көрсөткүчү.

Ошондуктан «шайлоо элдин тандоосунун жүзөгө ашышы» деген сөз чындыкка дал келбейт. Анткени элдин чыныгы тандоосу саясий эркиндиги жок шартта, реалдуу өзгөрүү долбоорун куугунтуктаган коопсуздук органдары бар кезде, көз карандысыз саясий иш кылмыш катары каралып, олуттуу атаандаштардын чыгышына же уюшуусуна бөгөт коюлган шартта жасалбайт.

Добуш берүү (күбөлүк, аманат, шаръий милдет) катары жайылтылууда. Бул чоң ката. «Улуттук милдет» деген түшүнүк шаръий өкүм эмес, милдеттерди секулярдык режимдер да, вакф министрликтери да эмес, вахий белгилейт. Шариятта «улуттук милдет» деген нерсе жок.

Мындан тышкары,  секулярдык режимдердеги шайлоо шариатка туура келбейт, анткени ал жасалма конституцияга жана бийликти шариатка эмес, элге таандык кылган демократия принцибине негизделет. Алла Таала айтат:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ﴾

“Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт”. (Ниса: 65).

Демек, мындай конституциялар шаръий өкүмдүн, ыйман келтирүүнүн негизин бузат.

Демократиялык шайлоого катышуу системаны таануу болуп эсептелет. Ал эми мункарды таануу шариятта арам. Анда кантип Алланын шариятын токтотуп турган саясий түзүмдүн өзү мункар болуп турганда, аны таанууга болсун?!

Мусулман адам секулярдык шайлоого катышпай койгону үчүн Алланын алдында жоопко тартылбайт. Анткени Алланы каарданткан нерсе важиб боло албайт, ошондой эле секулярдык режимдер бекемдеген нерсе аманат боло албайт.

Ислам шайлоону ыкма катары четке какпайт, аны өткөрүп жаткан секулярдык түзүлүштү четке кагат. Шайлоо анын негизи Ислам болгондо гана шариятка ылайык болот.

Муну Пайгамбарыбыз ﷺ  ачык түрдө Экинчи Акаба байъатында ишке ашырган. Ал ансарларга:

«Араңардан мага он эки накыйб чыгаргыла» — деп айткан.

Ошондой эле сахабалар Сакифада Абу Бакрга байъат беришкен, андан соң Усманга رضي الله عنهم جميعا  байъат беришкен. Бул — Ислам негизинде жүргүзүлгөн тандоо болгон.

Демек, маселе шайлоонун өзүндө эмес, ал кайсы мабдага таянып өткөрүлүп жатканында. Эгерде анын негизи Ислам болсо шариятка ылайык болот. Эгер анын негизи демократия болсо арам болот. Анткени демократия адамды Алладан башка мыйзам чыгаруучу кылып койгон жасалма система. Бул болсо ыймандын негиздерине каршы келет.

Саясий реалдуулук жана тажрыйба тастыктаган бир чындык бар: эч бир мамлекет өз түзүмүн урна аркылуу өзгөрткөн эмес. Анткени элдин каалоосуна карабастан системанын уланышын камсыз кылган терең мамлекет бар. Саясий көрүнүштүн бардык майда-баратын көзөмөлдөгөн режимге таандык коопсуздук органдары бар. Мындан тышкары, алдын ала даярдалган секулярдык конституциялар бар, алар системаны бекемдөө жана чыныгы Исламий өзгөрүү долбоорунун бийликке келишине бөгөт коюу үчүн түзүлгөн. Ошондуктан урна аркылуу системаны өзгөртүү аракети башынан эле тыюу салууга же четтетүүгө дуушар болот. Шайлоо системанын бир бөлүгү, аны кулатуу куралы боло албайт. Бийлик өзү жараткан ыкма аны кулатуунун жолу боло албайт.

Шарияттагы өзгөртүү тарикаты демократиялык системаны жамоо эмес, толук, ынкылабий (революциялык) өзгөртүү. Исламдын өзгөртүү манхажы сийрада ачык көрсөтүлгөн. Ал үммөттү Ислам сакофаты менен тарбиялоодон, аны колдонгон мамлекет долбоорун көтөрүүдөн башталат. Андан соң учурдагы режимдер менен фикирий жана саясий күрөш аркылуу өз ара аракеттенүүгө өтөт. Ошол эле учурда күч жана кубат ээлеринен нусрат талап кылуу менен мамлекетти тикелөөгө багытталат, мына ушунун бардыгын Пайгамбарыбыз ﷺ  кылган, жана ага ансарлар жооп берген.

Бул тарикат системаны оңдоого да, жамап-жасоого да, анын институттарынын ичине кирүүгө да эмес, түп-тамырынан жулуп таштоого негизделет.

Ошондуктан секулярдык шайлоолорго катышууга чакыруу Исламдан да эмес, Пайгамбарыбыз ﷺ дын тарикатынан да эмес.

Эмне үчүн шарият секулярдык режимдердин шайлоосуна катышууну арам кылган?

1) Анткени ал жасалма конституцияга легитимдүүлүк берет, ал эми шарият мындай конституцияларды кескин түрдө четке кагат.

2) Анткени ал мыйзам чыгарууну Аллага эмес, адамдарга таандык кылган арам саясий түзүмдү бекемдейт.

3) Анткени ал чыныгы өзгөрүүнү токтотуп, үммөттү керек учурда гана чакырып, системанын жүзүн кооздоо үчүн колдонулган көрүүчү массага айландырат.

4) Анткени ал диндин аты менен адамдарды адаштырат, аларга: «Добушуңар үчүн Алланын алдында сураласыңар» — дешет.

Күбөлүк (шахада) чындыкка гана берилет. Добуш берүүнү «күбөлүк» деп аташ — шарияттык түшүнүктөр менен бузуку саясий практикаларды аралаштыруу.

Аманат болсо Алла буйруган иштерде гана болот. Анда кантип Аллага каршы келген мыйзам чыгаруу тутумуна катышуу аманат болсун?!

Алла Таала айтат:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُم بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ﴾

“Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар каапырлар”. (Маида: 44).

Андай болсо, мындай түзүмгө “күбөлүк” деген ат менен легитимдүүлүк берилеби?!

Шайлоого (шарияттык милдет, күбөлүк, аманат) деген сапаттарды жабыштырган билдирүүлөр шарияттык далилге да, реалдуулукту туура түшүнүүгө да таянбайт. Тескерисинче, бул — элди жыйноо жана системага легитимдүүлүк берүү максатын көздөгөн расмий кампаниянын бир бөлүгү, мазмуну бош саясий жараян.

Шайлоо Ислам негизинде өткөрүлсө шариятта уруксат, секулярдык демократия негизинде өткөрүлсө арам. Египетте бүгүн ага катышуу — Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаган түзүмдү таануу болуп эсептелет. Ага катышпай коюу үчүн мусулман жоопко тартылбайт, анткени бул шарияттык милдет эмес. Чыныгы өзгөрүү бул урналар аркылуу эмес, тескерисинче шарияттык саясий иш аркылуу ишке ашат: системаны түп-тамырынан жулуп, Куран жана Сүннөткө негизделген башкарууну орнотуу; үммөттүн султанатын кайтарып, шарияттын ордун бекемдеп, пайгамбарлык минхажы боюнча рошид мамлекетти тикелөө аркылуу гана болот.

Жол мына ушул! Муну жашырууга да, бурмалоого да, негизсиз диний ураандар менен кооздоого да болбой турган чындык.

Алла Таала айтат:

﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِّمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً﴾

“Жок (эй Мухаммад), Раббиңе ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт”. (Ниса: 65).

Устаз Махмуд ал-Лайси

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button