Гвинея-Бисау төңкөрүшү

Гвинея-Бисау төңкөрүшү
2025-жылдын 26-ноябрында Гвинея-Бисауда аскердик төңкөрүш болду. Өлкөнүн президенти Умар Сисоку Эмбало, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы генерал Биаге Нантан, анын орун басары генерал Мамаду Тури, ошондой эле Ички иштер министри Ботче Канде камакка алынды.
Бул төңкөрүш 2025-жылдын 23-ноябрында өткөн Гвинея-Бисаудагы жалпы шайлоодон болгону үч күн өткөндөн кийин болду. Ал шайлоодо кызматтагы президент жана оппозициянын талапкери Фернандо Диаш да Кошта экөө тең президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялашкан.
Бул Гвинея-Бисаунун 1974-жылы Португалиядан көз карандысыздык алгандан берки тогузунчу төңкөрүшү. Төңкөрүштү армиянын басма сөз өкүлү жана президенттик сарайдагы аскердик үй-бүлөнүн башчысы генерал Денис Накана жетектеген аскер офицерлери ишке ашырды. Алар өлкөнү толук көзөмөлгө алганын жарыялап, бардык саясий институттарды, медиа каналдарды жана шайлоо процессин токтотууну буйрук кылышты, эл аралык чек араларды жабышты, белгисиз мөөнөткө түнкү коменданттык саат киргизишти. Ошондой эле бардык куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүн камтыган жана өлкөнү белгисиз мөөнөткө чейин башкара турган «Тартипти калыбына келтирүү боюнча Жогорку аскердик командачылык» түзүлгөнүн билдиришти.
Төңкөрүштүн жетекчиси Денис Накана бул аракет «шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо аракеттери аркылуу өлкөнүн туруктуулугун бузуу максатында белгилүү баңгизат соодагери менен бирге айрым саясатчылар, жергиликтүү жана чет элдик башка адамдар менен бирге даярдап жаткандарга» жооп катары жасалганын айтты. Бирок өз сөздөрүн тастыктаган эч кандай далил келтирген жок.
Гвинея-Бисаудагы жарандык коом уюмдарынын альянсы болгон Элдик фронт Эмбало менен армияны шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоого жол бербөө жана Эмбало жаңы президент менен премьер-министрди дайындап, өзү кайрадан президенттикке талапкер боло ала турган жаңы шайлоолор өткөрүлгөнгө чейин бийликте калуу үчүн «жалган төңкөрүш» уюштурду деп айыптады.
Гвинея-Бисаудагы оппозициянын лидери, президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктаган Фернандо Диаш, президент Эмбалону Элдик фронт койгон айыптоолор менен айыптап, бул төңкөрүш Диаштын бийликке келишине жол бербөө үчүн президент менен армия тарабынан алдын ала уюштурулганын билдирди.
Ал эми Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугунун жана Африка биримдигинин шайлоого байкоо салган өкүлдөрү өз билдирүүлөрүндө: «демократиялык процессти токтотууга багытталган бул одоно аракетти кескин айыптайбыз», — деп билдирип, «конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө» чакырышты.
Өз кезегинде, Гвинея-Бисаунун мурдагы колонизатору болгон Португалиянын өкмөтү «бардык тиешелүү тараптарды мамлекеттик же жарандык зомбулуктан алыс болууга жана добуштарды саноону аяктап, шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн институттардын кадимки ишин калыбына келтирүүгө» чакырды.
Кувейт университетинин саясат таануу бөлүмүнөн Идрис Айят мындай дейт: «Адаттан тыш жагдай — кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Умар Сисоку Эмбало француз медиасына өзү кайрылып, түш ченинде президенттик сарайдагы кеңсесинде камакка алынганын Jeune Afrique журналына айтып берген», — деди. «Акыркы убакта Эмбало Африка континентинде Францияга жана анын президенти Макронго тынчсыздандырарлык жакындыгы үчүн жаман атка ээ болду. Айрымдар аны белгилүү “Макрон менин бир тууганым” деген сөзү аркылуу Франциянын Африкадагы саясатын жүргүзгөн лидерлердин бири катары мүнөздөшөт. Бул болсо Африкада Франциядан жана анын неоколониалдык саясатынa каршы маанай күчөп турган учурга туура келди же Франция өзү атагандай, Францияга каршы сезимдин өсүшүнө туура келди».
Бул кувейттик автордун айткандары төңкөрүш жасалма экенин, Франциянын Гвинея-Бисаудагы таасирин сактап калуу үчүн, өзүнө берилген аскер офицерлери аркылуу, алардын ичинде президенттин өзү аркылуу уюштурулганын кыйытып турат. Анткени төңкөрүш шайлоонун жыйынтыктары жарыяланаардан бир күн мурун болуп өткөн, ал эми жыйынтыктар армияга жана армияны өкүлчүлүк кылган президент Эмбалого пайдалуу эмес болчу. Бул пикирди жарандык жана аскердик күчтөрдүн альянсы болгон Элдик фронт жетектеген жарандык оппозициянын «президент Эмбало менен армия бийликти аскерлердин колунда сактап калуу үчүн “жалган төңкөрүш” уюштурган» деген билдирүүсү да бекемдейт. Ошондой эле оппозиция лидери Фернандо Диаштын президент Эмбало армия менен макулдашып, аны бийликке жеткирбөө үчүн төңкөрүштү алдын ала даярдаган деген сөзү да муну ырастайт.
Көрүнүп тургандай, эгер шайлоодо жарандык талапкер жеңсе, армия бийликтен ажырап калуудан коркот. Ошондуктан ал жарандык оппозициянын бийликке келишине бөгөт коюу үчүн бул төңкөрүштү жасалма түрдө уюштурду.
Армиянын тарыхында оппозициянын бийликке келишин токтоткон төңкөрүштөр көп болгон. Анын эң акыркысы президент Эмбалонун өзү мыйзамдуулукка каршы жасаган кадамы. Ал 2023-жылдын декабрында «конституциялык төңкөрүш» деп бааланган аракетти жасап, мурдагы атаандашы Домингуш Перейра төрагалык кылган парламентти таркаткан.
Ошентип, көпчүлүк белгилер бул төңкөрүштү Франция Гвинея-Бисаудагы өз таасирин сактап калуу жана шайлоо аркылуу өзгөрүүнү токтотуу үчүн уюштурганын көрсөтүп турат. Анткени шайлоодо Францияны жек көргөн, ага каршы бардык батыштык күчтөр, айрыкча АКШ жана Британия менен кызматташууга даяр жарандык башкаруучулар жеңиши ыктымал эле. АКШ менен Британия бул төңкөрүштү четке каккан. Бул позицияны Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугунун жана Африка биримдигинин байкоочулары да билдирип, өз билдирүүлөрүндө: «демократиялык процессти үзгүлтүккө учуратууга багытталган бул одоно аракетти айыптайбыз», — деп, «конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн зарыл чараларды көрүүгө» чакырышкан. Ошондой эле Гвинея-Бисаунун мурдагы колонизатору болгон Португалия бардык тиешелүү тараптарды мамлекеттик же жарандык зомбулуктан карманууга жана добуштарды саноону аяктап, шайлоонун жыйынтыктарын жарыялоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн институттардын кадимки ишин калыбына келтирүүгө үндөгөн.
Ошентип, калкы 2,2 миллионго да жетпеген бул чакан мамлекетте эл аралык күрөш ачык көрүнүүдө. Ал колонизатордук салттуу куралдар аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бул өлкөдө ал куралдар Франция көзөмөлдөгөн чакан армия жана АКШ, Британия, Португалия колдогон жарандык күчтөр болуп саналат. Бул куралдар көп учурда бийликке армия аркылуу же парламенттик шайлоолор аркылуу жетүү үчүн колдонулат. Ал эми армия азырынча үстөмдүк кылып, бийликти толук көзөмөлдөп турушу, мамлекетте француз таасири дагы эле үстөмдүк кылып турганын билдирет.
Абу Хамза аль-Хатвани
Роя гезити




