Макала
Trending

Казакстанда күч түзүмдөрдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди

Казакстанда күч түзүмдөрдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди

Касым-Жомарт Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул кадам, күч түзүмдөрүнүн ыйгарым укуктары акырындык менен күчөп жаткан белгилүү багытка туура келүүдө. Формалдуу түрдө документ экономикалык жана террордук коркунучтарга каршы туруу, ошондой эле стратегиялык резервдерди коргоо зарылдыгы менен негизделүүдө. Бирок тереңирээк талдап келсе, кеп башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө эмес, институттук деңгээлде «тартипти катуулатуу» саясатынын уландысы болуп жатканы ачыкталат.

Баса белгилей кетсек, бул УКК укуктарынын алгачкы кеңейиши эмес. Былтыр комитет, өзүнүн маалыматтык системаларын жана атайын каражаттарын иштеп чыгуудан баштап, кадрлар менен идеологиялык жана «мекенчилдик» багытында иш алып барууга чейинки кеңири укуктарга ээ болгон. Демек, бул коом арасында өөрчүп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилге эмес. Тескерисинче, коом көзөмөлүнөн алыс болгон күч түзүмүнүн бийлигин кезектеги кеңейтүү иши.

Айрыкча, УККнын жаңы милдеттери контрчалгындоо жана антитеррор алкагынан чыгып жаткандыгы көңүл бурдурат. Атайын кызматтын материалдык резервдерди башкарууга катышуусу, каржылык маалыматтарга жетүүсү жана экономикалык коопсуздукка тийгизген таасири – коомдук көзөмөл менен күч түзүмдөрүнүн башкаруусунун ортосундагы чекти бүдөмүк кылат. Келечекте мындай модел, институционалдык тең салмактуулукту бузуп, мамлекеттин негизги мекемелерин жашыруундукка жана репрессивдик башкаруу логикасына болгон көз карандылыгын күчөтөт.

Бийлик көйгөйлөрдүн түпкү себептери болгон системалык коррупцияны, институттардын алсыздыгын, социалдык теңсиздикти же мамлекет менен коомдун ортосундагы ишенимдин адырымын жоюунун ордуна, көзөмөлдөө куралдарын жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө басым жасоодо. Дал ушундай мүнөздө атайын кызматтын күч алуусу, ар түрдүү көйгөйлөргө даяр жооп катары колдонулуп баштайт. Бул иш жүзүндө, түзүмдүк реформалардын “темир тартипке” айлануусун түшүндүрөт.

Эгер болуп жаткан окуяларга кенен назар таштап, Борбор Азия аймагынын алкагында изилдей турган болсок, анда Казакстандын багыты чоң бир сценарийдин бөлүгү экени айкын болот. Акыркы жылдары Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда да күч түзүмдөрүнүн ролунун күчөшү, алардын ыйгарым укуктарынын кеңейиши жана чечимдерди кабыл алуудагы ачыктыктын төмөндөшү байкалууда. Саясий системалардагы айырмачылыктарга карабастан, өлкөлөрдүн багыты бир. Борбор Азия өлкөлөрү, бийликтин борборлошуусуна, адам укуктарынан көрө коопсуздукка артыкчылык берилүүсүнө жана дээрлик баардык тармактарда Россиянын моделинен көчүрүлүп алынган  башкаруу тажрыйбаларына басым жасоодо.

«Россиянын үлгүлөрү» эң оболу, атайын кызматтарды режимдин тиреги катары колдонулушунда, коркунуч шылтоолору аркылуу укуктардын кеңейишинде жана алардын мыйзамдаштыруулусунда, жалпы мамлекеттик институттардын башкаруу тармактарынан акырындык менен сүрүп чыгарылуусунда байкалат. Бул сценарий башкаруучу элита үчүн гана ыңгайлуу. Анткени, ал кыска мөөнөттүү башкарууну камсыз кылып, саясий атаандаштыктын тобокелдиктерин азайтат. Бирок, келечекте бул өнүгүүнүн токтоп калышына (стагнацияга), ички жашыруун нааразычылыктын өсүшүнө жана мамлекеттердин туруктуулугунун алсырашына алып келет.

Россия, өзүнчө чечимдерди эмес, башкаруу логикасын илгерилетүүдө. Орус бийлиги атайын кызматтардын артыкчылыгын, институттардын жабыктыгын жана реформалардын ордуна көзөмөлдү орнотууну алдыга коюп келет. Мындай модел жергиликтүү элиталар үчүн убактылуу пайданы камсыздаганы менен, бирок түзүмдүк көз карандылыкты бекемдеп, аймактын эгемендүү өнүгүүсүн чектеп коёт. Бул жагынан Борбор Азия өлкөлөрү, өз алдынча башкаруу механизмдерин калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, дагы деле Кремлден үлгү алуучу аймак бойдон калууда.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button