Сакофат
Trending

Залимдерди ээрчүүнүн коркунучу

Залимдерди ээрчүүнүн коркунучу

 Аллах Таала айтат:

{ وَلَا تَرۡكَنُوۤا۟ إِلَى ٱلَّذِینَ ظَلَمُوا۟ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِیَاۤءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ }

“Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт”. (Худ: 113).

Бул ыйык аят акыл-эстүү ар бир адамдын көңүлүн өзүнө бурат жана ойготот… Бул куттуу аятты терең ой жүгүртүп түшүнүүдөн мурун «рукун» сөзүнүн тилдик маанисин изилдеп алуу зарыл.

Араб тилинин сөздүктөрүн карасак, «рукун» майл кылуу (ооп кетүү), тынчып калуу, жөлөнүү деген маанилерди берет. Замахшари бул жерде «рукун» «бир аз ооп кетүү» дегенди билдирет деп түшүнгөн. Куртуби: «Рукундун чыныгы мааниси – жөлөнүү, таянуу, тынчып калуу (сукун) жана ага ыраазы болуу», – дейт. Катада: «Аларды жакшы көрбөгүлө жана аларга баш ийбегиле», – дейт. Ибн Журейж: «Аларга ооп кетпегиле», – деп айтат. Абу Аалия болсо: «Алардын амалдарына ыраазы болбогула», – дейт. Мунун баары бир-бирине жакын маанилер.

Ибн Зайд болсо: «Бул жерде «рукун» кошоматчылык кылуу (идхан) маанисинде», – деп түшүндүргөн.

Тил илиминин имамдары «рукунду» жалпысынан бир нерсеге ооп кетүү, тынчып калуу маанисинде түшүндүрүшкөн. Куртуби да тилдеги чыныгы мааниси жөлөнүү, таянуу, тынчтык табуу жана ыраазы болуу экенин эскерген.

«Рукун» сөзү «ар бир курулуштун түркүгү, тиреги» деген маанидеги «рукн» сөзүнөн алынган болушу мүмкүн. Аллах Таала айтат:

أَوۡ ءَاوِيٓ إِلَىٰ رُكۡنٖ شَدِيد

«…же күчтүү бир таянаарым болсо кана». (Худ: 80).

Куран «ооп кетүү» маанидеги «рукун» сөзүн иштетти. Мындан болсо, залимдер менен достошуу же аларга жардам берүү бери жакта турсун, жөн гана аларга ооп кетүүнүн өзүнө каттуу тыюу салынгандыгы түшүнүлөт. «Рукун» сөзүнүн колдонулушу бул тыюунун күчтүүлүгүн дагы да арттырат.

Бул Аллах Тааланын мына мындай сөзүнө окшош:

إِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْأَنْصَابُ وَالْأَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ

“Арак, кумар, буттар жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон харам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Маида: 90).

Бул жерде «ижтанибууху» – «ыраак болгула» деп айтуу «арак ичпегиле, кумарга барбагыла» дегенден да күчтүүрөөк.

Демек, «рукун» сөзү «ооп кетүү, тынчып калуу, кадыржан болуу, таянуу» деген маанилердин бардыгын камтыйт. Анткени бир нерседен тынчтык табуу жана анын алдында туруктуу болуу күчтүүлүк маанисине кирет. Тилде «рукун» көп баскычтуу маанилерди камтыйт: ал ооп кетүүдөн башталып, андан тынчып калуу, коопсуздук табуу, андан соң таянууга чейин барат. Бул маанилердин айрымдары бири-бирине себеп болуп турат… Ал эми зулум бир даражада эле болбойт, тескерисинче ар түрдүү жана көп даражалуу болот. Зулум ар кандай даражаларга залимдерге рукун кылбоо буйругу да ар түрдүү деңгээлдерди камтый турганы түшүнүктүү болот. Ошентип, «рукун» сөзүнүн кеңири маанилери булардын бардыгын өз ичине алат.

Имам Рази өзүнүн тафсиринде “рукундун” карама-каршысы “нуфур” (жек көрүү, качуу, алыстоо) экенин айткан.

Жүрөктүн амалдары: ооп кетүү, сүйүү, ыраазы болуу. Мүчөлөрдүн амалдары: тынчып калуу, зулумду кооздоого катышуу, залимдерге кошомат кылып аларды зыярат кылып туруу, алар менен коомдук байланыш түзүү, алар менен олтуруу, аларды мактап сүйлөө жана аларга таянуу.

Залимге рукун кылуунун эң төмөнкү даражасы — анын башка бирөөгө зулум кылуусуна тоскоол болбоо. Ал эми эң жогорку даражасы — анын зулумун кооздоп көрсөтүү жана адамдарга да бул зулумду кооз көрсөтүү.

Бул ыйык аяттан бир нече маселелерге токтолуп өтсөк:

  1. Аллах Тааланын:

وَلَا تَرۡكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا

«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле)» деген сөзү Куранда башка аянттарда кайталанып келбеген, жалгыз Худ сүрөсүндө гана эскерилген тыюу. Бул сүрөдө жети коомдун тарыхы баяндалат, алардын баарын Аллах Таала Куранда зулум жана ашкере мыйзамсыздык катары сүрөттөгөн. Аят болсо сүрөнүн акыркы жактарында, зулумдун бардык көрүнүштөрү, ар бир коомдун бийлик түзүмүндөгү жана зулум системасындагы айырмачылыктары баяндалып өткөндөн кийин келет.

Залимдерге рукун кылуу тыюу салынган амал болуп, алардын турган абалына ыраазы болууну, же алардын тарикатын кооздоп, башкалардын алдында жакшы көрсөтүүнү, же алар жасаган тыюу салынган иштерге кандайдыр бир деңгээлде катышуунун бардыгын камтыйт. Хасан Басрий бул улуу аят тууралуу мындай дейт: «Аллах диндеги бардык нерсени эки «Ля»нын (тыюунун) ортосуна чектеп койду:  وَلَا تَطْغَوْا  “чектен чыкпагыла» жана وَلَا تَرْكَنُوا  “берилип кетпегиле”. Хасан диндин бардыгын кыскартып эки нерседе түшүндүргөн:  чектен чыгып кетүүдөн тыюу жана залимдерди ээрчүүдөн тыюу. Бул болсо залимдерге рукун кылуудан сактануу өтө маанилүү экендигин көрсөтөт, анткени ал диндин күчүн алсыратат жана кадырын төмөндөтөт.

  1. Зулумдук жана залимдерди ээрчүү – бул жеке адамга эмес, коомго жана мамлекетке таасир этүүчү чоң зыян. Залимдерге рукун кылуунун эң кооптуу жагы ал жалпы коомдук деңгээлде болуп, калктын залим алдында жалпы түрдө моюн сунуусу менен коштолгон учурда пайда болот. Аятта «чектен чыкпагыла» деген тыюу көптүк түрүндө айтылгандай, «залимдерди ээрчибегиле» деген тыюу да көптүк түрүндө айтылган. Бул нерсе залимдерди ээрчүүнүн коомдук кооптуулугун анык көрсөтөт. Кайсы гана коомдо зулум бар болбосун, ошол жерде сөзсүз залимдерге рукун кылуучулардын бир тобу болот, ал топтун бар болушу коомдун оңолушуна тоскоолдук кылат.
  2. Рукун адатта зулумга карата эң жеңил, эң алсыз терс реакциянын түрү. Ал туйгу менен да, аракет менен да болушу мүмкүн т.а. залимден качпоо, аны четке какпоо, ага каршы эч бир белгилүү иш жасабоо аркылуу болушу мүмкүн. Жада калса жөн гана тынчып калуу, колдоо да эмес, сүйүү да эмес, жөн гана тынчып аракетсиз отуруп калуунун өзү да тыюу салынган. Ошондуктан аятта “аз-зоолимин” эмес, “аллязина золамуу” деп айтылган. Бул болсо аяттагы тыюу залимдердин нафс каалоолоруна түшүү, аларга байлануу, алар менен байланыш түзүү, аларга барып туруу, аларга кошомат кылуу, алардын ишине ыраазы болуу, аларга окшошуу, алардын кийим-кечесин кийүү, алардын дүнүйөсүнө суктануу, аларды даңктап сүйлөө сыяктуу бардык абалдарды камтыгандыгын түшүндүрөт.

Имам Алууси бул аятка берген шархында мындай деген: «Көпчүлүк муфассирлер айткандай, эгер бир аз ооп кетүүнүн өзү адамдарды тозокко жеткирчү коркунучка себеп болсо, анда зулумду толук кылган, зулумда бекем турган адамдарга толугу менен ооп кеткен кишинин абалы кандай болот деп ойлойсуң?».

Аят умумий түрдө айтылган. Ал ар бир зулум кылуучуга, мусулман же башка динден болгонуна карабастан, бардыгына тиешелүү. Куртуби бул аяттын мааниси умумий экенин тастыктаган.

Ибн Аббас: «Бул аят себептин өзгөчөлүгүнө карабай, умумий абалда түшүнүлөт, мусулманга же мусулман эмеске тиешелүү деген айырма жок», – деген. Анткени шариятта өкүм себептин хусусуна (өзгөчөлүгүнө) эмес, сөздүн умумийлигине (жалпылыгына) карай аныкталат.

Имам Шавкани да мындай дейт: «Аяттын сырткы көрүнүшү умумий. Эгер түшүү себеби мушриктер болсо да, өкүм себепке карай эмес, сөздүн жалпы болушуна карай аныкталат».

  1. Ыйык аят зулум кылгандарга рукун кылуунун үстүнө эки натыйжаны байланыштырат:

Биринчиси, дунявий натыйжа: Аллахтын жардамынан жана нусратынан кур калуу.

Экинчиси, акыреттик натыйжа: тозок отунун азабы.

Бул эки натыйжа төмөнкү сөздөн түшүнүлөт:

فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ.

“Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт”.

Бул жерде Аллах Таала мындай деп жаткандай: «Эгер силер залимдердин жолуна ыраазы болсоңор, алардын артынан басып, алардын жалганы менен бирге болсоңор, акыретте тозок оту силерге жетет. Бул дүйнөдө болсо Аллах силерге жардам бербейт, тескерисинче, силерди Өз жардамынан ажыратып, душмандарыңарды силердин үстүңөрдөн үстөм кыла берет, силерди кор кылат».

Бүгүнкү Үммөттүн абалы дал ушундай. Силер залимдерге рукун кылуу менен Аллахтын жолуна каршы чыгып жатасыңар. Ошондо Аллах силерди таштап коёт, силерге эч ким жардам бербейт. Анткени Аллахтан башка валий да, жеңиш берүүчү да жок.

Залимдерге жөн гана рукун кылып коюунун  жазасы төмөнкүдөй:

فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ.

“Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт”.

Бул жерде Имам Шавканинин сөзүн келтиремин: «Аллах Тааланын “силерге тозок оту жетет” дегени рукун кылуунун себебинен экендиги маалым болот. Мында залимдер тозок ээлери же оттун өзү сыяктуу. От менен бирге болгон адамга сөзсүз түрдө от жетип барат».

Маурдий буга дагы бир назик маани кошот: “Алардын зулуму от жанындагысын күйгүзгөнү сыяктуу силерге да от сыяктуу өтүп келет. Бул жерде “от” сөзү метафора жана көркөм салыштырма болуп эскерилген”.

Аллах Тааланын:

وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

“Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт” – деген сөзү залимдерге рукун кылуу канчалык кооптуу экенине күчтүү далил. Анткени аларды өзүнө тирек, таяныч кылып, алардын көлөкөсүндө баанек таап жана дос кылып алган адамды алар аны акырет күнүндөгү Аллахтын азабынан сактап кала алышпайт. Бул дүйнөдө аларды дос жана жардамчы көрүп, Аллахтын достугунан жана Анын нусратынан баш тарткандар үчүн акыретте алардын эч бир пайдасы тийбейт.

  1. Залимдерге рукун кылуу дүйнөнүн чоң балээси. Анткени аларга рукун кылуу аларга зулумду улантууга жана күчөтүүгө шык берет. Залимдерге рукун кылуу, айрыкча эгер илим ээлери тарабынан болсо, өтө коркунучтуу болот. Бул адегенде аларга барып туруу менен акырындап башталат… Андан соң көп өтпөй алардын сөзүнө көнүп, иш-аракеттерин актап, көргөнүнө ишенип, алардын далилдерине алдануу башталат. Андан кийин алардын белек-садагаларына уруксат берип, акырында адамдардын тилдери унчукпай калат. Башында Аллах үчүн жана Анын ыраазылыгы үчүн баруу болуп, акырында нафси үчүн барууга, залимдерге рукун кылууга, алардын дүнүйөсүнө, алардын зулумуна жакындап кетүүгө айланып кетет.

Мунун бардыгынан сактап кала турган нерсе – Аллахтан коркуу, ниетти таза кармоо, жүрөктө Аллахтын улуулугун  аңдап билүү  жана Анын алдында туруп жооп берүү сезими.

Улуу даражалуу илим ээси Имам аз-Зухрийдин окуясына назар салалы. Ал султандар менен жакын жүрүп калган кезде ошол аралашуусун дин үчүн коркунуч катары көрүп, эскертүү жана насаат кылып кат жазат: «Оо, Абу Бакр, Аллах бизди жана сени фитналардан сактасын. Анткени, сен азыр сени тааныган адам сага дуба кылып, сага ырайым сурашы керек болгон абалдасың. Сен карыя болуп калдың жана Аллах сага Өзүнүн Китебинен түшүнүк берүү жана Пайгамбарынын ﷺ  Сүннөтүн үйрөтүү аркылуу Өзүнүн ниъматын сага оорлотту.

Бирок, Аллах илим ээлеринен мындай мисак (убада-шерт) алган. Аллах Таала айтат:

﴿لَتُبَيِّنُنَّهُ لِلنَّاسِ وَلَا تَكْتُمُونَهُ﴾

«Албетте, ал Китепти адамдарга ачык баян кыласыңар жана жашырбайсыңар!». (Али Имран: 187).

Билип кой, сен кылган (күнөөлөрдүн) эң жеңили жана көтөргөндөрдүн эң азы зулумду жалгыз калтырбаганың (аны менен достошконуң) жана акы бербеген, жалганды таштабаган адамга жакындашууң менен адашуу жолун жеңилдеттиң.

Алар сени жакындатканда сени өздөрүнө кутб (лидер) кылып алышты, алардын батыл иштери сенин тегирмениң аркылуу өтүп калды, алар сени өздөрүнүн балээлерине өтчү көпүрө, адашуусуна чыгыш үчүн тепкич кылып алышты.

Алар илим ээлерине сен аркылуу шек салышат жана акылсыздардын жүрөктөрүн сени менен жетелешет. Алар сага жасап берген нерселери сендеги бузуп салгандарына салыштырмалуу канчалык аз! Алар сенден алган нерселери диниңе жеткирген бузукулуктарына салыштырмалуу канчалык көп! Аллах Таала айткан адамдардын катарына кирип калуудан сени эмне коопсуз кылат?

﴿فَخَلَفَ مِن بَعْدِهِمْ خَلْفٌ أَضَاعُوا الصَّلَاةَ وَاتَّبَعُوا الشَّهَوَاتِ فَسَوْفَ يَلْقَوْنَ غَيًّا﴾

“Кийин алардын артынан намазды текке кетире тургандар (эч намаз окубагандар) жана кумар-жыргалга бериле турган адамдар орунбасар болушту. Эми ал (орунбасарлар) албетте жамандыкка (жаман жазага) жолугушат”. (Мариям: 59).

Анткени сен билимден куру эмес жана сага кайдыгер болбой турган Зат менен мамиле кылып жатасың. Ошондуктан диниңди дабаа кыл, анткени ага дарт кирди, азык даярда, анткени узак сапар жакындады. Жерде да, асманда да Аллахка эч нерсе жашыруун эмес. Уассаламу алайк”.

Ошондой эле риваятта айтылат, бир адам Имам Ахмад ибн Ханбалга келип: «Эй, имам, мен зулум башкаруучулардын жанында тигүүчү болуп иштейм. “Залимдерге рукун кылбагыла…” деген аят мага тиешелүүбү?», – деп сурайт.

Имам Ахмад мындай деп жооп берет: «Жок, сен өзүң зулум кылгандардын бири болуп каласың. Ал эми сага жип саткан адам залимдерге рукун кылгандардын катарына кирет».

Эми ушул Имам Ахмаддын мизанын (өлчөөсүн) колдонуп көрсөк, залимдерди коргогондор, аларды актагандар, алардын кылган кыянаттарын жаап-жашыргандар, алардын айрым зулумдарын жактаган адамдар кайсы топко кирет, айрыкча аяттын толук маанисин билгенден кийин:

وَلَا تَرۡكَنُوٓاْ إِلَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ فَتَمَسَّكُمُ ٱلنَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

“Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт”. (Худ: 113).

Оо, залимдерге рукун кылуучулар! Оо, аларга кошомат кылгандар! Аларды актагандар, алардын кылмыштарын жаап-жашыргандар!

Силер алардын кылмыштарына шерик экениңерди билбейсиңерби?! Жана силердин абалыңар өз диниңерди башкалардын дүнүйөсү үчүн сатып жибергендердин абалына айланып баратат!

Газада жана Ислам өлкөлөрүнүн башка жерлеринде төгүлгөн кандар жана кыргындардын баарынан кийин, ушул тагуттарга, кылмышкер залимдерге болгон мамилеңерди кайрадан карап чыгууга убакыт келбедиби?! Жер жүзүндө бул залимдер жасап жаткан кылмыштар менен бузукулуктарды көрүп туруп да, али ойлонбой жатасыңарбы?!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button