Макала
Trending

Борбор Азия – Япония саммити: Аймактагы таасир талаш

Борбор Азия – Япония саммити: Аймактагы таасир талаш

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда иш сапары менен Жапониянын борбору Токиого барды. Жапаров иш сапардын алкагында жапон премьер-министри Санаэ Такаити баштаган өлкө жетекчилери менен жолугушат. Ошондой эле, “Борбор Азия – Жапония” форматындагы алгачкы саммитке катышат. Саммиттин алкагында Борбор Азия – Жапония бизнес форуму да өтөт.

Бул өлкө менен Борбор Азия мамлекеттери акыркы жыйырма жыл ичинде министрлердин деңгээлинде “Борбор Азия – Жапония” диалогу форматында кызматташып келет.

Белгилүү болгондой, стратегиялык жактан Жапония АКШ огунда саясат алып барат. Ошондуктан, Корея, Жапония сыяктуу өлкөлөр менен кызматташтык түпкүлүгүндө Борбор Азия өлкөлөрүн Кытай менен Орусиядан обочолонтуу саясатына кызмат кылат. Айрыкча, Кытайдын аймактагы таасири артып, стратегиялык маанидеги тармактар кытай инвесторлорунун колуна өтүп жаткандыктан, АКШ үчүн аймакта альтернативдүү экономикалык күчтүн таасирин арттыруу маанилүү. Айрыкча, Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон соода алакасы Орусиядан да ашып турган чакта бул абдан маанилүү. Маселен, Борбор Азия менен Орусиянын соода алакасы 40 млрд $ды түзөт. Бул Орусияга санкция салган Батыштан Борбор Азия аркылуу товарларды сатуу 300%га чейин өскөндөн кийинки көлөм. Ал эми, Кытай менен аймактагы өлкөлөрдүн товар алмашуусу 60 млрд доллардан ашты.

Мындан улам, АКШ дүйнөлүк майданда өзүнө атаандаш көргөн Кытайдын Борбор Азияны толук таасири астына алуусуна каршы аракеттерди көрүп жатат. Бул үчүн АКШ менен да С5+1 форматындагы саммит Президенттик деңгээлге көтөрүлүп, Трамп аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерин АКШда кабы алды. А бирок, Американын аймактагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, С5+1 форматында Корея жана Япония саммиттерин да уюштурууда.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капитализм өкүмдарлык кылган дүйнө империалисттери кайсыл аймакта боштук болсо, ошол жерге тамак издеген иттердей жетип келүүдө. Учурда мындай боштук Борбор Азияда күзөтүлүп жатышы жана бул аймактын стратегиялык маанилүүлүгү империалисттердин аймакта таасирин кеңейтүүсүнө түрткү берип жатат. Демек, Украина кризисинин артынан таасир талашуу аймагы Борбор Азияга көчүп жатканы жашыруун эмес. Буга жогорудагы окуялар жана Борбор Азия лидерлери менен ири мамлекеттердин ортосундагы алакалар да ишара кылууда. Андыктан, Жапаровдун Жапонияга жасаган сапарында экономикалык кызыкчылыктар камтылса да, саясий жактан Кытайдын таасирин азайтууга аракет жасалат.

Мына ушундай ачкөздүктөрдүн, таланып-тонолуунун каршысында биз мусулмандар, зулумдук үстүнө курулган капиталисттик системадан баш тартып, өз Исламыбызга жүздөнгөнгө аракет кылышыбыз шарт. Анткени, Борбор Азия ислам дүйнөсүнүн бир бөлүгү болуп келген. Тарых көрсөткөндөй, ушул жерлерде каапырлардын уйкусун бузган белгилүү окумуштуулар жана таанымал аскер башчылар туулуп өскөн. Андыктан, бул жерлер жакын арада пайгамбарлык минхаажы негизинде башкарыла турган Халифалык мамлекетинин бир бөлүгүнө айланат жана Аллахтын каалоосу менен колонизаторлорго каршы күрөштө маанилүү чекит болуп берет. Аллах Таала айтат:

لِلَّهِ الْأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Иш мурда да, кийин да Аллахтын эркинде болот. Ошол күнү момундар кубанышат. Ал Өзү кимге кааласа жардам берет, Ал – Ызааттуу, Мээримдүү.» (30:4,5).

Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button