Макала
Trending

Мектептеги окуучунун өлтүрүлүүсү – чектен ашкан улутчул саясаттын кесепети 

Мектептеги окуучунун өлтүрүлүүсү – чектен ашкан улутчул саясаттын кесепети 

Россиядагы мектепте, тажик улутундагы баланын ырайымсыз өлтүрүлүшү кайрадан «каргашалуу кокустук», «психикалык бузулуу» же « интернеттин жаман таасири» катары түшүндүрүлүүдө. Мындай түшүндүрмөлөр, эбак эле Кремлдин шовинисттик (улутчул) саясаты үчүн маселенин чыныгы себептеринен качууга мүмкүндүк берүүчү универсалдуу шылтоо болуп калган. Бирок мындай окуялардын Керч, Казан, Ижевск жана Подмосковьеде кайталанышы, кокустуктар эмес, системалуу процесс экенин ачыктоодо. Мектеп бул жерде башкы себеп эмес, тагыраагы, ал балээнин башталгыч чекити.

Мектептеги окуя бул анын чегинен тышкары жерлерде калыптанган идеологиялык жана коомдук чыңалуулар топтолуп, анын жыйынтыгы айкын көрүнгөн майдан болуп калды. Зомбулук мектепке чейин жеткенде, бул коомдук баалуулуктар иштебей калганын, ал эми агрессия жана бөлүп-жаруу  кадимки көрүнүшкө айланганын билдирет. Бул окуянын өзгөчөлүгү – улут маселеси жашоо же өлүмдүн ортосун бөлүп туруучу себеп болуусунда. Бул жөн гана ички сезимдердин козголуусу, себепсиз кадам же башаламандык эмес. Бул коом арасында атайын сиңдирилген белгилүү бир түшүнүктөрдүн жыйынтыгы. Мунун натыйжасында, алсыздар гана запкы чегүүдө.

Мигранттарга каршы саясат – радикалдашуунун узак мөөнөттүү фактору 

Акыркы жылдары Орусияда туруктуу бир көрүнүш калыптанганы байкалууда: мигрант экономикалык жактан талапка ээ, бирок ошол эле учурда, кооп туудуруучу себеп катары бааланат. Бул карама-каршылык чечилбестен, андан пайда гана көздөлүп келүүдө. Коомдук турмушта мигранттар кылмыштуулуктун өсүшүнүн себеби, орус улутунун өзгөчөлүгүн алсыратуучу фактор жана социалдык нааразычылыкты багыттоого ыңгайлуу объект катары сүрөттөлүп келет. Муну менен бирге, орус өкмөтү ынтымакка, көп улуттуу мектептердин иштөөсүнө жана улутчулдукту алдын алууга багытталган иш-чараларга көңүл бурбай келүүдө.

Тескерисинче, мигранттарга каршы риторика маргиналдык аянтчаларда гана эмес, расмий жана жарым расмий каналдарда – ток-шоулардан тартып аймактык чиновниктердин билдирүүлөрүнө чейин угулууда. Мындай билдирүүлөр, жөн эле сөз бойдон калбашын түшүнүү зарыл. Бул риторика, эмне туура жана туура эместиги жөнүндө түшүнүктү пайда кылат. Эгерде мигрант көйгөй, коркунуч, коопсуздукка укугу жок же убактылуу бир нерсе катары тынымсыз сүрөттөлө берсе, бул сөзсүз түрдө ылдыйкы катмарларга – мектеп короолоруна, чаттарга жана өспүрүмдөр чөйрөсүнө чейин жетип барат. Бул жагынан алганда, мигрант баланын өлтүрүлүшү – саясий багыттын кокустугу эмес, тескерисинче анын эң четки (радикалдык) кесепети.

Улутчул чөйрө

Россиянын бийлиги экстремизмге каршы күрөшүп жатканы тууралуу көп айтат, бирок иш жүзүндө бул күрөш тандалма учурларда гана кездешет. Бийликке түз коркунуч жараткан улутчул кыймылдарга гана тыюу салынат, ал эми коомду этностук негизде бөлүү идеясынын өзүн түп-тамырынан жок кылууга аракет кылынбайт.

Россиядагы улутчул чөйрө, 2010-жылдардан кийин да жоюлган эмес, ага карата ырааттуу идеологиялык каршылык көрсөтүлгөн жок жана ал толук көзөмөлдүн астында болбогон онлайн мейкиндигине сүрүлүп чыгарылган.

Натыйжада, радикалдык идеялар “жарым-жартылай уруксат берилген” режимде жашап жаткан кырдаал түзүлдү. Алар расмий түрдө колдоодон ажыраган, бирок ошол эле учурда кабыл алынгыс деп эсептелбейт. Мамлекет өзүнүн риторикасынын кесепеттерин оңдоодон көрө, жоопкерчиликти мектептерге, ата-энелерге жана психиатрияга оодарып койду. Бирок, бул идеология унчукпай коюудан жок болуп кетпейт тескерисинче, ал радикалдашат. Бул, айрыкча өспүрүмдөр үчүн кооптуу, анткени алар жөнөкөй түшүндүрмөлөрдү жана өзүн кайсы бир топко таандык кылуу үстүндө изденишет.

Саясий аргасыздык: эмне үчүн Кремлдин саясий багыты өзгөрбөйт

Баса белгилей кетсек, каргашалуу окуяларга карабастан, мигранттарга каршылык жана улутчул кыймыл маселеси көзөмөлгө алынышы күмөн. Кеп бул иштин натыйжалуулугунда эмес, кеп альтернативанын жоктугунда. Бүгүнкү күндө, Россиянын саясий системасы, келечектин позитивдүү образын, “бөлүп-жарууга” негизделбеген жарандык өздүктү жана идеологияга көз каранды болбогон автономдуу институттарды сунуштай албайт.

Мындай шартта улутчулдук универсалдуу курал бойдон калууда. Анткени, ал аркылуу ийгиликсиздиктерди түшүндүрсө болот, коркунучту көбүртүү мүмкүн жана альтернативдүү жолдорду жаап коюу жеңил. Андан баш тартуунун ар кандай аракети, системалык каталарды моюнга алууну талап кылат, ал эми бийлик үчүн бул мүмкүн эмес.

Ошондой эле, мигранттардын өз мекенине массалык кайтып кетиши да мүмкүн эмес. Буга себеп, мекенинде жумуштун жоктугу жана Путиндин Борбор Азияда залым-падышалар үчүн бардык шарттарды түзүп бериши. Өлкө башчылары, өз жарандарын кайсыл жерде болбосун, аларды коргоо менен эмес, өздөрүнүн пайдасын жана бийлигин сактап калуу менен убара.

Бул биринчи каргашалуу окуя эмес, кезектеги эскертүү

Бул жагдай, окуянын соңу эмес, тескерисинче, башталышы гана. Мектептерге чейин кирип келген зордук-зомбулуктар, Кремлдин идеологиясы жөнөкөй сөз катары эмес, тескерисинче, реалдуу практикага айланганын билдирет. Бүгүнкү күндө, жаш мигрант бала же, мусулман адам курман болуп жатса, эртели-кеч “бул башка” деген кимдир бирөө сөзсүз курман болот дегенди билдирет. Өзүнүн мыйзамдуулугун кастык менен курган улутчул мамлекет, бул кастыктын кайра ичкериге кайтып келгендигине, мектептердин, үй-бүлөлөрдүн жана келечектин талкалануусуна туш болууда.

Бул окуя – азыркыга чейин, көзүнүн маңдайында болуп жаткан нерсени көрүүдөн баш тарткандар үчүн гана алгачкы белги болуп эсептелет. Ал эми, ар кандай альтернативаларга жана өздүккө кас болгон түзүм, эртели-кеч өз калкын өзү жей баштайт жана кезек, алсыздардан башталат.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button