Макала
Trending

С5+1 колонизаторлукка жол ачкан саммиттер

С5+1 колонизаторлукка жол ачкан саммиттер

2025-жылдын 20-декабрында Токио шаарында «Борбор Азия + Япония» (CA+JAD) диалогу алкагында саммит аяктап, Токио декларациясы кабыл алынды. Бул декларация Япония менен Борбор Азиянын беш өлкөлөрү: Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан ортосундагы мамилелерди терең жана көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүккө айлантуучу маанилүү жол картасы болуп эсептелет.

Япония премьер-министри Такаити Санаэ ишемби күнкү жыйындын башында Токио саммитин кабыл алуу чоң сыймык экенин белгилеп, бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуулары жана башка иш-чаралар 20 жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жатканын айтты. Япония премьер-министри Борбордук Азиядагы кырдаалдын кескин өзгөрүшү менен регионалдык жана эл аралык кызматташтык дагы да маанилүү болуп бара жатканын белгиледи.

«Токио декларациясында» лидерлер экономикалык мамилелерди бекемдөө жана прагматикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн иштешерин айтышкан. Ошондой эле, документте Япония Борбордук Азияда жалпы суммасы 3 трлн иен же 19 миллиард долларга жакын бизнес долбоорлорун беш жылдын ичинде ишке ашырары белгиленген.

Лидерлер маанилүү минералдарды жеткирүүнү бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты. Декларацияда жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өнөктөштүктү жолго коюу, «Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту» боюнча кызматташтыкты кеңейтүү жана Борбор Азия менен Европаны байланыштырган жолду өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты кеңейтүү каралган.

Украинадагы дээрлик төрт жылга созулган согуш Борбор Азия өлкөлөрүнө шексиз таасирин тийгизди. Тагырак айтканда, бул согуш аймактагы Россиянын таасирин солгундатты, ошондой эле Россиянын ресурстарын түгөтүп, аймакка көңүл буруусун азайтты. Саясий жактан алганда, Борбор Азия мамлекеттери Украина маселесинде Россиянын позициясын бөлүшпөйт, ошол эле маалда, алар Россияга каршы позицияны кармануудан да алыс. Мына ушундай абалда Борбор Азия өлкөлөрү көп векторлуу тышкы саясатты карманууга умтулушууда.

Жаралган бул шарттар АКШ, Европа Бриримдиги, Кытай сыяктуу ири өлкөлөрдү Борбор Азияга көбүрөөк көңүл буруп, аймакта өз таасирин орнотууга түртүүдө. Себеби, Борбор Азияда АКШнын стратегиялык максаттары бар. Башкача айтканда, учурда АКШ Кытайды өзүнүн негизги каршылашы катары белгилеп, Кытайды чектөө үчүн стратегия кабыл алган. Ал эми, Борбор Азия Кытай менен чектешип, Кытайдын батыш дарбазалары болуп эсептелет.

Ошондой эле, Борбор Азия Кытай үчүн да өтө маанилүү. Себеби, Борбор Азия анын батыш дарбазасы болгондуктан, “Бир жол – бир алкак” долбоору ушул аймактан өтөт. Ошондой эле, Укранинадагы согуштан улам Россия санкцияларга кабылгандыктан, Кытай Россия аркылуу Европага өткөн маршрутка альтернатива жолдорду өнүктүрүүгө кызыкдар болуп жатат. Дал ушул альтернатива жолдорду өнүктүрүүгө Европа Биримдиги да аракет кылып жатат.

Андан тышкары, бүгүнкү күндө жогорку технологиялык жабдууларга, жашыл энергетикага басым жасалып, электр унаалары өнүгүп жаткан учурда сейрек кездешүүчү металлдар маанилүү орунга чыкты. Башкача айтканда, сейрек кездешүүчү металлдар ири державалардын күрөш объектисине айланды. Ал эми, Борбор Азия өлкөлөрү бул ресурстарга бай, аймактын бул тармакта потенциалы абдан чоң. Маселен, Казакстан никель запастары боюнча дүйнөнүн алдыңкы жыйырма өлкөсүнө кирет. Өлкөдө болжол менен 1,5 миллион тонна никель бар, ошондой эле литий ресурстары боюнча да чоң көлөмгө ээ — 50–100 миң тонна. Кыргызстанда бир эле Кызыл-Омполдо титаномагнетиттин болжолдуу запасы 20 миллион тоннага жетет, ал эми Кутессай-2 кенинде сейрек кездешүүчү металлдардын запастары болжол менен 60 миң тоннаны түзөт. Өзбекстанда уран запастары 139 миң тоннадан ашык, ал эми литий 123 миң тоннадан жогору. Борбор Азиянын сейрек кездешүүчү металлдар жаатындагы бул жагдайы жана географиялык жайгашуусу ири державаларды бул аймак үчүн күрөштү күчөтүүгө алып келди. Ошондуктан, биринин артынан бири “С5+1” форматында саммиттерди уюштуруп жатат.

2025-жылдын 3-4-апрелинде Өзбекстандын Самарканд шаарында биринчи «ЕБ – Борбордук Азия» саммити башталды. ЕБ лидерлери жана Борбордук Азиянын беш мамлекетинин президенттери кызматташуунун жаңы багытын аныктоо үчүн чогулушту. Саммиттин жүрүшүндө Европа Биримдиги 2024-жылы Глобалдык өнүгүү стратегиясынын алкагында убада кылынган 10 миллиард еврого кошумча 12 миллиард евро өлчөмүндөгү инвестициялык пакетти сунуштады.

2025-жылдын 17-июнунда Казакстандын Астана шаарында экинчи «Кытай – Борбордук Азия» саммити болуп өттү. Бул саммит Кытайдын жана Борбор Азиянын беш мамлекетинин: Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлерин чогултту.

8–10-октябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында «Борбордук Азия – Россия» форматындагы экинчи саммит болуп өттү. Үч күнгө созулган саммиттин негизги максаты аймактагы Москванын таасирин бекемдөө жана Борбордук Азия менен Россиянын ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүү болду.

6-ноябрда Вашингтондо “C5+1” саммити болуп өттү. Анын алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп тарыхта биринчи жолу Ак үйдө Борбор Азиянын бардык беш мамлекетинин лидерлери менен жолукту. Саммит АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык мамилелерди бекемдөөгө каратылды. Анын жыйынтыгында маанилүү чийки заттар, инвестициялар, транспорт, суу ресурстарын башкаруу жана жаңы технологиялар сыяктуу тармактарды камтыган жаңы келишимдер түзүлдү. Трамптын администрациясы Борбор Азия мамлекеттери менен жалпы суммасы 12,4 миллиард долларды түзгөн ири соода келишимдерин түздү. Алардын эң ириси — Boeing компаниясы менен Uzbekistan Airways ортосундагы 8 миллиард долларлык келишим болуп эсептелет. Дагы бир маанилүү макулдашуу — локомотивдер үчүн тетиктерди чыгарган америкалык Wabtec компаниясы менен Казакстандын ортосунда түзүлгөн 4,2 миллиард долларлык келишим болду.

Ушундай жосунда эми “Борбор Азия + Япония” саммити уюштурулууда. Негизи, Япония биринчилерден болуп 2004-жылы “С5+1” форматындагы саммитти демилгелеген. Бул саммит АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылары шексиз. Анткени, Япониянын өзгөчө тышкы саясаты АКШнын таасири алкагынан чыкпайт. Бул саммит Япониянын маанилүү минералдарга ээ болуу сыяктуу жеке кызыкчылыктарынан тышкары АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылган максатты да көздөйт. Тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүндө Россия менен Кытайдын таасирин жана экономикалык артыкчылыктарын чектөө. Андыктан, Борбор Азияда салттуу таасир ээси болгон Россия жана аймакта үлкөн экономикалык таасирге ээ Кытай бул сыяктуу саммиттерге сергектик менен карашып, Борбор Азия үчүн күрөштү дагы да күчөтүшөт.

Колониализм доору бүттү дегендер – жаңылышат. Ал доордо колонизаторлук түздөн-түз басып алуу аркылуу ишке ашса, бүгүнкү күндө колониализм өзгөртүлгөн форматта ишке ашырылууда. Колонизаторлордун максаты – аймакта өз товарларын сатып, аймактын ресурстарын талап-тоноо. Бул үчүн алар аймакта өз таасирин жайып, өлкөлөрдү колонизаторлук келишимдерди кабыл алууга мажбурлашат. Натыйжада жергиликтүү эл эч бир пайданы көрбөйт. Жөн гана жаңы доордогу колонизаторлуктун курмандыгы болушат. Андыктан мусулмандар мындай кордукка, талап-тоноочулукка жол бербөөбүз шарт. Ушул сыяктуу саммиттер, инвестиция деп мактала көрсөтүлгөн келишимдер колонизаторлордун өлкөлөрүбүзгө кирип келип, кен байлыктарыбызды талап-тоноосуна жол ачат. Бул нерсеге жол бербөө үчүн капиталисттик идеологиядан баш тартып, Исламды толугу менен кабыл алуубуз керек. Ислам Борбор Азия өлкөлөрүн гана бириктирбестен, бүткүл Үммөттү бириктирип, өзүнүн жогорку макамына алып чыгат.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button