АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы 2025: себептер, багыттар жана натыйжалар

АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы 2025: себептер, багыттар жана натыйжалар
АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы — бул президент тарабынан 1986-жылдагы Голдутер–Николс мыйзамында белгиленген процедуралык милдеттенменин негизинде жарыялануучу жогорку деңгээлдеги багыттоочу документ. Ал укуктук жактан милдеттүү эмес жана түздөн-түз мыйзам чыгаруучу таасирге ээ эмес. Анткени сот аркылуу аткарууга жарактуу укуктарды же милдеттерди камтыбайт. Ошого карабастан, документ улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелеринде президенттин доктринасын расмий түрдө чагылдыргандыктан, олуттуу саясий салмакка ээ. Ал Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин, ошондой эле чалгын органдарынын саясатын багыттаган стратегиялык алкак катары кызмат кылат. Конгресс менен мамилени башкарууда жана коргонуу бюджеттерин негиздөөгө колдонулат. Ошондой эле АКШнын артыкчылыктары менен негизги багыттары тууралуу союздаштарга жана атаандаштарга ачык саясий билдирүүлөрдү жөнөтөт. Ушундайча, документ формалдуу укуктук мүнөз менен мазмундук саясий мүнөздү айкалыштырып, АКШда стратегиялык чечим кабыл алуунун эң маанилүү куралдарынын бири болуп саналат.
АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясы 2025: негизги жагдайлар
Дүйнөлүк тартиптин азыркы шартында демократияны бекемдөөгө чакырган 2022-жылдагы АКШнын Улуттук коопсуздук стратегиясынан кескин айырмаланып, Трамп администрациясы кечээ, жума күнү, кийлигишпөө принцибин жана «Америка биринчи» деген ураанды баса белгилеген жаңы стратегияны жарыялады.
АКШ өзүнүн тышкы саясатында олуттуу стратегиялык бурулуш жасагандыгын жарыялоосу, дүйнөлүк жалгыз лидерлик доору артта калганын аңдоодон келип чыкты. Анын ордуна ички коопсуздукту коргоо жана глобалдык аскердик милдеттенмелерди кыскартуу артыкчылыкка айланат. Бул жаңы көз караш союздаштарды өз коопсуздук чыгымдарынын чоң бөлүгүн көтөрүүгө милдеттендирүү принцибине таянат. АКШ армиясы болсо кеңири жайгашкан эмес, технологиялык жактан өнүккөн күчкө айланып, салттуу кургактагы аскерлердин ордуна аба жана ракеталык күч аркылуу коргонууга таянат жана түз тышкы согуштарга катышууну азайтат. Бул саясат түз коркунучтарга, мисалы, мыйзамсыз миграцияга жана чек арадан өтүүчү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында Латын Америкасына жана түштүк чек араларга өзгөчө артыкчылык берет.
Негизги коркунучтарга каршы турууда Америка түздөн-түз катышууну кыскартууга таянган, региондорго жараша айырмаланган саясаттарды кабыл алууда. Кытайды башкы атаандаш катары көрүү шартында, Тайвань айланасында экономикалык жана аскердик коркутуу стратегиясына таянып, түз согуштан оолак болууга умтулат. Мында Япония жана Корея сыяктуу союздаштардан көбүрөөк жоопкерчиликти талап кылат. Европа багытында болсо, өзү «маданий кыйроо» коркунучу алдында деп баалаган бул аймакта, Вашингтон НАТОнун мындан ары кеңейишин четке кагып, европалыктарды өз коопсуздугун өздөрү камсыздоого чакырат. Ал эми Жакынкы Чыгышта деңиз жолдорунун туруктуулугун сактоого жана Иранды ооздуктоого багытталган чектелген колдоону улантып, жаңы согуштардан качат жана жоопкерчиликти жергиликтүү өнөктөштөргө жүктөйт. Булардын баары ички багыттагы терең басым жасоону, өнөр жайды кайра курууну, чек ара коопсуздугун бекемдөөнү жана чет элдик, айрыкча кытайлык жеткирүү чынжырларына көз карандылыкты азайтууну чагылдырат. Анткени экономикалык коопсуздук салттуу улуттук коопсуздук менен бирдей деңгээлдеги артыкчылыкка айланган.
Ушундайча, стратегия эл аралык тартипте Американын лидерлигин сактоону, ошол эле учурда күчтүү бойдон калууну каалаган глобалдык держава катары артыкчылыктарын кайра калыптандырууну айкалыштырат. Бирок муну азыраак чыгым, азыраак кийлигишүү жана күчтүүрөөк (жана көз карандысыз) союздаштар формуласы менен ишке ашырууну көздөйт.
Эмне үчүн Америка биринчи?
Трамп администрациясынын «Америка биринчи» багыты бир гана себептен улам пайда болгон эмес. Ал төрт абал өз ара аракетинен келип чыгат:
Биринчи: Монро доктринасына барып такалган улутчул идея;
Экинчи: Өнөр жайдын алсырашына жана соода тартыштыгына байланышкан экономикалык эсептер; Үчүнчү: Четтетилүү жана миграциялык коркунучтан улам жаралган коомдук басымдар;
Төртүнчү: Шайлоочу базаны мобилизациялоону жана Американын дүйнөдөгү ролун кайра аныктоону көздөгөн саясий шарттар.
Демек, «Америка биринчи» — бул улутчул фикр менен экономикалык, саясий жана коомдук талаптарды бириктирген, көп багыттуу негиз болуп саналат.
Трамптын доорундагы АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясы Монро принцибинин (1823) философиялык негиздерине ачык кайтууну чагылдырат. Бул ички америкалык артыкчылыктарды биринчи орунга коюу, тышкы аскердик жана дипломатиялык милдеттенмелерди кыскартуу, ошондой эле эл аралык катышууну Америкага түз пайда алып келбесе, чектелиши керек болгон жүк катары кароо аркылуу көрүнөт. Стратегия «Америка биринчи» түшүнүгүн тандалма изоляцияга жакын институттук алкакка айлантат. Америка жашоого маанилүү кызыкчылыктар сөз болгондо гана кийлигишет, ал эми дүйнөлүк полиция же глобалдык демократиянын желектерин көтөрүүчү ролдон баш тартат. Бул — эски дүйнөнүн кагылышууларынан стратегиялык чегинүүнү көздөгөн Монро ыкмасынын заманбап уландысы.
Тандамла изоляция улуттук кызыкчылыктарды коргоону эл аралык кызматташуунун негизги куралдарын сактоо менен айкалыштырат. Союздаштарды чоңураак жүктү көтөрүүгө түртөт, ошол эле учурда тыюу салуу жана глобалдык башкаруу инструменттеринен толук баш тартпайт жана дүйнөлүк полициянын жалпы ролуна кайра кайтып кетүүдөн сактайт. Бул дүйнөнү четке какпастан, түздөн-түз кызыкчылыктардын логикасы боюнча өз пайдасын кайра эсептеген, узак мөөнөттүү милдеттенмелерге этият мамиле кылган тышкы саясатты билдирет.
Трамптын багыты өзгөчөлүк эмес
Трамп администрациясынын багыты АКШнын тышкы саясатынын тарыхый жолунан толук четтөө эмес, тескерисинче, улуттук кызыкчылыктын артыкчылыгы принцибине таянган туруктуу жалпы багыттын алкагындагы радикалдуу катаалдашуу болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Америка төрт туруктуу принципке негизделген бекем акыйданы сактап келген: эл аралык тартипти жөнгө салууда «маанилүү мамлекет» катары дүйнөлүк лидерлик; сезимтал аймактарда (Европа, Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш) үстөмдүк кылуучу атаандаш күчтүн пайда болушуна жол бербөө; америкалык экономикалык таасирди кеңейтүү жана дүйнөлүк сооданы коргоо; кеңири альянстар тармагын (НАТО, Азия, Жакынкы Чыгыш) «коргоо» логикасы менен башкаруу. Бул принциптер Трумандан Обамага чейинки арты-артынан келген администрациялар аркылуу негизги бойдон калып, туруктуу стратегиялык алкак бар экенин тастыктайт.
Бирок Трамп колдонгон ыкма жана аны ишке ашыруунун даражасы бул багытты америкалык салттарга каршы төңкөрүш катары көрсөттү, бирок маңызы боюнча ал бар болгон тенденциялардын уландысы эле. Чыныгы өзгөрүү, биринчиден, ички коргоо ураанынын көмүскө принциптен бардык багыттарда кагылышуучу негизги эрежеге айланышында көрүндү. Париж келишими жана Тынч океан аркылуу өнөктөштүк сыяктуу эл аралык макулдашуулардан ачык чыгуу, союздаштарга түз финансылык басым, Кытайга каршы жарыяланган соода согушу жана тышкы аскердик милдеттенмелерди кыскартуу аркылуу болду.
Экинчиден, Трамп эл аралык көп уюлдуулуктун ордуна эки тараптуу мамилелер логикасын кабыл алып, дүйнөнү институттук өнөктөштүк эмес, соодалашуу аянты катары карады. Ал мурунку президенттер Америка үчүн узун кол болуп келген тарыхый альянстардын баалуулугун мурда болуп көрбөгөндөй шектентип, аларды «адилетсиз келишимдер» деп мүнөздөдү. Ошондой эле экономикалык улутчулдукту чектелген идеядан бажы алымдары, өндүрүштү кайра ички рынокко кайтаруу кампаниялары жана глобалдык жеткирүү чынжырларын бутага алуу аркылуу комплекстүү стратегияга айлантты.
Ошого карабастан, Трамптын саясаты терең жалпы багыттын уландысы бойдон калат, анткени ал АКШга мүнөздүү бекем тенденцияларга шайкеш келет: тышкы согуштарга аралашууну кыскартуу (Обама доорунан башталган), Кытай менен стратегиялык атаандаштыкка басым жасоо (Кичи Буш доорунан бери пландалган), глобалдашуудан жабыркаган катмарды коргоо (1990-жылдардан берки ички тынчсыздануу), союздаштардан жүктү бөлүшүүнү талап кылуу (Никсондон бери кайталанып келген идея). Демек, Трамп Американын терең стратегиялык максаттарын өзгөрткөн жок, болгону каражаттарын жана катаалдыгынын даражасын өзгөрттү. Жамааттык лидерликти соодалашууга негизделген лидерликке, салттуу альянстарды катуу финансылык шарттарга байланган шарттуу альянстарга, ачык глобалдашууну чабуулчу экономикалык улутчулдукка айлантты. Ошондуктан бул четтөө эмес, изоляция тамырына кайтуу.
Жыйынтыктап айтканда, обочолонуу жана ичкери чегинүү Американын, анын артындагы капиталисттик системанын да дүйнөнү жетектей албастыгын билдирет. Коммунизм кулагандан кийин, капитализмдин универсалдуу принцип катары индивидуализмден, адамзатка алып келген кыйроо жана дүйнөлүк согуштары, ошондой эле саламат фитраттан ажырашынан улам анын кулоосу жакындап калды.
Адамзат үчүн жарактуу жалгыз мабда Ислам бойдон калат. Анткени ал адамдын фитратына шайкеш келген Аллахтын дини, ошондой эле рисалатты дүйнөгө жеткирүү жана бардык адамдарды ага даъват кылуу мусулмандардын ар бирине милдет. Бул — саясий тандоо же пайдалуу ыкма эмес, алардын мамлекетинин биринчи маселеси. Ислам он кылымдан ашык убакыт бою дүйнөнү жетектеп, адилеттик менен ырайымдын нурун чачкандай, анын кайтып келиши да шексиз жана жакын. Халифалык мамлекети жакында тикеленип, бүткүл адамзат үчүн акыйкат менен ырайымдын желегин көтөрөт.
Устаз Ясин бин Яхья
Роя гезити




