Египеттеги саясий көрүнүш: тышкы көз карандылык, ички кысым жана күч-кубат ээлерин күтүп турган өзгөрүүлөр

Египеттеги саясий көрүнүш: тышкы көз карандылык, ички кысым жана күч-кубат ээлерин күтүп турган өзгөрүүлөр
Акыркы күндөрү Египет сахнасында саясий, коопсуздук жана экономикалык деңгээлдерде бир катар өзгөрүүлөр жана билдирүүлөр байкалууда. Булардын баарында бир эле үлгү кайталанат: сыртка багытталган тынчтандыруулар, ички чыңалууну жасалма басаңдатуу, ошондой эле өлкөнү эл аралык күчтөргө, айрыкча Америкага жана Европа Биримдигине барган сайын көбүрөөк көз каранды кылган саясаттар. Жалпы көрүнүш мамлекеттин ондогон жылдардан бери калыптанган ошол эле алкакта жүрүп жатканын чагылдырат. Чет элдик кызыкчылыктарды колдоого жана калкты катуу коопсуздук жана экономикалык куралдар аркылуу көзөмөлдөөгө негизделген башкаруу системасы.
Президенттин билдирүүлөрү ичкериге эмес, сыртка багытталган
Акыркы күндөрдө Египет президенти тарабынан жарыяланган расмий билдирүүлөр негизинен үч негизги багытка топтолду:
- 1. Америка жана Европа менен өнөктөштүктү тастыктоо
Расмий сөздөрдө режим Египеттин Жакынкы Чыгыш коопсуздугу, миграция, Газа жана энергетика боюнча маселелерде “ишенимдүү өнөктөш” экенин баса белгилөөгө умтулду. Мындай риторика негизинен батыш борборлоруна багытталган болуп, режим өзүн алардын геосаясий кызыкчылыктарынын кепили катары көрсөтүүнү улантып жатканын айгинелейт, ал тургай бул кызыкчылыктар Египет жана анын калкынын мүмкүнчүлүктөрү эсебинен болсо да.
- 2. “Туруктуулукка” басым жасоо
Режим коопсуздук жана экономикалык саясаттарын актоо үчүн “туруктуулукту сактоо” деген түшүнүктү өзөк кылып келет. Чынында болсо, бул ураан начар башкаруу, тышкы көз карандылык же коомдогу чыңалуу тууралуу ар кандай талкууларды басуу үчүн колдонулууда.
- 3. “Экономикалык жетишкендиктер” тууралуу кайталанган сөздөр
Ири долбоорлорду жарнамалоо, улам-улам ачылыштарды өткөрүү жана чет элдик инвесторлор менен жаңы келишимдерди жарыялоо. Мындай билдирүүлөр адатта экономикалык абалды сындаган ар бир эл аралык отчеттон, насыя боюнча сүйлөшүүлөрдөн же Эл аралык валюта фонду тарабынан жүргүзүлгөн жаңы кароодон кийин айтылат. Башкача айтканда, булар чыныгы саясаттан көрө, көбүнчө маалыматтык образды багыттоого жасалган аракетке көбүрөөк окшош.
Режимдин аракеттери – эл аралык артыкчылыктарга кызмат кылуу
- 1. Газа маселеси жана Рафах өткөөлү:
Акыркы күндөрү Египеттин бир катар расмий өкүлдөрү тарабынан “туруктуу коопсуздук координациясы”, “жардамдарды белгилүү пункттар аркылуу өткөрүү”, “чек арадагы туруктуулукту коргоо үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштөө” тууралуу билдирүүлөр жасалды. Бул сөз айкаштары Египеттин өткөөлдү башкарууда Америка жана яхудий түзүмүнүн көз карашына берилгендигин улантып жатканын көрсөтөт. Башкача айтканда, бул башкаруу курчоодо калган Газа элине карата шаръий жоопкерчиликти чагылдырган көз карандысыз башкаруу эмес.
Ошондой эле төмөнкүлөр байкалууда: “жаңы коопсуздук чектөөлөрү” тууралуу сөз кылуу, өткөөлдүн ачылышы саясий макулдашууларга байланарын баса белгилөө жана жардамдардын кирбей калышына “бардык тараптарды” жооптуу кылуу. Мунун баары кризисти эл аралык тараптарды ыраазы кылган алкакта башкарууга багытталып, Газа элин колдоого алып, аларга жасалган зулумду жоюуга багытталган мабдаий позициядан алыс турат.
- 2. Жакынкы Чыгыштагы тартиптерге аралашуу:
Газ темасы кайрадан күч алды, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы айрым мамлекеттер менен үч тараптуу кызматташтык тууралуу сөздөр айтылууда. Бул кадамдар Египеттин Жакынкы Чыгыштагы ресурстарды бөлүштүрүү тутумунда “аткаруучу” ролун кабыл алууну улантып жатканын тастыктайт. Ири державалар пайда көрүп жатканда, Египет көз каранды тарап катары жеңилдиктерди гана сунуштаган абалда калууда.
- 3. “Реформачыл” риториканы кайра чыгаруу:
Айрым министрлер тарабынан “ишкердик чөйрөнү жакшыртуу”, “субсидияларды кайра түзүү”, “бюджет тартыштыгын азайтуу” тууралуу билдирүүлөр жасалууда. Бул – Эл аралык валюта фондунун шарттарына берилгендиктин алкагында режимден дайыма талап кылынган көнүмүш ролдор. Бул шарттар кризистин тамырын чечпестен, тескерисинче аны кайра-кайра пайда кылып келет.
Акыркы күндөрү коопсуздук тармагындагы айрым жооптуу адамдардын маалымат каражаттарындагы активдүүлүгү да байкалууда. Алар “экономикалык шарттарды пайдаланып кетүү аракеттери” жөнүндө эскертип, мамлекетти колдоого чакырышууда. Бул риторика элдик ар кандай кыймыл-аракеттерди токтотууга, коопсуздук түзүмдөрүн “коопсуздуктун жалгыз кепили” катары көрсөтүүгө жана ички чыңалуунун күчөшүн, ошондой эле ага карата коопсуздук органдарынын мамилесин жашырууга багытталган. Ошол эле учурда коркутуу жана чакырык тили коопсуздук кысымын улантууну жана коомдук мейкиндикти толук көзөмөлдөөнү актоо үчүн колдонулууда.
Көрүнүштү талдоо
- 1. Учурдагы мамлекеттин табияты
Кылдат байкоо мамлекеттин чыныгы эгемендүү саясат жүргүзбөй турганын, тескерисинче Батыштын саясий, коопсуздук жана экономикалык агенти катары иш алып барып, бардык майда-чүйдөсүнө чейин анын шарттарына баш ийип жатканын көрсөтөт. Эгемендүүлүк – бул желек көтөрүү же географиялык чек аралардын болушу гана эмес, ал көз карандысыз чечим, үммөттүн акыйдасынан алынган башкаруу системасы жана тышкы эркке баш ийбеген саясат. Бул нерселердин баары бүгүн жок.
- 2. Газаны курчоого катышуу
Газага, а түгүл баскынга дуушар болуп жаткан ар кандай Ислам жерине карата шаръий милдет – жеңилдетүү же коопсуздук түзүмдөрүнө катышуу эмес, жардамга келүү жана колдоо көрсөтүү. Ал эми чыныгы абал Рафах өткөөлүн башкаруу ички көз карандысыз чечим эместигин, тескерисинче Америка жана яхудий түзүмү менен түзүлгөн коопсуздук жана саясий макулдашуулардын бир бөлүгү экенин ачып көрсөтүүдө.
- 3. Экономикалык көзкарандылыктын уланышы
Тышкы таңуулоолорго байланышкан насыялар жана келишимдер өлкөнү эл аралык институттарга байлап, аны толук көзөмөлдөөнүн куралы кылууда. Карызга жана жыйым-алымдарга таянган экономика өнүкпөйт, чыныгы күчтү да кура албайт.
- 4. Чыныгы легитимдүүлүк ойдон чыгарылган “туруктуулукта” эмес
Чыныгы туруктуулук адилеттикке, зулумду жоюуга жана адамдардын иштерин Исламдын өкүмдөрүнө ылайык камкордукка алууга негизделет. Ал коопсуздук кысымы же ири державаларга багытталган тынчтандыруулар аркылуу орнобойт.
Учурдагы көрсөткүчтөргө караганда, төмөнкүлөрдү күтүүгө болот:
1) Аймактык документтерде, айрыкча Газа, Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кызыл деңиз боюнча көз карандылыктын тереңдеши.
2) Донорлордун жана эл аралык институттардын шарттарына жооп катары экономикалык басымдын улануусу: салыктар менен төлөмдөрдүн көбөйүшү, колдоолордун кыскарышы.
3) Айрыкча элдик нааразычылыктын өсүшү менен коопсуздук кысымын катуулатуу.
4) Үгүт-насаат риторикасынын күчөшү: маалымат каражаттары “жетишкендиктерди” жана долбоорлорду даңазалоону улантат, ал эми күнүмдүк турмуш эл үчүн барган сайын оорлой берет.
Акыркы күндөрдөгү Египеттеги көрүнүш акыркы жылдардагы жалпы абалдан айырмаланбайт. Батыш саясаттарына шайкеш расмий кадамдар, ички тарапта коопсуздук аркылуу башкаруу, нааразычылыкты басаңдатуу үчүн экономикалык риториканы саясий жана маалыматтык таасирди пайдалануу. Мунун баары көз карандысыз саясий долбоордун жоктугу, үммөттүн өздүгүн чагылдырган жана Исламдын өкүмдөрүнө таянган түзүмдүн жоктугу шартында жүрүүдө. Анда берилгендик донорлорго же батыш чөйрөлөрүнө эмес, Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ болушу керек эле.
Ушул көрүнүштүн ичинде үммөттүн эсинде дайым орун алып келген Кинана жоокерлери, күч-кубат ээлери өзгөчө бөлүнүп чыгат. Өлкөнү чырмап турган саясаттар, муунткан көз карандылыктар жана элдин муктаждыгынан эмес, тышкы басымдарга жооп иретинде кабыл алынган чечимдер шартында чыныгы күч алардын колунда калууда.
Эй жоокерлер!
Өз уулдарын силердин саптарга берген, силерди өзүнүн бекем калканы катары көргөн үммөт Аллах мойнуңарга жүктөгөн жоопкерчиликке карата татыктуу позицияны күтөт. Акыйкат алсыраганда ага тирек болууну, адамдар кордолгондо аларга калкан болууну, адилеттик жок болуп жатканда ага коргоочу кылыч болууну талап кылат… Сиздер бүгүн өлкө түртүлүп жаткан жолдун т.а. тышкы көз карандылык, үммөт маселелерин текке кетирүү жана динди саясатка кызмат кылдыруу шаръий жоопкерчилигиңерге да, жоокер болууну тандаган күндөгү аманатыңарга да шайкеш келбесин эң жакшы билесиңер.
Тарых саясий баяндамалар же көз каранды экономикалык пландар менен өзгөрбөйт. Ал адамдарга үмүт берген, үммөт менен анын акыйдасы жана улуулук долбоору ортосунда үзүлгөн байланышты кайра жандандырган күч кыймылдаганда өзгөрөт. Бул күч силердин колуңарда, үммөт айланаңарда, ал эми учур силерди чакырууда.
Аллахым! Бизге Ислам мамлекетин, анын бийлигин жана шариятын кайра кайтарып бер, анын көлөкөсүндө кайрадан баш калкалайлы, пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты насип кыл.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла» (Анфаль: 24).
Устаз Саид Фадл
Роя гезити




