
АКШнын жаңы стратегиясы жана Борбор Азия
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясынын жарыяланышы, дүйнөлүк тартиптеги өзгөрүүлөрдүн маанилүү көрсөткүчү болууда. Документте Вашингтондун кызыкчылыктары Батыш жарым шарына жана Индо-Тынч океан аймагына ооп жатканы жана Борбор Азиянын таптакыр ал документте аталбаганы да көңүл бурдурууда. Борбор Азиянын АКШнын жаңы стратегиясында жоктугу, чөлкөмдөгү абалдын турукташканы жана геосаясий чыңалуунун басаңдаганы катары чечмеленүүдө. Бирок, мындай чечмелөө кыйла этият жана сергек талдоону талап кылат.
АКШ стратегиясынын өзгөрүшүнүн себептери
АКШ стратегиясынын өзгөрүшү, алгач, ички жана түзүмдүк факторлорго негизделет. АКШ дүйнөнүн чоң бөлүгүндө бир эле убакта аскерий, каржылык жана саясий гегемонияны алып жүргөн глобалдык лидерлик моделинин чегине келип жетти. Узакка созулган согуштар, мамлекеттик карыздын өсүшү, коомдун поляризациясы (бөлүнүшү) жана союздаштарынын америкалык багытты ээрчүүсүнүн төмөндөшү, ресурстарды кайра бөлүштүрүү зарылчылыгына алып келди.
Экинчи фактор – универсалдык ыкмага болгон ишенимдин солгундашы. Саясий баалуулуктарды жана демократиялык институттук моделди экспорттоо, күтүлгөн натыйжаларды берген жок. Көптөгөн аймактарда, АКШ менен кызматташуу стратегиялык эмес, прагматикалык мүнөзгө ээ болду. Бул өз учурунда, Вашингтондун чыгымдарын андан алынган пайдага салыштырмалуу өтө эле жогорулатып жиберди.
Ресурстар чектелүү болгон шартта, АКШ өз күчтөрүн натыйжалуу таасир эте алган аймактарга гана багыттоодо. Андыктан, деңизге чыга албаган жана АКШнын түз аскердик таасирин жайылтуу зонасынан тышкары жайгашкан Борбор Азия, бул стратегияга туура келбейт.
Стратегияда Борбор Азиянын жоктугу эмнени билдирет
Аймактын стратегиялык документте аталбашы, анын толук туруктуулугун моюнга алууну же АКШнын экономикалык же дипломатиялык байланыштардан баш тартканындыгын билдирбейт. Бул азырынча АКШ ар кандай милдеттенмелерден жана кепилдиктерден баш тартканын түшүндүрүүдө. АКШ болгону өзү үчүн кадам таштоого эркиндик калтырууда, бирок аймактагы күчтөрдү бөлүштүрүү ролун өзүнө алган жок. Демек, Борбор Азия АКШнын глобалдык саясатынын туруктуу көңүл бурулуучу объектиси болбостон, экинчи маанидеги аймакка айланууда. Американын бул аймакка түздөн-түз кирип келүүсү, анын кызыкчылыктарына коркунуч жаралган абалда гана мүмкүн. Башкача айтканда, Вашингтон аймактын саясатына өзүнө ылайыктуу учурда гана кийлигише алат.
Россия фактору: көз карандылык коопсуздуктун кепилдиги
Россия, Борбор Азияны өзүнүн жашоо үчүн маанилүү кызыкчылыктарынын мейкиндиги катары баалайт. Мындай мамиле аскерий гана эмес, саясий, экономикалык жана маданий таасирди да камтыйт. Россиянын кызыкчылыктарына ылайык, аймактагы мамлекеттердин көз карандысыздыгы, Москванын коопсуздук тармагындагы шарттарына ылайык болуусу зарыл. Уланып жаткан согуш жана стратегиялык алсыроо шартында, Россия өзүнө лоялдуу болгон орукка, ресурстарга, инфраструктурага жана саясий колдоого кызыкдар. Бул аймак өлкөлөрүн түздөн-түз согушка болбосо да, экономикалык, логистикалык жана саясий согуш аймагына тартылып кетүү коркунучуна түртөт. Демек, чөлкөмдө тең салмактуулукту сактап туруучу сырткы күч жок болсо, аймакка болгон басым формалдуу көз карандылыкты бузбастан, акырындап күчөй берет.
Кытай фактору: жоопкерчиликсиз экономикалык үстөмдүк
Кытайдын Борбор Азиядагы саясаты негизинен экономикалык мүнөзгө ээ. Инфраструктуралык долбоорлор, насыялар, логистикалык каттамдарды көзөмөлдөө жана чийки затка жетүү мүмкүнчүлүгү туруктуу көз карандылыкты калыптандырат. Ошол эле учурда, Кытай коопсуздук кепилдиктерин берүүдөн атайын качат жана ар кандай кризистерге өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарына коркунуч жаралмайынча кийлигишпейт. Мындай мамиле, бир эле учурда үстөмдүктү талап кылып, бирок саясий коопсуздукту кепилдебейт. Аймак, Кытай үчүн маанилүү транзиттик жол болгону менен, бирок артыкчылыкка ээ эмес жана туруксуздук абалында башка альтернативаларга алмашып кетүүсү мүмкүн. Андыктан, Кытай туруктуулукту кайра тикелөөдөн көрө башка жакка көнүл бурууну туура көрөт.
Туруктуулуктун элеси жана тең салмактуулук маселеси
Таасир өткөрүү теориясы боюнча, кичинекей жана алсыз өлкөлөрдөгү туруктуулук, ири оюнчулардын ортосунда тең салмактуулук болгондо гана сакталат. Учурдагы кырдаалга көрө, бул тең салмактуулук бузулган. АКШ өзүнүн таасирин азайтууда, Россия согуш абалында, ал эми Кытай саясий жоопкерчиликти албастан, экономикалык таасирин күчөтүүдө. Мындай шартта, Борбор Азия бейтарап мейкиндиктен кайра бөлүштүрүлүүчү мейкиндикке айлануусу ыктымал. АКШнын аймакка болгон кызыгуусунун аздыгы, тобокелдиктерди өзгөртүүдө.
Аймакты күтүп турган терс кесепеттер
Орто мөөнөттүү келечекте, бул саясий көз карандылыктын күчөшүнө, тышкы саясатта кадам таштоо мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине, экономикалык монокультуранын өсүшүнө жана сырткы кризистердин алдындагы чарасыздыкка алып келиши мүмкүн. Андыктан, аймактын биримдик механизмдери жана коопсуздук архитектурасы жок болгон жагдайда, Борбор Азия мамлекеттери, жаңы тартипти түзүүдө катышуучу катары эмес, анын объектине айланып калуулары ыктымал.
Жыйынтык
АКШнын жаңы стратегиясы, азырынча, Американын алсыраганын же, Борбор Азия үчүн туруктуулуктун кепилдигин билдирбейт. Бул – дүйнөнүн дагы да бөлүк-бөлүккө чачыраганын жана иерархиялык түзүлүшкө өтүп жатканын көрсөтүүдө. Мындай абалда жоопкерчилик аймактардын өзүнө жүктөлүп, ал эми күчтүү кошуналар таасирин өткөрүүдө көбүрөөк эркиндикке ээ болушат
Борбор Азия үчүн негизги коркунуч түз кагылышууларда эмес, ал чыныгы эгемендүүлүктүн акырындык менен байкалбастан төмөндөшүндө. Эгер АКШ сыяктуу глобалдык оюнчу, аймакты өз стратегиясына кошпосо, бул Борбор Азия “коопсуз жана тынч” дегенди билдирбейт. Тескерисинче, “биз силердин тагдырыңарга жооп бербейбиз, каалаган держава силерди өзүнө кошуп алса, биз кийлигишпейбиз” деген эскертүү.
Ал эми биз, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн түзүмдүк көз карандылыктан чыгуунун жолу – тышкы күч борборлорунун ортосунда тең салмактуулукту сактоо эмес, тескерисинче, туруктуу ислам идеологиясынын негизинде коопсуздуктун жана өнүгүүнүн аймактык моделин калыптандыруу менен болушун кайталап келебиз. Ислам – экономикалык принциптерди, социалдык адилеттүүлүктү, саясий мыйзамдуулукту жана жамааттык коопсуздукту камтыган бүтүн цивилизациялык долбоор. Ислам илгерки жана заманбап тарыхта, жадакалса маданий жана диний өзгөчөлүгү күчтүү болгон коомдордун арасында күчтөнүүгө, өсүүгө жана институттук деңгээлде кайра жаралууга жөндөмдүү экенин көрсөтө алды. Исламдын ушул күчүнөн улам, ири державалар мындай мүмкүнчүлүктүн кайра жаралбоосу үчүн катуу аракеттенүүдө. Алар, Исламды ар кандай ыкмалар аркылуу каралап, ага ар түрдүү басым жасашууда. Ошондуктан, бул ири державалар аймактын чачыранды бойдон калуусун көздөп келишет. Мындай күрөш илгертен жүрүп келет жана тышкы күчтөр бул салгылашууда уттурууда.
Ошондой эле, ислам негизиндеги башкаруу моделин ишке ашырууда, олуттуу ички жана тышкы чектөөлөр тоскоолдук кылууда. Коомдордун кайчылаш пикирде болгондугу, бирдиктүү институттардын жоктугу жана учурдагы эл аралык тартип тарабынан көрсөтүлүп жаткан каршылык, бул долбоорду кечиктирүүдө. Бирок, ага каршы көрсөтүлүп жаткан басым, бир аз эле азая турган болсо, албетте Ислам өзүнүн даңазалуу ордуна кайра кайтып келет. Анда, аймактагы өлкөлөрдүн башкаруучулары үчүн элдин эркине баш ийүүдөн башка тандоо калбай калат. Болбосо, алар колониалдык тарыхтын таштандысына ыргытылышат.
Латыфул Расых




