Макала
Trending

Ыйгарым укукcуз курултай: курултай менен Шуранын айырмасы

Ыйгарым укукcуз курултай: курултай менен Шуранын айырмасы

Президент Садыр Жапаров, Бишкек шаардык аймактан келген делегаттын Элдик курултайдын делегаттарына бир жылдык мандат берүү жана алардын ыйгарым укуктарын кеңейтүү тууралуу сунушуна комментарий берди.

Президенттин айтымында, Курултай бийлик менен аймактардын ортосундагы түз диалогду түзүүчү аянтча. Бир чакырылыштын ичинде бардык айылдарды кыдырууга мүмкүнчүлүгү жетпеген депутаттардан айырмаланып, Курултайга дээрлик ар бир калктуу конуштун өкүлдөрү келип, көйгөйлөрдү түздөн-түз айта алышат.

Садыр Жапаров делегаттардын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө шашпоого чакырды. Ал бир-эки жылдык мөөнөткө күбөлүктөрдү берүү, жер-жерлерде алардын айыл өкмөттөрү жана акимдер тарабынан кыянаттык менен пайдалануусуна алып келиши мүмкүн деген кооптонуусун билдирди.

Элдик курултайдын максаты

Президенттин Элдик курултайды «диалог аянтчасы» катары баалаганы, анын чыныгы максаты кандай экени тууралуу суроону жаратууда. Эгерде бул органдын мандаты, бекитилген ыйгарым укуктары же башкаруучулук чечимдерге таасир этүү механизмдери жок болсо, анда анын калк менен болгон кадимки жолугушуулардан же аткаминерлердин көчмө жыйындарынан негизги айырмасы эмнеде? Чечим кабыл алуу системасына киргизилбеген мындай “диалог” дароо жарандардын катышуусунун элесин гана көрсөтүүчү жөнөкөй формалдуулукка айланып калат жана бийлик ага эч кандай жоопкерчилик албайт.

«Азырынча эрте» деген пикир тууралуу

«Ыйгарым укуктарды кеңейтүүнүн убактысы келе элек» деген сөз, алгач ишенимдүү угулат. Курултайдын иштеп жатканына төрт жыл болсо да, бирок бул узак убакыттын ичинде, аны өнүктүрүүнүн концепциясы жана иштешинин түпкү максаты тууралуу жетишинче түшүнүк берилген жок. Эгерде бул мекеме чындыгында эле «калыптануу этабында» болсо, анда жок дегенде алгачкы институттук процессинин аракеттерин көрөт элек. Тактап айтканда, мыйзам долбоорлорун талкуулоо, милдеттерди аныктоо жана башка бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу кадамдарын байкайт элек. Ал эми, иш жүзүндө мындай кадамдардын бирөөсү да ишке ашырылбай жатканы жана “ убакыт керек” деген сөз, бийликтин кылдат мамиле кылуусуна далил эмес, көбүнчө талкуудан качууга багытталган шылтоо.

Ыйгарым укуктарында аша чабуу коркунучу тууралуу

Делегаттык күбөлүктөрдү пайдалануудагы аша чабуу ыктымалдыгына байланыштуу кооптонуулар, тандалма мүнөзгө ээ. Анткени, мындай аша чабуулар, коомдук бийликтин ар түрдүү тармагында – жергиликтүү өз алдынча башкаруудан баштап, жогорку мамлекеттик институттарга чейин кездешүүсү мүмкүн. Бирок, президент айтып жаткан “укуктук мамлекетте” бул ыйгарым укуктардан баш тартууга эч кандай негиз жок. Тескерисинче, “укуктук мамлекет” аларды так жөнгө салууга шашылышы керек. 2005-жылдан кийинки терс натыйжага шилтеп коюу, чындыгында элдин туйгусу менен ойноого барабар. Бүгүнкү күндө, мындай тобокелдиктердин алдын алуу үчүн ар кандай механизмедерди иштедүүдөн көрө, президент элдин туйгусуна тийген сөз аркылуу талкууну жаап коюуда.

Парламент менен болгон «атаандаштык» тууралуу

Курултай парламент менен атаандаша баштайт деген кооптонуу, элдик өкүлчүлүктүн милдетин күмөн астында калтырууда. Эгерде коомдук кызыкчылыктарды билдирүүнүн башка ар кандай форматы Жогорку Кеңешке коркунуч катары кабыл алынса, анда маселе Курултайда эмес, жалпы эле өкүлчүлүктүү механизмдердин алсыздыгында болууда. Милдеттерди бөлүштүрүү жана тең салмактуулукту издөөнүн ордуна, бийлик алдын ала өзүнө коопсуз болгон – салмагы жана таасири жок органдын моделин сунуштоодо.

Курултай Шурага туура келеби?

Курултайдын ишмердүүлүгүн толук актоо үчүн, диний ишмерлер кошумча түрдө Элдик курултай Исламдан алынган жана ал «шуранын» милдетине окшош деген идеяны жайылтышууда. Бирок тереңирээк карап чыкканда, бул окшоштук өтө эле көбүртүлгөнү  байкалат. Бул эки институттун ортосунда “сырткы окшоштук” тууралуу айтылганы менен, алардын иштөө принциптери, укуктук негиздери жана жоопкерчилиги такыр башка.

Исламда Шура – бул тек гана кеңешүү форматы же абстракттуу “диалог аянтчасы” эмес. Ал башкаруунун негизги элементтеринин бири жана бийликтин мыйзамдуулугунун маанилүү булагы болуп саналат. Шура, чечимдерди иштеп чыгуу жараяндарына катышат,  жамааттык жоопкерчиликти пайда кылат жана эң негизгиси, өкүмдардын жеке бийлигин чектеп турат. Ал эми, кеңештин пикирин эске албоо, башкаруу нормаларын бузуу жана бийликке болгон ишенимге доо кетирүү катары каралат.

Азыркы Элдик курултайга токтолсок, ал, жогорудагы шарттарга жооп бербейт. Ал чечим кабыл алуу системасына тыгыз бекитилген эмес, юридикалык жактан макулдашылган макамга да ээ эмес жана анын бийликке таасир этүү механизмдери жок. Курултайдын сунуштары милдеттүү түрдө каралбайт, ал эми курултай өзү, мамлекеттик органдар менен катарлаш иштебейт жана бийликти тизгиндөө менен тең салмактуулукту сактоо системасынын элементи болуп эсептелбейт. Ошентип, Курултай Ислам нормаларына гана жооп бербестен, анын светтик конституциялык мыйзамдардагы орду да өтө бүдөмүк бойдон калууда.

Демек, шурага курултайды окшоштуруу, ага диний жана маданий жактан маанилүүлүктү ыйгаруу аракети катары кызмат кылууда. Бирок, ал чыныгы институционалдык окшоштукту чагылдырбайт. Бул салыштыруу аркылуу, мусулмандар үчүн маанилүү болгон шуранын ыйгарым укугу жаап жашырылууда жана курултайдын бийлик түзүмүндөгү орду жана милдети анык түшүндүрүлбөйт.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button