
Жылдык жыйынтык чыгаруу шариятка каршы келеби?
Мусулмандардын жана исламга чакыруучулардын арасында: хижрий жылсанак боюнча жана айрыкча григориандык календарь менен жылдык саясий жыйынтык чыгаруу шариятка дал келеби? – деген суроо талкуу жаратып келет. Негизинен бул маселени көпчүлүк, ибадат амалдары менен жана мусулмандардын исламий жылсанагы менен байлаштырып келишет. Бирок мындай кароо, фикхий темалардынжана ислам укуктарындагы ар кандай категориялардын аралашуусуна алып келет.
Бул жерде, ибадат маселелери менен фикхтеги муамалат (өз ара мамилелер) жана андан айырмаланган саясат категориясына кирген коомдук-саясий аракеттерди аралаштыруу ката болуп эсептелет. Ибадат маселелеринде “таукиф” принциби иштейт. Башкача айтканда, ибадаттагы убакытты, ыкманы жана алардын түзүлүшүн аныктоо, акылга эмес, Куран жана Сүннөткө негизделет. Тактап айтканда, ибадат маселелери Куран жана Сүннөт аркылуу, ачык далилидер менен белгиленет. Ал эми, башкаруу, саясат жана коомдук иш-чараларга тийиштүү маселелерде, Куран жана Сүннөттө ачык тыюу жок болсо, демек аларга уруксат берилет. Саясий жылдык жыйнтык чыгарууга токтолсок, ал бийликтин ишмердүүлүгүнө, анын натыйжалуулугуна жана анын кесепеттерине баа берүү менен байланышкан аналитикалык жана административдик иш болуп эсептелинет. Анын ибадатка эч кандай тиешеси жок жана ага карата ибадаттагы талаптар иштетилбейт.
Саясий талдоодо григориандык календарды колдонууну да, динден ооп кетүү катары кароого болбойт. Шарият чындыгында ибадаттагы орозо, ажылык, зекет, идда сыяктуу амалдарда ай санагын белгилеген. Бирок, бул чектөө дүнүйө иштерине жайылбайт. Күн санагы бул жерде идеологиялык же, диний символ катары эмес, техникалык аспаптын ишин аткарууда. Тактап айтканда, ал аркылуу саясий жана экономикалык жараяндар ченелип, аныкталууда.
Бүгүнкү саясат, объективдүү түрдө күн календарынын алкагында калыптанган бюджеттик циклдерге, финансылык отчеттуулукка, шайлоо мезгилдерине жана мамлекеттик келишимдерге тыгыз байланган. Мындай маселелерде жыйынтыктарды хижрий жыл санак менен чыгаруу, саясий жараяндардын реалдуу динамикасынан ажырап калат жана бюджетти бекитүү же, саясий маселелердин аякташы сыяктуу чечимдерди кабыл алуунун негизги этаптарын чагылдыра албай калат. Ал эми бул маселе, шарияттагы “коомдук пайда” жана “шарий саясат” түшүнүктөрүнө туура келет. Бул түшүнүктөр аркылуу, башкаруудагы эң натыйжалуу механизмдерге ачык түрдө шарятка карама-каршылык жок болгон абалда уруксат берилет.
Демек, мусулмандардын “өз жыл санагы бар” деген сөз, ибадат (сыйынуу) маселелеринде орундуу болот. Ал эми саясий чөйрөдө, бул сөздү иштетүү орунсуз. Ошондой эле, саясий анализде күн жыл санагын колдонуу, динге киргизилген жаңылык (бидаат) деп баалоо да туура эмес, себеби бул маселенин ибадат менен алакасы жок.
Исламий саясий ой жүгүртүү, окуяларга сокур реакция берүүнү көздөбөйт. Тескерисинче, ал аң сезимдүү талдоону (фикх аль-вакийди), жеке факттарды жалпы абал менен байлоо аркылуу, өз учурунда саясий позицияны белгилей билүүнү талап кылат. Эгер саясатчы үзгүлтүксүз жыйынтык чыгарып турбаса, ал майнапсыз чечимдердин курмандыгына айланат, стратегиялык көз карашын жоготот, бара-бара адамдарга жана ар түрдүү процесстерге болгон таасиринен ажырайт.
Ошентип, саясий жыйынтыктарды чыгаруу – бул тек гана аналитикалык процедура эмес, бул интеллектуалдык жана саясий жоопкерчиликтин бир түрү. Ал аркылуу, саясатчы өзүнүн саясий позициясынын жетилгендигине ээ болот, коомдун ишенимин бекемдейт жана келечекти калыптандыруу жолунда жөн гана байкоочу эмес, негизги кыймылдаткыч күчүнө айланууга мүмкүнчүлүк алат.
Бурана




