Макала
Trending

Өткөн жылдагы мамлекеттик саясаттын катаалдашуусу

Өткөн жылдагы мамлекеттик саясаттын катаалдашуусу

2025-жылы Кыргыз Республикасында, диний ишмердүүлүктү жөнгө салуу тармагындагы мамлекеттик саясатта, байкаларлык өзгөрүүлөр болуп өттү. Тактап айтканда, «Дин тутуу эркиндиги менен диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы жана анын күчүнө кириши, ошондой эле, ага байланыштуу өзгөртүүлөр менен толуктоолор – мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшүнө жана дин эркиндигинин кескин түрдө төмөндөшүнө себеп болду. Бул мыйзам, 2008-жылдагы мурунку мыйзамды алмаштырып, диний жамааттар үчүн милдеттүү мамлекеттик каттоо, легалдуу ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон топтун мүчөлөрүнүн минималдуу санын көбөйтүү жана коомдун диний жашоосундагы көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу бир катар жаңы чектөөлөр жана эрежелер менен коштолду.

Негизги жоболор:

Милдеттүү мамлекеттик каттоо жана жаңы бюрократиялык тоскоолдуктар

Диний топтор мамлекеттик органдар аркылуу каттоого турууга жана ар бир 10 жыл сайын кайра каттоодон өтүүгө милдеттүү, ошону менен бирге, уюмдардын курамына карата талаптар да кыйла катаалдаштырылды.

Коомдук жайларда жана мекемелерде бетти жапкан кийимдерди, анын арасынан жүздү толук жапкан никабды кийүүгө тыюу салуу

Бул эрежени бузгандарга айып пул салына турган болду. Ал эми милиция, учурда аймактарда буга тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзө баштады.

Диний билим берүүнү жана ага байланыштуу материалдарды жайылтууну чектөө

Расмий уруксат берилген мекемелерден тышкары диний билим берүү менен алектенүүгө, ошондой эле мамлекеттин макулдугусуз билим берүү мекемелеринде жана коомдук жайларда диний материалдарды жайылтууга тыюу салынды.

Диний негиздеги саясий ишмердүүлүккө тыюу салуу

Диний лидерлерге жана диний уюмдарга саясатка катышууга же саясий партияларды каржылоого тыюу салынат. Бийликтин расмий өкүлдөрү, бул чаралардын бардыгын коомдук тартипти жана мамлекеттин светтик мүнөзүн сактоо зарылчылыгы менен шылтоолоп, аларды экстремизм менен күрөшүү жана улуттук коопсуздукка болгон коркунучтарды алдын алуу аракети менен негиздешүүдө. Бул кабыл алынган мыйзамдар менен өзгөртүүлөрдүн бир гана бөлүгү.

Мыйзамдын колдонулушу жана анын кесепеттери

Иш жүзүндө, мындай мыйзамдардын катаалдашы, укук коргоо органдары тарабынан рейддик иш-чаралардын күчөшүнө, мамлекет “мыйзамсыз” же “катталбаган” деп тааныган диний ишмердүүлүк жүргүзгөн адамдарга, айрыкча мусулман жамааттарга карата айып пул салууга жана кылмыш иштерин козгоого алып келүүдө. Расмий билдирүүлөргө караганда, түштүк аймактарда, маселен Ош шаарында, милиция никаб кийген аялдар арасында сурамжылоо жана текшерүүлөрдү жүргүзүп, тыюуну сактоо зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөрдү жүргүзүүдө.

Аймактык тенденция

Кыргызстандагы диний саясаттын катаалдашуусу, Борбор Азиядагы кеңири регионалдык тенденциянын бир бөлүгү болуп саналат. Акыркы жылдары, аймактагы дээрлик баардык мамлекеттерде, диний жашоого болгон көзөмөл күчөгөнү байкалууда.

Казакстан 2025-жылы бетти жапкан кийимдерди, анын ичинде никабды кийүүгө расмий түрдө тыюу салды. Бул демилге, аймактагы окшош тенденцияны чагылдырууда.

Өзбекстанда дин тутуу эркиндиги боюнча «атайын байкоо тизмеси» катталган. Өзбекстанда диний топтор каттоодон өтүүдө жана билим берүүдө чектөөлөргө дуушар болуп келет.

Тажикстан жана Түркмөнстан көзөмөлдүн эң катуу режимдерин көрсөтүүдө. Мисалы, жергиликтүү бийлик, диний мектептерге жана ар кандай диний иш-чараларга мамлекеттик тартипке кооп туудуруу шылтоосу менен аларга тыюу салып келет.

Учурда, Борбор Азяда күчтүү автократтык бийлик үстөмдүк кылып жаткандыгын толук ишеним менен белгилесек болот. Алар өз бийлигин сактап калуу үчүн мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөгөн коомдук-саясий уюмдардын ар кандай формаларына, өзгөчө диний чөйрөдөгү жамааттарга бөгөт коюуга умтулууда.

Сырткы таасир: Москва менен Бээжин

Борбор Азия аймагы, дагы деле исламга кас мамиле кылган баскынчы державалар – Россия жана Кытай астында күн кечирип келүүдө. Москва саясий-аскердик жана экономикалык – ЕАЭБ жана ЖККУ сыяктуу союздар аркылуу, аймактагы мамлекеттердин негизги өнөктөшү болуп, коопсуздук жана исламдык долбоорлорду көзөмөлдөө боюнча биргелешкен ыкмаларды илгерилетүүдө. Ал эми Кытай, каржылык жана көзөмөл астындагы кызматташуу аркылуу, аймактагы мамлекеттердин ички саясатына таасир этүүдө. Бээжиндин Синьцзяндагы мусулмандарга карата жүргүзүлгөн чектөөчү саясаты, Борбор Азия өкмөттөрүнө «коопсуз» мамлекеттик көзөмөлдүн үлгүсү катары сунушталууда.

Репрессивдүү иш-чаралардын кеңейиши

2025-жылы, Кыргызстандагы диний ишмердүүлүккө карата чектөөлөрдүн күчөшү, Борбор Азиядагы жүрүп жаткан жалпы процесстерди чагылдырууда. Бул процесстердин негизги себеби – бийликтин коомго болгон көзөмөлүн бекемдөө жана ар кандай альтернативдүү таасир этүү борборлорун алдын алуу. Буга диний жамааттар да кирет. Анткени, жергиликтүү өкмөттөрдүн көз карашында, бул жамааттар “саясий тобокелдиктин” негизги себеби же идеологиялык альтернатива же экстремизм катары каралат. Мындай тенденция, Кыргызстан менен гана чектелбейт. Дал ушундай аракеттер Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана башка аймактагы башка өлкөлөрдө да байкалууда. Мунун демилгечилери жергиликтүү элиталар гана эмес, андан да кубаттуу болгон Россия жана Кытай сыяктуу баскынчы державалар.

Жалпысынан алганда, бул дин эркиндигин чектөө, жөн гана ички башкаруунун куралы эмес, ал күчөп жаткан исламий баалуулуктарга жана практикага карата көзөмөл орнотуунун кеңири стратегиясынын бир бөлүгү. Негизинен, бул мамлекеттик тартипке коркунуч катары көрсөтүлгөн көз карандысыз диний институттарга, өзгөчө ислам активдүүлүгүнө багытталган Исламга каршы күрөш болуп саналат. Мындай багыт, келечекте мамлекеттик саясаттын мындан ары да катаалдашуусуна, күч түзүмдөрүнүн жана административдик аппараттын ресурстарын кеңири мобилизациялоого шарт түзөт.

Эмне күтүлөт?

Жалпы Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы Ислам өздүгүнүн туруктуу өсүшүн жана дин тутуунун кеңейишин эсепке алганда, 2025-жылы кабыл алынган чектөөлөр акыркы чек эмес экени жана алардын жумшартулуусу да күмөңдүү экени анык. Тескерисинче, бул кадамдар келечекте ого бетер күчөтүүгө каратылган жана бул мыйзамдар анын башталышы. Демографиялык өзгөрүүлөрдөн, диний сабаттуулуктун өсүшүнөн жана жаштардын исламий жашоого активдүү катышуусунунан улам, аймактык мамлекеттер идеологиялык аргументтер аркылуу кырдаалга таасир этүү жөндөмүн барган сайын жоготууда. “Салттуу ислам”, “тынчтык” жана “светтүүлүк” тууралуу сөздөр, элди ынандырууда жана аны мобилизациялоодо өз милдетин аткарбай калды. Анткени алар, келечектин позитивдүү долбоорун сунуштай алган жок жана коомдун олуттуу бөлүгүнүн коомдук жана моралдык суроо-талаптарына жооп бере албайт. Мунун натыйжасында, бийлик идеологиялык күрөштү уттуруп, көбүрөөк көзөмөлдү күчөтүүгө басым жасай баштады.

Дал ушул жерде “Овертон терезеси” принцибинин колдонулушу байкалууда. Бир нече жыл мурун, чектен чыгуучу болуп көрүнгөн жана саясий жактан кооптуу деп эсептелген диний кийимдерге тыюу салуу, уруксатсыз диний жамааттарга катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу, үзгүлтүксүз текшерүүлөр жана каттоо тоскоолдуктары сыяктуу нерселер – бүгүн «коопсуздук талаптарынан улам кадимки көрүнүш» болуп калды. Ал эми коомчулук бул чараларга акырындап көнүп барууда. Эми мындан кийинки “укук колдонуу практикасын кеңейтүү этабы”, олуттуу идеологиялык түшүндүрмөнү талап кылбай калат. Бул жагынан алганда, келерки жыл жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жылы эмес, аларды активдүү түрдө аткаруу жылы болушу ыктымал. Андыктан, тандалма жана массалык текшерүүлөр, административдик жана кылмыш иштердин козголуусу, күнүмдүк диний практикага болгон басымдын күчөшү барган сайын күчөп баштайт. Идеологиялык куралдар түгөнгөндө, мамлекеттин колунда мажбурлоо куралы гана калат.

Жыйынтык

Мындай стратегиянын өзү да, аны демилгелеген тараптар үчүн олуттуу коркунучтарды камтыйт. Чектөөлөр ички зарылчылык катары кабыл алынбай, коомдук аң-сезимде мындай кадамдар, барган сайын сырттан алынган башкаруу моделдери, тышкы таасир жана көзөмөлдүн колониялык логикасы менен байланыштырыла баштайт. Натыйжада, диний маселе сөзсүз түрдө саясий мүнөзгө ээ болот. Дал ушул алдын алуу катары пландалган басым, коом тарабынан ислам өздүгүнө каршы атайын жүргүзүлүп жаткан күрөш катары кабыл алынып, адилетсиздик сезимин күчөтөт жана жамааттык биригүүнү пайда кылат. Андыктан, бийликтин мындай чаралары, терс таасир көрсөтүшү толук ыктымал. Тактап айтканда, бийлик канчалык диний активдүүлүктү азайтууга урунса, ошончолук анын мааниси жогорулай берет. Диний активдүүлүк көзөмөл сыртындагы көмүскө ыкмаларга өтө баштайт жана альтернативдүү колдоо каналдарынын өсүшүнө себеп болот. Сырткы күч борборлоруна жана колониялык башкаруу практикаларына негизделген административдик басым, келечекте көздөлгөн натыйжаларды берүүнүн ордуна, терс таасир бериши мүмкүн. Натыйжада, саясий чыгымдар көбөйө берет жана алгач катуу көзөмөлгө алынмакчы болгон процесстер, күчөгөндүн ордуна төмөндөшү мүмкүн.

«Алар Аллахтын нурун өзүлөрүнүн ооздору менен өчүргүлөрү келет. Бирок Аллах Өз нурун, капырларга канчалык жагымсыз болсо да толуктайт»
(Куран, 61:8).

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button