Макала
Trending

Ирандагы нааразычылык акциялары

Ирандагы нааразычылык акциялары

Декабрь айынын аягында, Иранда башталган кезектеги нааразычылык толкунун, расмий Тегеран “тышкы кийлигишүү” деп түшүндүрүүдө. Бул сөздөр Иран үчүн жаңылык эмес жана ал Иран бийлиги тарабынан ондогон жылдар бою – 2009-жылдагы “жашыл кыймылдан” баштап, 2017–2019 жана 2022-жылдардагы нааразычылык акцияларында да колдонулган. Бул окуялардын ар биринде, өлкөнү “туруксуздаштырууну” жана Республиканы алсыратууну көздөгөн чет элдик күчтөрдүн ролуна басым жасалып келген. Бирок, мындай түшүндүрмө Тегеран үчүн ыңгайлуу болгону менен: эмне үчүн нааразычылыктар барган сайын коомдун кеңири катмарларын камтып, кайра-кайра козголууда? деген суроого жооп бербейт.

Сырткы кызыкчылык

Негизинен, болуп жаткан окуяларга карата тышкы кызыкчылыктын таасири бар экенин толук четке кагуу туура эмес. Иран аймактагы негизги оюнчулардын бири жана анын ички туруктуулугунун алсырашы, Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугун алда канча солгундатып коюусу талашсыз. Тегерандын геосаясий атаандаштары үчүн, мисалы, “израилге” жана алардын өнөктөштөрүнө, Ирандагы ички кризис, анын күч кубатынын азайышын түшүндүрөт. Тактап айтканда, Ирандын чек араларынан тышкары таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн азайышын, аймактык жаңжалдарга катышуу жөндөмүнүн төмөндөшүн жана өзүнүн тышкы саясий багытын коргоонун алсырашын билдирет.

Ирандын саясий эмиграциясынын активдүү бөлүгү да буга кошумча болууда. Алар көп жылдан бери өлкөнүн ички көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлге чыгарууга умтулуп, нааразылыктарды режимдин мыйзамдуулугун толук жоготконунун далили катары көрсөткөнгө аракет кылып келишет. Чет өлкөлүк медиа, социалдык платформалар жана саясий билдирүүлөр, нааразылыктардын таасирин ого бетер күчөтүп, аларды кошумча резонанс кылып, эл аралык көңүлдү бурууда.

Ошентсе да, кризистен көрүлгөн пайда менен анын келип чыгышын жана түпкү себебин айырмалоо, баарынан маанилүү. Тышкы күчтөр кырдаалды өз кызыкчылыктары үчүн колдонушу, аны өз пайдасына чечмелеши, а түгүл маалыматтык чыңалуунун  өсүшүнө салым кошушу да мүмкүн, бирок бул кризистин өзүн алар жаратты дегенди билдирбейт

«Тышкы кутум» версиясы канчалык ыктымалдуу?

Ирандагы нааразычылыктар борборлоштурулган тышкы башкаруунун натыйжасы деген версия, алардын реалдуу түзүлүшүнө такыр төп келбейт. Бул акциялардын бирдиктүү штабы, так идеологиясы же макулдашылган программасы жок. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарында жана ар кандай себептер менен үзүндү болуп, көбүнчө табигый түрдө келип чыгууда. Нааразычылык акцияларына, кызыкчылыктары менен бири-биринен түп тамырынан айырмаланган социалдык топтор катышууда: өнөр жай жумушчулары, майда соодагерлерден баштап, студенттерге жана пенсионерлерге чейин чыгууда. Ошондой эле, алардын коюп жаткан талаптары, таза экономикалык маселелерден тартып, жалпы саясий ураандарга чейин өзгөрүп турууда. Бул сырткы таасирдин ишине эмес, тескерисинче, элдин арасындагы массалык нааразычылыктын топтолуп калганына ишарат кылат. Дал ушул коомдун ар түрдүү катмарларынын нааразылыктарга катышуулары, бийликке да, сырткы көзөмөлдөөчүлөргө да, акцияларадын башкаруусун кыйындатууда.

Нааразычылыктын негизги себеби экономиканын  төмөндөөсү

Азыркы нааразычылыктардын негизи – созулуп кеткен экономикалык кризис. Иран эли үчүн ал эбак эле абстракттуу макроэкономикалык көйгөйдөн ашып өтүп, көпчүлүк ирандыктардын күнүмдүк турмушундагы кризиске айланган. Улуттук валютанын узак мөөнөттөн бери кескин арзандашы, элдин экономикалык системага болгон ишенимин кыйратып, ортоңку катмардын топтогон каражаттарын дээрлик жок кылды. Акыркы жылдары иран риалы кескин түрдө наркын жоготту. Эгерде 2015-жылы доллардын курсу 30–35 миң риалдын тегерегинде болсо, 2022-жылдын аягына карата ал 400 миңден ашкан. 2025-жылдын ичинде төмөндөө дагы тездеди: жыл башында 1 доллар болжол менен 800 миң риал болсо, жылдын аягында, эркин рынокто анын баасы 1,4 миллиондон ашты. Ошентип, бир жылдын ичинде эле риал өз баасынын 40%дан ашыгын, ал эми он жыл ичинде мурдагы сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн дээрлик бардыгын жоготту. Бул жагдай 40%дан жогору болгон инфляция менен бирге элдин жашоо деңгээлине түздөн-түз катуу сокку урду.

Инфляциянын жогорулашы, тамак-аш, турак жай жана негизги кызмат көрсөтүүлөр тармагындагы кымбатчылык, миллиондогон үй-бүлөлөр үчүн мурдагы жашоо деңгээлин, кол жеткис кылып койду. Калктын реалдуу кирешелери азайып, социалдык мобилдүүлүк (катмарлар аралык жылыш) дээрлик токтоп калды. Учурдагы кризисте, санкциялар албетте чоң рол ойнойт, бирок алар ички көйгөйлөрдү гана курчутууда. Ал көйгөйлөргө – натыйжасыз башкаруу, коррупция, түзүмдүк дисбаланс жана экономиканын чектелген киреше булактарына болгон көз карандылыгы кирет. Натыйжада, экономикалык нааразычылык убактылуу көйгөйдөн узак мөөнөтүү өнөкөткө айланууда. Бул нааразычылык акциялардын жана протесттердин мажбурий болушуна алып келүүдө.

Саясий кризис

Экономикалык фактор бийликке болгон ишеним кризиси менен тыгыз байланышкан. Коомдун басымдуу бөлүгү, бийликке таасир этүүнүн натыйжалуу механизмдерин көрбөй жатат жана иштеп жаткан институттарды өз кызыкчылыктарын коргой турган түзүм катары кабыл албайт. Саясий түзүм, дагы деле жабык бойдон калууда, ал эми реформалар чектелген жана көзөмөлдөнгөн жагдайда ишке ашырылат.

Мындай шартта, нааразычылык акцияларына карата күч колдонуу, камакка алуулар жана репрессивдүү риторика, мамлекет менен коомдун ортосундагы бири-биринен оолактоо сезимин гана күчөтүүдө. Бул чыңалууну басаңдатуунун ордуна, тескерисинче, нааразычылыкка чыккандардын санынын көбөйүшүнө жана талаптардын бир бөлүгүнүн радикалдашуусуна алып келүүдө.

Жыйынтык

Ирандагы нааразычылык акцияларын тышкы күчтөрдүн сценарийи катары эмес, алгач өлкөнүн ички түзүмдүк көйгөйлөрүнүн белгиси катары кароо керек. Ооба, сыртта азыркы туруксуздукка кызыкдар болгон жана болуп жаткан окуяларды өз кызыкчылыгына жигердүү түрдө колдонгусу келген күчтөр бар. Бирок бул – себеп эмес, кесепет гана. Андыктан, болуп жаткан окуяларды жалаң гана «сырткы кутум» катары түшүндүрүү – Иран бийлигине кырдаалды жөнөкөйлөтүп көрсөтүүгө жана экономикалык, саясий, институттук негизги көйгөйлөр тууралуу кепти козгобоого мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда, дал ушул көйгөйлөр, эл арасында социалдык чөйрөнү калыптандырып жатат. Мындай чөйрөдө нааразычылык акциялары сейрек кездешүүчү көрүнүш эмес, тескерисинче, Ирандын күнүмдүк реалдуулугунун кайталанма элементине айланууда. Мындай шартта, мамлекеттин «Ислам» деген аталышы, болгону жасалгалоочу ролду гана аткарып калды.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button