Сакофат
Trending

Тахлилдин зарылдыгы

Тахлилдин зарылдыгы

Исламдагы саясий ишмердүүлүк, окуяларга карата үстүртөн реакция жасоо, же туйгуга жана катуу ураандарга берилүү катары түшүнүлбөшү керек. Тескерисинче, ал реалдуулукту аңдап билүүгө, кесепеттерди түшүнүүгө жана учурдагы көз ирмемден кийин боло турган нерсени көрө билүүгө негизделиши зарыл. Дал ушул себептен, тахлил (анализдөө) мусулман саясатчысынын ой жүгүртүүсүндө эң негизги орунду ээлейт. Бул жерде кеп, келечекти алдын ала айтып коюу же жалгыз Аллахка гана таандык болгон кайыпты (жашыруун илимди) билүүгө умтулуу жөнүндө эмес, тескерисинче, окуялардын себептерин, тенденцияларын жана болушу мүмкүн болгон натыйжаларын акыл калчап талдоо жөнүндө болуп жатат.

Тахлил жана “көз ачыктыктын” ортосундагы принципиалдуу айырманы дароо белгилеп алуу маанилүү. “Көз ачыктык” – объективдүү себептерге, анализге жана жоопкерчиликке таянбастан, ал тууралуу кескин билдирүү жасоону түшүндүрөт. Ал жоромолдорго, интуицияга же мистикалык мамилеге негизделиши мүмкүн. Исламда, эгер алар вахий негизинде болбосо, “келечекти билем” деген мындай дооматтар четке кагылат.

Ал эми тахлил – бул реалдуулук менен иштөөдөгү интеллектуалдык эмгек. Бул ар кандай чечимдер эмнеге алып келерин, бийликтин аракеттери кандай реакцияларды жаратарын, кайсы күчтөр күчөп, кайсылары алсырай турганын түшүнүүгө болгон аракет. Тахлил абсолюттук чындыкты ырастоону түшүндүрбөйт, ал дайыма ыктымалдуулукту болжолдойт жана ката кетиши мүмкүн экенин четке какпайт. Дал ушул себептен, ал исламий дүйнө карашка карама-каршы келбейт. Тескерисинче, ал акылды колдонуу жана өз иш-аракеттеринин кесепеттери үчүн жоопкерчиликти сезүү милдетинин натыйжасы.

Өз ишмердүүлүгүн исламий долбоор менен байланыштырган мусулман саясатчы үчүн, анализдөө жөндөмү өзгөчө мааниге ээ. Кандай гана саясий чечим болбосун, ал учурдагы кырдаалга гана эмес, жамааттын келечегине, адамдардын коопсуздугуна, коомдун жана сырткы дүйнөнүн алдындагы Исламдын көрсөткүчүнө да таасирин тийгизет. Жакшы ниеттин өзү эле, жакшы натыйжаларга кепилдик боло албайт. Келечекке карай көз караштын жоктугу, а түгүл аракеттер диний ураандар астында жасалса да, тарыхый кырсыктарга алып келген. Буга тарых өзү күбө.

Мисалы, Исламда бийлик аманат – ал ишти эң жакшы деңгээлде аткарууга тапшырылган жоопкерчилик катары каралат. Бул ошол иштеги такыбалыкты талап кылат жана ошого жараша Кудуреттүү Жараткандын ыраазычылыгына жакындатат. Чечимдердин кесепеттерине көз жумуп коюу, же тобокелдиктерди жана мүмкүн болгон сценарийлерди талдоодон баш тартуу – аманатка кыянаттык кылуу дегенди билдирет.

Тахлил менен алектенүү, мусулмандардын алгачкы муундарына терең ишенимди, чындыкты түшүнүүнү бирдей карманган сахабаларга (Аллах алардан ыраазы болсун) мүнөздүү болгон. Буга Хандак согушунун тарыхы ачык мисал боло алат. Курайш жана алардын союздаштарынын бириккен күчтөрү Мединага карай жөнөгөндө, мусулмандардын абалы өтө кооптуу абалга туш болгон. Душмандын сан жагынан басымдуулугу жана түз кол салуу коркунучу, тарыхтагы биринчи мусулман жамаатын жок кылуу ыктымалы бар эле. Араб аймагынан тышкы чөлкөмдө туулуп өскөн жана ал жерлерде жашоо тажрыйбасын топтогон Салман аль-Фариси, (Аллах андан ыраазы болсун) душмандын тактикасын жана жердин өзгөчөлүктөрүн талдап чыккан. Ал душман арабдарга мүнөздүү болгон бетме-бет чабуул жасоо ыкмасы боюнча аракет кыларын түшүнгөн. Ушундан улам, ал мурда арабдарга белгисиз болгон коргонуу өнөрү – аң казууну сунуштаган. Бул чечим вахий эмес, душмандын жүрүм-турумун стратегиялык жана так божомолдоонун натыйжасы болгон. Жыйынтыгында, душмандын пландары таш капкан, ал эми курчоо созулуп отуруп, согуш салгылашуусуз аяктаган жана алгачкы мусулман жамааты аман калышкан.

Жетилген саясий тахлилдин дагы бир мисалы катары – Аллахтын Элчиси ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийинки Абу Бакр ас-Сиддик (Аллах андан ыраазы болсун) кабыл алган чечимди карап чыгалы. Тарыхый маалыматтарга таянсак, ал кезде мамлекет жана башкаруу системасы өтө туруксуз абалда болгон. Көптөгөн уруулар Мединага баш ийүүдөн баш тартып, айрымдары ачык эле баш ийүүдөн чыккандарын жарыялаган. Ушуга карабастан, Абу Бакр мурда Пайгамбарыбыз ﷺ буйругандай, Усама ибн Зайддын башчылыгынын астындагы аскерди жөнөтүүнү талап кылган.

Үстүртөн караган адам үчүн бул чечим кооптуу көрүнүшү мүмкүн. Анткени, борбор калаа дээрлик аскерсиз калган. Бирок Абу Бакр, бул согуштан баш тартуунун кесепеттерин так көрө билген. Ал алсыздыкты көрсөтүү жана мурда кабыл алынган чечимден баш тартуу, мамлекеттин ыдырашына белги болорун алдын ала көрө билген. Тескерисинче, чечкиндүүлүктү жана иштин улантылып жатканын баарына көрсөтүп, бийликтин аброюн бекемдемек. Абу Бакрдын бул эсебин ошол учурдагы абал тастыктады. Тагыраагы, аскер жөнөтүлгөн соң, олку-солку болуп жаткан уруулар, ислам жетекчилик күчүн жана ишенимдүүлүгүн сактап калганын көрүштү.

Исламий саясий ой жүгүртүүнүн тарыхында, Умар ибн аль-Хаттабдын (Аллах андан ыраазы болсун) башкаруусу өзгөчө орунду ээлейт. Анын чечимдери, көбүнчө социалдык жана саясий кесепеттерди терең түшүнүүгө негизделген. Анын мамилеси, коомдун реакциясын жана узак мөөнөттүү натыйжаларды алдын ала божомолдоого негизделген. Мамлекет тездик менен кеңейип жаткан мезгилде, Умар административдик жана каржылык системаларды, каттоолорду, туруктуу айлык акыларды жана жерлерди эсепке алуу тартибин киргизген. Ал институттук башкаруунун жоктугу сөзсүз түрдө баш аламандыкка, кыянаттыкка жана мамлекеттин алсырашына алып келерин түшүнгөн.

Эгерде ислам тарыхынын кийинки мезгилдерине кайрыла турган болсок, стратегиялык тахлил элементтерин, башка көрүнүктүү башкаруучулардан да көрүүгө болот. Салах ад-Дин аль-Аюби (Аллах аны ырайымына алсын) Куддусту азат кылардан мурун, көптөгөн жылдар бою саясий жана аскердик кубатты ырааттуу түрдө бекемдеген. Ал шашма аракеттер жеңилүүгө алып келерин түшүнүп, чачыранды мусулман күчтөрүн бириктирип, душманды алсыраткан. Бул мисалдар, туруктуу исламий долбоорлор ар дайым туйгуларга эмес, келечекти так көрө билүүгө негизделгенин тастыктайт. Ошондой эле, төмөндөгү мисал, вахий менен реалдуулукту рационалдуу талдоонун айкалышы – бул аракеттин динге ылайык болуусунун маанилүүлүгүн билдирип турат. Бул окуя, Мекке доорунда болуп өткөн. Ал убакта бүгүнкү күндө «Жакынкы Чыгыш» деп аталган аймакта, ошол доордун эки супер державасы – Византия империясы жана Сасанийлердин ортосунда чоң согуш жүрүп жаткан эле. Отко сыйынган перстер, римдиктерди катуу жеңилүүгө учуратып, Куддусту жана башка аймактарды басып алышкан. Ошол кездеги байкоочулардын көпчүлүгү үчүн бул Рим империясынын иш жүзүндө кыйрашын билдирген. Аскердик, экономикалык жана саясий көз караштан алганда, римдиктер биротоло талкалангандай көрүнгөн. Меккелик мушриктер, бул жеңишке абдан кубанышкан, себеби алар перстерди – өздөрү сыяктуу бутпарас болгондуктан, өздөрүнүн идеялык союздашы катары көрүшкөн. Ал эми мусулмандар, тескерисинче, римдиктерди өздөрүнө жакын «Китеп ээлери» болгондугунан, алардын абалына кайгырышкан. Дал ушул учурда төмөнкү аяттар түшүрүлгөн:

“Алиф. Лам. Мим. Римдиктер эң жакынкы жерде жеңилүүгө учурашты. Бирок алар бул жеңилүүсүнөн кийин бир нече жылдын ичинде сөзсүз жеңишке жетишет…” (Ар-Рум 1-4).

Бул аяттар дароо талкуу чордонуна айланган. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) иштин чыныгы абалын жакшы түшүнүп турушкан. Рим империясы алсырап, аскерлери талкаланып, аймактарынан ажыраган эле. Ошол кездеги абалдын кадимки саясий талдоосунан  караганда, жакынкы келечекте римдиктердин жеңишке жетиши өтө күмөндүү көрүнгөн. Дал ушул себептен, мушриктер бул билдирүүнү реалдуулукка дал келбейт деп эсептеп, мусулмандарды шылдыңдай башташкан.

Мындай кырдаалда, Абу Бакр ас-Сиддик (Аллах андан ыраазы болсун) меккелик мушриктердин бири менен бул тууралуу талашып-тартыша баштаган. Ал Аллахтын сөздөрүнүн акыйкаттыгына бекем ишенген, бирок ошол эле учурда сөз реалдуу тарыхый убакыт жана саясий процесстердин алкагында жүргөн. Талкуу абстракттуу бир керемет тууралуу эмес, конкреттүү бир империянын тагдыры, аны калыбына келтирүүнүн мөөнөттөрү жана ыктымалдуулугу жөнүндө болгон. Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ бул тууралуу билгенде, убакыт алкагын тактап, «бир нече жыл» деген сөз, тогуз жылга чейинки мезгилди билдирерин, башкача айтканда, конкреттүү бир тарыхый чекти көрсөткөн.

Бул контексттин өзүнө да көңүл буруу маанилүү. Сахабалар, дүйнөлүк державанын келечеги тууралуу учурдагы окуяларга, күчтөрдүн тең салмагына таянуу менен жана кадимки саясаттын алкагында алганда да, бул башарат мүмкүн эместигин так түшүнүү менен талкуу жүргүзүшкөн. Бул алардын реалдуулукту эң сонун түшүнө билишкенин жана эл аралык күн тартибинен оолак болбогонун көрсөтүп турат. Алардын ой жүгүртүүсү кырдаалдын объективдүү татаалдыгын четке каккан эмес, бирок ошол эле учурда күчтөрдүн тең салмактуулугунун түп-тамырынан бери өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган эмес.

Бир нече жылдан кийин кырдаал чындап эле өзгөрдү. Рим империясы бардык ресурстарын топтоп, реформаларды жүргүзүп, каршы чабуулга өтө баштады жана перстерди бир катар катуу жеңилүүлөргө учуратты. Бул окуя, вахийдин акыйкаттыгынын күчтүү далили болду. Бирок ошол эле учурда, биротоло кыйроодой көрүнгөн шарттарда да, саясий процесстер күтүүсүз багытта өнүгүшү мүмкүн экенин көрсөттү. Бул мисал, дал ушул тахлил берүү алкагында абдан маанилүү. Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) ири империялар доорунда жашап, эл аралык окуяларга көз салып турушкан жана Пайгамбарыбыздын ﷺ жетекчилигинин астында мамлекеттердин тагдырын талкуулашкан. Алар саясий реалдуулук өзгөрүп туруучу нерсе экенин, бүгүнкү жеңилүү эртеңки биротоло жок болууну билдирбей турганын түшүнүшкөн. Мындай ой жүгүртүү, мусулмандарда тарыхка статикалык эмес, динамикалык мүнөздө кароо жөндөмүн калыптандырды. Ошентип, Рим империясы менен болгон бул окуя, Пайгамбарыбыз Мухаммаддын ﷺ көзү тирүүсүндө эле, мусулман жамаатында келечек тууралуу ой жүгүртүү, эл аралык процесстерди талдоо жана мамлекеттердин тагдырын аңдап билүү маданияты болгонун көрсөтүп турат. Бул фантазия же, төлгө ачуу сыяктуу болгон эмес, тескерисинче, ошол доордогу дүйнөлүк саясат тууралуу олуттуу талкуу болгон. Азыркы доордогу мусулман саясатчы үчүн бул мисал өзгөчө маанилүү. Анткени ал, исламий практика эң башынан эле глобалдык реалдуулукка көңүл бурууну жана бир гана учур менен эле чектелбестен, тарыхый өнүгүү алкагында ой жүгүртүү жөндөмүн камтыганын далилдейт.

Мунун баардыгы бизге маанилүү бир жыйынтыкты берүүдө: мусулман саясатчы, абстрактуу ураандар жана өзгөчө окуяларды күтүү менен гана чектелүүгө укугу жок. Ал өзү иш алып барып жаткан реалдуулукту тынымсыз изилдөөгө милдеттүү. Бул изилдөө, алгач өзүнүн коомунан, анын көйгөйлөрүнөн, талап-муктаждыктарынан, адилеттүүлүктүн жана ишенимдин деңгээлинен башталышы керек. Андан соң, анын изилдөөлөрү ар кандай кызыкчылыктар, кагылышуулар жана союздар орун алган аймактын чөйрөсүн камтышы зарыл. Акыры, эл аралык кырдаалды да эске алуу керек. Анткени глобалдык процесстер, экономикалык кризистер, маалыматтык согуштар жана ири державалардын саясий чечимдери, мусулман коомуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Биздин доордо, тахлил жаңылыктарды, ачык булактарды, эксперттик баа берүүлөрдү жана реалдуу тенденцияларды кылдат талдоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул сын көз караш менен ой жүгүртүүнү, үстүртөн болуп жаткан окуяларды тереңдеги процесстерден айырмалай билүү жөндөмүн талап кылат. Мусулман саясатчы, өз ниетин реалдуулук жана ыктымалдуу болгон натыйжалар менен салыштырып, айткан сөздөрүнүн жана жасаган иштеринин кесепеттери тууралуу дайыма ойлонушу керек. Ошентип, исламий саясий практикадагы тахлил – бул жаңыдан ойлоп табылган, же бөтөн идеологиялардан өздөштүрүлүп алынган нерсе эмес. Тескерисинче, ал сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) түптөп кеткен жолдун уландысы болуп саналат. Ал Аллахка тобокел кылууга (таваккуль) карма-каршы келбейт. Тескерисинче, ал Аллахка болгон тобокелдикте түшүнүктү пайда кылат. Талдоосуз тобокел – кайдыгерликке алып келет, ал эми тобокелсиз талдоо – өзүнө ашыкча ишенчти пайда кылат. Саясий багытта иштеп жаткан мусулмандын ишмердүүлүгү өнүгүү жана адилеттүүлүк максатына каратылышы керек. Үммөттүн өсүшүнө жана Исламдын жашоого кайтып келишине кызмат кылуусу үчүн реалдуулукту билүү ишеним жана кесепеттерди көрүү жөндөмдөрүн байланыштырууга милдеттүү.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button