АКШнын жаңы Улуттук коопсуздук стратегиясы алыстан үстөмдүк кылуу идеясына негизделген

АКШнын жаңы Улуттук коопсуздук стратегиясы алыстан үстөмдүк кылуу идеясына негизделген
Трамп администрациясы 2025-жылдын 6-декабрында Улуттук коопсуздук стратегиясы боюнча жаңы документин жарыялады. Анын башкы урааны «Америка биринчи» болуп, ал АКШ тышкы саясатынын жалпы алкагы катары белгиленди. Бул стратегия АКШнын жаңы ролунда, айрыкча союздаштарга болгон мамиледе жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө тиешелүү маселелерди кароодо түп-тамырынан өзгөрүү болгонун ачык билдирет. Документти даярдоочулардын пикиринде, АКШ дүйнөнү коргоо жүгүн көтөрүүнү же түздөн-түз америкалык кызыкчылыктарга кызмат кылбаган тышкы түзүмдөргө инвестиция салууну мындан ары уланта албай турган баскычка жетти.
Жаңы стратегиядагы эң негизги пункт — «1823-жылы жарыяланган Монро доктринасын жаңыртуу» тууралуу расмий билдирүү жана «Монро доктринасына Трамптын тиркемеси» деп аталган негизди ишке киргизүү болуп саналат. Ал күч аркылуу тынчтыкка жетүү принцибин карманууну көздөйт. 1823-жылы президент Монро жарыялаган доктрина Латын Америкасынан европалык таасирди четтетүүгө жана Вашингтон Европанын иштерине кийлигишпөөсүнө багытталган эле. Ал документ АКШ дүйнөнүн калган бөлүгүнөн обочолонушун билдирген. Ал эми бүгүнкү билдирүүдөгү жаңылык — АКШ Жер шарынын батыш жарымына үстөмдүгүн тастыктоо жана Кытай, Россия, Европа сыяктуу тышкы атаандаштарга жол бербөө менен катар, АКШнын дүйнөгө болгон үстөмдүгүн, өзгөчөлүгүн жана күч булактарына толук көзөмөлүн бекемдөө. Бул түздөн-түз аскерий кийлигишүүсүз, бирок америкалык кызыкчылыктарга негизделген соода мамилелери, кызматташтык келишимдери жана дүйнөнү жетектөөгө мүмкүндүк берген технологиялык жана илимий үстөмдүк аркылуу ишке ашырылат. Мындай ыкманы шарттуу түрдө «алыстан үстөмдүк кылуу жана лидерлик» деп атоого болот.
АКШнын Европа жана Россия менен болгон мамилесине келсек, Европага багытталган билдирүүлөрү, ал мындан ары Американын өнөктөшү эмес, тескерисинче, АКШ жетектеген батыш системасынын алкагында кайрадан аныкталууга муктаж болгон аймакка көбүрөөк окшош.
Бул жаңы багыт АКШнын орус таасирине каршы туруу үчүн түздөн-түз жана натыйжалуу кийлигишүүсүнүн маанисин азайтып, «орус аюусуна» каршы турууда негизги жүктү европалык союздаштардын өздөрүнө жүктөөгө таянат. Бул болсо АКШнын ондогон жылдар бою улуттук коопсуздук эсептеринде негизги тирек болуп келген Европага карата тарыхый жоопкерчилигинен баш тартуусун билдирет. Бул жаңы багыт батыш альянсынын салттуу негиздерин ыдыраткандай таасир калтырат, а түгүл Европада хазарий кыйроо коркунучу бар экенин ачык эскертет. Мындай аныктама АКШнын улуттук коопсуздук “адабиятында” буга чейин болуп көрбөгөн көрүнүш. АКШнын Европа коргонуу мейкиндигинен жарым-жартылай же толук четтеши Европаны акыркы жылдары аскерий жана саясий катышуусун күчөткөн Россиянын коркунучтары алдында ачык калтырат. Стратегия НАТОго карата америкалык милдеттенмелердин азайганын ачык жарыялабаганы менен, документтин жалпы маанайы АКШнын Европаны мындан ары өз улуттук коопсуздук эсептерине кошпой калганын билдирип турат. Ал эми Россиянын өзү менен болгон мамилеге келсек, документте Россия АКШ үчүн вужудий коркунуч болбой калгандыгы, тескерисинче, сүйлөшүүлөр аркылуу тил табышууга мүмкүн болгон атаандаш экени айтылат жана аны түздөн-түз кагылышуудан көрө сүйлөшүү жолу менен ооздуктоо артык экени белгиленет.
Кытай менен болгон мамилеге байланыштуу документте АКШ базарларынын Кытайга ачылышы ага экономикалык жана технологиялык өсүш үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк бергендиги, натыйжада ал бүгүн АКШга стратегиялык атаандаш болуп калгандыгы көрсөтүлөт. Ошондуктан стратегия Кытай менен болгон тең салмакты кеңири альянстар тармагы аркылуу кайра жөнгө салууга чакырат. АКШ Кытайдын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган экономикалык же аскерий күчкө айланышына жол бербейт. Жаңы стратегия мунун баары жалгыз АКШнын аракети менен ишке ашпасын, тескерисинче, аймактагы мамлекеттер өздөрү коргонуу бюджеттерин көбөйтүп, аскерий мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүп, кытай коркунучтарына биргелешкен жана туруктуу түрдө каршы турууга мүмкүндүк берген жамааттык күчтөрдү түзүшү зарыл экенин белгилейт. Жалпысынан алганда, АКШнын Кытайга карата саясаты аны хазарий эмес, соода атаандашы катары кароого негизделет жана аны бажы төлөмдөрү, технологияны өткөрүүгө тыюу салуу жана соода атаандаштыгынын башка куралдары аркылуу көзөмөлдөөгө болот деп эсептейт.
Ал эми Жакынкы Чыгышка келсек, ондогон жылдар бою АКШнын тышкы саясатында абсолюттук артыкчылык болуп келген бул аймак азыр АКШнын улуттук коопсуздугунда маанилүү, бирок борбордук эмес аймак катары сунушталууда. Мунун биринчи себеби – Американын энергия экспорттоочу мамлекетке айланышы, экинчи себеби – аймактагы жаңжалдарды Ирак жана Афганистандагыдай күчүн сарптаган согуштарга кайрадан аралашпастан, регионалдык альянстар тармагы аркылуу алыстан башкаруусу.
Жакынкы Чыгыш коркунучун төмөн баалаганына карабастан, Америка анда Ислам коркунучун унутпайт. АКШ бул аймакка сокку урууга жөндөмдүү «терроризм» үчүн баш калкалоочу жайга айланышына жол бербөөнү жана яхудий түзүмүнүн коопсуздугун жана үстөмдүгүн камсыздоону баса белгилейт. Көрүнүп тургандай, Америка аймак маселесин өз өкүлдөрүнө жана өнөктөштөрүнө, алардын башында яхудий түзүмүнө өткөрүп берүүнү каалайт. Ал аркылуу Булуң өлкөлөрү жана яхудий түзүмү менен болгон альянстарга таянган жаңы регионалдык түзүмдү калыптандырууну, Абрахам келишимдерин башка Ислам өлкөлөрүнө кеңейтүүнү көздөйт. Бул Вашингтондун түшүнүгүндө яхудий түзүмүн коопсуздук жүгүнөн аймактык коопсуздуктун тирегине айлантат.
Ал эми Палестина маселесине келсек, жаңы админстрация азырынча аны чечүүнүн так механизми боюнча ачык түшүнүккө ээ эместей көрүнөт. Ошондуктан жаңжалды «татаал» деп мүнөздөп, Газада ок атышууну токтотуу, туткундарды бошотуу боюнча келишимдер менен чектелүүдө. Күчтөрдүн негизги тең салмактуулугун өзгөртпөстөн, яхудий түзүмүнүн аскерий үстөмдүгү өкүм кылып турган шартта жаңжалды башкаруу мүмкүн деп эсептейт. Ошондой эле Американын Ислам коркунучун көз жаздымда калтыра албастыгын белгилеп өтүү зарыл. Анткени ал өзүнүн жаңы стратегиясында Кытайды көзөмөлдөөгө, Россия менен түшүнүшүүгө болот деп эсептейт, себеби экөө тең ал үчүн мабдаий же вужудий коркунучту туудурбайт. Ал эми Исламды көз жаздымда калтыруу мүмкүн эмес, анткени ал Америка үчүн жалгыз мабдаий коркунуч болуп саналат. Мабдаий коркунуч менен сүйлөшүү же аны ооздуктоо мүмкүн эмес, ага болгон мамиле — бар болуу же жок болуу маселеси. Ошондуктан Америка аны жаңы стратегиясында ачык айтпаса да, четке кага албайт.
Акырында, дүйнөгө лидерлик кылуунун жүгү Американын белин оорутуп, ички жана эл аралык кризистерди башкаруудагы алсыздыгы ачыкка чыкты. Бул аны тышкы дүйнө менен мамиледе жаңы ыкманы тандоого түрттү. Ал дүйнөдөгү жетекчи ролун жоготкусу келбейт, бирок ошол ролдун аны алсыратып, чарчаткан кесепеттерин да көтөргүсү келбейт. Ошондуктан ал лидерлик дүйнөсүндө жаңы түшүнүктү — кесепетсиз лидерликти, же базарга кирбестен сооданын кирешесин жыйноону сунуштады. Бул эл аралык лидерлик түшүнүгүн, же дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуунун маңызын түшүнүүдөгү наадандыктын жана төмөндөөнүн белгиси. Кандай гана стратегияларды иштеп чыкпасын, өз бийлигин жана үстөмдүгүн сактап калууга канчалык аракет кылбасын, анын поезди акыркы бекетине жакындап калды, күндөрү саналуу. Ал эми Ислам мабдасынын доору башталды, Аллах анын пайда болушун тездетсин.
Халид Али
Роя гезити




