Кайырлуу Ражаб фатхтардын жана жеңиштердин айы

Кайырлуу Ражаб фатхтардын жана жеңиштердин айы
Ыйык Ражаб айы кирип келгенде, мусулмандар аны жакшылыкка жоруп кубанышат. Чынында эле ал жакшылыкты сүйүнчүлөйт жана андан кийин келе турган Рамазан айынын жакындап калганын кабарлайт, бул айда адамдарга Туура Жол болуп, хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куран түшүрүлдү.
Бул айда улуу бир окуя болгон. Аллах Таала Өзүнүн Пайгамбарын ﷺды урматтап, аны Масжидул-Харамдан Масжидул-Аксага түнкү сапарга чыгарды. Бул окуя Курайш каапырлары аны ﷺ жана сахабалардан турган жамаатын кысымга алган соң, ошондой эле Ислам үчүн аракет кылган, сабырдуу, күйөөлөрүнө таяныч болгон аялдардын үлгүсү болгон жубайы Хадижанын каза болушуна кайгырганынан кийин болду. О.э Исламдын улуу түзүмүн жана мамлекетин кайра тикелөө үчүн иштеп жаткан бир туугандары менен уулдарын колдоп-коргогон кадырлуу агалардын мисалы болгон агасы Абу Талибдин өлүмүнө кайгыргандан кийин болду.
Ошентип, Исра окуясы Пайгамбарыбызга ﷺ берилген урмат жана анын кайгысын жеңилдетүү болду. Ошондой эле эки кыбыла болгон эки мечиттин тагдырын бири-бирине бекем байлады. Анткени мусулмандар Масжидул-Харамды капырлар басып алуусуна кандай кайдыгер карашпаса, ошондой эле Масжидул-Аксанын да басып алынышына кайдыгер карабашы керек. Дал ошондо жихаддын да, аны бошотуу үчүн курмандыкка баруунун да акыйкаты көрүнөт. Баскынчылыкка унчукпай коюу эч качан жаиз эмес, болбосо мусулмандар күнөөгө батышат жана уяттуу кордукка, басынткан төмөндүккө дуушар болушат. Бул абал мечиттин өзү жана анын айланасы менен гана чектелбестен, бүгүнкү күндө чындап эле болуп жаткандай, андан ары да жайылат. Анткени алар аны бошотуу маселесине кайдыгер болуп, яхудийлердин аны тартып алышына жана ыйыктыгын тебелешине унчукпай коюшканда, алардын никесиз «туулган» яхудий түзүмү мусулмандарга бардык жерде кысым көрсөтө баштады.
Ошондуктан Ражаб айы мусулмандарга аны бошотуу үчүн жихад кылуунун важиб экенин эске салат. Анткени аны яхудийлер кресттүү күчтөрдүн колдоосу жана айрыкча Иорданиянын яхудийлерге кызмат кылган башкаруучуларынын кутумдары менен тартып алышкан. Алар 1967-жылы Масжидул-Акса, Кудс жана Батыш Жээкти яхудийлерге алтын табакта сунуп беришкен.
Ушул ыйык айда биринчи Ислам мамлекети орногондон эки жыл өткөн соң каапырлар менен болгон алгачкы кагылыш да жүз берген. Тактап айтканда, Абдуллах ибн Жахш (р.а.) жетектеген кошуунда мусулмандар Курайштан бир адамды өлтүрүп, экөөнү туткунга алышкан жана кербенди олжолошкон. Аллах Таала алардын кылган ишин туура деп таанып, каапырлар Аллахтын жолунан тосуп, Ага каапырлык кылып, адамдарды дининен кайтаргандыгы үчүн ыйык айда да согушууга уруксат берген аятты түшүрдү. Бул окуя жихаддын башталышынын жарыясы болуп, мусулмандарды согушка даярдоого кызмат кылды. Анткени жихадсыз дин үстөмдүк кылбайт, душмандар мусулмандардын өздөрүнө жана ыйыктыктарына кол салуудан тыйылбайт, адамдар кулдарга кулчулук кылуудан куткарылбайт, жалгыз Кудуреттүү Аллахка гана кулчулукка чакырган, бул дүйнөнүн бактысыздыгынан дүйнө жана акырет бактысына, жалган мабдалардын зулумунан жана бузук диндердин адилетсиздигинен Исламдын нуруна жана адилетине чыгаруучу Ислам нурун көрө алышпайт.
Мындан кийин мусулмандардын согушуна дем берген, Улуу Бадр салгылашы болду. Анын артынан мушриктик жана куфр бийлигинен Араб жарым аралын бошоткон салгылашуулар жана жортуулдар уланды.
Хижраттын тогузунчу жылында Ражаб айында дүйнөдөгү биринчи держава болгон Рум мамлекети менен Табук жортуулу болду. Мусулмандардын алдында алардын баатырлары да, аларды ээрчиген араб насаралары да качышты. Бул улуу жеңиш болуп, Ислам мамлекетинин ири державага айланышы жолунда чоң кадам болду. Анткени дүйнөдөгү биринчи держава менен атаандашып, ага каршы туруштук бере алган мамлекет ири державага айланат.
Бул кадам аларды кулатуу жана Шам жерлеринен кууп чыгуу үчүн биринчи халиф Абу Бакрдын (р.а.) доорунда жасалган маанилүү кадамдардын бири болду. Анткени мусулмандар Дамаскты 14-хижрий жылынын 16-Ражабында фатх кылышты. Ошондо алардын Гераклийи качып, «кош бол, Сирия» деп, кийин фатх болуучу жана алар менен акыркы жолугушуу боло турган Константинополдо жашынып калды.
Андан соң мусулмандар жихадды улантып, Андалусияны ачышты жана Париждин чек араларына чейин жетишти. Ошондой эле мусулмандар Андалусияда жоготкон бийлигин 479-хижра жылынын 12-Ражабында Заллака салгылашында, Кастилия падышасына каршы аскерлери бириккен кезде, кайра калыбына келтиришти.
Мындан тышкары, мусулмандар Салахуддин ал-Айюби жетекчилиги алдында 583-хижрий жылынын 27-Ражабында Куддусту жана эки кыбыланын биринчиси, үч ыйык мечиттин үчүнчүсү болгон мечитти азат кылышты. Бул окуя аларга анын жолун улантууну эскертет: аскер башчыларынын арасынан Салахуддиндей бир жетекчи чыгып, Фатимийлердин бийлигин кулатканы сыяктуу, бүгүнкү күндөгү Ислам өлкөлөрүнүн башкаруучуларын кулатып, яхудийлерге жана алардын артында турган жаңы батыштык Рум баатырларына, башында өз Гераклийи Трамп турган күчтөргө сабак берип, алардын тарапташтары болгон мусулман башкаруучуларынын тамырын кыркып, мусулмандарды адаштырууга жана бул айда болгон улуу жеңиштердин жана зор окуялардын маанисинен алаксытууга аракет кылган мунафыктарды жазалаган баатыр чыгуусун эңсетет. Мунун баары мусулмандарга алгачкы улуу жолун кайра жандандырууга түрткү болушу үчүн айтылат.
Ушул айда, тактап айтканда 1342-хижрий жылдын 28-Ражаб күнү, Ислам үммөтүнүн пайдубалдарын солкулдаткан өтө оор жана чоң трагедиялуу окуя болду. Каапырлар өз агенттери аркылуу Осмон Халифалыгын кулатып, анын урандылары үстүнө өздөрүнө көз каранды, арамдарды канын адал деп эсептеген, Ислам өкүмдөрүнөн тоскон жана аларды колдонууга аракет кылгандарга каршы күрөшкөн каапыр, секулярдык, демократиялык түзүмдү орното алышты. Ошондой эле каапырлар Ислам өлкөлөрүн элүүдөн ашык бөлүккө бөлүп, аларды “мекендер” жана “мамлекеттер” деп аташты. Ар бири үчүн өз-өзүнчө чек аралар менен мааниси жок желектерди сызып, элдерин бири-бирине жат кылып коюшту.
Ошондуктан Ражаб айы мусулмандарга Расулуллах ﷺ сүйүнчүлөгөндөй, нубувват минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу важиб экенин эскертет. Аллах Таала аларга жер жүзүндө халифа кылууну, диндерин бекемдөөнү, аларды тынчтыкка жана бейпилдикте жетелеп, Ага гана ибадат кылып, Ага эч нерсени шерик кылбоону убада кылган.
Эң жакшы жыйынтык катары, дагы бир улуу окуяны эске салабыз. Ал 1372-хижрий жылы Ражаб айында болгон: Халифалык кулатылгандан отуз жыл өткөн соң, аны кайра тикелөө долбоорун көтөргөн партиянын негизделгени жарыяланган. Ал Хизб ут-Тахрир жамааты. Ал халифалыкты тикелөөнү өзү үчүн тагдыр чечүүчү маселе кылды. Анын конституция долбоорун, мыйзамдарын, айрыкча башкаруу системасын жана анын аппараттарын, экономикалык түзүмүн жана анын эң ылайыктуу саясатын иштеп чыкты, ошондой эле тышкы саясатын аныктады. Ошентип, бул идея аны ишке ашыруучуларга да, анда бийликти колго ала тургандарга да ачык-айкын болду.
Партия каапырлардын жана алардын батышка жана анын сакофатына алданып калган мунафык жардамчыларынын куугунтугуна карабастан, бул пикирди мусулмандар арасында жайылта алды. Натыйжада каапырлар аны олуттуу эсепке ала баштап, жалган жалаалар менен кара ниет ушактарды таратуу аркылуу аброюн түшүрүүгө аракет кылышты жана аны бардык жерде, бардык тармактарда куугунтукташты: тыюу салуу, китептерин жана билдирүүлөрүн тыюу, анын өзүнө жана иш-аракеттерине карата маалыматтык бөгөт коюу, жигиттерин куугунтуктоо жана жашоонун бардык тармактарында кысым көрсөтүү, аларды түрмөгө камоо жана айрымдарын өлгөнгө чейин кыйноо. Бирок ал Аллахтын жардамы жана тавфиги менен мунун баарына туруштук берди.
Ал башка эч бир жамаат жетише албаган ийгиликке жетишти: бардык мусулмандардан, алардын улутуна, тектерине, мазхабына жана жынысына карабастан жигиттерди чогулта алды жана каапырлар Ислам өлкөлөрү менен элдеринин ортосуна чийип койгон бардык чек аралардан ашып өттү. Ошентип, Аллахтын уруксаты менен жакын арада Ислам үммөтүн бир мамлекетке бириктирүүнүн үлгүсү болду.
Демек, үммөтүнө, динине, Куддусуна жана Акса мечитине күйгөн ар бир адам бул жакшылыкка чакырган партияга кошулууга же болбосо жок дегенде мүмкүнчүлүгүнө жараша аны колдоого тийиш. Ошондо ал Халифалыкты тикелөө фарзын таштап коюу күнөөсүнөн кутулат жана аны тикелөөгө өз үлүшүн кошот. Мойнунда Аллах түшүргөн дин өкүм жүргүзүп, аларды Исламдын иззаты менен азиз кылуучу халифага байъаты жок, жахилият өлүмү менен өлүп калуудан сактанат.
Асъад Мансур
Роя гезити




