Коррупцияга каршы ураандар тандалма басым жасоонун куралына айланууда

Коррупцияга каршы ураандар тандалма басым жасоонун куралына айланууда
Кыргызстанда кайрадан «коррупция менен күрөштү күчөтүү» сунушталууда. Жогорку Кеңешке «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталды. Бул демилге бийликтин ачыктыгына, аткаминерлерди катуу көзөмөлдөөгө жана мамлекеттик чечимдерге жеке кызыкчылыктардын таасирин жоюуга багытталган кадам катары сунушталууда. Бирок, кооз ураандардын жана түшүнүксүз сөздөрдүн артында, коом үчүн бүдөмүк бойдон калган жана эң башкысы – кыянаттык менен пайдаланууга каршы реалдуу кепилдиктери жок документ жашырылууда. Бул мыйзам, көбүнчө, тандалма түрдө колдонула турган кезектеги куралга айланат.
Бир караганда, бардыгы туура болгондой сезилет. Байланыштагы адамдар тууралуу түшүнүк кеңейтилип, декларацияларды көзөмөлдөө күчөтүлүүдө, кызыкчылыктарды жашырганы үчүн жоопкерчилик киргизилип, мыйзам бузуу менен алынган кирешелерди мамлекетке келтирилген зыян катары эсептөө сунушталууда. Формалдуу түрдө бул эл аралык уюмдардын сунуштамаларынан жана донорлордун алдындагы милдеттенмелерден жакшы таанылган коррупцияга каршы күн тартибинин толук жыйындысы болууда.
Бирок дал ушул жерде, Кыргызстанда коррупцияга каршы мыйзамдар жетишсизби? деген суроо туулат. Учурда нормативдик база жетишерлик деңгээлде кенен, кыянаттык менен пайдалануу үчүн жоопкерчилик бекитилген, ал эми декларациялар биринчи жылы колдонулуп жаткан жок. Коррупция көйгөйү, мыйзамдардын жоктугунда гана эмес, көйгөй – ошол мыйзамдардын кандай жана кимдерге карата колдонулуп жаткандыгында болууда.
Мыйзам долбоору, коомдогу эң башкы талапка, тагыраагы, мамлекеттин биринчи адамдарын ким жана кантип көзөмөлдөйт деген суроого принципиалдуу түрдө жооп бербейт. Акыркы жылдары, дал ушул бийликтин эң жогорку деңгээлиндеги мамлекеттик долбоорлорго туугандардын аралашуусу, менчикти кайра бөлүштүрүү жана экономикалык активдердин топтолушу менен байланышкан эң чуулгандуу жаңжалдар чыгып келүүдө. Жаңы мыйзам, көз карандысыз көзөмөл органын да, текшерүүнүн автоматтык механизмдерин, байланыштагы адамдарды коомдук реестрлерге киргизүү чарасын да сунуштабайт. Текстке ылайык, ыйгарым укуктуу органдарды Министрлер Кабинети өзү аныктайт. Тактап айтканда, көзөмөлдүн объектиси болушу керек болгон ошол эле аткаруу бийлигинин вертикалы өзүн-өзү көзөмөлдөмөкчү.
Натыйжада, бийлик өзүн-өзү текшере турган бир туюк система пайда болууда. Мындай шартта, декларациялар формалдуулукка, ал эми текшерүүлөр укуктук процедурага эмес, саясий чечимге айланат. Мыйзамда түз айтылбаганы менен, бирок «биринчи адамдарга» карата иш жүзүндө кол тийбестик сакталып кала берет.
Ошол эле учурда мыйзам, бийлик вертикалы боюнча төмөнкү баскычтардагыларга басымды байкаларлык түрдө күчөтүүдө. „Кыйыр таасирди“, каржылык көз карандылыкты жана кеңири үй-бүлөлүк байланыштарды камтыган, аффилир түшүнүгүнүн күңүрттөлүшү, аларды каалагандай чечмелөөгө ыңгайлуу шартты түзүүдө. Декларацияларды текшерүү кадр кызматтарына берилип, ал эми тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик, жетекчилерге жүктөлөт. Бул саясий элита үчүн эмес, тескерисинче, орто жана төмөнкү деңгээлдеги аткаминерлер үчүн жалаң гана кооптуу жагдайды жаратат.
Мыйзамдын бизнеске тийгизген таасири, өзгөчө кооптонууну пайда кылууда. Көптөгөн компаниялар, кандай болгон учурда да, лицензиялар, уруксат кагаздары, мамлекеттик буйрутмалар же инфраструктуралык долбоорлор аркылуу мамлекет менен иштешет. Демек, так процессуалдык чыпкаларсыз „кызыкчылыктардын кагылышуусу“ түшүнүгүнүн кеңейтилиши, басым жасоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күчөтөт. Мыйзам текшерүүлөр, чечимдерди бөгөттөө, келишимдерди кайра карап чыгуу жана активдерди кайра бөлүштүрүү үчүн, оңой эле мыйзамдуу шылтоо катары колдонулуп калышы мүмкүн. Өзгөчө „өжөр“ бизнеси – башкача айтканда, экономикалык жактан кызыктуу, бирок баш ийүү системасына багынбаган бизнес, өтө кооптуу абалда болуп калат.
Ошентип, коррупциянын иш жүзүндө төмөндөлүшүнүн ордуна, мыйзамдын тандалма түрдө колдонулушу системалуу түрдө, мамлекеттик деңгээлде орнотулган тартипке айланат. Бул мыйзам коррупцияга каршы ураандар менен оролгон абалда, „ыңгайсыз“ аткаминерлерди тартипке салуунун, атаандаштарды четтетүүнүн жана кирешелүү активдерди кайра бөлүштүрүүнүн куралы катары кызмат кылышы мүмкүн. Ошол эле учурда, коомчулук жана эл аралык донорлордун алдында, бул реформа “жасалып жатат жана милдеттенмелер аткарылууда” деген жалган элести жаратат.
Мыйзам долбоорунун негизги көйгөйү – анын катаалдыгында эмес, кыянаттык менен пайдалануудан коргой турган механизмдердин жоктугунда. Бул мыйзамда, көз карандысыз көзөмөл, ачыктык жана көзөмөл менен укуктук кепилдиктердин ортосунда тең салмактуулук жок. Мындай түзүмдө мыйзам, коррупция менен күрөшүү куралы катары иштетилбестен, кадимки эле саясий-административдик басым жасоо куралына айланат.
Чыныгы коррупцияга каршы реформа, түшүндүрмөлөрдү кеңейтүү же жоопкерчиликти күчөтүүдөн эмес, мыйзам алдындагы теңчиликтен жана көзөмөлдүн көз карандысыздыгынан башталат. Бул нерселер жок болсо, ар кандай жаңы ченемдер системаны тазалоонун куралы эмес, аны башкаруудагы жаңы ыкма катары иштетиле берет.
Ислам дини, талаптарды башкаларга жүктөп, бирок өзүн унутуп койгон мындай мамилени ачык айыптайт:
Башкаларды ыйман келтирүүгө жана жакшылык кылууга буйруп, бирок өзүңөрдү унутуп андан жүз бурганыңар кандай жаман. (Бакара – 44 аят).
Мухаммад пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) мыйзам алдындагы теңчилик жөнүндө мындай деген:
«Аллахка касам, эгерде Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылса, мен анын да колун кесүүнү буйурмакмын» (Бухари, Муслим).
Ошондой эле, Мухаммад r мындай деп айткан:
«Чындыгында, силерден мурункуларды, алардын арасында кадыр-барктуу (бай, мансаптуу) адам уурулук кылса, анын жазасыз калтыргандыктары, ал эми алсыз (кедей, таасири жок) адам уурулук кылса, аны жазалашкандыктары кыйраткан». (Бухари жана Муслимден жеткирилген).
Ошондуктан, коом адилеттүү мыйзамдардын жоктугунан гана эмес, алардын тандалма түрдө колдонулушунан улам кыйрайт. Мындай шартта, мыйзамдын катаалдыгы, бирөөлөр үчүн гана багытталып, ал эми жеңилдиктер башкалар үчүн кадимки ишке айланат. Бул кош стандарттуулуктун дал өзү. Мында, ар кандай тыюу салуулар жана жоопкерчиликтер, адамдын макамына, бийликке жакындыгына же анын таасирине жараша тандалма түрдө иштейт.
Хужжат Жамиа




