Модинин Иорданияга сапары жана режимдин яхудий түзүмү менен өнөктөштүктү координациялоодогу ролу

Модинин Иорданияга сапары жана режимдин яхудий түзүмү менен өнөктөштүктү координациялоодогу ролу
Падыша Абдулла экинчинин чакыруусу менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2025-жылдын 15–16-декабрында Иорданияга расмий сапар жасады. Бул сапар дипломатиялык мамилелердин 75 жылдыгына туш келди. Моди Иорданияга болгон сапарын жогору баалап, аны «өтө жемиштүү» деп мүнөздөдү.
Бул сапардын жагдайларын түшүнүүдө көңүл бура турган нерсе — ошол эле күнү Кытайдын тышкы иштер министринин Иорданияга сапары жана падыша менен жолугушуусу, ошондой эле Индиянын тышкы иштер министринин яхудий түзүмүнө сапары жана Нетаньяху менен жолугушуусу менен дал келгендиги. Бул абалда иорданиялык режим яхудий түзүмү жана Индиянын атынан ортомчу жана координациялоочу ролду ойнойт. Бул АКШнын аймактык долбоорлоруна т.а. Кытайды курчоого, Трамптын Газа боюнча планына жана «Абрахам келишимдери» аркылуу нормалдаштырууга, ошондой эле «Индия – Жакынкы Чыгыш – Европа» «коридору» долбооруна байланыштуу. Мындан тышкары, режим экономикалык жана инвестициялык багытта Кытай, Индия жана яхудий түзүмү менен өнөктөштүктөрдү түзүүгө, ошондой эле яхудий түзүмүн аймакка интеграциялоого чын дилден аракет кылууда. Бул болсо Индия АКШнын көрсөтмөлөрү менен Кытайдын аймактык саясатын алсыратууга иштеп жаткан шартта жүзөгө ашууда.
Бул сапарлардын деталдары ачыкка чыгарылган жок. Бирок алардын артындагы себептер Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоору жана анын тармактары, ошондой эле салттуу багыттагы кызматташууну тереңдетүү жолдору менен байланыштуу деп айтууга болот. Аларга соода-экономика, инфраструктура, энергетика, коргонуу жана транспорт, сот тутуму, байланыш технологиялары жана санариптик экономика кирет. Иордания Тайванды камтыган «Бир Кытай» принцибине берилгендигин дагы бир ирет ырастады.
Ал эми Индия тышкы иштер министри Жайшанкардын яхудий түзүмүнө сапары жана аны тышкы иштер министри Гидеон Саар тосуп алганы тууралуу айтсак, Саар жолугушууда мындай деди: «Аймактык абал боюнча сиздин пикирлериңизди уккум келет. Индия Газа боюнча тынчтык планын колдой турганын жана анын туруктуу жана узак мөөнөттүү чечимге алып келишин үмүт кыларын баса белгилегим келет».
Падыша Абдулла экинчи менен Индиянын премьер-министри Амманда өткөн Индия–Иордания бизнес форумунун ачылыш жыйынына катышышты. Бул форум экономикалык өнөктөштүктөрдү чыңдоо, кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаңы базарларды ачууга багытталган. Иш-чарага турмуштук маанилүү тармактардан Индиянын жыйырмадан ашуун компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Падыша менен Модинин билдирүүлөрүндө эки маанилүү багыт камтылды: маалымат каражаттарында басым жасалган экономикалык-инвестициялык багыт жана саясий жактан эң маанилүү, бирок медиада көмүскө калтырылган багыт. Падыша падышалыктагы атаандаштык артыкчылыктарды т.а. азык-түлүк, жер семирткичтер, дары-дармек, текстиль, маалыматтык технологиялар жана энергетика сыяктуу тармактарды белгиледи. Ошондой эле Иорданиянын стратегиялык географиялык жайгашуусун пайдалануунун маанисине токтолуп, Иорданиянын транспорт тармагынын Индия–Жакынкы Чыгыш–Европа экономикалык коридору (IMEC) менен интеграцияланышы кызматташууну бекемдөө үчүн олуттуу мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи. Бул — сапардын эң башкы максаты болуп саналат.
Өз кезегинде Моди Индиянын Иордания менен экономикалык кызматташууну, айрыкча санариптик инфраструктура тармагында өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө умтуларын жарыялап, анын ичинен аймактагы санариптик суверенитет долбоорлору үчүн атаандашуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Моди Иордания көптөгөн өлкөлөрдү байланыштырган көпүрөгө айланганын айтып, Индиядан Европага соода тарыхый жактан Петра аркылуу өткөнүн эске салды жана бул каттамдарды келечекте кайра жандандыруунун маанисин баса белгиледи.
Бул кырдаалда иорданиялык режим өзүнүн геосаясий ордун, атап айтканда атаандаш стратегиялык кургактык коридорлорунун чордонунда жайгашкан абалын пайдаланууда. Айрыкча АКШ жана яхудий түзүмү менен байланыштардын алкагында, режим өз ролун көрсөтүүгө жана ар кандай чечимдерде борбордук макамын бекемдөөгө аракет кылууда. Бул чечимдер режимдин авторитардык мүнөзүнө карабастан, анын бар болушун сактоону, ошондой эле Европадан жана АКШдан саясий колдоону талап кылат. Ошол эле учурда яхудий түзүмү тарабынан коопсуздук жагынан кызматташуу уланууда: Газадагы кыргын согушунун эң курч шарттарында да коопсуздук координациясы токтогон жок. Мындан тышкары, «терроризмге» каршы эл аралык коалицияга активдүү катышуу да улантылууда. Иорданиянын аба күчтөрүнүн АКШ менен биргеликте Сирия түштүгүндөгү объекттерди бомбалоого катышуусу — эл аралык жана аймактык деңгээлде «жакшы жүрүм-турумду» көрсөтүп, колдоого жетишүүнүн айкын далили болуп саналат.
Моди жетекчилигиндеги Бхарата Жаната партиясы АКШга ээрчиген партия катары эсептелет жана Американын Евразиялык стратегиясында маанилүү роль ойнойт. Анткени АКШ Азия–Тынч океан аймагында Кытайды ооздуктоо үчүн Индияга таянат. Индияны Сауд Арабиясы аркылуу Европа менен байланыштырган жаңы коридор (IMEC) Россия менен Кытайды айланып өтүп, «Бир алкак – бир жол» долбооруна каршы коюлуп, яхудий түзүмү көзөмөлдөгөн портторго чейин жетиши пландалган. Бирок бул долбоордун иши 2023-жылдын 7-октябрында болгон «Аль-Акса ташкыны» операциясынан кийин чыңалуунун күчөшү менен токтоп калган.
Бирок Трамптын Газа боюнча планынан кийин бул долбоор кайра жанданып, анда Иордания ортомчу ролду ойной баштады. Белгилей кетсек, Иордания бул түзүлүшкө 2020-жылы эле кошулган. Ал кезде транспорт министри Валид Сайф өз министрлиги Иордания менен басып алынган Палестинаны байланыштырган (Хайфа) темир жол долбоору боюнча изилдөөлөрдү аяктаганын билдирген. Манама конференциясында болсо Жаред Кушнер Трамп «келишиминин» экономикалык бөлүгүн сунуштап, анда Амманды Акаба аркылуу Булуңга чейин байланыштыра турган аймактык тармакты өнүктүрүү үчүн Иордания сунуштаган улуттук темир жол долбоорун колдоого 1 миллиард 825 миллион доллар бөлүү каралган.
Жогорудагы фактылардан көрүнүп тургандай, бул долбоор яхудий түзүмүн жайылтуу жана Трамптын пландарын Иорданиянын ортомчулугу аркылуу ишке ашыруу болуп саналат. Максат араб дүйнөсүнүн ички тереңдигине саясий жана экономикалык жактан кирип барууну жеңилдетүү. Модинин Иорданияга сапары дал ушул кырдаал менен түшүндүрүлөт. АКШ долбоорлорду яхудий түзүмү, Индия жана башкаруучулардын моюн сунуусу аркылуу өткөрүп, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги газ сыяктуу байлыктарга өзгөчө көзөмөл орнотуу, мунайдын өтүшүн камсыз кылуу жана яхудий түзүмүн америкалык кызыкчылыктарга байлап күчтөндүрүү стратегиясын көздөйт.
Бул колонизаторлук долбоорлорго түпкү чечим — Исламдын коргонун коргой турган, армияларды жетектеп бүт Палестинаны азат кылып жана мусулман жерлериндеги ар бир баскынчыны кубалап чыга турган, Батыштын таасирин жана анын куралдарын сүрүп чыгара турган Халифалык мамлекетинин кайра кайтышы болуп саналат.
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Роя гезити




