Роя гезити

Йемендеги күрөш — жергиликтүү куралдар аркылуу жүргүзүлгөн колонизатордук күрөш

Йемендеги күрөш — жергиликтүү куралдар аркылуу жүргүзүлгөн колонизатордук күрөш

Йемендеги күрөштүн жергиликтүү куралдарын түшүндүрүүгө киришүүдөн мурда, бул өлкөдө бири-бири менен атаандашкан колонизатордук күчтөр Америка жана Британия экенин, ал эми алардын аймактык куралдары Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттары экенин билүү зарыл.

Бүгүн Йеменде сырткы көрүнүшү ички жаңжал сыяктуу болгон, ал эми маңызы эл аралык колонизатордук күчтөрдүн жергиликтүү жана аймактык куралдар аркылуу үстөмдүк жүргүзүүлөрү болуп эсептелген күрөш жүрүп жатат. Бул күрөш йемендиктердин эркинен келип чыккан эмес, тескерисинче, эл аралык күчтөрдүн саясий таасирин тереңдетүү жана өлкөнүн байлыктарын талап-тоноо үчүн болгон кызыкчылыктардын чырмалышынан жаралган. Бул күрөш “улуттук” жана “жергиликтүү саясий долбоорлор” деген ураандар менен кооздолуп, алардын артында Батыштын кызыкчылыктары жашырылууда.

Ошондуктан биз түштүктө Британияга көз каранды болгон Түштүк  кеңешинин бир нече аймактарда алдыга жылып, стратегиялык маанидеги түйүндөрдү басып алып жатканын көрөбүз. Ал эми сыртынан караганда Рашад ал-Алиминин өкмөтү башка альянстарга тиешелүүдөй сезилгени менен, чындыгында ал да Британияга көз каранды. “Мыйзамдуулук” деп аталган саясий тармактар жана ири институттар, чынында, 1839-жылы Аденди басып алганынан тартып, 1967-жылы формалдуу түрдө чыгып кеткенине чейинки Британиянын колонизатордук таасир түзүмүнүн уландысы  болуп эсептелет.

Бул саясий чөйрөдөгү “Өткөөл кеңеш” деген ат менен болгон бөлүнүү, чындыгында Эмираттар тарабынан колдоого алынганы менен, АКШнын жаңы колонизатордук куралы болгон түштүк кыймылына жол бербөө үчүн жасалган. Бул кыймылды Сауд Арабиясы башкарат жана жергиликтүү адамдар менен түзүмдөр аркылуу колдойт.

Азыркы учурда түштүктө болуп жаткан окуялар акыл-эси бар ар бир адам үчүн анын мунай байлыктары жана Араб деңизиндеги географиялык жайгашуусу үчүн жүрүп жаткан колонизатордук күрөштүн ачык далили. Бул аны саясий үстөмдүккө жана байлыктарды талап-тоноого умтулган ар бир ач көз тарапты кызыктырган аймакка айлантат. Ушул колонизатордук күрөштүн натыйжасында Хадрамаут да киреше катары гана кабыл алынган талаш-тартыш талаасына айланды. Бул болсо күрөштүн өтө курч мүнөзгө ээ болушуна алып келди.

Эмираттар Британиянын саясатын Йемен түштүгүндө гана эмес, Африка мүйүзү жана Түндүк Африка боюнча да жүргүзүп келет. Ал өз портторун, Араб деңизиндеги портторду жана Баб-ал-Мандеб кысыгын артында турган күчтөрдүн кызыкчылыктарын камсыз кыла тургандай абалга келтирүүдө. Ал эми Сауд Арабиясынын Хадрамаутту көзөмөлдөөгө умтулуусу америкалык колонизатордук таасирдин жайылышын билдирет. Бул ага Хадрамауттун мунайын Араб деңизи аркылуу, Индия жана Тынч океандарына көздөй чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Баб-ал-Мандеб жана Кызыл деңиздеги жүрүп жаткан туруксуздуктарга альтернатива болуп эсептелет.

Ал эми Сауд Арабиясы 2015-жылдагы «Чечкиндүү бороон» (عاصفة الحزم) операциясынан бери Эмираттарга каршы атаандаш же тең салмактоочу катары кийлигишүү үчүн бардык аракеттерин жумшады. Ал 2013-жылы түзүлгөн Хадрамаут урууларынын альянсын жана «Улуттук калкан» күчтөрүн Эмираттар колдогон Өткөөл кеңештин аракеттерине каршы туруу үчүн саясий беткап катары пайдаланууда. Бүгүн Сауд Арабиясы америкалык күн тартиптин көрсөтмөлөрүнө ылайык кыймылдап, Хадини жана ал-Алимини жасалма колдоо аркылуу бул планды ишке ашырууну көздөйт. Болбосо Эр-Рияд менен Абу-Дабинин аймакта өз алдынча саясий иштерди жүргүзүүгө кудурети кайдан болмок эле?!

Демек, жаңжалдар мунайга, деңизге, портторго, жолдорго жана стратегиялык жайгашууга байланыштуу. Аларды эки колонизатордук мамлекет башкарат, алардын айланасына батыштык компаниялар жана инвестициялар топтолгон. Жергиликтүү агенттердин бул колонизатордук күчтөр менен кызматташып, аларга көз каранды болуп, алардын айткандарына ылайык иш-аракет кылып турушу тышкы таасирдин тереңдеп, сакталып калышын жеңилдетет.

Айрымдар: «Эмне үчүн Адендеги азыркы режимдин “мыйзамдуулугу” жана институттары алсыз?» — деп сурашы мүмкүн. Буга жооп иретинде айтабыз: бул Американын Йеменди толугу менен ала албагандан кийин, аны бөлүк-бөлүк кылып башкарууну жеңилдетүү үчүн жасаган кысымдарынын натыйжасы. Американын Сауд Арабиясы аркылуу Аденге көрсөткөн кысымы үзгүлтүксүз жана көп кырдуу. Британия да, Аден өкмөтү да ага каршы тура албайт.

Ал эми Йемендин түндүгүндө Америка хусийлерди колдоп, Сауд Арабиясын аларды Санада бийликте калтырууга мажбурлады, жок кылууга жол бербеди. Эл аралык аянтчаларда аларды коргоду, Стокгольм келишимин түздү, Британия агенттеринин Ходейда портуна жетүүсүнө тоскоол болду жана аларды порттун айланасынан, ошондой эле Сана шаарынын четинен артка чегинүүгө мажбурлады. Бул нерсе акыл калчаган ар бир байкоочуга айкын.

Бүгүнкү күндө жүрүп жаткан оюн — бир Өткөөл кеңештин ордуна башка Өткөөл кеңешти алып келүү. Бирок маселе оңой эмес: Сауд Арабиясынын депозиттери Адендеги валютанын негизги тиреги болуп турат жана Эл аралык валюта фондунун насыя программалары менен шайкеш келет. Ошондой эле Сауд Арабиясынын Хадрамаутка географиялык жакындыгы, «Харахир – Наштун» мунай кууру долбоору жана Сауд Арабиясы менен байланышкан жарандык жана аскердик күчтөр Британиянын Йемен түштүгүндөгү пландарына тоскоол болуп, аны Америка менен келишүүгө мажбурлоодо. Британия көзөмөлдүн көптөгөн негизги элементтеринен жергиликтүү таасир күчтөрүнүн пайдасына баш тартты, бирок «төөнүн астында дагы бир төө бар». Түштүктө Эмираттардын эмне кылып жатканы даана көрүнүп турат, ошондой эле Сауд Арабиясынын Хадрамауттагы ролун кайра жандандыруу үчүн жасап жаткан аракеттери да баарына маалым. Ал Амр бин Хабриш жетектеген Хадрамаут урууларынын альянсын жана Хадрамаут Улуттук кеңешин колдоо аркылуу өз таасирин кеңейтүүдө. Бул — Йемендеги Британия менен Американын ортосундагы күрөштүн алкагында жүрүп жаткан процесс.

Жыйынтыктап айтканда, Йемен эски колонизатор Британия менен жаңы колонизатор Америка ортосундагы күрөштүн талаасына айланды. Бул экөөнөн өзүнчө, алардан бөлүнгөн ички жаңжал жок. Болгону Америка Сауд Арабия аркылуу, Британия Эмираттар аркылуу таасир үчүн тирешип жатат. Ар бир тарап өз кожоюнунун долбооруна кызмат кылуу үчүн жергиликтүү куралдарды пайдаланууда. «Чечкиндүү бороон» деген калкан астында болгон аракеттердин чыныгы максаты хусийлерди жок кылуу эмес, Йемендеги таасирди Америка менен Британиянын кызыкчылыктарына ылайык кайра жөнгө салуу болгон.

Алгачкы көз ирмемден тартып эле Йемендеги аскерий кийлигишүү «мыйзамдуулукту» калыбына келтирүү үчүн эмес, Американын максаттарын ишке ашыруу үчүн жасалганы айкын болгон. Мунун далили — хусийлердин Санада калып, андан ары кеңейиши жана эл аралык өкүлдөрдүн колдоосу. Ошондой эле Стокгольм келишими аскерий чечимди тоңдуруп, Ходейда портун хусийлердин колунда калтырды, бул болсо аларды жеңилүүдөн сактап калды. Мындан тышкары, хусийлерди «реалдуу күч» катары үзгүлтүксүз саясий жана маалыматтык колдоо жүрүп жатат. Ал эми Өткөөл кеңеш элге каршы кылмыштарына жана яхудий түзүмү менен нормалдашууга умтулуусун ачык жарыялаганына карабастан, түштүктүн «куткаруучусу» катары көрсөтүлүүдө.

Бүгүн биз түндүктө көрүп жаткан көрүнүш — бир катар уруулар уруулук «белгисин» жарыялап, ар кандай кагылышууга даярдыгын көтөрүп, «динди жана суверенитетти коргоо, зулумга учурагандарды колдоо» деген ураан астында «америкалык жана израилдик душманга жана алардын куйруктарына» каршы куралдуу позицияны ээлеши чыныгы адилеттикке жооп болбойт. Бул коомдук басым куралы катары колдонулуп, Өткөөл кеңешке каршы мүмкүн болгон аскерий кадамдарды актоо жана Марибди коргоо үчүн пайдаланылууда. Бул — Америка менен Британия куралдарынын ортосундагы ролдорду бөлүштүрүүнүн алкагындагы көрүнүш.

Түндүк менен түштүктүн ортосундагы, же «мыйзамдуулук» менен Өткөөл кеңештин ортосундагы жаңжал бар деген кеңири тараган элес — саясий аң-сезимди тумандаткан элес. Анткени улуттук жана уруучул аталыштарга көңүл буруу үммөттү исламий акыйкаттын өзөгүнөн алыстатып, мусулмандын Ислам өкүмдөрү менен болгон байланышын үзөт.

Бул топтолуу кордоочу вакыйлыкты четке какканын көрсөтсө да, ал Йемендеги эл аралык күрөшкө гана кызмат кылган, аң-сезимдүү исламий саясий долбоорго негизделбеген иш бойдон калууда. Ошондуктан ал аймактык тараптардын же ички колонизатордук куралдардын оңой эле пайдалануусуна ачык. Бул элдик каршылыкты шариятка ылайык тартиптелген, аң-сезимдүү кыймылга айландыруу важиб. Ал кыймыл элди бөлбөстөн бириктирген, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рашид Халифалыкты тикелөөгө карай багыт алышы керек.

Акырында айта кетүүчү нерсе: Йемендеги болуп жаткан окуялар элдин кызыкчылыгына эч тиешеси жок, алардын байлыктарын талап-тоноого багытталган эл аралык таасир күрөшү гана. Колонизаторлордун куралдары мусулмандардын каны эсебинен өз кожоюндарынын пландарын ишке ашырууда.

Жалгыз түпкү чечим — бардык мусулмандарды, анын ичинде Йеменди да Ислам роясы алдында бириктирген рашид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн кыймылга келүү. Бул мамлекет каапыр колонизатордун жана анын куралдарынын колун жерибизден кесет, байлыктарыбызды Батыштын жана анын куйруктарынын колунан бошотот.

Устаз Абдулмахмуд ал-Амири — Йемен вилаяты

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button