Сакофат
Trending

Эмне үчүн вакыйлыкты терең билүү шарий өкүмдүн күчүн аныктайт?

Эмне үчүн вакыйлыкты терең билүү шарий өкүмдүн күчүн аныктайт?

Ислам укугунда шарий чечимдерди чыгаруу процесси (ижтихад) мужтахид жооп бериши керек болгон бир катар так белгиленген шарттарга негизделет. Аларга араб тилин мыкты билүү, шарий далилдерди жана өкүмдөрдү түшүнүү, усул ал-фикх эрежелерин, ошондой эле чечим чыгарууну талап кылган маселенин реалдуу абалын терең билүү кирет. Бул шарттардын баары милдеттүү жана бири-бири менен тыгыз байланыштуу. Буга карабастан,  тажрыйба жана ижтихаддарды талдоо көрсөткөндөй, көп учурларда чыгарылган өкүмдүн тууралыгын аныктоочу чечүүчү фактор – дал ушул реалдуулукту терең билүү жана манат ал-хукмду так аныктоо болуп саналат.

Шарий өкүм реалдуулуктан ажыраган абалда келбейт, анткени ал конкреттүү иш-аракеттерди, кубулуштарды жана мамилелерди тартипке салуу үчүн түшүрүлгөн. Демек, текстти түшүнүү жана туура истидлал (усул ал-фикхтин негизинде далилден өкүм чыгаруу процесси) менен бирге, бул өкүм иш жүзүндө так эмнеге карата колдонуларын аныктоо зарыл. Бул – манат ал-хукм деп аталат, тактап айтканда, Шарият белгилүү бир өкүмдү кайсы бир реалдуулукка же белгиге байланыштырган болсо, ошол нерсенин өзү. Бул баскычтагы катачылык, өкүм жада калса ачык жана күчтүү далилдерге таянып чыгарылса да, шарий өкүмдүн ката колдонулушуна алып келет.

Мисалы: Сүткордук (риба) тууралуу өкүм талашсыз жана эч кандай күмөн жаратпайт, бирок катачылык көбүнчө конкреттүү бир каржылык операция дал ушул сүткордукка киреби же жокпу деген жерди аныктоодон келип чыгат. Башкача айтканда, маселе тыюу салынган өкүмдүн өзүндө эмес, ошол тыюунун так эмнеге карата колдонулуп жаткандыгын түшүнүүдө болот. Ушул сыяктуу эле, аракка (хамрга) тыюу салуу өкүмүндө талаш жок, бирок кайсы бир конкреттүү зат “хамр” категориясына киреби же кирбейби деген жерин аныктоодо кыйынчылыктар жаралат. Бул манатты ката түшүнүү, өкүмдүн туура эмес колдонулушуна алып келет. Киши өлтүрүүгө тыюу салуу маселеси да, дал ушундай: өкүм айдан ачык болсо да, бирок жасалган иш атайылап кылындыбы же мыйзамдуу коргонуудан келип чыгып жатабы деген жери анык эмес болгондуктан катачылык келип чыгат. Бардык абалдарда шарий далил туура бойдон кала берет жана усул ал-фикх эрежеси сакталат, бирок реалдуулукту жетишсиз, же үстүртөн түшүнүүнүн айынан манат ал-хукм туура эмес аныкталып калат. Туура жана күчтүү өкүм чыгаруу үчүн дал ушул реалдуулукту туура түшүнүү, чечүүчү фактор.

Ушул себептен улам, усул ал-фикх аалымдары, бул иллеттин бар же жок экендигин аныктоо – реалдуулукту  терең түшүнмөйүнчө мүмкүн эмес экенин белгилешкен. Дал ушул жерде, шарий өкүм менен конкреттүү реалдуулуктун ортосундагы шайкештикти аныктоо, канчалык маанилүү экени айкын көрүнөт. Иш жүзүндө, фатвалардагы жана ижтихаддардагы каталардын же алардын алсыздыгынын себеби, көбүнчө тексттерди же усул эрежелерин билбегендиктен эмес, тескерисинче, өкүм колдонула турган нерсени үстүртөн же бурмаланган түрдө түшүнүүдөн келип чыгат. Натыйжада, өзүнүн негизинде туура болгон шарий өкүм, анын манаты болуп эсептелбеген нерсеге карата колдонулуп калышы мүмкүн. Ал эми бул, катачылыкка же адилетсиздикке алып келет.

Бул принципти шейх Такиюддин ан-Набхани (рахимахуллах) өзгөчө так жана ырааттуу түрдө баса белгилеген. Ал реалдуулукту түшүнүүнү, ижтихад методологиясынын алтын казыгы катары караган. Ал шарий өкүмүн чыгаруу – каралып жаткан реалдуулукту туура жана толук түшүнүүнүн түз натыйжасы экенин кайра-кайра айтып келген. Бул аныктама, өкүмдү анын манатынан ажыратууга мүмкүн эмес экенин, ал эми реалдуулукту түшүнүүдөгү катачылык сөзсүз түрдө чыгарылган чечимдин ката болушуна алып келерин түшүндүрөт.

Ошондой эле, Ан-Набхани шарий өкүмдү реалдуулукту так түшүнмөйүнчө аны ага карата колдонуу мүмкүн эмес экенин баса белгилеп: «Реалдуулук так жана деталдуу түрдө түшүнүктүү болмоюнча, ага шарий өкүмдү колдонсо болбойт» деп айткан. Бул сөз, реалдуулукту түшүнүү ижтихаддын жардамчы элементи эмес, анын негизги баскычы экенин ачык көрсөтүп турат. Бул баскычсыз, ижтихад Шарияттын максат-милдеттеринен ажыраган, тексттер менен болгон майнапсыз машыгууга айланып калат.

Ан-Набханийдин методологиясындагы маанилүү жер – бул далил менен реалдуулуктун ортосундагы так айырмачылыкты аныктоо. Ал реалдуулук далилдин бир бөлүгү эмес, ал болгону өкүм колдонула турган объект экенин белгилеген. Муну менен ал шарий тексттердин өзгөрбөстүгү манаттын өзгөрбөстүгүн түшүндүрбөй турганын айткан. Реалдуулук дайыма өзгөрүп, татаалдашып, жаңы формаларга ээ болуп турат. Дал ушул себептен вакыйды терең билүү, ижтихаддын эң татаал жана жоопкерчиликтүү жерлеринин бирине айланат. Экономика, саясат жана социалдык жараяндар өзгөрүп турган маалда, факих шарият илимдерин канчалык жогорку деңгээлде билген болсо да, реалдуулукту терең түшүнмөйүнчө манатты туура аныктай албайт.

Мындан, шарий өкүмдүн күчү жана тууралыгы далилдин тууралыгына гана эмес, анын реалдуулукка канчалык шайкеш келип жаткандыгына да көз каранды экени ачыкталууда. Чыныгы шарий өкүмдү анын манаты болуп эсептелбеген реалдуулукка карата колдонуу –зулумдун, тактап айтканда, мыйзамдын адилетсиз колдонулушунун бир формасы болуп саналат. Анткени Шарият, бул өкүмдү мындай реалдуулук менен байлаган эмес. Дал ушул себептен, Набханий көптөгөн заманбап фикхтеги ыкмаларды усул ал-фикхти билбегендиги үчүн эмес, тескерисинче, фикх ал-вакиънин (реалдуулук фикхинин) жоктугу жана манат ал-хукмду ката аныктагандыгы үчүн сынга алган.

Ошентип, ижтихаддын бардык шарттары милдеттүү болгону менен, каралып жаткан маселенин реалдуулугун билүү жана манат ал-хукмду туура аныктоо, көп учурларда шарий өкүмдүн тууралыгын аныктоочу башкы фактор болот. Тахкык ал-манатсыз, башкача айтканда, шарий өкүм менен колдонула турган реалдуулуктун ортосундагы шайкештикти аныктоосуз – усул ал-фикх эрежелерин так сактоо, атүгүл далилдин күчтүүлүгү да, өкүмдүн Шарияттын максаттарына шайкеш келүүсүн камсыз кыла албайт. Бул болсо, чыныгы адилеттүү ижтихадга умтулган факих, шарий тексттерди терең билүү менен бирге, ошол тексттер колдонула турган реалдуулукту терең жана ар тараптуу түшүнүүнү байлай билүүгө милдеттүү экенин тастыктайт.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button