Макала
Trending

Жаңы Жакынкы Чыгыш модели (2)

Жаңы Жакынкы Чыгыш модели (2)

АКШ гегемониясынын аякташы жана Жакынкы Чыгыштагы геосаясий боштуктун күч алышы

Профессор Мухаммад Малкави

Төмөндөө доору

Суук согуш аяктагандан кийин Америка Кошмо Штаттары дүйнө үстүнөн көзөмөл кылуунун туу чокусуна жеткендей көрүнгөн. Советтер Союзу ыдырап, социалисттик системалар кыйрап, Фукуяма жар салгандай «тарыхтын аягы» жарыяланып, америкалык либералдык түзүм дүйнөнү тартиптеген жалгыз мүмкүн болгон калып катары кабыл алынды. Бирок дал ушул гегемониянын түркүктөрү курулган Жакынкы Чыгыш аймагы бүгүн бул түзүлүштүн жаракаларын ачууда.

XXI кылымдын акыркы жыйырма жылы түп-тамырынан бери өзгөрүүнү көрсөтүүдө. Американын ыкчам артка чегиниши жана акыркы жетимиш жыл бою Батыш үстөмдүгү таянган аймактык тартип ыдырап жатат. Бул боштук күчтөрдүн жоктугун эмес, тескерисинче, көзөмөл жүргүзүү жөндөмүнүн жоголушун, бекем көрүнгөн таасиринин солкулдап жатканын билдирет.

Чокудан артка чегинүү

Өткөн кылымдын 1990-жылдарында Вашингтон эл аралык тартиптин жалгыз башкаруучусу катары иш жүргүзгөн. Ал согуш менен тынчтыкты аныктап, санкцияларды киргизип, режимдерди кулатып, мамлекеттерди кайра куруучу күч катары көрүнгөн. Бирок кийинчерээк Афганистандан Иракка чейин жүргүзгөн «терроризмге каршы согуштары» үстөмдүк куралдарынан кризис фабрикаларына айланды. АКШ бул согуштардан алсыраган, тартип орното албаган, ишенимин жоготкон, экономикалык жана ахлакый чыгымдар менен оор жүк көтөргөн мамлекет абалында чыкты.

Империялардын аякташы сырттан эмес, күчкө көз карандылык башталган учурдан тартып башталат. Вашингтон да ушул илдетке кабылган. Ал үстөмдүк түбөлүктүү болот, акча, медиа жана курал тарыхты тоңдуруп коё алат деп ойлоп жаңылышкан. Бирок Кабулдагы жеңилүүдөн тартып Ирак, Сирия жана Йемендеги америкалык таасирдин солгундашына чейинки окуялар, ахлакый долбоорсуз колдонулган күч акыры өз ээсине жүк болуп каларын көрсөттү.

Американын Жакынкы Чыгыш моделинин кулашы

Америка гегемониясынын негизги тиреги «Жакынкы Чыгыш (4+2) модели» болуп эсептелет. Бул аймакты төрт аймактык күч (Иран, Түркия, Сауд Арабиясы жана “Израил”) аркылуу, эки эл аралык күчтүн (АКШ жана Россия) көзөмөлүндө башкаруу дегенди билдирген. Мындай формула Вашингтонго энергия жолдорун көзөмөлдөөгө, чек арадан ашкан альянстардын түзүлүшүнө жол бербөөгө жана жаңжалды «башкарууга мүмкүн болгон чек» ичинде кармап турууга шарт түзгөн.

Бирок бул формула ичинен эле ыдырай баштады:

  • Түркия акырындык менен Атлантика огунан алыстап, Москва менен Бээжиндин ортосунда термелген өз алдынча багытка өттү.
  • Иран курчоого туруштук берип, Иракта, Сирияда, Ливанда жана Йемендe таасирин кеңейтти.
  • Сауд Арабиясы Американын коопсуздук кепилдигине ишенимин жоготкондон кийин альянстарын диверсификациялай баштады.
  • (израил) ички карама-каршылыктарга батты жана Газада, Ливанда, Батыш жээкте ачык тирешүүгө кирип, бул анын аскердик артыкчылыгы чектелгенин ашкереледи.

Ал эми Россия 2015-жылы Сирияга аскерий кийлигишүүдөн кийин «экинчи даражадагы кепил» бойдон калбай, аймактын өзөгүндө Вашингтонго саясий жана аскерий жактан атаандашууда. Ошентип, америкалык тартиптин түркүктөрү ичинен жешилип, акыры Вашингтон союздаштарына да, атаандаштарына да өз эркин таңуулай албай калган абалга жетти.

Геосаясий боштук: көзөмөлдүн жоктугу

«Геосаясий боштук» – бул күчтөрдүн материалдык жактан жоголушу эмес, алардын тең салмактуулугун башкаруу жөндөмүнүн жоголушу. Американын кубаты али да зор бойдон калууда. Бирок ал окуялардын багытын аныктоого кудуретсиз болуп калды. Вашингтон эң маанилүү элементинин бири болгон туруктуу гегемониясын жоготту. Мурда ар бир кризис Америка көз карашы аркылуу чечмеленчү. Перс булуңундагы согуштардан тартып «араб жазы» деп аталган окуяларга чейин ушундай чечилген. Ал эми бүгүн бул медиа жана маалымат монополиясы ыдырады. Элдер өз платформаларына ээ болуп, дүйнө Газа, Украина же Судандагы согушту Ак үйдүн жалгыз линзасынан эмес, ар түрдүү көз караштардан көрүп жатат.

Бул боштук сөзсүз түрдө жаңы бир күч менен толтурулушу шарт эмес, тескерисинче, аймакты көп тараптуу атаандаштык аянтчасына айландырышы мүмкүн. Бир тараптан Россия менен Кытай, экинчи тараптан Иран менен Түркия, дагы бир тараптан бул мамлекеттерден тышкаркы күчтөр. Бирок бул сейрек кездешкен тарыхый мүмкүнчүлүк эмес. Анткени Американын гегемониясынын артка чегиниши аймактык тартипти жаңы негиздерде кайра аныктоого жол ачат.

Өзгөрүлүп жаткан дүйнөдөгү Жакынкы Чыгыш

Көп уюлдуулуктан кийинки дүйнөдө Жакынкы Чыгыш жөн гана четки аянт болуудан чыгып, эл аралык тартипти кайра калыптандырууда өзөктүү майданга айланды. Анткени энергия үчүн согуштар, деңиз жолдору, технология жана инфраструктуранын бардыгы дал ушул жерден өтөт.  Бирок айырма аймактык мамлекеттер ондогон жылдарга созулган көз карандылыктан кийин геосаясий аң-сезимге ээ болуп, чечим кабыл алууда өз алдынчалыкты издей баштаганында.

Аймактагы лидерлердин жаңы мууну коопсуздуктун жалгыз таянычы катары Вашингтонду гана көрбөй калды, тескерисинче, аны коркунуч булактарынын бири катары кабылдай баштады. Ушундан улам ийкемдүү альянстар көрүнүшү пайда болууда:

— Кытайдын ортомчулугу менен Сауд Арабиясы жана Ирандын жакындашуусу.

— Түркия менен Египеттин акырындык менен жакындашуусу.

— Индия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары жана Россиянын жаңы экономикалык блокторго (мисалы, БРИКСке) кошулушу.

Мунун баары аймактын ой жүгүртүү картасын кайрадан чийүүдө. Берилгендиктер мурдагыдай туруктуу эмес, блоктор да жабык бойдон калган жок. Жакынкы Чыгыш акыркы жүз жылда биринчи жолу Сайкс–Пико картасынан тышкары ой жүгүртө баштап, тең салмакты өзү түзүүгө умтулууда.

Күч иллюзиялары: империянын артка чегине албаганы

Америка Кошмо Штаттары өзүнүн солгундап бара жаткан абалын аңдаганы менен, кантип артка чегинүүнү билбей жатат. Анткени ири империялар жеңилгенде эмес, мурдагы абалын сактап калууга өжөрлүк менен умтулган учурда кыйрайт. Мына ушундан Вашингтондун башаламан саясаты келип чыгууда:

—  Афганистандан стратегиясыз чыгып кетүү.

— Натыйжалуулугун жоготкон жана улам-улам салынган санкциялар.

— Ахлакый жана саясий баасы жогору болгонуна карабай, “Израилди” чексиз колдоо.

— Кыска мөөнөттүү кызыкчылыктарга негизделген альянстар аркылуу таасирди кайтарууга болгон аракеттер.

Бирок бул саясаттар мындан ары таасирин сактап кала албайт, тескерисинче, дүйнөдө альтернативага болгон муктаждык сезимин тереңдетүүдө. Ошентип, Американын ар бир коргонуу кадамы анын таасирин андан ары солгундаткан дагы бир кадамга айланууда.

Геосаясий боштуктун күч алуусубу же жаңы тартиптин башатыбы?

Биз чындап эле геосаясий боштуктун алдында турабызбы, же көп уюлдуу жаңы тартиптин жаралуу толгоосун баштан кечирип жатабызбы?

Боштуктун болушу ар дайым эле коркунуч эмес. Ал жаңы негиз салуунун учуру болушу мүмкүн. Америка гегемониясы аймакта тарыхты «тоңдуруп», тең салмактарды жасалма абалда кармап келген. Ал эми бүгүн анын солгундашы элдердин өз алдынча аракеттенүүсүнө жол ачып, күчтөрдүн көз карандылыгына эмес, көптүгүнө таянган табигыйраак аймактык тартипке эшик ачууда.

Бирок бул ыктымал элдердин жаңы уюлдарга ээрчүү менен чектелбестен, өз алдынча хазарий долбоорун түзө алышына көз каранды. Эгер Жакынкы Чыгыш Вашингтонго көз карандылыктан Бээжинге же Москвага көз карандылыкка гана өтсө, анда боштук толбойт. Болгону анын формасы өзгөрөт.

Саясий Ислам жана өзөккө кайтуу

Бул өзгөрүү шартында эң чоң боштук саясатта эмес, идеянын өзүндө. Америка гегемониясынын солгундашы аймактык күчтөргө орун ачты, бирок азырынча ырааттуу хазарий долбоор жок. Ошондон улам эски суроо жаңы формада кайрадан коюлат: Ислам үммөтү дүйнөгө өзүнүн көз карашын сунуштай алабы?

Ислам кыймылдары канчалаган четтетүүгө, кысымга жана бурмалоого туш келсе да, бул боштукту толтура ала турган ахлакый жана руханий булак бойдон калууда. Бирок өзөккө кайтуу жабылуу же тарыхый романтизм дегенди билдирбейт. Ал Исламий фикраттын эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап саясий долбоорго айлануусун билдирет. Бул «1+0 модели», тагыраагы, тышкы кепилге муктаж болбогон, ички биримдикке негизделген түзүм.

Гегемониянын аягы жана жаңы тарыхтын башталышы

Жакынкы Чыгыштан да ашып түшкөн, бүтүндөй дүйнөлүк тартипке тиешелүү фикирий жыйынтык бар. Дүйнөнү бир борбордон башкарган империялар доору аяктады. Азыр дүйнө уюлсуздук баскычына кирип жатат. Ал тең салмактуулукту таңуулоо менен эмес, өз ара аракеттенүү аркылуу түзүлөт.

Бул учур т.а. Америка гегемониясынын кулашы жөн гана саясий окуя эмес, күч менен маанини кайра аныктаган цивилизациялык бурулуш. Вашингтон артка чегингенде, «боштукту ким толтурат?» деген суроонун ордуна, «батыш либералдык фикраты алсырагандан кийин дүйнөнү кайсы фикрат жетектейт?» деген суроо маанилүү. Дал ушул суроодо Ислам үммөтүнүн тарыхый мүмкүнчүлүгү жатат. Ал рух, адилет жана акылды тең салмактаган альтернативдүү үлгүнү дүйнөгө сунуштай алат. Пайдага гана негизделген хазараттан келип чыккан керектөө жана ыдыроо айлампасынан адамзатты сактап кала алат.

Жыйынтык: боштук аяктоону түшүндүрбөйт

Америка гегемониясы аймак элдерин үстүндөгү бороондон коргогон, бирок көтөрүлүүгө жол бербеген жапыз чатырга окшош болчу. Бүгүн болсо, баш аламандыкка жана кан төгүүгө карабай, бул чатырга жарака кете баштады. Анын кулашы коркунучтуу болгону менен аймак үчүн чыныгы тарыхтын башталышы болушу мүмкүн. Анткени боштук, «убакыттын аягы эмес, тоңуп калуунун аягы». Эгер бул мейкиндик адилет жана өз алдынча долбоор менен толтурулбаса, аны башкалар өз долбоорлору менен толтурушат. Бирок азыркы учур Жакынкы Чыгышка сырттан кайра калыптандырылууга эмес, акыркы жүз жылда биринчи жолу өз тең салмагын өзү калыптандырууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

Ошентип, Америка гегемониясынын аякташы дүйнө үчүн трагедия эмес, жаңы тарыхтын башаты…

Бул жолу Жакынкы Чыгыш тарыхта жөн гана жазылып коюлбастан, аны өзү жазышына мүмкүнчүлүк бар.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button