Роя гезити

Эмне үчүн Америка Мадурону кулатууну каалады?

Эмне үчүн Америка Мадурону кулатууну каалады?

Венесуэла эч качан Америкадан алыс болгон эмес. Бирок Николас Мадуронун башкаруусу маалында ал Америка орбитасында айланып турган өлкөдөн анын капталындагы геосаясий түйүнгө айланды. Ошондон бери адам укуктары же шайлоолордун калыстыгы тууралуу маселелерде жаңжал уланып келүүдө. Негизинен ким чечим кабыл алат, ким байлыкты көзөмөлдөйт жана ким таасир карталарын сызат деген суроолордун айланасында жаңжал жүрө баштады.

Трамптын администрациясы «венесуэлалык элди куткаруу» деген ураанды көтөрдү, дүйнөнүн башка жерлеринде да ушуга окшош ураандарды колдонду. Бирок тарыхый тажрыйба Америка зулумдукка өзү үчүн каршы чыкпай турганын, тескерисинче, ага баш ийбеген режимдерге каршы турарын көрсөтүп келет. Анткени Мадуронун режиминен да катуу репрессия жүргүзгөн канча режимдер Америкадан толук колдоо алган, себеби алар рынокторун ачкан, чечим кабыл алуу укугун өткөрүп берген жана коопсуздугун анын эркине байлашкан. Демек, маселе Мадуронун кантип башкарганында эмес, ал кимдин эсебинен жана кимдин кызыкчылыгы үчүн башкарганында.

Мунай — бул үнсүз жүргөн күрөштүн өзөгү. Анткени Венесуэла дүйнөдөгү эң ири далилденген мунай запасына ээ. Бул факттын өзү эле эмне үчүн мындай катуу бутага алынганын түшүндүрүүгө жетиштүү. Ал эми америкалык көз карашта коркунуч андан да күчөдү, анткени америкалык компаниялар четтетилип, мунай экспортунун чоң бөлүгү Кытай менен Россияга багытталды. Ушул мааниде Мадуро жөн гана мунайга бай өлкөнүн президенти эмес эле. Ал Америка көзөмөлүнөн чыгып кеткен стратегиялык байлыктын «кароолчусу» болуп калды. Ал эми Американын колонизатордук түшүнүгүндө бул кечирилгис кылмыш болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Россия жана Кытайдын Венесуэла менен жакындашуусу Монро доктринасына ачык сокку ургандай болду. Бул доктринага ылайык, Америка бир кылымдан ашуун убакыттан бери Латын Америкасын өзүнүн өзгөчө таасир аймагы деп эсептеп келет. Бирок Венесуэла Америкадан уруксат сурабастан Кытай жана Россия багытындагы блокко эшиктерин ачты. Чыныгы коркунуч да ушунда: географиялык жактан түздөн-түз Америкага чектеш аймакта АКШнын атаандаштарын кабыл алган «баш ийбеген» мамлекет. Бул америкалык саясий аң-сезимде кабыл алгыс стратегиялык чакырык болуп саналат.

Америка бул үлгүнүн башка мамлекеттер үчүн азгырыкка айланып кетишинен, гегемониядан бошонуу жана америкалык «альтернативанын» жалгыз тандоо катары «ыйыктыгын» бузуу идеясы жайылып кетишинен да коркот.

Венесуэлада болуп жаткан окуялар америкалык багыттын бардык «ахлакый боёкторун» сыйрып таштады. Анткени маселе эч качан калктын эркиндиги болгон эмес, тескерисинче коркунучка кабылган таасир, көзөмөлдөн чыгып кеткен байлык жана көз каранды болуудан баш тарткан режим тууралуу болуп келген. Ошентип, бул окуя ар жерде кайталанат: ким жалпы агымдан чыгып кетсе, ал адегенде курчоого алынат, андан соң бутага айланат. Зулум же диктатор болгондугу үчүн эмес, көз карандысыз болууну чечкени үчүн.

Эгерде элдер өз аң-сезимин калыбына келтирбесе жана сырттан келген «куткаруу» деген багытты талдап-чечмелебесе, алар өздөрү үчүн эмес, өздөрүнүн эсебинен жүргүзүлгөн күрөштөрдүн баасын төлөй беришет.

Ошондой эле Ислам үммөтү Американын чыныгы жүзүн аңдап түшүнүшү керек. Андан жардам күтпөшү, жеңишти андан сурабашы зарыл. Тескерисинче, анын гегемониясынан жана ага моюн сунган чыккынчы башкаруучулардан арылып, өз чечиминде көз карандысыз болушу керек. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу ишке ашат. Ошондо үммөт тирилет.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).

Ошентип, үммөт Америкадан жана бардык колонизатордук мамлекеттерден дүйнөнү куткарат.

Устаз Мунис Хамид – Ирак вилаяты

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button