Роя гезити

Американын Иранга каршы согушундагы салыштырмалуу тынчтанууга сереп

Американын Иранга каршы согушундагы салыштырмалуу тынчтанууга сереп
Иран менен Американын ортосундагы аскерий жана саясий чыңалуулардан кийинки Американын Иранга каршы согушу пайда кылган азыркы морт абал бир катар баа берүүгө түрткү болууда. Бул чыңалуулар Жакынкы Чыгыштын жана бүтүндөй дүйнөнүн деңгээлинде болуп, аны менен катар энергетика базарларында жана деңиз жолдорунда туруксуздук орун алды. Болуп жаткан окуялар коопсуздук, экономикалык жана саясий эсеп-кысаптардын, алардын кесепеттеринин, ошондой эле аймактык жана эл аралык мамлекеттердин кызыкчылыктарынын татаал айкалышы болуп саналат. Ошондуктан бул деэскалацияга бири-бири менен байланышкан бир нече өңүттөн кароо зарыл. Окуяга Американын көз карашынан гана эмес, бул согуштун натыйжасында зыян тарткан Ирандын, аймактагы мамлекеттердин, Кытайдын, Европанын жана дүйнөнүн калган мамлекеттеринин көз карашынан да кароо керек.
Америка 2026-жылдын 28-февралында ашкере текебердик менен Иранга каршы согуш баштады. Мунун максаты Иранды Американын орбитасында айланган мамлекеттен ага малай мамлекетке айландыруу жана анын жаңы Жакынкы Чыгыш жөнүндөгү стратегиясын ишке ашыруу эле. Америка бул согуш өз максатына жетүү үчүн саналуу гана күндөргө созуларын жарыялаган. Бирок Революциялык гвардиянын ичиндеги айрым үндөр Американын жасаган иштери жана биринчи, экинчи катардагы жетекчилерди өлтүрүшү Ирандын кырк жылдан ашуун убакыт бою Америкага көрсөткөн кызматтарын эске алууга себеп болбогонун көрүштү. Революциялык гвардия соккуну өзүнө сиңирип, өлкө ичиндеги башаламандыктарды көзөмөлгө ала алды жана жаңы лидерди дайындоого жетишти. Ошентип, ал Американын орбитасында айлануудан кутулуу мүмкүнчүлүгүн көрдү. Бул үндөрдүн Американын каалоолоруна макул болгон саясий катмарга тийгизген таасири да байкала баштады. Натыйжада ал Американын базаларына жана яхудий түзүмүнө оор соккуларды уруп, аларга олуттуу зыян келтирди. Ошондой эле өзүнүн колундагы карталардын бири болгон Ормуз кысыгын жабууну пайдаланды. Мунун натыйжасында бул согуштун өлчөмдөрү жана кесепеттери дүйнөнүн бардык мамлекеттерине жетти.
Бул пикир согуш күндөрүндөгү жана андан кийинки окуяларга жараша бирде күчөп, бирде басаңдап турду. Андан кийинки сүйлөшүүлөрдүн биринде Ирандагы саясий тарап Америка менен согушту токтотуу боюнча келишимдин алкагына кол коюуга жетишти. Америка өзүнүн кыйын абалынан чыгуу үчүн ушул келишимге умтулуп, Пакистандагы жана башка жерлердеги малайлары аркылуу Иранга кол коюуга макул болсун деп басым жасады. Ошол учурда Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Рашта суроого жооп чыгарып, анда келишимдин беренелеринде камтылган тузактарды баяндап берген. Согуштун дагы бир нече күнгө кайра уланышы муну тастыктады.
Бул согуш Американын жарыялаган максаттарынын эч бирин ишке ашыра алган жок. Тескерисинче, анын алсыздыгын жана күчсүздүгүн көрсөттү. Согуш алты айдан ашык созулуп, бул мезгилде Американын ичинде саясий жана аскерий деңгээлде канчалык курч бөлүнүү бар экени ачыкка чыкты. Бул көптөгөн кызматтан алууларга жана отставкаларга алып келди. Ошону менен катар энергетика бааларынын кымбатташынан тарткан зыяндарынан улам согушту токтотууну талап кылган кеңири коомдук үндөр чыкты. Ок-дарылардын түгөнүп, запастардын сарпталып жатканы жана алардын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк жоктугунан улам аскерий каршылык да пайда болду. Анткени Америка экономикалык кризисти башынан өткөрүп, анын карызынын көлөмү 40 триллион доллардан ашты. Ал эми жетишсиздикти жоюу үчүн өндүрүшкө бир нече жыл керек. Бул Трамп менен анын Согуш министринин ортосунда ачык түрдө чыккан пикир келишпестиктен жана аскерий жетекчилердин согушту сөзсүз токтотуу керек деген талаптарынан көрүндү. Мындан тышкары, орто аралык шайлоолор да жакындап калды. Анын жыйынтыктары эки жылдан кийинки президенттик шайлоого таасир этиши мүмкүн.
Мунун баары Американы согушту токтотууга жана аны кыйын абалынан чыгарып, максаттарын ишке ашыра турган альтернативаларды издөөгө, же жок дегенде абалды азыркыдай сактап калууга түрттү. Ошентип, натыйжа бербеген деңиз блокадасы болду, ишке ашпай калган кургактыктан кирүү аракети болду, Сакчылар корпусу менен жашыруун сүйлөшүү каналдары түзүлдү, бирок алардан олуттуу натыйжа чыккан жок. Ошондой эле Ирандын Ливандагы, Йемендеги жана Ирактагы бутактарын андан ажыратуу үчүн аларга басым жасалды. Андан кийин Бабул-Мандеб кысыгынан өтүүнү камсыз кылуу үчүн Саудиянын 12ден ашуун мамлекет менен деңиз альянсы түзүлдү. Мунун артынан Саудия-Түркия-Пакистан коргонуу боюнча аскерий альянсы түзүлдү. Мунун максаты — мусулмандар бири-бирин өлтүрүү жана Иранды Американын талаптарына баш ийдирүү үчүн ага каршы басым картасы катары колдонуу болду. Муну менен катар Иранга зыян келтирүү үчүн экономикалык санкциялар да күчөтүлдү.
Ооба, Американын колунда Иранга чоң аскерий сокку уруп, ишти бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган аскерий жабдуу жана каражаттар бар. Бирок эгер ал буга барса, өзгөчө Кытай сыяктуу атаандаштарынын алдында дүйнөдөгү биринчи мамлекет катары ордун сактап калуусуна коркунуч туудура турган деңгээлде алсырап, ресурстары түгөнөт. Ошондой эле өлкөлөр менен элдер зыян тартып, Америка аларды Ирандын соккуларынан коргой албай калгандыктан, аймактагы акимдер көрсөткөн нааразылык жана кыжырдануу дагы да ачыкка чыгат. Мындай сокку аймактык гана эмес, бүтүндөй дүйнөлүк деңгээлде башаламандыкка алып келиши мүмкүн. Америка мындай башаламандыкты башкара албай калып, окуялар анын көзөмөлүнөн чыгып кетиши мүмкүн.
Америка дүйнөдөгү биринчи мамлекет болуп турган жылдар бою көнүп калгандай өлтүрүү, кыйратуу жана бомбалоону жүргүзүп келди. Иранда да ушундай кылды. Бирок эч нерсеге жетише албагандан кийин, азыркы замандын рувайбизаларына Иран менен болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды. Балким, алар Американы кыйын абалынан чыгарып, Ирандын ичинен ага кыянатчыларды таап, Американын өзү ишке ашыра албаган нерселерди ошолор аркылуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берер деген үмүттө болду. Бирок азыр Иранда Америкадан кутулууга чакыргандардын тарабы басымдуулук кылып баратканы көзгө көрүнүп турат. Эгер бул басымдуулук Аллахты ыраазы кыла турган жолдо пайдаланылбаса, көп өтпөй жок болуп кетет.
Биз бул кайрылуубуз менен Аллах Тааланын ыраазылыгынан башка эч нерсени көздөбөйбүз жана Иранда бийликти колуна алгандарга насыйкат кылабыз: силердин Америкага жана кол баласына жасаган соккуларыңар аларды оорутту, алардын алсыздыгын жана кордугун көрсөттү. Алардын колунда аскерий жабдуулар болгону менен, эркектери жок экенин көрсөттү. Силер болсо аскерий жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүңөр, Аллах Таала Иранга тартуулаган стратегиялык жайгашуу жана өз азык-түлүгүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берген географиялык ар түрдүүлүк, ошондой эле ага тартуулаган энергетикалык ресурстар, газ, кен байлыктар жана Раббаний мабда менен Аллах Азза ва Жалланын жардамы астында Иранды рошид Халифалыктын таяныч чекитине айландырууга кудуреттүүсүңөр. Андыктан тайпачыл, мазхабчыл жана улутчул кайрылууларды таштап, Исламдын Расулуллахка ﷺ кандай түшкөн болсо, ошондой таза, тунук кайрылуусун мусулмандардын элдерине жана алардын ихластуу аскерлерине багыттагыла. Анткени бул учур чечүүчү учур жана Аллах Тааланын берген мүмкүнчүлүгү. Балким, аны аң-сезимдүү, кулак салган адамдар угар.
﴿وَإِن تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لَا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾
«Эгер силер (Аллага моюн сунуудан) жүз буруп кетсеңер, Ал Зат (ордуңарга) силерден башка бир коомду алмаштырып койот. Андан кийин алар силерге окшогон болушпайт, (Тескерисинче Аллага моюн сунуп сыйынышат)!» (Мухаммад: 38).
Роя гезити
Др. Абдулилах Мухаммад — Иордания вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button