Роя гезити
«Америка биринчи» урааны алкагында Американын Европага карата саясаты

«Америка биринчи» урааны алкагында Американын Европага карата саясаты
Американын НАТОдогу өкүлү Мэтью Уитакер 2026-жылдын 1-октябрында: «Америка Европадагы аскердик күчтөрүнүн жайгашуусун жана алардын жайгашкан жерлерин кайрадан карап чыгууга багыт алууда», — деп билдирди. Ал: «Бул кайра карап чыгуу “Америка биринчи” саясатына негизделет», — деди. Бул билдирүү Американын Европа континентиндеги аскердик катышуусунун келечеги жана анын европалык союздаштары менен болгон мамилелери тууралуу суроолор улам көбөйүп жаткан учурда жасалды.
Бул мамилелердин тарыхына кайрылсак, Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өзүнүн обочолонуу саясатынан чыгууну чечкен. Анткени ал буга чейин колонизатордук ишмердүүлүгүн Жаңы дүйнө менен гана чектеп келген. Эми болсо колонизатор Европа үстөмдүк кылып келген Эски дүйнөгө кирүүнү чечкендей. Европа бул согушта өзүнүн күнөөкөр колдору менен жасаган кылмыштарынын айынан чоң кыйроого учураган эле. Америка муну Европанын жана Эски дүйнөнүн үстүнөн өзүнүн үстөмдүгүн орнотуу үчүн жасады. Анткени Европа талап-тоноп келген ал байлыктарга Американын да шилекейи агып турган. Ошондой эле ал Советтер Союзунун бул аймактарга үстөмдүк орнотуусуна жол бербөөнү көздөдү.
Ошентип, Америка НАТОну түзүп, аскердик базаларды куруп, Европага 80 миңге жакын аскерин жайгаштырды. Анын экономикасын көзөмөлгө алуу үчүн Маршалл планын ишке киргизди жана экономикалык-саясий үстөмдүгүн камсыз кылуу максатында өзүнүн компанияларын киргизди.
Советтер Союзу кулап, анын Европага болгон коркунучу жоюлду. Бирок Америка Европанын үстүнөн өзүнүн үстөмдүгүн сактап калды жана өзү жетектеген НАТОну тараткан жок. Европа болсо бул үстөмдүктөн кутулуу үчүн аракет кыла баштады. Ошентип, ал союз түздү. Бирок бул союз өзүн коргой турган жана саясатын ишке ашыра турган аскердик күчкө ээ болгон бирдиктүү саясий күчкө айлана алган жок. Европа европалык армиянын пайдубалын түптөгөнү менен, аны өнүктүрүүгө жетише алган жок. Ошондой эле Америкага каршы туруу үчүн өзүнүн экономикасын жана саясий позициясын чыңдоо максатында Россия менен жакындаша баштады.
Муну жокко чыгаруу үчүн Америка алардын ортосунда согуш тутандырууну чечти. Ошентип, ал Украинаны Россияга каршы чагымчылык кылууга түрттү. Россия болсо өз кезегинде 2022-жылы Украинага басып кирди. Ушундайча Америка Европага катуу сокку урууга жетишти. Европа ушул күнгө чейин ал соккудан өзүнө келе албай жатат. Американын максаты Европаны алсыратуу, аны өзүнө муктаж абалда кармоо жана анын үстүнөн үстөмдүгүн сактап калуу болгондуктан, Европаны Россияга каршы жалгыз күрөшүүгө мажбурлоону чечти. Ошентип, «Америка биринчи» деген ураанды кабыл кылды. Ошондуктан Американын 2025-жылдын 5-декабрында жарыялаган стратегиясында Европага байланыштуу төмөнкүлөр айтылган:
«Американын Европага карата стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөрдөн турат:
– Европанын өзүнө таянуусуна мүмкүнчүлүк түзүү;
– Өзүн коргоодо негизги жоопкерчиликти өз мойнуна алышы;
– Россия менен стратегиялык туруктуулукка жетишүү;
– НАТОну чексиз кеңейе бере турган альянс катары кароо түшүнүгүнө чекит коюу;
– Европа базарларын Американын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн ачуу, ошондой эле америкалык жумушчулар менен компанияларга адилеттүү мамиле жасалышын камсыз кылуу;
– Америка дипломатиясы Европада чыныгы демократияны жана сөз эркиндигин коргоону улантышы керек. Анткени Европа мамлекеттери өздөрүн реформалай алышпайт жана алар саясий кризиске баткан. Ал эми улуттук партиялардын күч алышы оптимизмге негиз берген олуттуу себеп болуп калды».
Бул пункттар Американын Европага карата максаттарын тастыктайт. Акыркы пунктта Америка Европаны реформалоо жана андагы демократияны коргоо деген аталыш менен анын үстүнөн өзүнүн үстөмдүгүн сактап калууну каалап жатканын баса белгилейт. Ошондой эле ал расисттик улутчул партияларды колдой турганын ырастайт. Бул партиялар диктатордук мүнөзгө ээ. Анткени Америка Европа мамлекеттеринин ички абалын туруксуздаштырууну, Европа Биримдигин жана анын валютасы болгон еврону кулатууну каалайт. Муну ал өзүнүн чыгымдарын азайтуу үчүн Европада көп сандагы америкалык аскерлерди кармап турууга муктаж болбостон ишке ашырууну көздөйт. Маалыматтарга караганда, Америка Европадан 40 миң аскерин чыгарып кетүүнү каалап жатат.
Европа бул катуу соккудан кийин Америка менен болгон мамилелерин кайра карап чыгып, Америкага таянбастан өзүн аскердик жактан кайра куруу үчүн күчтөрүн топтой баштады. Ошондуктан 2025-жылдын март айында «Европанын коргонуусу боюнча ак китеп — 2030-жылга карата даярдык» аттуу документти жарыялап, Европанын коргонуу инфраструктурасын чыңдоо үчүн 800 миллиард евро бөлдү. Ал эми Европа Биримдигиндеги биринчи экономикалык күч жана анын негизги тиректеринин бири болгон Германия 2023-жылдын июль айында коопсуздук стратегиясын, 2026-жылдын апрель айында дагы бир аскердик стратегиясын жарыялады. Анда «2039-жылга чейин Германия армиясын Европадагы эң күчтүү үзгүлтүксүз армияга айландыруу» каралган. Германия жарандык өнөр жай компанияларын аскердик өндүрүш менен алектенүүгө үндөй баштады. Ошондой эле Франция менен француз ядролук күчтөрүн европалык ядролук күчкө айландыруу боюнча келишти. Мындан тышкары, Россияга каршы туруу үчүн Балтика мамлекеттеринде туруктуу аскердик база түздү. Анткени Россия бул мамлекеттерди басып алууну көздөйт, себеби алар Россиянын Калининград аймагын курчап турат.
Ошол эле учурда Америка Россия менен өз оюнун жүргүзүүдө. Ал Украина согушун тутандыруу аркылуу Россияны Европадан алыстатуу менен гана чектелбестен, аны өзүнүн максаттарына баш ийдирүү үчүн ага каршы катаал санкцияларды киргизүүдө. Анткени Америка мурда Европа пайдаланып келген Россиянын мунай ресурстарын өз көзөмөлүнө алууга умтулууда. Ошондуктан Американын президенти Трамп 2026-жылдын 10-октябрында «Россиянын президенти Путин менен Америка жана дүйнөлүк базарларга ири көлөмдө дизель отунун жеткирүү боюнча макулдашканын» жарыялады. Бул жерде дүйнөлүк базарлар дегенде, өзгөчө Европа көздөлүүдө. Анткени Американын Иранга каршы агрессиясынын айынан Америкадагыдай эле Европада да дизель отунунун баасы эки эсеге өскөн. Демек, Америка Россиянын дизель отунун сатып алып, аны Европага жана башка өлкөлөргө сатып, эбегейсиз киреше табууну көздөп жатканы көрүнүп турат. Келечекте анын Россия газын сатып алып, Европага кайра сатуусу да жокко чыгарылбайт. Ушундайча улана бериши мүмкүн.
Америка өзү Россияга каршы киргизген санкцияларды бузду, бирок Европанын аларды бузуусуна жол берген жок. Америка өзүнүн европалык союздаштарына эч кандай маани бербейт. Ал аларды Россияга каршы санкцияларды киргизүүдө өзүнө ээрчүүгө мажбурлап, Россиядан товар импорттоосуна тыюу салат. Андан кийин өзү келип, Россиядан импорт кыла баштайт! Демек, Америка үчүн өзүнүн кызыкчылыктары менен үстөмдүгүнөн башка эч нерсе маанилүү эмес. Айрыкча, «Америка биринчи» урааны алкагында бул дагы да ачык көрүнүүдө. Бул максатка жетүү жолунда ал досту да, душманды да билбейт.
Маселе көбүрөөк Европанын өзүндө жатат. Анткени ал НАТО деген ат менен Американын жардамына жана аскердик коргоосуна таянып алды. Чындыгында болсо булар Американын Европа үстүнөн үстөмдүк орнотуу каражаттары гана. Натыйжада Европа мамлекеттери жана алардын элдери экономика менен бакубат жашоого көңүл буруп, саясий жана аскердик тармактарды көңүл сыртында калтырышты. Ошондуктан алар күчтүү саясатчыларды тарбиялап чыгара албай калышты жана өз жарандарынан турган армияны түзүүгө да кудуреттери жетпеди. Европадагы башкаруу түзүмү да күчтүү бийликтин пайда болушуна тоскоолдук кылат. Анткени ал өз кызыкчылыктары үчүн бири-бири менен тирешкен партиялардын коалицияларынан өкмөт түзүүгө негизделген. Европа өзүнүн биримдигин да кура алган жок. Себеби улутчулдук бул биримдикке тоскоолдук кылган терең аңдарды казып койгон. Ошондуктан Европа мамлекеттери түзгөн биримдик назик болуп, кыйроо коркунучуна дуушар болууда. Анткени бул мамлекеттер өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнөн баш тартып, бирдиктүү саясий түзүлүшкө биригүүнү каалашпайт. Европа дүйнөлүк таасиринин чоң бөлүгүн жоготту жана аны кайра калыбына келтирүүгө кудурети жетпейт. Анткени ал мурда колонизаторлукка таянып, башкалардын, айрыкча Африка менен Азиянын байлыктарын талап-тоноп, ал өлкөлөрдү өз товарларын сатуу базарларына айлантып келген.
Маселе ошондой эле капиталисттик мабданын өз элдерин бирдиктүү коомго айландырууда ийгиликсиздикке учураганында да жатат. Анткени улуттук кызыкчылык негиз болуп саналат жана мабда ошол кызыкчылыкка жараша колдонулат. Мындан тышкары, капитализм өзү батыл жана адамзат үчүн кооптуу мабда болуп эсептелет.
Биз Европага боорубуз оорубайт жана Американын үстөмдүгүнө да кубанбайбыз. Анткени экөө тең жамандык тараптар. Биз бир жамандыкты башка жамандыкка, бир колонизаторлукту башка колонизаторлукка алмаштырууну каалабайбыз. Тескерисинче, биз Ислам үммөтүбүздүн кайрадан кайтып келишин жана адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт катары өзүнө татыктуу орунду ээлешин каалайбыз. Ошондо ал өзүн жана дүйнөдөгү бардык элдерди колонизаторлуктун зөөкүрлүгүнөн жана капитализмдин зулумдугунан куткарат. Бул болсо үммөт Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыгын тикелегенде гана ишке ашат.
Роя гезити
Асъад Мансур




