Араб тилинин таасир кылуу, кеңейүү жана жайылуу касиети жана ага кайдыгер мамиле кылуунун коркунучу

Араб тилинин таасир кылуу, кеңейүү жана жайылуу касиети жана ага кайдыгер мамиле кылуунун коркунучу
Кайс Аль-Ансарий – Ирак
Ислам үммөтүнүн жана мамлекеттин төмөндөшүнө, азыркы абалына түшүүсүнө алып келген эң негизги себептердин бири, ал тургай бул балээлердин башкы себеби – мусулмандардын Исламды түшүнүүдөгү аң-сезимине келген өтө катуу алсыздык болуп саналат. Бул алсыздыктын себеби болсо араб тили кубатынын Ислам кубатынан ажыратылышы. Бул болсо Исламдын тили жана анын ажырагыс бөлүгү болгон араб тилинин маани-маңызын этибарга албоодон келип чыккан. Анткени Ислам ушул тил аркылуу жеткирилген жана ушул тил аркылуу жеткирилиши керек.
Аллах Тааланын түздөн-түз вахий кылган нусустары жана Пайгамбар ﷺ өзү билдирген нусустар араб тилинде келген. Ошондуктан ким бул тилди түшүнүүгө кайдыгер мамиле кылса, ал бул нусустарды жана алардын маанилерин туура түшүнө албайт.
Ал эми бул нусустар алып келген маанилерди дүйнөгө жеткирүүгө болот. Тескерисинче, аларды дүйнөгө жеткирүү жана адамдарды аларга ыйман келтирүүгө чакыруу фарз болуп саналат. Анткени алар – акыйкат пикирлер жана адамзаттын акылына кайрылган бийик маанилер. Акылы бар ар бир адам алардын маанисин аңдап, көздөгөн максатын түшүнүүгө жөндөмдүү.
Мусулман адам тар улутчулдук чөйрөсүнөн чыгып, жалпы дүйнөгө кайрылгандыктан жана Ислам адамдардын артыкчылыгын такыбалык негизинде белгилегендиктен:
﴿إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ﴾
«Чындыгында, Аллахтын алдында эң кадырлуууңар – эң такыбаңар. Албетте, Аллах – Билүүчү, Кабардар» (Хужурат: 13),
бул пикирлер менен хитоб кылынган жана аларга ыйман келтирүүсү талап кылынган адамдан экинчи даражадагы ээрчүүчү болуу талап кылынбайт. Тескерисинче, ага адам катары хитоб кылынат. Эгер ал бул пикирлерге ыйман келтирсе, анда анын алдында Исламга эң алгачкы күндөн тартып ыйман келтирген арабдар жана араб эместер сыяктуу болууга жол ачылат. Ошондой эле анын алдында жетекчилик орунга көтөрүлүп, мусулмандын жана Ислам мамлекетинин негизги вазыйпасы болгон дааватты көтөрүү жоопкерчилигин өз мойнуна алуу мүмкүнчүлүгү да ачык болот.
Бул араб тилинин мусулманга тийгизген таасири, аны ээрчүүчү позициясынан жана таклид кылуу абалынан жоопкерчилик жана жетекчилик даражасына көтөрүшү жагынан… Ошондой эле бул тилдин коомго жана анын белгилүү бир чекке токтобогон улам жаңыдан жаралып турган көйгөйлөрүн Аллах Таала каалагандай тартипте чечүүгө тийгизген таасири жагынан да ушундай. Анткени Аллах Таала бизге ар бир сөзүбүз жана кылган ар бир ишибиз үчүн эсепке тартыларын кабарлаган. Атүгүл көңүлүбүз шыбыраган ойлор үчүн да эсепке тартыларын билдирген, кийин бизге жеңилдик берип, жоопкерчиликти адамдын иш жүзүндө жасаган жана тандаган иштер менен байланыштырган.
Аллах Таала айтат:
﴿لِّلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَإِن تُبْدُوا مَا فِي أَنفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُم بِهِ اللَّهُ ۖ فَيَغْفِرُ لِمَن يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾
«Асмандар жана жердеги нерселердин баары Аллага таандык. Ичиңердеги нерсени мейли ашкере кылгыла, мейли жашыргыла, Алла силерди ошол нерсе менен эсеп-кысап кылат жана Өзү каалаган адамды кечирип, Өзү каалаган адамды азаптайт. Алла бардык нерсеге Кудуреттүү». (Бакара: 284).
Ал эми Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«إِنَّ اللَّهَ تَجَاوَزَ لِأُمَّتِي مَا حَدَّثَتْ بِهِ أَنْفُسَهَا، مَا لَمْ تَقُلْ أَوْ تَعْمَلْ»
«Аллах менин үммөтүмдүн көңүлү шыбыраган ойлорун, эгер аларды айтпаса же ишке ашырбаса, кечирди».
Ооба, башкаруучу да, кызматкер да, күйөө да, аял да, кыз да, соодагер да – ар бири өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликке жараша эсепке тартылат. Бул болсо Аллах адамдар үчүн бир шарият түшүргөнүн, алар ошол боюнча жашап, иштерин ошого ылайык жөнгө салышы керек экенин билдирет. Эсеп сынак учурунда кылынган иштерди текшерүү дегенди билдирет. Ал эми сынак сөзсүз алдын ала белгиленген окуу программасына ылайык болот.
Аллах Таала айтат:
﴿لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزًا حَكِيمًا﴾
«Бул пайгамбарлардан кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбашы үчүн Биз пайгамбарларды (момундарга бейиш жөнүндө) куш кабар жеткирүүчү жана (каапырларды тозок азабы менен) коркутуучу кылып жибердик. Алла кудурет жана даанышмандык ээси» (Ниса: 165).
Хужжатты толук жеткирүү Аллахтын эмнени каалаганын баян кылууну талап кылат. Ал эми Анын каалаган нерсесинин баянын түшүнүүгө араб тили аркылуу гана жетүүгө болот.
Мисалы, ким Германиядагы же Англиядагы университетке тапшырууну кааласа, ал ошол университеттин окуу программасын түшүнүп, экзамен суроолоруна жооп бере алышы үчүн ошол тилден жетиштүү деңгээлде үйрөнмөйүнчө, анда окуй да, суроолорго жооп да бере албайт. Бул талашсыз чындык. Ошондуктан Ислам университетине кирүүнү каалаган жана сөзсүз ушул сынактан өтүүгө милдеттүү болгон адам үчүн бул университеттин тилин түшүнүү эң чоң важибдердин бири болуп саналат. Ошондо гана ал ийгиликке жетип, сынактан өтө алат.
Биз бул университеттеги негизги ишибиз Исламга даават кылуу экенине ыйман келтиргендиктен, араб тили кубаты менен Ислам кубатын айкалыштырышыбыз милдет болуп калды. Анткени анда таасир кылуу, кеңейүү жана жайылуу касиети бар. Эгер биз муну аткарбасак, анда бул үммөттү эч качан кайра көтөрө албайбыз. Тескерисинче, бул төмөндөөнү токтото да албайбыз, бул кулоону азайта да албайбыз. Акыры үммөт эң төмөнкү абалга түшүп, сөзсүз жок болууга жетет. Бул жерде жок болуу жеке адамдарга эмес, үммөткө тиешелүү.
Ал эми араб тилинин таасир кылуу, кеңейүү жана жайылуу касиетине келсек, араб тилинин таасир кылуусу «таасир берүү» жана «таасирленүү» деген түшүнүктөрдүн маанисинен көрүнөт. Таасир берүү – вакыйлыкты көзгө элестете билүү жана таасир берилиши көздөлгөн жактарын айкын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү аркылуу ишке ашат.
Араб тилине жана анда камтылган сөздөр менен түшүнүктөргө кылдат көз жүгүрткөн адам, бул тилде айтылмакчы болгон пикирди көзгө элестетип бере ала турган мүмкүнчүлүк бар экенин көрөт. Ал ойду ушунчалык таамай сүрөттөп берет, анын эң майда-баратына чейин көрсөтүп, аны жандуу көрүнүшкө айландырат. Натыйжада бул ой өзүнөн өзү сүйлөп тургандай болуп, аны ошондой деңгээлде түшүндүрөт, андыктан аны менен таасирленүүгө даяр болгон жүрөктөрдүн ортосунда эч кандай тоскоолдук калбайт.
Арабдар өз тилдеринде вакыйлыкты кандай болсо ошондой сүрөттөп бере ала турган жетиштүү сөздөрдү түзүшкөн. Ошондуктан алардын сөз байлыгы мисалдар аркылуу жандуу сүрөттөрдү тартууга мүмкүнчүлүк берген.
Мисалы, алардын акыны мындай деген:
«مِكَرٍّ مِفَرٍّ مُقْبِلٍ مُدْبِرٍ مَعًا
كَجُلْمُودِ صَخْرٍ حَطَّهُ السَّيْلُ مِنْ عَلِ»
«Чабуул коюп да, кайра чегинип да, алдыга умтулуп да, артка кайрылып да турган; бийиктен сел кулатып түшүргөн зор аска таштай».
Бул саптарды уккан адам ал баатырдын чабуул коюп келатканын көз алдына элестетип, тоонун чокусунан кулап түшүп жаткан чоң таш менен сүзүшүп кетчүдөй сезимге кабылат.
Мындан тышкары, маанилерди сүрөттөөдө жана көзгө элестетүүдө өтмө маанини (мажазды) колдонуу да акылды таң калтырып, жүрөктөрдү өзүнө тартып алат. Мисалы, акын мындай дейт:
«فَأَمْطَرَتْ لُؤْلُؤًا مِنْ نَرْجِسٍ فَسَقَتْ
وَرْدًا وَعَضَّتْ عَلَى الْعُنَّابِ بِالْبَرَدِ»
«Ал нарцисстей (гүл) көздөрүнөн берметтей жаш төгүп, аны менен розадай жүзүн сугарды, анан мөндүрдөй аппак тиштери менен унаб мөмөсүндөй болгон кызыл эриндерин тиштеди».
Бул мажазды колдонуудагы эң сонун көркөм сүрөттөө. Анда кайгы себептүү көздөн жаштын жүзгө агып түшүшү жана катуу кайгы-муңдун натыйжасында эриндерде пайда болгон абал көркөм түрдө чагылдырылган.
Сөздүн балагаты (чечендиги) жана сүрөттөөдөгү тактык вакыйлыкка абдан жакын болгондуктан, бул экөө «сыйкырдуу баян» (سحر البيان) деп сүрөттөлгөн. Анткени мааниси жагынан эң ылайыктуу сөздү, анын сүйлөмдөгү тыбыштын жаңырыгы менен бирге, эң ылайыктуу сүйлөмдө жана эң ылайыктуу учурда колдонуу жүрөктөргө сыйкыр сыяктуу таасир этет.
Риваят кылынгандай, бир амир өзүнүн душманын алып келүүнү буюрганда, ал адам өзү жөнүндө ушунчалык таасирдүү касида окуган, натыйжада амир өзү ошол касиданын каарманы болууну жана анда айтылган сөздөр өзүнө багытталуусун эңсеп калган. (Ал адам алып келинип, бийик дарга колдору жайылган абалда асылып, ага өлүм жазасы берилген жана бул жазалоо аземине өтө көп адамдар катышкан). Ал белгилүү касиданын башталышы мындай:
علو في الحياة وفي الممات *** لحقٌّ تلك إحدى المعجزات
كأن الناس حولك حين قاموا *** وفود نداك أيام الصلات
كأنك قائم فيهم خطيبا *** وكلهم وقوف للصلاة
مددت يديك نحوهم احتفاء *** كمدهما إليهم بالهبات
«Тирүүлүктө да, өлүмдө да бийик болдуң;
Чындыгында, бул кереметтердин бири.
Сени тегеректеп турган адамдар,
Тирүү кезиңдеги берешендигиңе келген элчилердей.
Сен алардын арасында хутба айтып тургандайсың,
Алардын баары болсо намазга тургандай тик турушат.
Аларды урматтап мурда аларга белектерди сунгандай эки колуңду сундуң».
Эми ушундай зор баяндоо күчү бийик маанилер жана улуу пикирлер менен айкалышса кандай болот? Анда ал кандай таасир калтырат, кандай туйгуларды козгойт?
Эми Аллах Таала адамга анын үрөй учурган көрүнүшүн көз алдына элестетүүнү каалаган бир шаръий өкүмдүн алдында бир азга токтололу. Ал садаканы колко кылуу жана иренжитүү менен жокко чыгарбоого тыюу салуу өкүмү.
Аллах Таала айтат:
﴿أَيَوَدُّ أَحَدُكُمْ أَن تَكُونَ لَهُ جَنَّةٌ مِّن نَّخِيلٍ وَأَعْنَابٍ تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ لَهُ فِيهَا مِن كُلِّ الثَّمَرَاتِ وَأَصَابَهُ الْكِبَرُ وَلَهُ ذُرِّيَّةٌ ضُعَفَاءُ فَأَصَابَهَا إِعْصَارٌ فِيهِ نَارٌ فَاحْتَرَقَتْ ۗ كَذَٰلِكَ يُبَيِّنُ اللَّهُ لَكُمُ الْآيَاتِ لَعَلَّكُمْ تَتَفَكَّرُونَ﴾
«Силерден эч бириңер, алдынан дарыялар агып туруучу, курма жана жүзүм бакчасы бар ар түрдүү мөмөлөргө толгон багы болуп, картайып араң жан, жаш балдары менен калган кезде, ошол бакчасын оттуу бороон каптап, өрттөп кетүүсүн каалайбы? Ошентип пикир жүгүртүүңөр үчүн Алла силерге Өз аяттарын баян кылат». (Бакара: 266).
Бул аят сезимдерди жалындатуу, көңүлдөрдү козгоо жана дээрлик сүйлөп тургандай болгон жандуу кыймылдуу көрүнүштү алып келүү аркылуу ой жүгүртүүгө чакыруу үчүн келген.
Мына ушундайча таасир кылат. Мындай таасир угуучунун жан дүйнөсүндө терең из калтырат: бийик пикирлерди, улуу маанилерди, укмуш сүрөттөөнү жана сөз байлыгы мол, сөздөрү жеңил, эрежелери менен негиздери бекем, өлчөмдөрү менен таразалары туруктуу болгон тилди бириктирет.
Ислам да дал ушундай таасир жана таасирленүү менен көтөрүлүшү керек. Ошондо ал адамдардын жүрөгүндө чоң өзгөрүүнү жаратып, аларды кемелдиктин эң бийик даражаларына көтөрөт, мусулмандарга мурдагы иззатын, ал эми Исламга жашоодогу улуулугун жана таасирин кайра кайтарат. Бул таасир кылуу жагынан.
Ал эми кеңейүү жөндөмүнө келсек, араб тилинин болгон же келечекте боло турган ар кандай илимди же билимди туюндуруп берүү мүмкүнчүлүгүнүн чеги жок.
Араб тили муну мусулмандар ушул тил менен дүйнөгө чыгып, ошол доордогу белгилүү дүйнөнүн эң күчтүү мамлекетин курганда далилдеген. Ал өз доорунда жаралган бардык жаңы илимдерди жана билимдерди, ошондой эле мурдагы жоголуп кеткен цивилизациялардан табылган илим-билимдерди өзүнө камтый ала турган деңгээлге жеткен.
Араб тилинин өзүнүн атынан сүйлөгөндөй кылып аны даңазалаган Хафиз Ибрахимдин төмөнкү сөздөрү кандай гана сонун:
«Мен Аллахтын Китебин сөзү жагынан да, мааниси жагынан да толук камтыдым,
Анын бир да аяты же насааты мага тардык кылган эмес.
Андай болсо бүгүн кантип бир шайманды сүрөттөөдөн,
Же жаңы ойлоп табылган нерселердин аттарын ирээттөөдөн алсыз болуп калайын?
Мен — койнунда берметтер жашырылган деңизмин,
Анда эмне үчүн алар сууга түшүүчү адамдан менин жашырылган сырларым тууралуу сурашпайт?»
Мындан тышкары араб тилинде өтө кең мүмкүнчүлүк берген дагы бир бөлүм бар. Ал — иштикак (сөз жасоо). Анын жардамы менен биз каалаган маанини так жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган жаңы сөздөрдү жана жаңы маанилерди жасай алабыз. Зат атоочту этиштен же этишти зат атоочтон чыгаруу араб тилин жаңы сөздөр жана жаңы калыптар менен байытып, алар аркылуу адамдарга жеткирилмекчи болгон бийик маанилерди берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Мындан тышкары дагы бир бөлүм бар. Ал — таъриб (арабчалаштыруу).
Арабчалаштыруу процесси жеңил жана оңой. Ал чет тилдеги сөздү араб тилинин вазнына ылайыкташтыруудан гана турат. Жаңы пайда болгон чет элдик аталыштар өз ээлери кандай атаган болсо, ошол бойдон алынат. Башкача айтканда, алардын маанисин которууга аракет кылынбайт (араб тили академиясы ушул жерде жаңылышкан).
Эгер чет тилдеги сөз араб тилинин вазнына туура келсе, ошол бойдон калат. Мисалы, «تلفون» (телефон) сыяктуу сөз. Ал эми араб тилинин вазнына туура келбесе, мисалы «تلفزيون» (телевизор) сыяктуу болсо, анда ага айрым тамгалар кошулат же кыскартылат, натыйжада ал араб тилинин вазнына ылайыкташтырылат. Андан кийин ошол аталыштан этиштер жасалат. Мисалы:
تلفن – يتلفن – تلفنة (телефон кылды, телефон кылып жатат, телефон кылуу)
تلفز – يتلفز – تلفزة (теле берүү алып барды, теле берүү алып барып жатат, телеберүү)
Мунун баары араб тилинин кеңейүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Муну менен биз жаңыдан пайда болгон бардык маселелерге жаңы шаръий өкүмдөрдү истинбат кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтып жатабыз.
Ал эми жайылуу жагынан алганда, араб тили өзүнүн сөздөрү, сүйлөм түзүлүшү жана эрежелери менен жеңил тил болуп саналат. Ал вазндарынын тактыгы, эрежелеринин жеңилдиги жана айтылышынын ыңгайлуулугу менен айырмаланат.
Араб тили муну тарыхта далилдеп өткөн. Ал бул сыноодон чоң ийгилик менен өткөн. Анткени ошол доордогу дүйнөнүн басымдуу бөлүгүнүн тили араб тили болгон. Аны бардык элдер оңой үйрөнүшкөн. Атүгүл араб элинен болбогон адамдар да бул тилде чоң натыйжага жетишкен. Мисалы, Сибавайх сыяктуу аалымдар араб эмес болсо да, араб тили илиминде эң көрүнүктүү орунду ээлешкен.
Араб тили Исламдын жайылышына эч кандай тоскоол болгон эмес. Тескерисинче, Ислам адамдардын акылына хитоб кылгандыктан жана алардын аң-сезимине күчтүү таасир эткендиктен, адамдар Аллахтын динине топ-тобу менен киришкен.
Араб тили Куран тили болгондуктан, ага белгилүү бир элдин тили катары эмес, бардык мусулмандардын тили катары каралган. Ошондуктан адамдар аны өздөрүнүн тили катары үйрөнүүгө умтулушкан. Анткени ал алардын Китебинин жана Исламынын тили эле.
Ошентип алар Куран аяттарынын көркөмдүгүн сезүү, алардын маанилерин түшүнүү, ошол маанилерди көз алдына элестетүү, ошол пикирлерди идирек кылуу, өз Китебиндеги иъжазды көрүү жана аны окуу менен ибадат кылуу үчүн араб тилинин адабиятын жана маанилерин терең үйрөнүүгө киришишкен. Бул араб тилинин маанилүүлүгү жана араб тилинин кубаты менен ислам кубатын айкалыштыруунун зарылдыгы тууралуу айрым гана байкоолор. Анткени анда таасир кылуу, кеңейүү жана жайылуу жөндөмү бар.
Мусулмандар араб тилине кайрадан тийиштүү көңүл буруп, аны Ислам менен кайра айкалыштырмайынча, үмүт жок. Атүгүл азыркы төмөндөөнү да токтотууга мүмкүн болбойт. Себеби араб тили – мусулмандардын тили.
Араб тили менен Исламдын ортосундагы ушул ажырымдын натыйжалары бардык мусулмандардын үстүндө басып турган оор мүшкүл бойдон кала берет. Анткени жогоруда айтылгандай, араб тили Исламдын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Исламды ансыз түшүнүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан, иншаАллах жакында орной турган экинчи рошид Халифалык мамлекетинин мойнунда араб тилинин мурдагы ордун кайра калыбына келтирүү, ага болгон камкордукту жандандыруу, аны кайрадан бүткүл Ислам үммөтүнүн тилине айлантуу, исламий кубат менен араб тилинин кубатын бириктирүү милдети турат. Ошондо үммөт өзүнүн мурдагы ордун жана дүйнөдөгү жетекчилигин кайра кайтарып алат.
Акыркы дубабыз: Бүткүл ааламдардын Раббиси болгон Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ, анын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун.




