Багытыбыз өзгөрүп, жолдон адашпашыбыз үчүн мабда үстүндө бекем туруунун важибдиги

Багытыбыз өзгөрүп, жолдон адашпашыбыз үчүн мабда үстүндө бекем туруунун важибдиги
Доктор Мухаммад аль-Хавраний (Абу Умар)
Аллахтын жеринде бузукулук кеңири жайылып, бузукулук кылуучулар көбөйгөн сайын Аллах Азза ва Жалла адамдар бузган нерселерди оңдоп, алар Анын шариятына ылайык жашоолору үчүн пайгамбарларды жана элчилерди жиберип турган. Акыйкат даъват эң оболу бузукулук кылуучулардын каршылыгына туш болгон. Анткени алар Аллахтын элчилери (алайхимуссалам) алып келген жакшылыкка чакыруу даъваты ийгиликке жетсе, алардын кызыкчылыктарына жана жашоо-тиричилигине коркунуч туудурарын башкалардан мурда түшүнүшкөн.
Бузукулук кылуучулардын жакшылыкка чакыруу даъватына каршы күрөшү ар кандай көрүнүштөрдө болгон. Ал даъватты акылга сыйбаган нерсе катары көрсөтүүдөн жана аны көтөрүп чыгуучуларга шек келтирүүдөн башталып, даъватты көтөрүп чыгууга кысым көрсөтүү аркылуу аны курчоого алууга, анын адамдарга жетишине тоскоолдук кылууга, ал тургай мүмкүнчүлүк болсо, өлтүрүү жана түп-тамырынан жок кылуу аркылуу аны биротоло токтотууга аракет кылууга чейин жеткен.
Жакшылыкка чакыруу даъватынын ээлери жана аларды ээрчигендер алгач аз сандагы алсыз адамдар болгондуктан, алардын алдында балээлерге жана кордуктарга сабыр кылуудан, манхажда бекем туруудан жана батыл тараптагы бузукулук кылуучу кылмышкерлер менен алардын ыплас союздаштары өздөрүнө каршы жүргүзгөн күрөшкө туруштук берүүдөн башка жол болгон эмес.
Акыйкат ээлеринин бул каршылык көрсөтүүсү ар кандай көрүнүштөрдө жана услубдарда болгон. Бул болсо Аллах Азза ва Жалланын Өзүнүн чынчыл, ихластуу пенделерине тартуулаган ыйманынын жана бекемдигинин даражасына жараша болгон.
Кээде алсыз абалдагы чынчыл адамдардын бекемдиги кылмышкер залимдердин бийлигинин пайдубалын солкулдатканын көрөсүң. Мындай учурда ачык каршылык көрсөтүү жана тайманбай чакырык таштоо, ал тургай Аллах жолунда өлүмгө алып барса да, акырына чейин уланат. Аллах Азза ва Жалланын Өзүнүн улуу Китебинде ухдуд ээлеринин абалын жана алардын баары өлтүрүлгөнгө чейин Аллахтын дининде бекем турушканын баяндаганы буга эң жакшы далил болот.
Чындыгында, ал адамдар Аллах Азза ва Жаллага болгон ыйманын тагдыр чечүүчү маселе катары кабыл алышкан. Анын акыбети канчалык оор болбосун, Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгына жана кеңдиги асмандар менен жердей болгон бейишине салыштырганда, бул акыбет алар үчүн жеңил болгон. Расулуллах ﷺ бизге алардын окуясын жана ошол залим падышанын аларды өлтүрүүдө кандай түрдүү ыкмаларды колдонгонун баяндап берген:
«مَنْ لَمْ يَرْجِعْ عَنْ دِينِهِ، فَأَحْمُوهُ فِيهَا، أَوْ قِيلَ لَهُ: اقْتَحِمْ، فَفَعَلُوا؛ حَتّىَ جَاءَتِ امْرَأَةٌ وَمَعَهَا صَبِيّ لَهَا، فَتَقَاعَسَتْ أَنْ تَقَعَ فِيهَا، فَقَالَ لَهَا الْغُلاَمُ: يَا أُمّهِ، اصْبِرِي، فَإِنّكِ عَلَىَ الْحَقّ»
«Ким өз дининен кайтпаса, аны ошол отко таштагыла, же ага: «Отко өзүң секир», – деп айтылды. Алар ушундай кылышты. Акыры, жанында кичинекей баласы бар бир аял келди. Ал отко түшүүдөн баш тартты. Ошондо баласы ага: «Энеке, сабыр кыл! Анткени сен акыйкат үстүндөсүң», – деди». (Муслим риваят кылган).
Ошентип, баланын жана анын энесинин карманган позициясы менен бекемдиги залим өкүмдарлардын тактыларын солкулдатып, даъваттын үстөмдүккө жана нусратка жетишинин пайдубалын түптөйт. Өмүрүм менен ант ичемин, Аллах Азза ва Жалланын дини дал ушундай жол менен нусратка жетет. Эгер адамдар бекемдик сыноосунан ийгиликтүү өтүшсө, ошондо алар Аллахтын нусраты аларга түшүшүнө татыктуу болушат.
Курани Карим бизге баяндап берген окуялардын дагы бири — Фиръавндын сыйкырчыларынын абалы. Алар өлтүрүлүп, дарга асылып жатканда ушул сөздөрдү кайталап турушкан:
﴿قَالُوا لَن نُّؤْثِرَكَ عَلَى مَا جَاءنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالَّذِي فَطَرَنَا فَاقْضِ مَا أَنتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا إِنَّا آمَنَّا بِرَبِّنَا لِيَغْفِرَ لَنَا خَطَايَانَا وَمَا أَكْرَهْتَنَا عَلَيْهِ مِنَ السِّحْرِ وَاللَّهُ خَيْرٌ وَأَبْقَى إِنَّهُ مَن يَأْتِ رَبَّهُ مُجْرِمًا فَإِنَّ لَهُ جَهَنَّمَ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحْيَى وَمَنْ يَأْتِهِ مُؤْمِنًا قَدْ عَمِلَ الصَّالِحَاتِ فَأُولَئِكَ لَهُمُ الدَّرَجَاتُ الْعُلَى﴾
«Алар айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген таасын далил-кереметтерди жана бизди жараткан Затты коюп, сени тандабайбыз. Демек, кыла турган өкүмүңдү кыла бер. Сен бар болгону мына ушул дүйнөдө гана өкүм кыласың. Биз болсо каталарыбыздан жана сен бизди мажбур кылган сыйкырчылыктан болгон (күнөөлөрүбүздү) кечириши үчүн Роббибизге ыйман келтирдик. Аллах(тын сообу) жакшыраак жана (азабы) узагыраак-туруктуураак». Эч күмөн жок! Кимде-ким Роббисинин (алдына) кылмышкер-кафир болуп келсе, анда албетте ал үчүн тозок бар, ал (кафир), ал жайда өлө да албайт, өмүр да сүрө албайт. Ким Ал Затка жакшы амалдарды кылган момун абалда келсе, анда, дал ошол (адамдар) үчүн жогору даражалар бар». (Таха: 72–75).
Чындыгында, бул сыйкырчылардын карманган позициясына жана ыйманынын күчтүүлүгүнө таң каласың. Анткени алар Муса алайхиссаламдын даъватына ээрчигенине саналуу гана көз ирмемдер өткөн эле. Алар акыйда аалымдары да, фикх аалымдары да, жогорку билим тууралуу дипломдордун ээлери да эмес болчу. Алар болгону Аллахка ыйман келтирген жана өз ыйманында Аллахка чынчыл болгон адамдар эле. Ошондуктан алар Фиръавндын тактысын жана бийлигин солкулдаткан ардактуу позицияны карманышты. Буга чейин Фиръавн: «Мен силердин эң улук Роббиңермин», – деп айтып келген болсо, бул окуядан жана башка окуялардан кийин ал өзүнүн жан-жөкөрлөрүнө жана айланасындагы төбөлдөргө жагынууга аракет кылып, мындай дей баштады:
﴿وَقَالَ فِرْعَوْنُ ذَرُونِي أَقْتُلْ مُوسَى وَلْيَدْعُ رَبَّهُ إِنِّي أَخَافُ أَن يُبَدِّلَ دِينَكُمْ أَوْ أَن يُظْهِرَ فِي الْأَرْضِ الْفَسَادَ﴾
«Фиравн айтты: «Мени койгула (тоскоолдук кылбагыла), Мусаны өлтүрөйүн. (Кана) ал Роббисине дуба кылсынчы, (ага жардам берип сактап калаар бекен). Чындыгында мен (Муса) силердин диниңерди өзгөртүп жиберишинен же Жер жүзүндө бузукулукту көбөйтүүсүнөн коркомун». (Гафир: 26).
Пайгамбардын ﷺ даъватынын алгачкы мезгилинде улуу сахабия Сумайя бинт Хайят (р.а.) бул Үммөттүн Фиръавну болгон Абу Жахл аттуу залим өкүмдарга каршы туруп, анын зомбулугуна жана зулумдугуна тайманбай чакырык таштаган. Ал өз дининде бекем туруу жана Расулуллахты ﷺ ээрчүү аркылуу даъватчынын эң улуу позицияларынын бирин көрсөттү. Ал өз дининен жана Расулунан бир ооз сөз менен болсо да алыстоодон баш тартты. Бул болсо ушул Үммөттүн Фиръавнунун кыжырын келтирип, көкүрөгүн ачууга толтурду. Натыйжада, ал Сумайяга өлүмгө алып келген сокку урду. Ошентип, анын руху Жаратуучусуна кайтты. Ал өзүнүн ушул абалында мындай деп айтып жаткандай: «Оо, Расулуллах ﷺ! Мен сенин рисалатыңа ишендим, акыйкат үстүндө бекем турдум жана сен бизге осуят кылгандай, ага сабыр кылдым. Биздин жолугуша турган жерибиз сен бизге сүйүнчүлөгөн убада кылынган жай болот».
Бул мисалдар кылмышкерлерге жана залим өкүмдарларга каршы турууга байланыштуу эле. Бирок кээ бир учурларда даъваттын нусратка жана үстөмдүккө жетүү, динди тургузуу, бузукулукту жана бузукулук кылуучуларды түп-тамырынан жок кылуу максаты уланышы үчүн манхажда бекем туруу гана талап кылынган.
Кафирлердин сахабаларга көрсөткөн кордугу күчөгөндө, Расулуллах ﷺ айрым сахабаларга (р.а.) Хабашстанга хижрат кылууга уруксат берген. Бул алардын Аллах нусратка жана үстөмдүккө уруксат бергенге чейин өз диндерин жана өмүрлөрүн сактап калуулары үчүн кылынган эле. Ошондо алар өз мамлекетине кошулушмак. Чындыгында, дал ушундай болду.
Сахабалар (р.а.) жана алардын үй-бүлөлөрү Пайгамбар ﷺ менен бирге Абу Талибдин өрөөнүндө үч жыл бою курчоонун оор азабын башынан өткөрүштү. Бул Курайштын залим өкүмдарлары аларга таңуулаган экономикалык жана социалдык бойкот эле. Бул мезгилде алар ачарчылыктан, оорулардан жана бардык нерседен куру калуудан азап чегишти. Катуу ачарчылыктан улам балдар менен аялдардын ыйлаган үндөрү угулуп турду. Бирок алар өз манхажында бекем турушту. Алар бул кыйынчылык сыноо жана оор мүшкүл экенине, анын сөзсүз аяктарына жана Аллахтын жеңилдиги менен нусраты ишке ашарына бекем ишеништи.
Ошондой эле Куран Карим бизге Муса алайхиссаламдын даъватынын бир этабында Аллах Муса менен Харунга өз үйлөрүн кыбыла кылып алууну буйруганын баяндаган. Алар ошол үйлөрдө намаз окушуп, өз коомдоруна манхажды карманууну, балээлерге жана кордуктарга сабыр кылууну эскертип, аларды кылмышкерлерден кутулуу, нусратка жана үстөмдүккө жетүү менен сүйүнчүлөшкөн.
﴿وَأَوْحَيْنَا إِلَى مُوسَى وَأَخِيهِ أَن تَبَوَّءَا لِقَوْمِكُمَا بِمِصْرَ بُيُوتًا وَاجْعَلُواْ بُيُوتَكُمْ قِبْلَةً وَأَقِيمُواْ الصَّلاَةَ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾
«Биз Мусага жана анын агасына: «Коомуңар үчүн Мисирде үйлөрдү даярдагыла жана бул үйлөрүңөрдү кыбыла кылып, (ал үйлөрдө) намазды толук аткаргыла. (Эй Муса), ыйман келтиргендерге (тез арада жеңип чыгуулары жөнүндө) сүйүнчүлө» деп вахий жибердик». (Юнус: 87).
Элчилердин алайхимуссалам даъватына ээрчиген адамдардын абалы ушундай болгон. Алардын батыл ээлерине, бузукулук кылуучуларга, залимдерге жана өкүмдарларга каршы туруудагы сабыры менен бекемдиги да ушундай болгон. Бирок бардык учурларда максаттан баш тартууга же манхаждан кичине болсо да четтөөгө таптакыр жол берилген эмес. Анткени Куран Карим Расулуллахты ﷺ душманга кандайдыр бир жеңилдик берүү же даъваттын эсебинен ага жагынуу жөнүндө ойлонуудан эскерткен. Бул эскертүү вахийдин алгачкы түшкөн аяттарынын катарында келген. Аллах Азза ва Жалла мындай деген:
﴿فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ بِأَييِّكُمُ الْمَفْتُونُ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ فَلَا تُطِعِ الْمُكَذِّبِينَ وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ﴾
«Жакында кайсыңар (мындайча айтканда, сенби же аларбы жинге) алданган – жинди экендигин сен да көрөсүң, алар да көрүшөт. Албетте, Роббиңдин Өзү Анын жолунан азган кимселерди абдан жакшы Билүүчү жана Ал Туура Жол табуучуларды да абдан жакшы Билүүчү. Демек, (эй Мухаммад сенин чыныгы пайгамбар экениңди жана Куранды) «жалган» деген кимселерге моюн сунбагын! Алар сенин (өздөрүнө) көңүлчөөктүк – келишим кылышыңды каалашат, ошондо алар да (сага) көңүлчөөктүк кылышат. (Бирок, сен алардын бул каалоолоруна моюн сунбагын!)». (Калам: 5–9).
Бул сүрө вахийдин эң алгачкы түшкөн сүрөлөрүнүн бири болуп, түшүү тартиби боюнча төртүнчү сүрө болуп эсептелет. Демек, даъватта мунасага келүүнүн жамандыгынан эскертүү даъват менен бирге түшкөн негизги ураандардын бири болгон. Чындыгында, мунасага келүү, алмаштыруу жана өзгөртүү аралашкан ар кандай даъваттын эч кандай баалуулугу жок. Ал эми даъватты көтөрүүчүлөр кандай гана шылтоолорду жана негиздерди келтиришпесин, эгер алар даъватты өзгөртүп, алмаштыра турган болушса, анда алар бекемдик көрсөтүү жана сыноодон кулашат. Ошондуктан алар нусратка жана үстөмдүккө жетүү шарапатына татыктуу болушпайт.
Мурунку аяттын тафсиринде айтылгандай, тыюу салынган «көңүлчөөктүк» — бул жумшактык көрсөтүү жана жагынуу. Ошондой эле ал душманга жагынуу жана ыктоо деп да айтылган. Андыктан, Аллахтын душмандарына каршы ачык каршылык көрсөтүүдөн башка нерсе пайда бербейт. Батылга каршы тайманбай чакырык таштоо жана акыйкатты ачык айтуудан башка нерсе пайда бербейт. Бул аяттар Курайштын ашынган залимдери жана өкүмдарлары болгон Абу Жахл менен Валид ибн Мугирага каршы түшүрүлгөн.
Аллах Азза ва Жалла Пайгамбарыбызды ﷺ зулум кылгандарга ыктоодон эскерткен. Ошондой эле Ал Субханаху ва Таала аларга ыктоо Кыямат күнүндөгү катуу азап менен коркутуудан тышкары, бул дүйнөдө нусратка жетүүгө да тоскоолдук кыларын баяндаган. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِینَ ظَلَمُوا۟ فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِیَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ﴾
«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Аллахтан өзгө бир да дос жок. Кийин (тагыраак айтканда заалимдерди ээрчип кетсеңер) силерге жардам берилбейт». (Худ: 113).
Бул аят Пайгамбардын ﷺ даъватынын эң оор этаптарынын биринде, кайгы жылында түшүрүлгөн. Ошол учурда Пайгамбар ﷺ жана анын сахабалары аларга жардам бере турган, жок дегенде бир ооз сөз менен болсо да колдой турган адамдарга абдан муктаж эле. Бирок Аллах Азза ва Жалла бизге иззат жана нусрат Анын колунда экенин, ал эми Анын душмандарына ыктоо толук маанидеги зыян жана жоготуу экенин үйрөтүп жатат.
Кимде-ким иззатка же нусратка Аллахтын душмандарына ыктоо аркылуу жетүүгө болот деп ойлосо, ал үмүтү акталбай, зыянга учураган болот. Алар иззаттын баары Аллахка гана таандык экенин билишпейби?! Ошондой эле ага Аллах Субханахунун буйругун карманган, Анын манхажы менен жүргөн жана Аллах Азза ва Жалланын буйругу келгенге чейин ошол жолдо бекем турган адамдар гана жетерин билишпейби?!
Мына ушундан улам Мухаммаддын ﷺ Үммөтү жалпы түрдө, ал эми даъватты көтөрүүчүлөр өзгөчө түрдө Пайгамбарынын ﷺ сүннөтү менен жүрүүлөрү, бекем туруп, тайманбай чакырык таштоолору жана Аллах Азза ва Жалланын нусратына ишенүүлөрү важиб. Кылмышкер өкүмдарлар жүргүзгөн коркутуу жана зомбулук басымынын астында айрымдар ыктап же жолдон тайып кетишсе да, алар бекем турушу керек. Ошондой эле даъватчылар Үммөт үчүн жол көрсөтүүчү чырак жана анын ойгонуу жолунда, ошондой эле үммөттөр арасындагы өзгөчө ордун кайрадан ээлөөсүндө ага туура жол көрсөтүүчүлөр болушу важиб. Бул Аллах Азза ва Жалла ушул Үммөт үчүн ыраа көргөн даража. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَكَذَلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا﴾
«Жана Биз силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык». (Бакара: 143).
Демек, даъватты көтөрүүчүлөрдүн басып өткөн жолу Үммөт багыт ала турган компас болушу керек. Анткени алар жолдо бара жаткандардын жолун жарык кылуучу нур чырактары болуп эсептелишет. Ошондуктан алар жолдон кыпындай да четтебеши керек. Эгер алар жолдон тайышса, мунасага келишсе же өзгөртүп-алмаштырышса, анда даъват жоголот жана алар менен бирге адамдар да адашат. Мындай учурда алардын ордуна башкалар келет. Анткени Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат, Аллахтын дини шексиз жеңишке жетет жана акыры жакшы натыйжа такваларга таандык болот.
Ошондой эле Үммөт куткаруу долбоорун жана ойгонуу долбоорун алып жүргөн даъват ээлеринин айланасына биригип, Аллахтын дини гана өкүм жүргүзгөнгө чейин аларды колдоп, аларга нусрат бериши керек. Ал эми бир кылым бою Үммөткө оор азаптарды таттырган калган бардык шарияттар жана адамдар тарабынан чыгарылган мыйзамдар четке кагылышы керек. Ошондо сүйүктүү, тандалган Пайгамбарыбыздын ﷺ Үммөтү жашоодогу өзүнүн табигый ордуна кайтып, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарат жана пайгамбарлык манхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын көлөкөсүндө Роббисинин шариятын колдонот. Аллах Азза ва Жалла бул Үммөттү мындай деп сыпаттаган:
﴿كُنْتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ﴾
«(Эй Мухаммаддын Үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер». (Али Имран: 110).
Андыктан, толкундар каптап, шамалдар күчөп, шарттар өзгөргөн учурда Ислам жигиттеринин жана даъват жигиттеринин бекем турушу абзел. Анткени алар Үммөттү коопсуз жээкке алып бара жаткан кеменин капитандары болуп эсептелишет.
Кылмыш кылгандар билип коюшсун: бул Үммөттүн кемеси коопсуз жээкке жетүүгө жакындап калды. Капитандын бүткүл адамзаттын мырзасынын ﷺ манхажы боюнча бекем кадамдар менен түз жолдо максатты көздөй жүрүүсүн улантышы гана зарыл болуп турат. Ал эми Үммөттүн мойнунда колдоо көрсөтүү жана нусрат берүү важибдиги бар. Анткени Пайгамбарыбыздын ﷺ айланасында сахабалардын уюшкан тобу болгонуна карабастан, ал Меккеде Исламды тикелей алган эмес. Буга Мекке элинин андан жүз буруп, ага жана анын даъватына каршы күрөшкөнү себеп болгон. Бирок Мадинадагы күч-кубат жана коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдардын көпчүлүгү анын айланасына биригип, ага жана анын даъватына нусрат бергенде, ал адамзат тарыхындагы эң улуу мамлекетти негиздей алды.
Биз азыр жаңы этаптын босогосунда турабыз т.а. Үммөт өз жашоосунан мажбурлоочу залим бийликти жана анын бардык ээрчиме түзүмдөрүн шыпырып таштап, Аллах Азза ва Жалланын өкүмүн пайгамбарлык манхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө умтулган этаптабыз. Бул Аллах Азза ва Жалланын убадасы жана Анын Расулунун ﷺ сүйүнчүсү. Ошондо жашоо өз нугуна түшүп, адилеттик жана коопсуздук орнойт. Аллах Азза ва Жалла Өзүнүн момун пенделерин азиз кылат. Адамдар Исламдын көлөкөсүндө укуктары корголгон жана кадыр-баркы бааланган абалда жашашат.
Аллах Таала мындай деген:
﴿وَمَن يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا﴾
«Ким Аллахка тобокел кылса, (Аллахтын) Өзү ага жетээрлик. Албетте Аллах өзү (каалаган) ишине жетүүчү Зат. (Анын каалоосуна каршы туруучу эч ким жок). Чындыгында Аллах бардык нерсе үчүн ченем-өлчөө кылып койгон». (Талак: 3).
Аль ваъй 485




