Сакофий

Дуба тууралуу

Дуба тууралуу

Суроо:

Бир жыйында дуба маселеси, өзгөчө «Түшүнүктөр» китебинин 57 жана 58-беттеринде (кырг. 38-б.) айтылган текст тууралуу талкуу болду. Талкууда ар кандай пикирлер айтылды: дуба сооп талап кылуу үчүн гана кылынабы? Же анын сезиле турган натыйжасы да болушу мүмкүнбү? Исламий фикратты ишке ашыруу тарыйкатына дуба да киреби же тарыйкатка сезиле турган натыйжаларды жүзөгө чыгарган материалдык амалдар гана киреби? Бул амалдарды дуба менен коштоо Исламдын тарикатына каршы келеби?

Ошондой эле Расулуллахтын ﷺ төмөнкү хадиси тууралуу эмне дейбиз:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا» قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ، قَالَ: «اللَّهُ أَكْثَرُ».

«Кайсы бир мусулман күнөө жана туугандык байланышты үзүүжөн башка дуба кылса, Аллах ага ошол дубасы себептүү үч нерсенин бирин берет: же анын дубасын тез арада кабыл кылат, же аны (анын сообун) акырет үчүн сактап коёт, же андан ошончолук (дубага жараша) бир жамандыкты алыстатат». Алар: «Анда дубаны көбөйтөбүз», — дешти. Ал ﷺ: «Аллах андан да көбүрөөк берет», — деди.

Демек, дубадан сезиле турган натыйжалар да келип чыгат, мисалы, Аллах дуба кылуучунун муктаждыгын бул дүйнөдө тез арада орундатып бериши мүмкүн, туурабы? Ошондой эле Аллах Таала пенделерине Өзүнүн кыйынчылыкка кабылган пендеси Ага дуба кылганда дубасына жооп берерин билдирип:

﴿أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ﴾

«Же ким кыйынчылыкка кабылган адам жалбарып – дуба кылган убагында (дубасын) кабыл кылат?» (Намл: 62) — деген.

Бул маселени түшүндүрүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Аллах сиздерге жакшылык берсин.

Жооп:

«Түшүнүктөр» китебинин 57 жана 58-беттеринде (кырг. 38-б.) айтылгандарды түшүнүүдө бир жаңылыштык бардай. Ал эки бетте дуба жана анын сезилбеген натыйжаны т.а. «соопту» жүзөгө чыгарышы тууралуу айтылгандар белгилүү бир жагдайга байланыштуу келген. Башкача айтканда, шаръий насстар кандайдыр бир маселени ишке ашыруунун тарыйкатын баяндап берген болсо, бирок биз ал тарыйкатты колдонбой, дуба кылуу менен гана чектелип калганыбыздагы жагдайга гана тиешелүү. Китепте буга мисал катары чепти фатх кылууда же душман менен согушууда жихаддын ордуна дуба менен гана чектелүү келтирилген…

Ал эми мындан башка жагдайларда дуба, суроодо келтирилген Расулуллахтын ﷺ хадисинде айтылгандай, сооптон тышкары, Аллахтын уруксаты менен сезиле турган натыйжаларды да алып келиши мүмкүн.

Маселе түшүнүктүү болушу үчүн «Түшүнүктөр» китебинин 57 жана 58-беттеринде айтылгандарды карап чыгабыз:

1. 57-беттин (38-б) башында мындай деп келген:

«Тарыйкатка тийиштүү шаръий өкүмдөр далалат кылган бул иштерге көңүл коюп караган адам, алар сезилбей турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган иштер эмес, балким, сезиле турган натыйжаларды жүзөгө чыгара турган материалдык иштер экенин көрөт…» аягы.

Бул туура. Анткени далилдерди изилдеп чыгуу аркылуу тарыйкат амалдары сезиле турган натыйжаларды ишке ашырары белгилүү болот.

2. Андан соң китеп жогорудагы тексттен кийин чепти же шаарды фатх кылуу же душманды өлтүрүү абалында дуба менен жихадды салыштырган. Ошондо жалгыз гана дуба тарыйкаттан эмес экенин жана бул абалда жихад тарыйкат экенин келген далилдерге ылайык көрсөткөн…

«Түшүнүктөр» китебинде мындай деп келген:

«…Мисалы, дуба рухий кыйматты жүзөгө чыгара турган иш, жихад да рухий кыйматты жүзөгө чыгара турган материалдык иш. Бирок, дуба материалдык иш болсо да, сезилбей турган натыйжаны т.а. соопту жүзөгө чыгарат, дуба кылуучунун максаты рухий кыйматты жүзөгө чыгаруу болсо да. Жихад мындан башкача. Себеби, ал душмандар менен согушуу болуп, бул сезиле турган натыйжаны т.а. чеп же шаарды фатх кылуу, же душманды өлтүрүү жана ушул сыяктууларды жүзөгө чыгара турган материалдык иш, мужахиддин максаты рухий кыйматты жүзөгө чыгаруу болсо да….».

Демек, бул жерде салыштыруу душмандар менен согушууда же чепти фатх кылууда дуба менен жихаддын ортосунда жүргүзүлүүдө…

Эгер жалгыз гана дуба кылынса, анда ал сезилбей турган натыйжаны т.а. соопту жүзөгө чыгарат. Себеби бул абалда келген тарыйкат — дуба эмес, жихад. Демек, сөз белгилүү бир маселе үчүн баяндалган тарыйкатты колдонбостон, ошол маселеде жалгыз гана дубаны колдонуу тууралуу болуп жатат.

Бул абалды жалпылаштырып, башка учурларда да дуба сезиле турган натыйжаларга эч кандай таасир бербейт, болгону соопту гана алып келет деп айтууга болбойт! Анткени мурунку абзацта шариятта амалий тарыйкаты белгиленген, бирок ошол тарыйкат алынбай, анын ордуна жалгыз гана дуба алынган маселе тууралуу сөз болгон. Ошондуктан дубанын натыйжасы сезилбей турган натыйжа — сооп болгон.

Түшүнбөстүк мисалдагы бир сүйлөмдөн келип чыккан сыяктуу. Анда: «Бирок, дуба материалдык иш болсо да, сезилбей турган натыйжаны т.а. соопту жүзөгө чыгарат…» — деп келген. Ошондуктан айрымдарыңарда бул сүйлөм жалпы маанини билдирет деген түшүнүк пайда болгон. Башкача айтканда, дуба бардык учурларда сезилбеген натыйжаны — «соопту» гана жүзөгө чыгарат деп түшүнүлгөн. Чынында болсо мисалдын контексти белгилүү бир абалга тиешелүү. Б.а. насстарда келген тарыйкатты т.а. «жихадды» колдонбостон, чепти фатх кылууда же душманды жеңүүдө жалгыз гана дубаны колдонуу абалына гана тиешелүү.

3. Ал эми себептерди аткаруу менен бирге дуба кылуунун натыйжаларга таасири бар. Расулуллах да ﷺ, анын сахабалары да (разияллаху анхум) ушундай кылышкан. Расулуллах ﷺ аскерди даярдап, андан соң чатырга кирип дуба кылган. Кадисияда мусулмандар дарыядан өтүүгө даярдык көрүшкөн, ал эми Саад (разияллаху анху) Аллахка жүз буруп дуба кылган…

Ошондой эле чынчыл момундар даярдыгын көрүп, дуба кыла башташат. Ырыскы табууга аракет кылган адам тырышып, эмгектенип жатып дуба кылат. Окуучу окуп, аракет кылып жатып Аллах Субханахудан ийгилик сурап дуба кылат. Аллахтын уруксаты менен мунун натыйжаларга таасири болот.

«Түшүнүктөр» китебинин 58-бетинин (кырг. 39-б.) аягында мындай деп келген:

«Бирок, маалым болушу зарыл болгон нерсе, тарыйкатка далалат кылган иш сезиле турган натыйжага ээ болгон материалдык иш болсо да, бул иш Алланын буйрук-кайтарууларынын негизинде жүргүзүлүшү жана аны Алланын буйрук-кайтарууларынын негизинде жүргүзүүдөн Аланын ыраазылыгы көздөлүшү керек. О.э. мусулмандын зээнинде Алла Таалага байланыштуулукту билүү үстөм болушу зарыл. Ал ушуну менен Аллага Куран окуу, намазды аткаруу, дуба кылуу жана ушул сыяктуу иштер менен жакын болсун. Мусулман жеңиш Алла Таала тарабынан келет деп итикад кылышы лаазым. Ошондуктан, дилдерде Алланын өкүмдөрүн ишке ашыруу үчүн бекем орношкон таква болушу зарыл. Ушуну менен бирге, дуба кылуу, Алланы эстөө зарыл жана бардык иштерди аткаруу учурунда Алла менен үзгүлтүксүз түрдө байлануу зарыл».

Мындан момундун бардык амалдарында дуба менен себептерди аткаруу бирге болушунун маанилүүлүгү ачык көрүнүп турат. Бардык амалдардын дуба жана Аллах менен болгон байланышты дайыма сактоо менен коштолушу өтө маанилүү экенин көрсөтүү үчүн «болушу зарыл» деген сөздүн кайталанышы бул маанилүүлүктү дагы да күчөткөн…

4. Жогоруда айтылгандай, себептерди аткаруу менен бирге дубаны да колдонуу — Расулуллах ﷺ, анын сахабалары (разияллаху анхум) жана момундар карманган жол. Бул экөө бирге болгондо, Аллахтын уруксаты менен натыйжаларга таасир берет. Экөөнү бирге колдонуу Исламдын тарыйкатына каршы келбейт. Тескерисинче, Исламий фикратты ишке ашыруу үчүн насстар баяндаган тарыйкатты колдонбостон, жалгыз гана дуба менен чектелүү Исламдын тарыйкатына каршы келет.

«Түшүнүктөр» китебинин 57-бетинин аягында жана 58-бетинин башында мындай деп келген:

«Ошондуктан, Ислам фикратын ишке ашыруудан көздөлө турган бардык иштер сезилбей турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган иштерден болушу бүтүндөй кайтарылат жана бул Ислам тарыйкатына тескери деп эсептелет…»

Башкача айтканда, Ислам тарыйкатына каршы келген нерсе — «Исламий фикратты ишке ашыруудан көздөлө турган бардык иштер сезилбей турган натыйжаны жүзөгө чыгара турган иштерден болушу». Ал эми алардын айрымдары сезилбей турган натыйжаларды жүзөгө чыгарып, мисалы, «белгилүү бир учурлардагы дуба», ошол эле учурда башка амалдар сезиле турган натыйжаларды жүзөгө чыгарса, мисалы, «материалдык даярдык», анда бул шариятта келген жана маанилүү нерсе болуп саналат. Бул Ислам тарыйкатына каршы келбейт.

5. Ошентип, «Түшүнүктөр» китебинде дуба тууралуу айтылгандар эки абалга тиешелүү:

Биринчиси: дуба өзү ишке ашыруу тарыйкатына кирбеген бир фикратты ишке ашырууда жалгыз өзү колдонулса, ал эми насстар аны ишке ашыруу үчүн башка тарыйкатты белгилеген болсо. Мисалы, душман менен согушуу абалында жалгыз гана дуба кылуу: чепти фатх кылуу үчүн анын алдына келип, согушууга аскер даярдабастан, жалгыз гана дуба кылуу. Мындай абалда дуба сезилбей турган натыйжадан — «сооптон» башка натыйжаны ишке ашырбайт.

Экинчиси: дубанын себептерди аткаруу менен бирге болушу. Бул сөзсүз болушу керек болгон нерсе. Мындай абалда экөө тең — «дуба жана себептерди аткаруу» — Аллахтын уруксаты менен натыйжаларга таасир этүүгө катышат.

«Түшүнүктөр» китебинде дубанын мындан башка абалдары тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Тескерисинче, мындай абалдар Ахмад өзүнүн «Муснадында» риваят кылган жалпы хадистин ичине кирет:

Абу аль-Мутаваккилден, ал Абу Саидден риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا» قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ، قَالَ: «اللَّهُ أَكْثَرُ».

«Кайсы бир мусулман күнөө жана туугандык байланышты үзүүдөн башка дуба кылса, Аллах ага ошол дубасы себептүү үч нерсенин бирин берет: же анын дубасын тез арада кабыл кылат, же аны (анын сообун) акырет үчүн сактап коёт, же андан ошончолук (дубага жараша) бир жамандыкты алыстатат». Алар: «Анда дубаны көбөйтөбүз», — дешти. Ал ﷺ: «Аллах андан да көбүрөөк берет», — деди.

Башкача айтканда, Аллах Субханаху дуба кылуучунун дубасына үч нерсенин бири менен жооп берет. Алардын арасында: «же анын дубасын тез арада кабыл кылат» деген нерсе да бар. Бул болсо сезиле турган натыйжа.

6. Демек, «Түшүнүктөр» китебинде айтылган абалдан башка учурларда дубанын сезиле турган натыйжаларды бериши мүмкүн. Анткени хадисте үч нерсенин бири катары: «анын дубасын тез арада кабыл кылат» деп айтылган. Бул болсо сезиле турган натыйжа.

Ушуга окшоп, истиска намазы (ал дагы дуба) аркылуу жамгырдын жаашы сыяктуу сезиле турган натыйжа жүзөгө чыгат. Ошондой эле рукия (ал да дуба) аркылуу оорулуунун айыгышы сыяктуу сезиле турган натыйжа жүзөгө чыгат. Материалдык дары-дармек менен дарыланууда да ушундай болот…

Аллах Таала Өз аяттарында пенделерине жакшылык кылып, кыйынчылыкка кабылган адам Ага дуба кылганда анын дубасына жооп берерин билдирген. Аллах бул жооп берүүнү «Аллахтан башка илах жок» экенине далил катары келтирген. Бул жерде кыйынчылыкка кабылган адамдын дубасына жооп берүү бул дүйнөдө болору мунун баарынан ачык көрүнүп турат. Анткени «кыйынчылыкка кабылган» деген сөз бул дүйнөдөгү бир муктаждыгын сураган адамды түшүндүргөн сыпат. Демек, Аллахтын уруксаты менен жооп сезилерлик болот. Аллах Субханаху айтат:

﴿أَمَّنْ يُجِيبُ الْمُضْطَرَّ إِذَا دَعَاهُ وَيَكْشِفُ السُّوءَ وَيَجْعَلُكُمْ خُلَفَاءَ الْأَرْضِ أَإِلَهٌ مَعَ اللَّهِ قَلِيلًا مَا تَذَكَّرُونَ﴾

«Же ким – кыйынчылыкка кабылган адам жалбарып – дуба кылган убагында (дубасын) кабыл этип, (анын) мүшкүлүн жеңил кылат жана да, силерди Жердин халифа – ээлери кыла алат?! (Алла эмеспи?!) Алла менен бирге дагы башка кудай барбы?! (Жок, бирок) силер кемден-кем эскертме – үлгү аласыңар!» (Намл: 62)

Аллах Субханаху бизге дуба кылууну буюруп, жооп берүүнү убада кылган:

﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ﴾

«Раббиңер: «Мага дуба кылып сурангыла. Мен силердин (суранган тилек-дубаңарды) кабыл кыламын», деди». (Гафир: 60).

Расулуллах ﷺ бул жооп берүүнү «үч нерсенин бири» деп түшүндүргөн. Алардын арасында сезиле турган натыйжа да бар. Албетте, натыйжалардын сезиле турган болушу же сезилбей турган болушуна карабастан, алардын баары Аллах Субханахунун уруксаты менен ишке ашат.

Жыйынтык:

«Түшүнүктөр» китебинде айтылгандар төмөнкүлөр:

а. Тарыйкат — сезиле турган натыйжаларды ишке ашырган иштер.

б. Чепти фатх кылуу же душман менен согушуу маселесинде жалгыз дуба менен жихаддын ортосунда салыштыруу жүргүзүлгөн. Бул жерде дуба сезиле турган натыйжага алып келбейт, болгону соопко алып келет. Анткени жалгыз дуба чепти фатх кылуунун же душман менен согушуунун тарыйкаты эмес…

в. Исламий фикратты ишке ашыруу максат кылынган бардык иштердин сезилбей турган натыйжаларга алып барган амалдар болушу туура эмес. Тескерисинче, алар сезиле турган натыйжаларды жүзөгө чыгарган иштер менен сезилбей турган натыйжаларды жүзөгө чыгарган иштердин аралашмасы болушу мүмкүн. Мисалы, аскерди согушка даярдоо менен бирге Аллах Субханахудан жеңиш сурап дуба кылуу.

г. Тарыйкат амалдарын аткаруу учурунда дуба кылуу мусулман үчүн зарыл нерсе. Расулуллах ﷺ жана сахабалар (разияллаху анхум) да ушундай кылышкан.

«Түшүнүктөр» китебинде дубанын сооптон башка натыйжа бербеген абалы тууралуу айтылганы — мына ушул. Башкача айтканда, чепти фатх кылуу сыяктуу бир маселеде ошол маселе үчүн шаръий насстар баяндаган тарыйкатты — бул жерде жихадды — колдонбостон, жалгыз гана дубаны колдонуу абалы.

Ал эми дубанын башка абалдары Расулуллахтын ﷺ төмөнкү жалпы хадисинин ичине кирет:

«مَا مِنْ مُسْلِمٍ يَدْعُو بِدَعْوَةٍ لَيْسَ فِيهَا إِثْمٌ، وَلَا قَطِيعَةُ رَحِمٍ، إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ بِهَا إِحْدَى ثَلَاثٍ: إِمَّا أَنْ تُعَجَّلَ لَهُ دَعْوَتُهُ، وَإِمَّا أَنْ يَدَّخِرَهَا لَهُ فِي الْآخِرَةِ، وَإِمَّا أَنْ يَصْرِفَ عَنْهُ مِنَ السُّوءِ مِثْلَهَا» قَالُوا: إِذًا نُكْثِرُ، قَالَ: «اللَّهُ أَكْثَرُ».

«Кайсы бир мусулман күнөө жана туугандык байланышты үзүүдөн башка дуба кылса, Аллах ага ошол дубасы себептүү үч нерсенин бирин берет: же анын дубасын тез арада кабыл кылат, же аны (анын сообун) акырет үчүн сактап коёт, же андан ошончолук (дубага жараша) бир жамандыкты алыстатат». Алар: «Анда дубаны көбөйтөбүз», — дешти. Ал ﷺ: «Аллах андан да көбүрөөк берет», — деди. Бул хадисти Ахмад өзүнүн «Муснадында» риваят кылган.

Мындан Аллах Субханаху дуба кылуучунун муктаждыгын бул дүйнөдө ишке ашырып бериши мүмкүн экени көрүнөт. Бул болсо сезиле турган натыйжа. Же бул дүйнөдө дуба кылуучудан ошончолук жамандыкты алыстатышы мүмкүн. Бул да сезиле турган натыйжа. Же аны Кыямат күнүнө сактап коёт. Бул болсо сооп, башкача айтканда, сезилбей турган натыйжа.

Аллах Субханаху улуу пазилеттин Ээси. Ал Рахман, Рахим. Ал пендесинин дубасына бул дүйнөдө жооп берген күндө да, аны дубасынын сообу менен сыйлайт. Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун.

01.10.2011

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button