Жакшылык жана жамандык тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Жакшылык жана жамандык тууралуу
Махмуд Санкротко.
Суроо: Бүткүл ааламдардын жаратуучусу Аллахка мактоолор болсун, Аллахтын элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны ээрчигендерге салам жана дубалар болсун. Ассаламу алейкум уа рахматуллоохи уа баракаатуху. Урматтуу шейхибиз Аллах сизди коргоп, сактасын. Ал сизге берешендигин көбөйтүп, сүйгөн жана ыраазы болгон нерсеге багыттасын. Биз Кудуреттүү Аллахтан бизге жеңиш жана күч-кубат берүүнү тездетүүнү, ошондой эле ал жеңишти жакынкы келечекте сиз аркылуу ишке ашырышын суранабыз… бул Аллах үчүн жеңил жана ал ага кудуреттүү…
Аллах Таала өзүнүн ыйык китебинде, Ниса сүрөсүнүн 78 жана 79-аяттарында мындай дейт:
﴿أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَوْ كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِكَ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً * مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولاً وَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيداً﴾
“Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден», – дешет. (Аларга) «Баары Алладан» – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт. Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн. Биз сени элдер үчүн элчи кылып жөнөттүк. Алла жетиштүү Күбө”. (Ниса: 78-79).
Биринчи аятта түшүндүрүлгөндөй, жакшы жана жаман иштер Аллахтан экени айтылды. Экинчи аятта, жакшы иштер (бир гана) Аллахтан экенин, ал эми жаман иштер өзүңдөн экени түшүндүрүлдү бул эки ача маанини кантип шайкеш келтире алабыз? Биринчи аят жамандык жөнүндө (бул сенден) деп айткандарга карата жемелөөнү камтыйт. Ал эми ал аяттын аягында ﴿فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً﴾ “бул коомго эмне болду, сөздү такыр түшүнүшпөйт” деп аларды жемеледи.
Мен сизден так түшүндүрмө алгым келет, анткени мен бир катар заманбап шейхтердин видеолорун көрдүм. Мен андан издегенимди тапкан жокмун, алардын сөздөрү көбүнчө жалпы жана бүдөмүк, майда баратына чейин айтылбады. Аллах сизди жакшылыктар менен сыйласын.
Жооп: Уа алейкум ассалам уа рахматуллохи уа баркатуху.
Биринчиден: Бир тууганым, сенин сурооңдун темасы Аллах Таала бул эки ыйык аятта айтканы тууралуу:
أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَوْ كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِكَ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً * مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولاً وَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيداً﴾
“Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден», – дешет. (Аларга) «Баары Алладан» – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт. Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн. Биз сени элдер үчүн элчи кылып жөнөттүк. Алла жетиштүү Күбө”. (Ниса: 78-79).
Биринчи аят жөөттөр жана мунафыктар жөнүндө түшкөн, анткени алар Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мадинага келгенде: Биздин мөмө-жемиштерибиздеги жана талааларыбыздагы каатчылык бул киши жана анын сахаабалары (шериктери) бизге келгенден бери башталды деп алар каатчылыкты жана кургакчылыкты Пайгамбарга (ﷺ) байланыштырып, аны (жаман) деп аташып бул сенден дешти… Бирок эгер мөмө – жемиш жана талааларда мол түшүмдүүлүк болсо (алар муну жакшы деп аташып) муну Аллахка байланыштырып, бул Аллахтан дешти.
Анан түшүм менен мөмө-жемиштердин бардык молчулугу же түшүм менен мөмө-жемиштер туш болгон кургакчылык менен каатчылыктын баары Аллахтан деген ыйык аят түштү. Анан Аллах алардын наадандыгын ачыкка чыгарып:
﴿فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً﴾
“Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт?” – деди.
Экинчи аят адамдардын иш-аракеттерине байланыштуу.
Эгер кимдир бирөө жакшы иш кылып, жакшылык, береке жана ийгиликке жетсе, анда ал Аллах Таалага мактоо айтсын, анткени бул Аллахтын ага болгон ырайымынан жана берешендигинен. Ал эми эгер ал жаман иш кылып, зыян тартса же кырсыкка кабылса, анда бул анын жаман иштеринен улам экенин түшүнсүн. Анткени Аллах Таала башка аятта мындай деген:
﴿وَمَا أَصَابَكُمْ مِنْ مُصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ﴾
“Силерге кандай гана кыйынчылык жетпесин, ал силердин колуңар менен жасаган күнөөлөрүңөрдөн болот. Ал көбүн кечирет” (Шура 30).
Бул жерде хикмат бар. Акылман жана Кудуреттүү Аллах экинчи аятта шайтандын азгырыктарын ыймандуулардын жүрөгүнөн чыгаруу үчүн бул маселени ачыктап берди. Биринчи аятта (түшүмдүүлүк жана молчулук, кургакчылык жана ачарчылык, каатчылык) Кудуреттүү Аллахтан экенине ишарат кылынды. Ошондуктан, шайтан адамдардын жүрөгүнө сенин жакшы же жаман иш-аракеттериңде тандооң жок, тескерисинче, сен аларды жасоого мажбурсуң, анткени (жакшы жана жаман ишиң) Аллахтан, ошондуктан сен алардан суралбайсың деп шыбырашы (васваса кылышы) мүмкүн. Ошондуктан, Аллах адам өз каалоосу менен жасаган иш-аракеттери үчүн өзү жооптуу экенин көрсөтүү үчүн экинчи аятты түшүрдү. Эгер ал жакшы иш кылып, бул дүйнөдө же акыретте ийгилике жетсе, бул Аллах Тааланын ага болгон ырайымы жана берешендиги. Эгер ал жаман иш кылып, бул дүйнөдө же акыретте кырсыкка же жазага дуушар болсо, бул анын өзү кылган жаман иштеринен улам болот. Ошондуктан маселе ушундайча туура түшүнүлөт, анткени молчулук жана каатчылык, башкача айтканда, ырыскы – ал азбы же көппү, молчулукпу же каатчылык болобу, баары Аллах Тааладан.
Ал эми адамдын башына келген нерсе өзү ыктыяр кылып кылган иштеринин натыйжасында болот: эгер анын башына келген нерсе жакшылык болсо, анда ал бул дүйнөдө же акыретте сыйлык алат. Демек, бул ага болгон Аллахтын ырайымы, берешендиги (б.а. ал Аллахтан) болот. Ал эми анын башына келген нерсе бул дүйнөдө же акыретте жаза катары жамандык болсо, анда бул өз ыктыяры менен өзү кылган жаман иштеринин натыйжасынан (б.а. өзүнөн) болот.
Экинчиден: Дагы тактоо үчүн, мен төмөндө эки ыйык аят жөнүндө кээ бир тафсирлерде айтылгандарды келтирем:
Ибн Касирдин тафсиринде мындай деп айтылат:
Анан Аллах Таала мындай деди:
﴿مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ﴾
“Сага келген жакшылыктын баары Аллахтан”, башкача айтканда, Аллахтын ырайымынан, берешендигинен, мээриминен.
﴿وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ﴾
“Сага келген жамандыктын баары өзүңдөн”, башкача айтканда, өзүңдүн амалдарыңдан. Анткени Аллах Таала мындай деген:
﴿وَمَا أَصَابَكُمْ مِنْ مُصِيبَةٍ فَبِمَا كَسَبَتْ أَيْدِيكُمْ وَيَعْفُو عَنْ كَثِيرٍ﴾
“Силерге кандай гана кыйынчылык келбесин, ал силердин колуңар менен жасаган күнөөлөрүңөрдөн болот. Ал көбүн кечирет”. [Шуура: 30]
Саддий, Хасан Аль-Басри, Ибн Журайж жана Ибн Зайд: “Бул өзүңдөн”, башкача айтканда, күнөөңдөн улам деп айтышкан.
Катада мындай деди:
﴿مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللهِ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ﴾
“Сага кандай жакшылык келсе да, ал Аллахтан кандай жамандык келсе да, ал өзүңдөн”. Бул, эй Адам уулу, сенин күнөөлөрүң үчүн жаза. Ал мындай деди: Бизге Аллахтын пайгамбары ага Аллахтын салам-салаваттары болсун айтты:
أن نبي الله ﷺ كان يقول: “لا يصيب رجلا خَدْش عود، ولا عثرة قدم، ولا اختلاج عِرْق، إلا بذنب، وما يعفو الله أكثر“..
“Эч бир адам күнөө кылбаса, бутакка тытылуудан, мүдүрүлүүдөн же тамырдын тартылышынан жабыркабайт, ал эми Аллахтын кечиргени андан да көбүрөөк”.
Бул Катада риваят кылган хадис Сахихте үзгүлтүксүз чынжыр менен баяндалат: “والذي نفسي بيده، لا يصيب المؤمن هَمٌّ ولا حَزَنٌ، ولا نَصَبٌ، حتى الشوكة يشاكها إلا كَفَّر الله عنه بها من خطاياه” “Жаным Анын колунда болгон Затка ант болсун, момунга кандай гана кайгы же кыйынчылык жетпесин, ал тургай ага сайылган тикенек дагы болсо, Аллах анын айрым күнөөлөрүн ошону менен кечирет”.
Куртубинин тафсиринде мындай деп айтылат:
[Ниса сүрөсү (4): 78-аят].
أَيْنَمَا تَكُونُوا يُدْرِكْكُمُ الْمَوْتُ وَلَو كُنْتُمْ فِي بُرُوجٍ مُشَيَّدَةٍ وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ يَقُولُوا هَذِهِ مِنْ عِنْدِكَ قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً * مَا أَصَابَكَ مِنْ حَسَنَةٍ فَمِنَ اللَّهِ وَمَا أَصَابَكَ مِنْ سَيِّئَةٍ فَمِنْ نَفْسِكَ وَأَرْسَلْنَاكَ لِلنَّاسِ رَسُولاً وَكَفَى بِاللَّهِ شَهِيداً﴾
“Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: «Бул сенден», – дешет. (Аларга) «Баары Алладан» – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт. Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн. Биз сени элдер үчүн элчи кылып жөнөттүк. Алла жетиштүү Күбө”.
Аллахтын: ﴿وَإِنْ تُصِبْهُمْ حَسَنَةٌ يَقُولُوا هذِهِ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ﴾ “Эгер аларга жакшылык жетсе: «Бул Алладан», – дешет”, – деген сөзүнүн мааниси, эгер эки жүздүүлөр молчулукка туш болушса, алар: “Бул Аллахтан”, – дешет. “качан аларга жамандык жетсе” б.а кургакчылык жана ачарчылык келсе, алар: “Бул сенден”, – дешет, башкача айтканда, “Бул сенин жана сахабаларыңдын жаман жышаанынан улам бизге келди”,- дешет.
Бул аят жөөттөр жана эки жүздүүлөр жөнүндө түшкөн, анткени Аллахтын элчиси, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, Мадинага келгенде, алар: “Бул киши жана анын шериктери бизге келгенден бери бизде мөмө-жемиштер жана түмүшдүүлүк азайып баратат”, – дешкен.
Ибн Аббас мындай деген: ﴿مِنْ عِنْدِكَ﴾ “Сенден” дегендин мааниси “сенин жаман ойлогонуңдан” дегенди билдирет. Ошондой эле: “сенден” деген сөз “сенин жаман жышааныңдан” дегенди билдирет. Биз жогоруда айткандай: “бизге келген жаман жышааныңдан” дегенди билдирет. Алар муну ырым-жырымдын бир көрүнүшү катары айтышкан.
Аллах Таала айтты: ﴿قُلْ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ﴾ “(Аларга) «Баары Алладан» – деп айт”. Башкача айтканда, кыйынчылык да, жеңилдик да, жеңиш да, жеңилүү да баары Аллахтан, Анын казасы жана тагдыры менен болот. ﴿فَمَالِ هَؤُلَاءِ الْقَوْمِ﴾ “Бул коомго эмне болгон, сөздү такыр түшүнүшпөйт” – эки жүздүүлөргө – ﴿لَا يَكَادُونَ يَفْقَهُونَ حَدِيثاً﴾ “алар бир да сөздү түшүнө алышпайт?” – башкача айтканда, баары Аллахтан экенин түшүнүшпөй аларга эмне болду? деген маани.
Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, Аллах билүүчү өкүмдар.
Боодоршуңар Ато бин Халил Абу Рушта.
1448-х, 4-сафар. 2026-ж, 18-июнь.




