Жүрөктүн акыл маанисинде колдонулушу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Жүрөктүн акыл маанисинде колдонулушу
Мухаммад Аминге.
Суроо: Ассаламу алейкум, урматтуу амирибиз, мен төмөнкү суроону бергим келет: Куранда да, хадисте да (жүрөк) жана (жүрөктөр) деген сөздөр ой жүгүртүүгө байланыштуу көп колдонулат. Мисалы:
﴿أَفَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَتَكُونَ لَهُمْ قُلُوبٌ يَعْقِلُونَ بِهَا﴾
“Акыры алар (Мекке мушриктери) Жер жүзүндө кыдырып айланышпайбы, (анан ошондо) алар үчүн түшүнө турган жүрөктөр, уга турган кулактар болор эле” (Хаж: 46).
Эмне үчүн мындай? Мээ пикирлөө борбору эмеспи? Бизге үйрөтүлгөндөй, пикирлөө бул маалыматтардын сезимдер аркылуу мээде кабыл алынышы эмеспи? Чындыгында бул илимий жактан да далилденген нерсе. Ошондуктан, “жүрөк” жана “жүрөктөр” деген сөздөрдүн маанисин пикирлөө процессине байланышын кандай түшүнүшүбүз керек? Менин суроомо жооп бергениңиз үчүн Аллах сизге жакшылыктарды берсин.
Жооп:
Уа алейкум ассалам уа рахматуллоохи уа баракаатуху.
“Жүрөк” деген сөз денедеги белгилүү бир органды билдирет… Бирок бул сөздүн жалгыз мааниси эмес, анын акыл-эс сыяктуу башка маанилери да бар жана бул контексттен жана далилдерден түшүнүлөт:
1. Лисанул-Арабда Ибн Манзур аль-Африки ал-Мысри тарабынан айтылат: Жүрөк – көкүрөктө жайгашкан негизги артерия аркылуу илинип турган бир кесим эт. “Ибн Сида айтты: “Калб – бул фуаад (жан дүйнө), музаккар формадагы сөз (мужской род), ал эми көптүк түрү – аклуб жана кулууб. Бул пикирди Аль-Лихьяни айткан. Биринчи эскерилген көптүк түрү да (т.а. аклуб сөзү) Аль-Лихьяниден накл кылынган”. Улуу Жараткандын:
﴿نَزَلَ به الرُّوحُ الأَمِينُ على قَلْبك﴾
“Аны Ишенимдүү Рух сенин жүрөгүңө түшүрдү” (Шуара: 193), – деген сөзүнөн алынган.
Аз-Зажжаж мындай деди: Жебрейил, ага тынчтык болсун, аны сага алып келген, жүрөгүң аны сактап калган, ал сени менен калган, ошондуктан сен аны эч качан унутпайсың. Бул орунда жүрөк акыл-эсти билдирүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
Аль-Фарра аят жөнүндө:
﴿إِن في ذلك لَذِكْرى لمن كان له قَلْبٌ﴾
“Чындыгында, мында жүрөгү бар адам үчүн эскертүү бар” (Каф: 37), башкача айтканда, акылы бар адам деген аят жөнүндө айткан. Ал дагы мындай деген: Араб тилинде “Сенин жүрөгүң жок” жана “Сенин жүрөгүң сени менен эмес” деген сөздөр колдонулат. Мисалы: “Акылың кайда, жүрөгүң кайда кетти?” – дейсиң, башкача айтканда, акылың кайда? дейсиң. Башкалары: аяттагы жүрөгү барлар үчүн, дегенди башкача айтканда, түшүнүү жана ой жүгүртүүсү барлар үчүн деп чечмелешкен.
Пайгамбарыбыздан, ага Аллахтын салам-салаваттары болсун, риваят кылынгандай, ал:
«أَتاكم أَهل اليَمن هم أَرَقُّ قلوباً وأَلْيَنُ أَفْئِدَةً»
“Йемен эли силерге келди, алардын жүрөктөрү эң назик жана жан дүйнөсү эң жумшак”, – деген. Ошондуктан, ал жүрөктөрдү назик, жан дүйнөнү болсо жумшак деп сыпаттаган жана жүрөк (калб сөзү) колдонулушу жагынан жан дүйнөгө (афида) караганда өзгөчө мааниге ээ…
2. Аль-Жавхариге таандык “Ас-Сыхах фи ал-Лугада” мындай деп айтылат: Жүрөк (калб), жан дүйнө (фуад) ал акылга карата колдонулушу мүмкүн. Аль-Фарра Улуу Аллахтын:
﴿إِن في ذلك لَذِكْرى لمن كان له قَلْبٌ
“Чындыгында, мында жүрөгү бар адам үчүн эскертүү бар” (Каф: 37), деген сөзү жөнүндө, акылы бар адам үчүн дегенди түшүндүрөт деп айткан.
3. Аль-Файрузабадийге таандык “Аль-Комус аль-Мухитте” мындай деп айтылат: калб – сөзү оодарып салуу маанисин берет. Ал аны оодарып салды, ал анын жүзүн оодарып салды, ал жүрөгүнө сокку урду, ал нерсени ичинен оодарып салды, нерсенин астын үстүнө келтирди...
Жүрөк жан дүйнөгө (фуадга) караганда өзгөчөрөөк мааниде – акыл жана бардык нерсенин маңызы… Дамма белгиси менен аялдын билериги жана ак жылан деген маанини да билдирет.
Бул жетиштүү деп үмүттөнөм, Аллах билүүчү жана өкүмдар.
Боордошуңар Ато бин Халил Абу Рушта.
1448-х, 30-сафар.
2026-ж, 15-август.




