Басма сөз

Тунис бийлиги суу жана электр энергиясы менен камсыз кылууга алсыз!

Басма сөз баянаты

Тунис бийлиги суу жана электр энергиясы менен камсыз кылууга алсыз! Анын кемчиликтерин ачыктап, ийгиликсиздигине каршы нааразылык билдиргендерди камакка алууда!

Махдия вилаятындагы Бурж ар-Рас аймагы жайдын катаал шарттарына туш келген учурда ичүүчү суу менен камсыз кылууда курч кризиске кабылууда. Бул тургундарды нааразылык акцияларына чыгууга түрттү, алардын акыркысы 2026-жылдын 14-июлунда болду. Жергиликтүү бийликтер болсо, орун алган көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна нааразылык билдиргендерди камакка алышты. Алардын көпчүлүгү жашы жете электер жана жаштар эле!

Кармалгандарга алгач «кутум уюштуруу», мамлекеттин түзүмүн өзгөртүүгө аракет кылуу жана калкты бири-бирине кол салууга үндөө деген айыптар коюлду. Бирок алардын камакка алынышына байланыштуу кеңири нааразылык толкуну жаралганда, кийин алар бошотулду.

Тунистеги абал жеткен бул секулярдык башаламандык алдында биз, Тунис вилаятындагы Хизб ут-Тахрир, төмөнкүлөрдү баяндайбыз:

1- Бурж ар-Рас аймагында, ал тургай бүтүндөй Тунисте болуп жаткан суу жана электр энергиясына байланыштуу кризистер секулярдык түзүмдүн ийгиликсиздиги менен коррупциянын айкалышынын натыйжасы. Үч тарабынан Жер Ортолук деңизинин суулары менен курчалган Махдия вилаяты туруктуу суусуздукка жана электр энергиясынын үзгүлтүксүз өчүрүлүшүнө туш болууда. Бул сууну тузсуздандыруу жана альтернативдүү энергия боюнча чечимдер бар болгон доордо болуп жатат. Бул болсо жашоонун негизги муктаждыктары үчүн түпкү чечимдерди табууга эрктин жоктугун тастыктайт.

2-Көйгөйдөн качып кутулууга аракет кылуу, коопсуздук органдары аркылуу коркутуу, нааразылык билдирген үндөрдү камакка алуу жана кризистерди натыйжалуу чечимдер менен чечпөө саясаты абалды ого бетер курчутуп, чыңалууну күчөтүүдөн башка натыйжа бербейт. Бийлик үчүн эң туурасы секуляризмди четке кагып, адамдардын иштерин башкарууда Ислам өкүмүн бекем кармануу эле. Анткени Исламда аким үммөттүн камкору жана кызматчысы. Пайгамбар ﷺ айткан:

«الْإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам — башчы жана ал өз карамагындагылар үчүн жоопкер». (Хадис).

Ал үммөттүн каражаты эсебинен өз үйүндө электр энергиясы менен суу болуп, ошол эле учурда үммөт алардын жоктугунан кыйналып жатканына ыраазы болбойт. Анткени секулярдык түзүмдөр бекемдеп койгондой, ал кызмат көрсөтүлүүчү кожоюн эмес, тескерисинче, Раббисинин рахматын үмүт кылган үммөттүн кызматчысы. Эгер өзгөчө кырдаал болсо, анда ал баарына, ал тургай жарандардан мурда акимдерге да тиешелүү болот. Себеби өлкөнүн мындай абалга келишинин себеби алардын ийгиликсиздиги жана начар башкаруусу. Мындан тышкары, электр энергиясынын жана суунун булактары умумий мүлккө кирет. Негизинде алар бардык адамдарга же акысыз, же өздүк наркы боюнча жетиши керек. Анткени алар жамааттын укуктарынан. Пайгамбар ﷺ айткан:

«النَّاسُ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ؛ فِي الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»

«Адамдар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто». (Хадис)

3-Биз, Тунис вилаятындагы Хизб ут-Тахрир, бийликти мухасаба кылабыз жана адамдардын кызыкчылыктарын камкордукка алуудагы кемчилигинин жана алсыздыгынын коркунучунан эскертебиз. Ошондой эле Тунис элинин кризистеринен кутулуусу убактылуу жамап-жаскоочу чечимдер менен эмес, секулярдык башаламандык түзүмүн жоюу жана улуу Ислам түзүмүн — камкордук жана адилеттүүлүк түзүмүн — анын мамлекети болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык аркылуу тирилтүү менен гана болорун баса белгилейбиз. Аны тикелөө бардык мусулмандарга важиб. Пайгамбар ﷺ айткан:

«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлгөн болот». (Хадис)

Хизб ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы маалымат бөлүмү

16.08.26

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button