(Израил) армиясында бир жылда өз жанын кыйган аскерлердин саны 23кө жетти

(Израил) армиясында бир жылда өз жанын кыйган аскерлердин саны 23кө жетти
2026-жылдын башынан бери (Израилдин) аскердик кызматтагы 23 жоокери өз жанын кыйганы кабарланды. Бул акыркы 16 жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Бул тууралуу “Haaretz” басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, “Израилдин” куралдуу күчтөрүндө аскерлер арасындагы суицид учурлары акыркы жылдары көбөйүүдө. Айрыкча 2023-жылдын октябрында Газа тилкесинде согуштук аракеттер башталгандан кийин мындай көрүнүш күчөгөн.
Басылманын маалыматына караганда, Газа тилкесиндеги аскердик операцияга чейинки он жыл ичинде (Израил) армиясында өз жанын кыйган аскерлердин жылдык орточо саны 12ни түзгөн. Ал эми 2023-жылдын октябрынан тартып жыл аягына чейин жети аскер өз жанын кыйган, 2024-жылы бул көрсөткүч 21ге, 2025-жылы 22ге жеткен.
2026-жылдын башынан берки 23 учур акыркы 16 жылдагы эң жогорку көрсөткүч катары катталды.




