Роя гезити

Ирактын премьер-министри Али аз-Зайдийдин Вашингтонго сапары жана кыялдагы эгемендик!

Ирактын премьер-министри Али аз-Зайдийдин Вашингтонго сапары жана кыялдагы эгемендик!

2003-жылы Америка Иракта массалык кыргын салуучу куралдардын запасы бар деген шылтоо менен бул өлкөгө басып кирип, аны басып алган. Бирок кийин мындай куралдар табылган жок. Андан соң Америка менен Британия жетектеген Убактылуу коалициялык бийлик Иракты 2004-жылдын июнь айында жалган эгемендикти убактылуу Ирак өкмөтүнө өткөрүп бергенге чейин башкарды. Ал бийлик мамлекеттик түзүлүштү калыптандырып, конституцияны даярдады. Ошондон бери Ирак караңгы туңгуюкка кирип, саясий жана коопсуздук башаламандыгын, жашыл менен кургакты кошо куураткан мазхабдык фитнаны башынан өткөрдү. Ал эми Американын аскердик катышуусу темасы саясий күчтөрдүн жана жеке кызыкчылык ээлери соода кылган арзан товардай болуп калды.

Бүгүнкү күнгө чейин да алдоо жана үммөткө куулук кылуу уланууда. Кордукка толгон иштер менен чечимдер өлкөнүн кызыкчылыгы жана аны ушул караңгы туңгуюктан куткаруу үчүн кабыл алынган эгемен чечимдер катары көрсөтүлүүдө! Ушундай шартта Ирактын премьер-министри Али Фалих аз-Зайдийдин Вашингтонго сапары болду. Бул сапарды Ирак өзү чечкен жок, тескерисинче, стратегиялык келишимдерди түзүү үчүн Америка президенти Трамптын чакыруусу менен ишке ашты.

Бул келишимдердин шарттарына, тосуп алуу ыкмасына жана берилген ыңгайсыз, чагымчыл суроолорго кылдат көңүл бурган адам бул жолугушуу тең ата мамлекеттердин же эгемен жетекчилердин жолугушуусу эмес экенин толук түшүнөт. Тескерисинче, бул — өз мырзасынын кызыкчылыгын сактоо үчүн буйрук жана көрсөтмөлөрдү күтүп турган кор болгон малайдын, кожоюнуна баш ийген кулдун жолугушуусу. Анткени аз-Зайдий бул кызматка талапкерлигин коюудан алдын Трамптын колдоосуна ээ болгон. Трамп Ак үйдө журналисттерге берген билдирүүсүндө: «Мен аз-Зайдийдин Ирактын өкмөт башчысы болушуна кызыкдар болчумун. Анткени анын атаандашы Вашингтонго карата мен жаман деп эсептеген позицияларды карманчу», — деген.

Өз кезегинде аз-Зайдий кызматка киришкенден тартып эле өзүнүн репутациясын көтөрүү аракетинин алгачкы кадамы катары коррупцияга каршы күрөшүүгө берилгендигин ачык жарыялады. Анын өкмөтү рейддерди жүргүзүп, коррупцияга айыпталган азыркы жана мурдагы ондогон депутаттарды жана мамлекеттик кызматкерлерди камакка алды. Ошондой эле ири көлөмдөгү каражаттарды конфискациялап, ушул аркылуу кеңири элдик колдоого ээ боло алды.

Ошентип, бул сапар аймак туруксуз абалды башынан кечирип, күчтөрдүн тең салмагы кайрадан калыптанып жаткан учурда болду. Ошол эле учурда Америка Ирактын маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт жана анын өзүнүн гегемониясынан чыгып кетпей, туруктуу бойдон калышы Америка үчүн тагдыр чечүүчү маселе экенин билет. Бул маселедеги ар кандай кайдыгерлик же шалаакылык бүтүндөй аймакка таасир эте турган туруксуздукка алып келиши мүмкүн.

Бул сапарда үч маанилүү жана эгемендикке байланыштуу багыт каралды. Алар: курал, коопсуздук жана экономика.

Курал маселесине келсек, Америка Ирак менен кызматташтыктын келечегин Иран колдогон куралдуу топторду куралсыздандыруу боюнча иш жүзүндөгү натыйжаларга жетишүүгө байланыштырды. Себеби Америка бул куралдуу топторду Ирактын ички маселеси катары эмес, Иран башкарган аймактык тармактын бир бөлүгү катары карайт. Айрыкча Американын Иранга жасаган чабуулунан кийин аларды өз кызыкчылыктарына жана союздаштарынын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган күч катары эсептейт.

Аз-Зайдий Америкага барар алдында The Washington Post гезитине жарыяланган макаласында анын өкмөтү «күч колдонууга мыйзамдуу укук мамлекеттин гана колунда болушун камсыз кылууга милдеттүү» экенин жазып, Ирак «аймактык блокторго жана жаңжалдарга аралашуунун ордуна өнүгүү жолун тандаганын» белгилеген.

Ал эми Ирактын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын өкүлү Сабах ан-Нуъман Alhurra телеканалына берген өзгөчө маегинде Багдад Вашингтонго эл аралык коалициянын миссиясы сентябрдын аягында аяктагандан кийин куралды мамлекеттин гана колуна топтоо жөнүндө чечимди ишке ашырууну улантарын айтты. Ал өкмөт бул чечимди «Ирактын эгемен чечими, конституциялык мыйзамдуулукка жана элдик колдоого негизделген чечим» деп эсептей турганын баса белгиледи. Ошондой эле Багдаддын көз карашында эл аралык коалициянын миссиясы аякташы менен айрым куралдуу топтордун курал сактап калуу үчүн айтып келген жүйөлөрү да жоюларын ырастады. Бирок бул маселеде көңүл бурулушу керек болгон жагдай бар: бул оңой маселе эмес жана аны коррупция маселесиндей жеңил жана тоскоолдуксуз ишке ашыруу мүмкүн эмес. Тескерисинче, бул өтө татаал жана чырмалышкан маселе. Анын чечими Иракка гана эмес, башка мамлекетке т.а. Иранга да байланыштуу. Ал тургай бул куралдуу топтор менен мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышууга, керек болсо жарандык согушка чейин алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул маселеге өтө этияттык менен мамиле кылынат. Болбосо анын кесепети жакшы болбойт.

Ал эми калган эки багыт — коопсуздук жана экономика — мындан да кооптуу. Анткени дал ушул экөө өлкөнүн чыныгы эгемендигин билдирет. Алар Америка тарабынан Ирактын басып алынышын бекемдеп, мунайга жана инвестицияларга толук үстөмдүк кылуу аркылуу аны мыйзамдаштырат. Ошондуктан экономикалык келишимдердин топтому, мунай долбоорлору жана жаңы түтүк өткөргүчтөр Американын кеңири стратегиясынын бир бөлүгү катары сунушталды. Бул стратегия Ирактын Ормуз кысыгына болгон көз карандылыгын азайтып, анын экономикасын жаңы экспорттук тармактарга байланыштыруу максатын көздөйт. Айрыкча Ирактын мунайдан түшкөн кирешелери Нью-Йорктогу Федералдык резервдик системадагы эсепке салынып тургандыктан, бул Вашингтонго финансылык таасир жана өлкөнүн экономикасын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Ошондуктан биз мындай дейбиз: өзүнүн эгемендигинен ажыраган, басып алуучусунан буйрук жана көрсөтмөлөрдү алган, сөздөр жана аталыштар менен гана оюн кылган мамлекет менен биздин абалыбыз оңолбойт жана бизге урмат келбейт. Бир жагынан Американын аскердик күчтөрү чыгып жатат деп жарыялашса, экинчи жагынан коопсуздук жана экономика боюнча стратегиялык келишимге кол коюлуп, машыгуу, куралдандыруу жана аскердик кеңеш берүү тармактарындагы кызматташтык улантылып, эки өлкөнүн ортосундагы коопсуздук байланышы сакталууда! Басып алынган өлкө менен аны басып алган өлкөнүн ортосунда кандай коопсуздук мамилеси болушу мүмкүн?! Ирактын каражаты менен экономикасы Американын Федералдык резервдик системасына байланганын баары билип турганда, бул кандай эгемендик болсун?!

Жыйынтыктап айтканда, бул сапардын кесепеттери аз-Зайдий Иракка кайтып келгенден кийин гана айкын болот. Ал бул келишимдерди иш жүзүндө аткара алабы же бул иш оор сыноолор менен коштолобу? Айрыкча аз-Зайдий кайтып келе электе эле күмөн жараткан билдирүүлөр чыга баштады. Анткени Ирактын мурдагы премьер-министри Мухаммад Шия ас-Суданий жетектеген Кайра куруу жана өнүгүү коалициясы 2026-жылдын 17-июлунда, жума күнү, азыркы премьер-министр Али аз-Зайдий Америка менен түзө турган бардык келишимдер Координациялык алкакка, Мамлекетти башкаруу коалициясына жана парламентке сунушталып, алар тарабынан жактырылары же четке кагылары тууралуу билдирди.

Бул өтө кооптуу маселе. Ар-Рашиддин борбору болгон Багдаддын ушундай кордукка түшүп, өзүнүн душманынан чечим сурап турганын көргөндө жүрөк сыздайт. Ошондуктан Ирак эли өз тагдырын өзү чечип, өзүнүн исламий жүзүнө кайтып, Аллахтын өкүмүн орнотуп, өлкөсүн каапырдын бардык түрдөгү үстөмдүгүнөн бошотушу керек. Ошондо Багдад мурдагы даңкына жана улуулугуна кайра жетет.

Роя гезити

Ахмад Ат-Таий — Ирак вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button