Комментарий

Казакстан: муфтияттын активдешүүсү диний чөйрөдөгү атаандаштыктын өсүшүн чагылдырат

Казакстан: муфтияттын активдешүүсү диний чөйрөдөгү атаандаштыктын өсүшүн чагылдырат

Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы акыркы айларда өлкөнүн диний гана эмес, коомдук жашоосунда да өз ордун бекемдөөгө аракет кылып жатат. Уюм мусулман калкы менен иштеген негизги институттардын бири катары позициясын күчөтүү менен, социалдык, билим берүү жана агартуу долбоорлорунда ишмердүүлүгүн кеңейтүүдө.

КМДБнын (Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы) акыркы демилгелерине – ондогон миң үй-бүлөгө курмандык эти таратылган Курман айттан кийинки масштабдуу кайрымдуулук кампаниясы, жаштар үчүн жайкы диний курстарды өнүктүрүү, ошондой эле фатваларды, календарларды жана түшүндүрмө материалдарды жарыялоо аркылуу расмий диний күн тартибин калыптандырууга жигердүү катышуу аракеттери кирет. Аны менен катар муфтият кооптуулугу тууралуу айтылып келген радикализмдин алдын алуу маселелери боюнча ишин күчөтүүдө. Ал эми анын өкүлдөрү коомдук талкууларга жана социалдык кампанияларга үзгүлтүксүз катышууда.

Комментарий:

КМДБнын активдүүлүгүнүн өсүшү, уюмдун күтүүсүздөн пайда болгон өзүнүн «ойгонушуна» негизделген демилгесине байланыштуу эмес экени ачык-айкын көрүнүп турат. Бул процесс Казакстанда гана эмес, жалпы эле Борбор Азияда ар кандай диний жана коомдук демилгелердин ортосундагы атаандаштыктын күчөп жаткан абалында жүз берүүдө. Мындай кырдаалда бийлик мусулмандар чөйрөсүндөгү процесстерди өз көзөмөлүндө сактап калууга умтулуп, динге ишенгендер менен иштешүүдөгү буга чейин калыптанган жана сыналган куралына, тагыраагы, расмий муфтиятка таянууда.

Ошол эле маалда, КМДБнын ишмердүүлүгүн кеңейтүү муктаждыгы, мамлекеттеги светтик бийлик институттары коомдогу өзгөрүүлөр менен эсептешүүгө мажбур болуп жатканынан кабар берет. Тагыраагы, элдин күнүмдүк турмушта Исламга таянган чечимдерге болгон кызыгуусунун өсүшүн жана жалпы эле Ислам күн тартибине болгон суроо-талапты эске алууга туура келүүдө. Жыйынтыгында, муфтият мусулмандардын руханий муктаждыгын канааттандырган диний мекеме катары гана чектелбестен, лидерлик үчүн атаандашкан коомдук институт катары өзүн көрсөтүүгө аракет кылууда. Муну менен муфтият үммөттүн ичиндеги коомдук процесстерге таасир этүүгө жана Ислам баалуулуктарын көзөмөлдөөнү көздөп жатат.

Хужжат Жамиа

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button