Кан жана аны колдонуу тууралуу суроого жооп

Кан жана аны колдонуу тууралуу суроого жооп
Суроо:
А) Адамдар белгилүү себептерден улам кан борборлоруна канды акысыз тапшырышат. Кан борбору бул канды текшерет. Эгер кан таза болсо, аны башка бейтаптарга колдонот. Ал эми кан булганган болуп, анда, мисалы, гепатит же СПИД сыяктуу вирустар болсо, анда кандын бул оорулуу көлөмү жок кылынат. Азыр бизге лабораториябызда текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн ушул булганган кан керек болуп жатат. Кан борборунан бул канды акысыз алып, текшерүүлөрдү жүргүзүп, андан кийин калганын эч кимге жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбей турган туура жол менен жок кылуубуз жаизби?
Б) Кээде биз кандын ичиндеги вирустарды илимий жактан татаал жана материалдык жактан кымбат жол-жоболор аркылуу бөлүп тазалайбыз. Натыйжада таза, кошулмасыз вирустарды алабыз. Алардын бир бөлүгүн лабораториябызда реактивдерди өндүрүү жаатындагы илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү үчүн колдонобуз, ал эми калган бөлүгүн башка лабораторияларга сатабыз. Эгер таза вирустарды ала албасак, анда таза вирусту башка лабораториялардан сатып алабыз. Ушул максат үчүн бул вирустарды сатуу жана сатып алуу жаизби?
Жооп: Жооп берүүдөн мурда төмөнкүлөрдү түшүндүрүп кетебиз:
1. Кан нажас жана харам.
Адамдын каны нажас экендигине далил Бухарий жана Муслим Асмадан (رضي الله عنها) риваят кылган хадис. Ал мындай деген:
«جَاءَتِ امْرَأَةٌ إِلَى النَّبِيِّ ﷺ فَقَالَتْ: إِحْدَانَا يُصِيبُ ثَوْبَهَا مِنْ دَمِ الْحَيْضَةِ كَيْفَ تَصْنَعُ بِهِ؟ قَالَ: تَحُتُّهُ ثُمَّ تَقْرُصُهُ بِالْمَاءِ ثُمَّ تَنْضَحُهُ ثُمَّ تُصَلِّي فِيهِ»
«Бир аял Пайгамбарга ﷺ келип: “Биздин бирибиздин кийимине айыз каны тийип калса, аны эмне кылат?” — деп сурады. Ал ﷺ: “Аны ушалап-сүрүп салсын, андан соң суу менен ушалап жуусун, кийин үстүнө суу чачсын, анан ошол кийим менен намаз окусун”, — деди».
Ага намаз окуудан мурда аны жууп салуу буюрулганы анын нажас экендигине далил болот. Ал эми канды жеп-ичүүнүн жана башка ушул сыяктуу нерселердин харам экендигине далил Аллах Тааланын сөзү:
﴿حُرِّمَتْ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةُ وَالدَّمُ وَلَحْمُ الْخِنْزِير﴾ِ
«Силерге өлүмтүк, кан, чочконун эти… арам кылынды…» (Маида: 3).
Ошондой эле Аллах Субханаху ва Таала айтат:
﴿قُلْ لَا أَجِدُ فِي مَا أُوحِيَ إِلَيَّ مُحَرَّمًا عَلَى طَاعِمٍ يَطْعَمُهُ إِلَّا أَنْ يَكُونَ مَيْتَةً أَوْ دَمًا مَسْفُوحًا أَوْ لَحْمَ خِنْزِيرٍ فَإِنَّهُ رِجْسٌ أَوْ فِسْقًا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٌ رَحِيمٌ﴾
«Айткын: “Мага вахий-кабар кылынган Куранда жей турган киши үчүн арам кылынган нерсени көрбөй жатам. Бир ган өлгөн малдын эти, төгүлгөн кан жана чочконун эти арам. Же Алладан башка үчүн аталган фасыктык-бузукулук болсо (арам)”. Демек, ким заалим болбогон жана чектен ашып кетпеген абалда мажбур болуп калса (маселен, ачкачылыктан өлбөс үчүн ал нерселерден жеш менен күнөөкөр болбойт). Анткени, Раббиң Кечиримдүү жана Мээримдүү». (Анъам: 145).
2. Нажас жана арам нерседен пайдалануу арам. Буга далилдердин айрымдары төмөнкүлөр:
Бухарий Жабир ибн Абдуллахтан (رضي الله عنهما) риваят кылат. Ал Фатх жылы Меккеде Расулуллахтын ﷺ мындай дегенин уккан:
«إِنَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ حَرَّمَ بَيْعَ الْخَمْرِ وَالْمَيْتَةِ وَالْخِنْزِيرِ وَالْأَصْنَامِ فَقِيلَ يَا رَسُولَ اللَّهِ أَرَأَيْتَ شُحُومَ الْمَيْتَةِ فَإِنَّهَا يُطْلَى بِهَا السُّفُنُ وَيُدْهَنُ بِهَا الْجُلُودُ وَيَسْتَصْبِحُ بِهَا النَّاسُ فَقَالَ لَا هُوَ حَرَامٌ ثُمَّ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ عِنْدَ ذَلِكَ قَاتَلَ اللَّهُ الْيَهُودَ إِنَّ اللَّهَ لَمَّا حَرَّمَ شُحُومَهَا جَمَلُوهُ ثُمَّ بَاعُوهُ فَأَكَلُوا ثَمَنَهُ»
«Чындыгында, Аллах жана Анын Расулу аракты, өлүмтүктү, чочкону жана буттарды сатууну арам кылды». Ошондо: «Оо, Аллахтын Расулу! Өлүмтүктүн майлары жөнүндө эмне дейсиз? Анткени алар менен кемелер майланат, терилер майланат жана адамдар аларды чыракка жагышат», — деп сурашты. Ал ﷺ: «Жок, ал арам», — деди. Андан соң Расулуллах ﷺ: «Аллах яхудийлерди ушунда кыйраткан! Аллах аларга өлүмтүктүн майларын арам кылганда, алар аны эритишти, анан сатып, акчасын жешти», — деди.
Табарийдин «Тахзиб аль-Асар» китебинде Жабирден риваят кылынат. Расулуллах ﷺ айтты:
«لَا تَنْتَفِعُوا مِنَ الْمَيْتَةِ بِشَيْءٍ»
«Өлүмтүктүн эч бир нерсесин пайдаланбагыла».
Өлүмтүктүн териси мындан истисна кылынган. Абу Давуддун Ибн Аббас (رضي الله عنهما) аркылуу келтирген хадисинде, Мусаддад жана Вахб Маймунадан риваят кылышат. Ал мындай деген:
«أُهْدِيَ لِمَوْلَاةٍ لَنَا شَاةٌ مِنْ الصَّدَقَةِ فَمَاتَتْ فَمَرَّ بِهَا النَّبِيُّ ﷺ فَقَالَ أَلَا دَبَغْتُمْ إِهَابَهَا وَاسْتَنْفَعْتُمْ بِهِ قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ إِنَّهَا مَيْتَةٌ قَالَ إِنَّمَا حُرِّمَ أَكْلُهَا»
«Биздин бир күңүбүзгө садакадан бир кой белек кылынган эле. Ал кой өлүп калды. Пайгамбар ﷺ анын жанынан өтүп баратып: “Анын терисин ашатып, андан пайдалансаңар болбойт беле?” — деди. Алар: “Оо, Аллахтын Расулу! Ал өлүмтүк да”, — дешти. Ал ﷺ: “Аны жеш гана арам кылынган”, — деди».
Бухарий Жабир ибн Абдуллахтан (رضي الله عنهما) риваят кылат. Ал Фатх жылы Меккеде Расулуллахтын ﷺ мындай дегенин уккан:
«إِنَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ حَرَّمَ بَيْعَ الْخَمْرِ»
«Чындыгында, Аллах жана Анын Расулу аракты сатууну арам кылды».
Ошондой эле Бухарий Анас (رضي الله عنه) риваят кылат:
«كُنْتُ سَاقِيَ الْقَوْمِ فِي مَنْزِلِ أَبِي طَلْحَةَ وَكَانَ خَمْرُهُمْ يَوْمَئِذٍ الْفَضِيخَ فَأَمَرَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ مُنَادِيًا يُنَادِي أَلَا إِنَّ الْخَمْرَ قَدْ حُرِّمَتْ قَالَ فَقَالَ لِي أَبُو طَلْحَةَ اخْرُجْ فَأَهْرِقْهَا فَخَرَجْتُ فَهَرَقْتُهَا فَجَرَتْ فِي سِكَكِ الْمَدِينَةِ»
«Мен Абу Талханын үйүндө адамдарга суусундук куюп берип турган элем. Ал күнү алардын арагы фадих болчу. Ошондо Расулуллах ﷺ жарчыга: “Уккула! Чындыгында, арак арам кылынды”, — деп жарыя кылууну буюрду. Анас айтты: “Ошондо Абу Талха мага: ‘Чык да, аны төгүп сал”, — деди. Мен чыгып, аны төктүм. Ал Мадинанын көчөлөрүндө агып кетти».
Абу Давуд Абу Хурайрадан (رضي الله عنه) риваят кылат. Расулуллах ﷺ айтты:
«إِنَّ اللَّهَ حَرَّمَ الْخَمْرَ وَثَمَنَهَا وَحَرَّمَ الْمَيْتَةَ وَثَمَنَهَا وَحَرَّمَ الْخِنْزِيرَ وَثَمَنَهُ»
«Чындыгында, Аллах аракты жана анын акчасын арам кылды, өлүмтүктү жана анын акчасын арам кылды, чочкону жана анын акчасын арам кылды».
3. Ал эми, дарылануу арамдан истисна кылынат. Демек, арам жана нажас нерсе менен дарылануу арам эмес. Арам нерсе менен дарылануу арам эместигине Муслим Анастан (رضي الله عنه) риваят кылган хадис далил:
«رَخَّصَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ أَوْ رُخِّصَ لِلزُّبَيْرِ بْنِ الْعَوَّامِ وَعَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ عَوْفٍ فِي لُبْسِ الْحَرِيرِ لِحِكَّةٍ كَانَتْ بِهِمَا»
«Расулуллах ﷺ Зубайр ибн Аввам менен Абдуррахман ибн Авфка экөөндө болгон кычышуудан улам жибек кийүүгө уруксат берди» же «аларга уруксат берилди».
Эркектерге жибек кийүү арам, бирок дарыланууда ага уруксат берилген. Ошондой эле Насаи, Абу Давуд жана Тирмизий риваят кылган хадис да буга далил. Бул жерде Насаи риваят кылган лафз менен келтирилет:
«حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ طَرَفَةَ عَنْ جَدِّهِ عَرْفَجَةَ بْنِ أَسْعَدَ أَنَّهُ أُصِيبَ أَنْفُهُ يَوْمَ الْكُلَابِ فِي الْجَاهِلِيَّةِ فَاتَّخَذَ أَنْفًا مِنْ وَرِقٍ فَأَنْتَنَ عَلَيْهِ فَأَمَرَهُ النَّبِيُّ ﷺ أَنْ يَتَّخِذَ أَنْفًا مِنْ ذَهَبٍ»
«Абдуррахман ибн Тарафа чоң атасы Арфажа ибн Асъаддан риваят кылат: Жахилият доорунда Кулаб күнү анын мурду жабыркап, ал күмүштөн мурун жасап алган. Бирок ал сасып кеткенде, Пайгамбар ﷺ ага алтындан мурун жасатып алууну буюрду».
Алтын эркектерге арам, бирок дарыланууда ага уруксат берилген.
Ал эми нажас нерсе менен дарылануу арам эместигине Бухарий Анастан (رضي الله عنه) риваят кылган хадис далил:
«أَنَّ نَاسًا اجْتَوَوْا فِي الْمَدِينَةِ فَأَمَرَهُمْ النَّبِيُّ ﷺ أَنْ يَلْحَقُوا بِرَاعِيهِ يَعْنِي الْإِبِلَ فَيَشْرَبُوا مِنْ أَلْبَانِهَا وَأَبْوَالِهَا فَلَحِقُوا بِرَاعِيهِ فَشَرِبُوا مِنْ أَلْبَانِهَا وَأَبْوَالِهَا…»
«Кээ бир адамдар Мадинада ооруп калышты. Ошондо Пайгамбар ﷺ аларга өзүнүн төө багуучусуна барып, төөлөрдүн сүтүнөн жана заарасынан ичүүнү буюрду. Алар төөлөрдүн сүтүнөн жана заарасынан ичишти…».
«اجتووا» деген сөздүн мааниси — анын тамагы аларга туура келбей, ооруп калышты дегенди билдирет. Расулуллах ﷺ аларга дарылануу үчүн «заараны» колдонууга уруксат берген, ал болсо нажас.
Бухарий Абу Хурайрадан (رضي الله عنه) риваят кылат, ал айтты:
«قَامَ أَعْرَابِيٌّ فَبَالَ فِي الْمَسْجِدِ، فَتَنَاوَلَهُ النَّاسُ، فَقَالَ لَهُمُ النَّبِيُّ ﷺ: دَعُوهُ وَهَرِيقُوا عَلَى بَوْلِهِ سَجْلًا مِنْ مَاءٍ – أَوْ ذَنُوبًا مِنْ مَاءٍ – فَإِنَّمَا بُعِثْتُمْ مُيَسِّرِينَ وَلَمْ تُبْعَثُوا مُعَسِّرِينَ»
«Бир бедуин туруп, мечитке заара кылды. Адамдар аны токтотууга умтулушту. Ошондо Пайгамбар ﷺ аларга: “Аны койгула. Анын заарасынын үстүнө бир чака суу куйгула. Анткени силер жеңилдетүүчү болуп жиберилгенсиңер, кыйындатуучу болуп жиберилген эмессиңер”, — деди».
Бул жердеги «سَجْلًا» жана «ذَنُوبًا» деген сөздөр — толтура чака дегенди билдирет.
4. Нерселердеги негиз — алардын мубах экендиги. Арам экендигине далил келмейинче. Буга далилдердин катарында Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү бар:
﴿أَلَمْ تَرَوْا أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ﴾
«(Эй инсандар) Алла асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди силерге моюн сундуруп койгонун көрбөдүңөрбү?» (Лукман: 20)
﴿أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ سَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي الْأَرْضِ﴾
«Алла силерге Жердеги нерелерди моюн сундуруп койгонун көрбөдүңөрбү?» (Хаж: 65).
﴿وَسَخَّرَ لَكُمْ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ جَمِيعًا مِنْهُ﴾
«Ал Өз тарабынан (тактап айтканда, өз эрк-каалоосу менен) силерге асмандардагы жана Жердеги бардык нерселерди моюн сундурду». (Жасия: 13).
Бул насстардан Шарият ээси бардык нерселерди мубах кылганы, башкача айтканда, аларды адал кылганы белгилүү болот. Нерселердеги мубахтык адал дегенди, башкача айтканда, арамдын карама-каршысын билдирет. Ошондуктан кээ бир нерселерди арам кылуу үчүн аларды негизинен мубах кылынган нерселердин арасынан өзгөчө чыгара турган насс керек.
Демек, нерселер арам экендигине далил келмейинче, алардын мубах экендиги нерселердеги негиз болот. Бул амалдардан айырмаланат. Анткени амалдагы негиз — шаръий таклифий жана вадъий өкүмдөргө: «фарз, мандуб… себеп, шарт…» жана башка усулда белгилүү болгон өкүмдөргө байлануу.
Ал эми, сиздин эки суроого жооп төмөнкүдөй:
Биринчиден: Эгер булганган канга жүргүзүлгөн текшерүүлөр дарылоо үчүн текшерүүлөр болсо, башкача айтканда, ооруну аныктоо жана аны ылайыктуу дарылар менен дарылоо жана ушул сыяктуу максаттар үчүн болсо, анда жаиз. Ал эми булганган канга жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн ооруну дарылоочу дары жасоого же ушул сыяктуу нерсеге тиешеси жок болсо, анда жаиз эмес. Анткени кан нажас жана арам. Нажас жана арам нерседен пайдалануу дарылануудан башка нерсе үчүн болсо арам.
Экинчиден: Эгер кандан «вирусту» бөлүп алуу дарылык тажрыйбаларды жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн болсо, анда жаиз. Башкача айтканда, булганган канды лабораториялык иштерден өткөрүп, андан вирусту бөлүп алуу — вируска дарылык тажрыйбаларды жүргүзүп, ылайыктуу дарыны аныктоо үчүн болсо, анда бул жаиз.
Ал эми вирусту кандан бөлүп алуу дарыга тиешеси жок тажрыйбаларды жүргүзүү үчүн болсо, анда жаиз эмес. Анткени булганган кан нажас жана арам, андан пайдалануу жаиз эмес.
Үчүнчүдөн: Вирустар таза. Анткени алардын арам экендигине эч кандай далил келген эмес. Демек, жогоруда айтылган шаръий коидага ылайык, алар таза болуп эсептелет. Ошондуктан алар өзүнчө, башкача айтканда, кан менен булганбаган абалда болсо, аларды сатып алуу, сатуу жана алардын үстүндө ар кандай илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жаиз.
Албетте, илимий изилдөөлөр адамга зыян жеткирүү үчүн эмес, ага пайда алып келүү үчүн болушу керек. Анткени Расулуллах ﷺ айтат:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ»
«Зыян келтирүү да, зыянга зыян менен жооп берүү да жок (жаиз эмес)».
26.01.2011




