Бейиш бактары

Шайхул Ислам Мустафа Сабрий 

Шайхул Ислам Мустафа Сабрий 

Тарых мыйзам жана акыйкат үчүн булак эмес. Бирок, тарыхый окуялардын намыстарды курчутуп, бекемдикти күчөтүү түрткүсүн о.э. өрнөк жана насаат алууга негиз болушун четке кагуу мүмкүн эмес.

Мусулмандар тарыхында ушундай баатырдык жана эр жүрөктүк окуялар болгон дейсиң, эгер бүгүнкү күндө алар жөнүндө пикир жүргүзсөк, насаат алынат, өрнөк алынат. Натыйжада, Үммөтүбүз акыйкат менен батыл ортосундагы күрөш мурункулардын башынан өткөн мыйзам ченемдүүлүк экенине жана бул мыйзам ченемдүүлүк алардын да, алардан кийинкилердин да башынан өтүшүнө, акыбетте болсо такыбалардан болушуна ишеними артат. Анткени, Роббибиз Алла Субханаху ва Таала өз пенделерин жакшылык жана жамандык менен сыноону, жакшылык менен сыналгандар канчалык шүгүр кылат да, жамандык менен сыналгандар канчалык сабыр кылышын билүүнү каалады.

«Эгер, силерге жаракат жеткен болсо, ал коомго да дал ошондой жаракат жеткен. Жана Алла чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши о.э. араңардан шейиттерди ылгап алуусу үчүн бул күндөрдү адамдар арасында айландырып турабыз. Алла залим кишилерди жакшы көрбөйт. О.э. Алла ыйман келтирген заттарды (күнөөлөрүнөн) тазалоо жана капырларды кыйратуу үчүн (бул күндөрдү адамдардын арасында айландырып турат). Же Алла силердин ичиңерден ким туура жолдо күрөшкөн, ким сабыр-такаат кылганын таптакыр билбей туруп бейишке киребиз, деп ойлодуңарбы?!».       [3:140-142].

Исламий Үммөттүн тарыхында айрыкча, Халифалык кулатылышы маалында жана кулатылгандан кийин баатырдык жана каармандык деңгээлинде тургандардын айрымдары аалымдар жана чыныгы эр кишилер болуп саналышат. Алардын бири шейх Мустафа Сабрий  болуп, ал киши кемалчылар жана алардын жийиркеничтүү иштерине каршы турду, аларды ашкерелеп, ага Исламий Үммөттүн этибарын караткандыгы үчүн кыйынчылыктарга учурады жана оор абалдарды башынан өткөрдү. Ошондуктан, ал кишиге жана кылган иштерине токтолуп өтүшүбүз керек. Анткени ал киши да, кылган иштери да буга татыктуу.

Мустафа Сабрий ким жана ал киши аткарган иштер кайсылар?

Тукоддук шейх Мустафа Сабрий 1286-хижрий, 1869-миладий жылы Анадолунун «Тукод» шаарында шаръий илимдерге жакын үй-бүлөдө дүйнөгө келди. Он жашында Куранды жаттады. Атасы аны окуусун улантышы үчүн Кайсери шаарына жиберди. Бул шаар аалымдардын көптүгү менен атагы чыккан. Ал жерде араб тилинен жана шаръий илимдерден билим алды. О.э. логика, талкуу жана ваъз иршад илимдерин да окуп үйрөндү. Кийин окуусун акырына жеткирүү үчүн Константинополдогу, султан Мухаммад Фатих жогорку окуу жайына жөнөп кетти. Шарият жана араб тили сабактарын аалым шейхтер болгон стамбулдук Мухаммад Отифбек менен Ахмад Осим колунан алды. Кийин, шейх Ахмад Осим башка көп шакирттерде көрбөгөн сыпаттарды анда көргөндүктөн кызы Алфияны ага турмушка берди. Акырында, ал хижрий 1307-жылы Мухаммад Фатих медресесинде бүтүрүү сынактарын ийгиликтүү аяктап, мударристик күбөлүккө ээ болду.

Шейх Мустафа Сабрий ал-Фатих медресесине жыйырма эки жашында мударрис болуп дайындалды. Ал-Фатих ошол убакта Константинополдогу эң чоң Исламий окуу жай болуп эсептелчү. Ал жерде иштөө этибардуу кызматтардан болуп, катуу мээнет жана өздөштүрүүнү талап кылат эле.

Ал Усманий халифанын сабагын берген атайын имамына айланды. Себеби, стамбулдагы султания жогорку окуу жайларынын биринде боло турган жана чоң аалымдар катыша турган бул сабакка халифанын өзү да катышат эле. Сабакты болсо, эң билимдүү аалымдардын бири берчү. Хижрий 1317-жылы Йылдыз сарайында т.а. султан Абдулхамид сарайында султандын өзгөчө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул баскычта бир катар сыйлык жана медалдарга жетишти.

Андан кийин, кыска мөөнөткө Йылдыз китепканасынын катчысы болуп дайындалды. Шейх Мустафа Сабрий бул китепканада кыйладан бери издеп жүргөн нерселерин тапты. Анткени, китепкана кол жазмалар жана Исламий китептерге бай эле. Шейх китептерге берилип, алардан өзүнө ушунчалык көп билимди топтоду дейсиң, натыйжада шейх замандаштары назарында илимдин деңизине айланды.

Хижрий 1322-жылы сабак берүүгө кайтууну абзел эсептеп, өз кызматынан бошоду. Кийин үгүтчүлөр медресеси о.э. дарул фунундагы шарият илимдери институтунда тафсирден мударристик кылды. Андан кийин «имам Муслим Сахихи»нен сабак берүү үчүн адистерди тарбиялоочу медресеге өттү.

Хижрий 1323-жылы Исламий шейхтик бөлүмүнө караштуу болгон шаръий чыгармаларды үйрөнүү комитетине мүчө болуп дайындалды.

Эки жолу шайхул ислам болуп дайындалды. «Дарул хикматил исламия»га мүчө болуп дайындалды. «Дарул хадис»те хадис боюнча мударрис болуп дайындалды. Султан Мухаммад Вахидуддин аны Усманий ак сөөктөрү кеңешине мүчөлүккө дайындады.

Мустафа Сабрий жана анын саясий күрөшү: Шейх Усманийлер мамлекети баштан өткөргөн эң назик жана кооптуу шарттарда саясий майданга кирип келди. Шейх өзүн «кадам коюшум өтө зарыл» деп билген бул турмуш майданы ушундай бир майдан болчу дейсиң, андан аалымдар өздөрүн алып качышып, алардын ордун «Иттихад жана өнүгүү партиясы (массончулар) сыяктуу иш тизгинин колго алган динсиздер ээлеп алган, акыбетте султан Абдулхамид экинчинин оодарылышы, Ислам мамлекетинин Балканда жана батыштан Триполиде жеңилүүгө учурашы жүз берген эле.

Мустафа Сабрий саясий ишмердүүлүгүн хижрий 1326-жылы жетекчилик шарттарын кайра көрүп чыгуу зарылдыгы жарыя кылынгандан кийин баштады жана парламенттик шайлоолорго киришип кетти. Хижрий 1326-жылы Усманий мажлисте Тукоддун Санжак округундагы шайлоочулар тарабынан жеңип чыкты. Ал өзүнүн жыйындарда дайыма бар болушу жана отуруштар, кеңештер жана алардагы кызуу талаш-тартыштарда катышуусу менен бардык депутаттардан активдүү эле. Шейх хизбий иш-аракет алып баруу зарыл жана маанилүү экенин түшүнүп жетти жана айрым боордоштору менен «Союз жана азаттык» партиясына мүчө болду. Бул партиянын сабында түрк, араб жана византиялыктар да бар болуп, алар Түркиядагы улутчулдукка негизделген «союзчулар өнүгүү партиясы» мүчөлөрүнө караштуу туранийлик партиясына оппозиция эле.

Шейх партиянын жетекчи катчысы жана расмий сүйлөөчүсү болду. Ал «мажлисти» акыйкатты баян кылуу жана ага даъват кылуу үчүн өзүнө минбар кылып алды. Ал өзүнүн курч билдирүүлөрү менен союзчулардын саясатына каршы көрүнүктүү үгүтчүгө айланды. Муну менен ал көпчүлүктү өзүнө тартып алды жана бул хизб союзчулар партиясына каршы чыныгы кооп-коркунучка айланды.

О.э. ал «Баянул хак» журналын басып чыгуучу Исламий илимий коомдун төрагасы болуп шайланды жана журналдын баш редакторлугу да көптөгөн жылдар бою шейх Мустафа Сабрийга жүктөлдү. Бул журнал «Союз жана өнүгүү» коомунун саясаттары жана пикирлерин ашкере кылуучу негизги саясий минбарлардын бирине айланып, шейх Мустафа ушул журнал аркылуу союзчуларга чабуул кылып, алардын жийиркеничтүү иштерин, жөөттөр менен болгон шектүү алакаларын шерменде кылып ачып таштайт эле.

Союзчулардын иши күчөп, таасирлери ашып кеткенден кийин шейх алардын кысымынан Египетке качып кетти бир топко ал жерде жашап турду. Кийин Европага жөнөп кетти жана бир канча мамлекеттерде болду. Усманийлер кошууну биринчи дүйнөлүк согуш маалында Бухарест шаарына киргенде – бул киши ал жерде жашап жаткан эле – ал кишини кармап, Константинополго алып кетишти. Ал киши тээ союзчулар жеңилип, жетекчилери качып кеткенге чейин камакта кармап турулду. Кийин азаттыкка чыгып, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө кайтты жана «Дарул хикмат»ка мүчө болуп дайындалды. «Союз жана азаттык» партиясы кайрадан түзүлүп, мамлекетте бийликти ээлегенден кийин, хижрий 1337-жылы Мустафа Сабрий Усманийлердин «мажлисинде төрага болуп дайындалды. Кийин шайхул ислам даражасын ээледи. Садрул аъзам «Дамад Фарид паша» Париждин жанындагы Форсайда келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө Францияга кылган сапары убагында шейх Мустафа Сабрий убактылуу «садрул аъзам» кызматын ээлеп турду. Миладий 1920-жылга чейин өз кызматында турду жана айрым батышпарас министрлер менен келише албай калган убакта бул кызматынан баш тартты.

Кемалисттер борборду ээлеп алган убакта миладий 1923-жылы Египетке качып кетти. Андан кийин Хижазда падыша Хусайндыкына конокко барган эле, конок болуусу көпкө созулбады. Мунун себеби, шейх Сабрий мурда падыша Хусайндын Халифалыкка аракет кылып жаткандыгын билип калган эле. Ошондуктан, шейх Сабрий бул жөнүндө ага ооз ачканда, ал шейхтен тез арада Хижаздан чыгып кетүүнү талап кылды. Кийин дагы барар жайы Египет болду.

Египетте шейх Сабрий өзү менен Мустафа Кемалга абдан берилген адамдар ортосундагы кескин тартышууларга туш келди жана ушул себептен Ливанга сапар кылды. Ал жерде өзүнүн «Дин, Халифалык жана Үммөт неъматтарын четке кагуучуларга раддия” деген китебин басмадан чыгарды. Кийин Румынияга, андан кийин Грецияга сапар кылды. Ал жерде уулу Ибрахим менен беш жыл «Эртеңки күн» журналын чыгарып турду. Кийин кемалчылар Сабрийди Түркияга тапшырууларын Грециядан талап кыла баштады. Ошондо Грециядан чыгып Египетке келди жана ал жерде орношту. Египет басма сөзү Халифалык бийликтен четтетилгенден кийин жүз берген өнүгүү жөнүндө бир топко жазды. Шейх Египетке келген убакта тартышуулар күчөдү. Ал кемалчылардын Исламга, шариятка жана мусулмандарга карата карасанатай ниетте болушун, динди бузууну максат кылып жаткандыктарын, алар ойлоп табышкандай, бийликтен ажыратылган Халифалыктын Исламга эч кандай тиешеси жок экенин, динди мамлекеттен ажыратуу диний башкаруудан кутулуп, анын шариятынан жана чектөөлөрүнөн кутулуу жана чегараларын аттап өтүү үчүн бир ыкма экенин египеттиктерге уктурмакчы болду. Бирок, адамдар ошол убакта шейхти кемалчыларды жаман көргөндүктөн аларга чабуул кылып жатат деп ойлошту.

Мустафа Сабрий саясатчы муфаккир:

Шейх Мустафа Сабрийдин Үммөт башына түшкөн эң коркунучтуу нерсе сакафий чабуул экендигине көзү жетти. Бул коркунуч жалпысынан алганда мусулмандардын, анын ичинде арабдардын Батыш сакафаты алдында рухий жеңилүүгө учурагандыктарында көрүнүп калды. Ал Батыш сакафаты алардын дилдерин да, акылдарын да ээлеп алып, өзү ээлеп алышы керек болгон нерсенин ордуна туруп алганын түшүнүп жетти.

Шейх буларды Египет басмаканасында басылып жаткан макалалардан, басмаканалардан чыгып жаткан китептерден түшүндү. Ошондуктан, дароо аларды сындап, аларга раддия берүүчү бир катар китептерди жазды. Муну менен анын китептери – пикирий кыйматка ээ болуу менен бирге – тарыхый кыйматка да ээ болду. Анткени, анын чыгармалары ошол мезгилдин пикирий турмушу үчүн эң туура тарыхый документке (архивге) айланды.

Шейх Сабрий Дин, Халифалык жана Үммөт неъматтарын четке кагуучуларга раддия китебинде Халифалык маселесин саясий жактан талкууга алды. Кемалчыларга чабуул кылып, алардын бузуктугун баян кылды. Исламий дүйнөнү, айрыкча, Египетти алардын карасанатайлыгына каардантты. Халифалык менен башкаруунун ортосун ажыратуудагы алардын карасанатай ниеттерин мусулмандарга эскертип, бул ажыратуунун үндөөчү түрткүлөрүн баян кылып, андан келип чыга турган таасирлерин ачыктап берди. О.э. шейх өз китептеринде кемалчылардын бузуктугу, түркпарастыгы, Исламга тиешелүү нерселерге каршы күрөшүүсү, жыйырманчы кылымда Куран жана Ислам таалиматтары жараксыз дешип, аларды назарга илбестиктери жөнүндө сөз кылды. Европалыктарга ээрчип, диний башкаруудан ажыроого, динди мамлекеттин саясатынан кууп чыгарууга чакыруучу жазуучулардын китептеринен мисалдар келтирди. Шейх өз китептеринин биринде ашынган түрк кемалчылардын биринин: «Биз батыштыктардан бардык нерсени алууга, ал тургай өпкөлөрүндөгү ооруну да, ашказандарындагы нажастарды да алууга токтом кылдык», – деген сөзүн келтирди. Ошону менен бирге, алардын шариятка карама-каршы болгон мыйзамдарынан да мисалдар келтирди.

Шейх Сабрий китептеринде кемалчылар да союзчулардын кудайсыз жамаатынын бир түрү болуп, жөөттөр менен мамиле кылуу жана англистер менен тил бириктирүүдө алардан таптакыр айырмаланбастыгын ашкере кылды. Шейхке «мусулмандар үмүтүн Мустафа Кемалга байлашкандыктан Мустафа Кемалга каршы чабуул кылбоо керек» деп, насаат кылган кимселерге: «Аалымдардын милдети жалпыга жан тартуу жана аламанга ээрчүү эмес, тескерисинче, алардын милдети адамдарды бар болгон акыйкаттан кабардар кылуу. Кемалчылардын Исламды жек көрө турган, Ислам арабдардын дини деген этибарда ага каршы чабуул кыла турган даражада түркпарас жана туранпарас экендиктерин, улуттук туйгуларды жандантып, аларды Исламий туйгулардын ордуна коюп жаткандыктарын айтуулары шарт», – деп жооп берди.

Бул орунда ушуну да айтып өтүшүбүз керек, шейх Сабрий  султандын Үммөткө таянбаган абалда маддий күч-кубатка таянып, аскерийлер үстүнөн чет мамлекеттин саясаты негизинде өкүм жүргүзүшү коркунучун түшүнүп жетти. Ал дагы төмөнкүлөрдүн баарына этибарын каратты: Аскерийлер мамлекет жана Үммөт салтанатын сактап туруучу кубат болуп, маддий күч-кубат мына ушул аскерийлердин колунда болгондуктан о.э. султанды бошотуп, анын ордуна башка султанды коюуга да мына ушул аскерийлер кудуреттүү болгондугу себептүү, аким да өз салтанаты маселесинде мына ушул аскерийлерге таянат. Исламий Үммөт да аскерийлердин бийликте ролу бар экендигинен мамлекет жана Үммөт вужудуна, андан кийин болсо Исламий мамлекетти барлыктан жок кылууга алып келген коркунучту өз көздөрү менен көрдү. Дал ушундай нерселер жүз берди. Мисалы, англистер Стамбулдагы саясатчыларды, эң оболу Мидхат паша жана аны менен бирге болгон офицерлерди, айрыкча, Абдулхамидди Халифалыктан кулатып, Мухаммад Ришадды халифа кылып алып келген революциядан кийин мамлекеттин жихазында болгон Исламий адат, өлчөө жана түшүнүктөрдү кайрыисламий адат жана түшүнүктөргө айландырууга аракет кылды. Шейх Сабрийдин баса белгилешинче, кемалчылар менен союзчулар бир партия, экөө тең саясий партиялар таяна турган мыйзамдуу күчкө таянбайт, бирок кошуунга таянат. Бирок кошуун союзчулар доорунда алардын саясаттарын колдоп-кубаттап туруучу күч жана курал болгон. Кийин кемалчылар доорунда бул курал өнүгүп, өзү иштей турган күчкө айланды. Союзчулар доорунда алардын аскерий жана аскерий эмес бөлүмдөрү ортосунда атаандаштык жана коркутуунун айрым белгилери тез-тез көрүнө баштаган, кийин болсо «Талаттын усталыгы менен тең салмактуулук тартипке түшкөн. Эми болсо аскерийлер тарабы оор келди. Союзчуларга Алланын наалаты болсун. Алар саясатты кошуунга киргизишти. Муну менен ушундай бир жаман жолду тутушту дейсиң, ал – мамлекетке балээ-кырсыкка айланды. Кошуун да мамлекет үчүн балээ кырсыкка айланды. Империяны эки согушка жетектеп барып, Халифалыкты да, мамлекетти да, Үммөттү да сая кетиришти. Шейхтин ушул оор маселени мына ушундай сергектик менен терең түшүнгөндүгү анын чыныгы саясатчылардын бирине айланышы үчүн жетиштүү болду.

Ал өз китептеринде кемалчылар менен союзчулардын жөөттөр менен мурдатан мамилеси бар экендигин айтып, бул маселе туурасында көп түшүндүрмөлөрдү келтирди. Анын пикиринче, султан Абдулхамиддин кулатылышында жөөттөрдүн колу бар. Бул пикирине ал Абдулхамидге анын Халифалыктан четтетилгендиги жөнүндөгү кабарды жөөттөрдүн «Карасу» аттуу таанымал союзу алып келгенин далил кылат. Бул тууралуу: «Өлкөбүздүн тышкарысында да, ичкерисинде да союзчулар менен кемалчылардын достугу уланып келген жөөттөрдөн башка бирер улут же коомду таба албайсыз», – деп жазат. Ошондуктан, Түркияда союзчу жана кемалчылардын чабуулунан жөөттөрдөн башка, бирер адам баласы – албан болобу, араб болобу, күрд болобу, армян болобу, черкес жана рум болобу айырмасыз – аман калбады.

«Куран котормосу жана анын өкүмдөрү жөнүндө» талкуу жүргүзгөн макаласында Азхар шейхи т.а. шейх Мухаммад Мустафа Марогий менен талкуулашты. Бул талкууда кемалчылардын Түркияда Куранды түрк тилине которууга буюруп, адамдарды Куран тили ордуна Курандын түрк тилиндеги котормосу менен намаз окууга мажбур кылгандыктарына раддия берди. Шейх талкууда намазды түрк тилине которулган Куран менен намаз окууга уруксат бергени үчүн Марогийге да, кемалчылардын кылмыштарын колдоп-кубаттаган Мухаммад Фарид Вуждийге да раддия берди. Шейх Марогий менен Вуждийге раддия берип жатканда алардын сөздөрүнөн өтө көп мисалдарды келтирип, алар менен талкуулашып, пикирлеринин шаръий жактан туура эмес экендигин көптөгөн күчтүү далилдер менен баян кылды жана бул нерселер себептүү келип чыга турган кооп-коркунучтардан эскертти. О.э. Марогийдин «фикх тармагында мына ушул котормого таянып ижтихад кылуу жайыз» деп уруксат бергенине да раддия берди. Шейх Сабрий «Мавкифул башар тахта султанил кадар» (Адамзаттын тагдыр салтанаты астындагы даражасы), аттуу китебинде «мусулмандардын калактыктары, бейкапарлыктары, кыйроого жүздөнүүлөрүнүн негизги себеби каза жана кадарга ыйман келтиргендиктери» деген кимселерге раддия берип, алардын райлары жана даабаларынын туура эместигин күчтүү хужжат-далилдер менен далилдеди.

«Ковли фил маръа» (Аял жөнүндө сөздөрүм) китебинде Батышка ээрчүүчү аялды мисал кылып, адамдарды жасануу жана уятсыздарча аралаш турмуш өткөрүү туурасында ахлаксыздык баткагына тартуучу шектүү үгүт ээлерине күчтүү жана ишенимдүү жооп берүү аркылуу өз наалатын багыттады. Бул жооп болсо, түпкүлүгүндө жекече абалдар мыйзамына өзгөртүү киргизүү, аялды азат кылуу мабдасын кабыл кылуу, көп аялдуулукту чектөө, талакка чектөө коюлушу, мурас туурасында аял менен эркектин укугунун теңдештирилиши жана булардан башка нерселерди европадан таасирленген абалда батышташтырууга даъват кылуу аркылуу Египет депутаттар кеңешине сунуштаган комиссияга раддия эле.

«Ал-Ковлул фаслу байналлазина йуминуна билгойби валлазина ла йуминун» (Кайыпка ыйман келтирүүчүлөр менен ыйман келтирбей тургандар ортосундагы чечүүчү сөз) китебинде болсо, Алланын бар экендигине күмөн кыла турган кудайсыз материалисттерге, пайгамбарлыкты, мужиза-кереметтерди жана кайыпты жокко чыгаруучу кимселерге о.э. кереметтерди азыркы маддий заман рухуна ылайыкташтырып бурмалап жаткан ал тургай маддий илимге болгон ыймандары Алланын китеби жана пайгамбарынын сүннөтүнөн үстөм болуп кеткен аалымдарга раддия берди.

Шейхтин пикирлеринин дагы бири ушул, Исламды коргоочуларга жеткен эң коркунучтуу балээ динден алыс болгон азыркы сакафат менен сакафаттанган жазуучулар. Анткени, чыгыш таануучулар акырындап отуруп улуу Пайгамбарыбызды кеменгер жана жөндөмдүү башчылардын даражасына түшүрүп коюшту. Ал тургай, жазуучулар да пайгамбарга багытталган жалаалардан коргогондо аны ушул бурчтан туруп коргой башташты. Булардын бардыгын илим-билим наамы менен кылышат эле… Негизин алганда, бул нерсе Исламды башка райлар сыяктуу пикирий же саясий же фалсафий агымга айландырып коюу жана бардык самавий рисалаттар Алла Субханаху ва Таала алдынан алынган вахий болуп туруп алардагы негизги сыпатты четке кагуу болуп саналат.

«Ааламдар Роббиси жана анын расулдары алдында акыл, илим-билим жана аалымдын туткан орду» деген китеби (бул китеп автордун китептеринин эң акыркысы) миладий 1955-жылы чоң төрт том болуп басылган. Бул китеп шейхтин философия, саясат, ижтима, фикх туурасындагы райларын өз ичине алат. О.э. Марогий, Вуждий, Аккод, Хайкал сыяктуу өз заманынын бир канча атактуу кишилери менен болгон пикирий күрөштөрүн да өз ичине алат.

Шейхтин келтиришинче, бул китепти Түркияда окурмандар динден кайтып жатканын жана Египетте да кудум ушундай абалды көргөндөн кийин жазды. Китептин кириш сөзүндө ал өз атасынын рухуна кайрылып, мындай дейт: «Менин шейхтик жана парламенттик мезгилдеринен мурун да, кийин да депутаттар кеңешинде, гезит жана журналдарда зулум, бузуктук, динсиздик саясаты менен күрөшкөнүмдү, Үммөттүн динин, адеп-ахлактарын жана шахсияларын коргогонумду, чейрек кылымды күрөш менен өткөрүп, бул арада ар түрдүү кыйноо жана азаптар башыма түшкөнүн, мабданы таштабаймын деп, бул жолдо эки жолу мал-мүлк жана мекенимди таштап кеткенимди, эки хижрат арасында камакка да алынганымды жана бул жолдо дүйнөдөн жана анын ырахат жыргалчылыктарынан ажыраганым үчүн эч өкүнбөгөнүмдү көрсөңүз эле – менден ыраазы болот элеңиз».

Шейх пикир жана дүйнө карашта өзүнө атаандаш деп билген кишилерге карата катуу кол эле. Эгер ачуулануу жана кызуулук болбогондо, өз ордунда бир жазуучу болгон болор эле. Бирок, өзүнүн узак өмүрүндө шейхтин калеми өз өзгөчөлүгүн жоготкон болор эле. Мисалы, ал европалашкандарга каршы чыгып, Ислам жана Ислам даъватчылары туурасында: “Өкмөт өзүн динге чектеп койсо, ал кантип азат жана көз карандысыз болушу мүмкүн?” деп таркатып жаткан шектенүүлөрүнө раддия берген. Европачыларга: Селделүү аалымдар адистик ээси эмес. Алар жана алардын шаръий илимдери эсепке алынбайт, – деген даабаларына раддия берип, аалымдарды саясат менен алектенүүгө чакырды жана аларга: «Саясаттан четтеген аалымдар кудум иш тизгини алардын т.а. саясатчылардын колунда болушуна, өздөрүндө т.а. аалымдарда кудум бийликтен жана ар кандай саясий таасирден баш тарткан халифа сыяктуу – алар тарабынан көрсөтүлө турган сый-урмат болушуна келишип алганга окшойт», – деди.

«Акылдын деңгээли» китеби да бир канча маанилүү маселелерди өз ичине алган, төмөндө алардын айрымдарын келтирип өтөбүз: Ислам батыштыктар чабуулдары аркылуу курал-жарак чакырыктары о.э. кудайсыздык жана бузукулук күчтөрү жетекчилик кылып жаткан этикадий пикирий чакырык тарабынан учурап жаткан фитна жана тил бириктирүүлөрдү ачып таштады жана суроо берүү аркылуу эки топ менен күрөшүүнүн үстүндө иштеди.

Өз китебинде аклий далилди батыштык интеллигенттер же батышпарастар таянган далилдерге салыштырып, анын кыйматын баян кылды жана аклий далил тажрыйбалык далилден ишенимдүүрөөк экенине далил келтирди.

Алланын   бар экендиги   туурасында   батыштыктар   менен талкуулашты. О.э. Алланын бар экендигин четке кагуучу кудайсыздардын шектенүүлөрүнө раддия берди. Мындай умтулуу батышча пикир жана фалсафадан айрым изилдөөчү аалымдарга караганда көбүрөөк кабардар экенин көрсөтөт.

Батышча пикирдин арабчага которулган шектенүүлөрүнө: аклий далилди көзгө илбестен, бүтүндөй тажрыйбалык далилге таянууга, ал тургай, тажрыйба ыкмасы Исламий сакафаттын негизги жана бирден-бир ыкмасына айланып калганына каршы күрөштү.

Шейх Мустафа Сабрийдин түрк жана араб тилиндеги макалалары ошол убакта күндөлүк гезиттерде басылып турду. О.э. анын макалалары илимий журналдарда да чыгып турган.

Ал киши жөнүндө аалымдардын пикирлери:

Ал киши жөнүндө Мухиббиддин Хатиб мындай дейт: «Кайтпас, улуу аалым. Ал кишинин урматы өз замандаштарыныкынан жогору саналат». Анткени, ал киши Исламга Ислам наамы менен жана Ислам аалымдары чабуул кылынып жаткан убактарда Исламды коргогон.

Ал киши жөнүндө шейх Зохид Кавсарий «мужахиддердин көз кубанычы» дейт. Ал кишини шейх Абдулфаттох Абу Гудда мактап: «Анын «Акылдын деңгээли» деген китеби эч күмөнсүз кылымга татый турган китеп», – дейт. Шейх Бутий болсо ушул китеп жөнүндө «теңи жок китеп» дейт.

Ал кишинин маддий абалы: Шейхибиз  турмушунда кембагалдыкты башынан өткөрдү жана муну менен сыймыктанды. Анткени, ал киши кембагал болуп жашап, ушундай абалда турмуштан көз жумду. Өткүнчү дүйнө неъматтарына этибар бербеди. Кыйналганына эң чоң далилдердин бири «шайхул Ислам» даражасын узак жылдар ээлеп келгенине карабастан, өзү жана үй-бүлө мүчөлөрүнө пароходдун үчүнчү даражалуу жайынан Константинополдон Македонияга чейин билет сатып алуу үчүн китептерин сатууга мажбур болгондугу.

Анын кайраты өз доорундагы аалымдар арасында жомокко айланган. Мисалы, ал союзчуларга жана Батышка берилген диний аалымдарга каршы күрөшүп, бул жолдо интеллигенттер жана саясатчылар тарабынан азарларга учурады. Өмүр бою абалды абзелирээк тарапка өзгөртүү үстүндө иш алып барды. Исламий дүйнөдө Ислам дининин үстүнө жапырылып келе жаткан кооп-коркунучту сезгенден баштап ишмердүүлүгү күчөдү. Кызыктыруу же болбосо коркутууларга карабастан, ообостон ушундай абалын өзгөртпөстөн улантты.

Шейх Мустафа Сабрий  хижрий 1373-жыл, 7-ражаб, миладий 1954-жыл, 2-март күнү Каирде көз жумду. Алла бул шейхти Өз рахматына алсын. Бизди да ал кишинин тажрыйбасы жана билимдеринен пайдаланнууга жетиштирсин. Ал ар бир нерсеге кудуреттүү жана дубаларды кабыл алуучу Зат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button