Комментарий

Кыргызстанда кредит алгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда кредит алгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 1,5 миллиондон ашты. 2026-жылдын биринчи жарымында эле өлкөнүн жашоочулары микрофинансылык уюмдардан 48,5 млрд сомдук кредит алышкан. Бул сандарды өткөн жылга салыштырсак, микрокредит берүүнүн көлөмү 20,6 пайызга көбөйгөн.

Ошентип, микрофинансылык уюмдардын кардарларынын жалпы саны 1 млн 559 миңден ашты. Бул өлкө калкынын болжол менен төрттөн бирин түзөт.

Кредиттердин басымдуу бөлүгү күнүмдүк керектөөгө коротулат. Алынган акчанын кайда жумшалып жатканы этибарды өзүнө тартат. 2026-жылдын алгачкы алты айында берилген микрокредиттердин 30,04 млрд сому, же жалпы көлөмдүн 61,9 пайызы керектөө муктаждыктары үчүн алынган.

Демек, микрофинансылык сектордун негизги акчасы өндүрүшкө же ишкерликке эмес, күнүмдүк керектөөлөрдү каржылоого багытталууда. Керектөө максатындагы кредиттердин орточо көлөмү күнүнө 166 млн сомго жакындаган.

Ушундай тепм менен элдин карызы улам өсүүдө. 2026-жылдын 1-июлуна карата калктын микрофинансылык уюмдар алдындагы жалпы карызы 67 млрд 46,5 млн сомго жетти.

Комментарий: Кыргызстанда микрокредиттердин көлөмү өсүп, калктын карызы 67 млрд сомдон ашканы калктын каржылык муктаждыгы күчөп жатканын ырастайт. Бул сандар өлкөдө кредит күнүмдүк жашоонун олуттуу бөлүгүнө айланганын көрсөтүп турат. Адам күнүмдүк керектөөсүн жабуу үчүн кайра-кайра пайыздуу кредит алса, карыздын өзү жаңы карыз алууга түрткү болушу мүмкүн. Мындан улам, үй-бүлөнүн кирешесинин бир бөлүгү керектөөгө же өнүгүүгө эмес, мурунку карыздарды жана анын пайыздарын төлөөгө жумшалат. Натыйжада бул финансылык кишен үй-бүлөнүн капчыгына олуттуу зыян тийзигип, социалдык терс акыбеттерге алып келиши мүмкүн. Маселен, үй-бүлөдө мамилелердин бузулушуна, ар кандай чыр-чатактарга, ал тургай кылмыштарга алып барышы мүмкүн. Ошондуктан коом канчалык финансылык көз карандылыкка байланган сайын, ошончолук социалдык абал курчуй берет. Ал эми, кредиттер бул финансылык көз карандылыкты улам күчөтөрү шексиз.

Бийликтин «кернейлери» ички дүң продукт (ИДП) жана экономика жаатында рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, өлкө «өнүгүп жатат» деп жар салып жатканына карабастан, катардагы адамдар кредит алып, карызга белчесинен батып баратат. Болгондо да бул карыздар күнүмдүк керектөө үчүн алынууда. Кредиттин массалык түрдө керектөө үчүн алынып жатканы адамдардын кирешеси керектөөсүн жаба албай жатканын тастыктайт.

Бул капиталисттик системанын табигый натыйжасы. Капитализмде ИДП трлн долларларга жетиши мүмкүн, бирок катардагы адамдардын жашоосу олуттуу өзгөрүүгө дуушар болбойт. Алар дагы эле кредит алып жан багууга аргасыз болушат. Андыктан, ИДПнын өсүп жатканы жалпы элдин эмес, бир ууч байлардын байлыгы көбөйүп жатканын билдирет. Ошондуктан, экономиканын рекорддук көрсөткүчтөрүнө карабастан, жөнөкөй калк карыз алууга аргасыз абалда калууда.

Исламда сүткордук кескин четке кагылган жана акча өзүнөн өзү пайда алып келүүчү товар катары каралбайт. Карыз берген тарап берген карызын алдын ала белгиленген пайызды кошуп талап кылышы сүткордукка кирет. Куранда сүткорлукка ачык түрдө тыюу салынган:

“Сүткор адамдар (Кыямат Күнүндө) турушпайт. Бирок, жин тийген, акылдан азган сымал турушат. Буга себеп алардын: “Соода дагы сүткорлуктун өзү го?”дегени. Акыйкатта болсо, Аллах сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылган. Демек, кимге Роббисинен насаат жеткен соң, (сүткорлуктан) тыйылса, анда мурункулары өзүнө жана анын иши Аллахка (тапшырылат). Ким (сүткорлукка) кайтса, ошолор тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат. (Бакара 275).

Жабирден (р.а.) риваят кылынат:

“Мухамад (с.а.в.) сүткорго, андан карыз алган адамга, (келишимди) жазып каттаган катчыга жана алардын келишимине күбө болгон эки күбөгө наалат айткан. Андан соң: «Алар (күнөө жагынан) бири-биринен эч айырмаланбайт», – деген”. (Ахмад 3/304,  Муслим 1598).

Пайгамбар (с.а.в.) айтат:

«Кайсы бир жерде зынакорлук жана сүткорлук кеңири жайылса, анда алар өздөрүнө Аллахтын жазасын чакырышкан болот!». ( аль-Хаким 2/37).

Андыктан, байлыкты үстөк пайыз менен эмес, адилеттүү келишим, реалдуу эмгек жана соода аркылуу табуу керек. Ошол эле учурда, Ислам муктаж адамдарга өзгөчө көңүл бурат. Турак-жай, кийим-кече жана жеп-ичүү негизги муктаждыктардан болгондуктан, Ислам аларды камсыздоону биринчи орунга коюп, мамлекетти милдеттендирет. Муктаж болуп калгандарга жана дыйкандарга байтулмалдан каражат бөлүнөт.

Ошондуктан миллиондогон адамдардын керектөө үчүн кредит алып, ондогон миллиард сомго карыз болушу Исламдын жашообуздан алыстап кеткенинин бир көрүнүшү. Мындай абалга учурда колдонулуп жаткан капитализм кептеп жатканы талашсыз. Капитализмде ырайым деген нерсе жок, анын негизги максаты – материалдык пайда. Ал эми сүткорлук катардагы калың элдин жон терисинен байып, аларды финансылык кишенге салуунун каражаты болуп эсептелет. Андыктан, капиталисттик системадан баш тартып, Ислам системасына өтүү учур талабы.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button