Макала

Кытай лидеринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жана анын таасири

Кытай лидеринин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жана анын таасири

30-августта Кытайдын лидери Си Цзинпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Жолугушуунун расмий бөлүгү Ынтымак Ордодо” 31-августта өтүп, эки өлкө башчысынын сүйлөшүүсү бир сааттан ашык убакытка созулду. Жолугушууда эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларын айкалыштыруу, “Бир алкак, бир жол” демилгесинин алкагында кызматташуу, мамлекеттик башкаруу тажрыйбасын алмашуу жана ШКУ алкагында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Жапаров өз сөзүндө Кытай менен кызматташуу алтын доорго кадам таштаганын айтып, Кыргызстан “Бүтүн Кытай” принцибин колдой турганын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында жалпысынан 32 документке кол коюлду. Алар негизинен чек-ара, бажы, соода, транспорт, маалымат тармагындагы кызматташтыкка байланыштуу.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков 2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга болжол менен 1,85 млрд доллар түз инвестиция тартылганын кыргыз-кытай инвестициялык форумунда билдирген. Ал эми, 2024-жылдын 27-декабрында Кытайдын “Бир куур – бир алкак” глобалдык долбоорунун алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталган. Бул долбоордун алкагында Кыргызстандын Кытайга болгон көз карандылыгы дагы да артып жатат. Анткени, темир жолду курууда негизги каражат да ага алынган кредит да Кытай тарабынан каржыланууда. А бирок, долбоорду ишке ашыруучу компания да, жумушчулар да кытайлар болгондуктан, жумшалган каражатты шыпшыргасын калтырбай кайра эле Кытайда калат. Муну менен мамлекет экономикалык өсүшүн туруктуу кармап турат. Ал эми, долбоорду ишке ашыруу каршылыгында өлкөдө таасири артып бара берет. Ошондуктан, учурдагы бийлик Кытай кызыкчылыктары үчүн өлкө эшиктерин кеңири ачып берүүдө.

Эми Кытайдын алдында бул экономикалык кызыкчылыгын коргоону жана андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо турат. Табигый түрдө бул жагдай Кыргызстан менен Кытайдын экономикалык мамилесин саясий-аскерий форматка өзгөртүүнү талап кылат. Мунун биринчи кадамдары көрүнө баштады. Тагырак айтканда, 19-майда өлкөбүзгө Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун келип Ички иштер министри менен жолугушту. Жолугушууда тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташуусун талкуулашты. Ал эми 20-майда Ван Сяохун УКМК башчысы менен жолугушуп, УКМК башчысы өлкө аймагында Кытай инвесторлорунун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого даярдыгын билдирди.

Бул жолугушуу ушул чындыкты ачыктап турат. Бийлик Кытай үчүн өлкөнүн бардык дарбазаларын ачып берүүгө даяр. Ал эми, Кытай инвестициясын дагы да көбөйтүүгө камданып жатат. Арийне Кытайдын инвестициялары менен кошо кытайлар да агылып келиши күтүлөт. Бийлик өлкөдө иштегенге укуктуу чет элдик жарандардын квотасын 50 миңден 100 миңге көтөргөнү жөн жайдан эмес. Ошону менен бирге, 25-апрелде министрлер кабинети Кытай жумушчуларынын өлкөгө кирүүсүн жеңилдеткен токтом кабыл алган.

Андан тышкары, бийлик Кытайды жакшы көрсөтүү үчүн өлкөдө Кытай көргөзмөлөрүн ачып, жогорку окуу жайларда Кытай бөлүмдөрү түзүлдү, Кытайдын маданиятын таңуулаган иш-чаралар тынымсыз өткөрүлүүдө. Буга улай, маалыматтык айдыңда да кызматташтык илгерилеп, өлкөдө кыргыз тилдүү кытай маалымат каражаттарына мүмкүнчүлүктөр ачылууда.

Буга кошумча, өлкө калкын ойлондурган тышкы карыздын негизги бөлүгү да Кытайга тиешелүү, тагыраагы Кытайга болгон карыз 1,5 млрд долларды түзөт. Андан тышкары, мурда мамлекеттин карызы боюнча маалыматтар ачык болгон. Бүгүн бул нерсеге чекит коюлду, тагырак айтканда мамлекеттин жалпы карызы ачыкталат, бирок кимге канча карыз экендиги көрсөтүлбөйт. Бул болсо эл арасында Кытайга каршы нааразылык жаралышын алдын алган аракет болуп эсептелет.

Демек, бийлик өлкөнүн «өнүгүүсү» үчүн Кытайга бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип, бул ички дүң продукциянын жогорулашына, «өнүгүүгө» алып келет деп эсептөөдө. Бирок, түпкүлүгүндө инвестиция жана кредиттер колонизаторлордун башка өлкөлөрдүн кен-байлыктарын талап-тоноо, капиталын соруу, таасирин жаюу механизми болуп эсептелет. Буга кошумча, Кытай менен кызматташуу кыжылдаган кытайлардын өлкөгө жайылышына жол ачат. Бирок, бийлик бул жалган «өнүгүүгө» азгырылып, өлкөнүн келечегин туңгуюкка кептеп барууда.

Андыктан, кыргыз коому бийликтен Кытай менен этият мамиле кылууну талап кылып, анын таасири жайылышына жол бербөө керек. Анткени, Кытайдын таасири күчөшү келечекте мусулмандардын өз динин кармануусуна, эркин жашоосуна коркунуч алып келет. Башкача айтканда, Чыгыш Түркстандагы абал башыбызга түшүп калуу коркунучу бар. Ошондуктан, биз мусулмандар өз динибизге амал кылып, каапырлардын үстүбүздөн өкүмдарлык кылуусуна жол бербешибиз шарт!
Мумтаз Маверанахрий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button